Мы в Telegram
Добавить новость

Минобрнауки: 12 университетов расторгли договоры с коммерческими партнёрами

Данил Барановский и внучка Софии Ротару

15 тысяч квадратов. В Некрасовке строят новую детско-взрослую поликлинику

Россиян экстренно эвакуировали из одного аэропорта Москвы

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2022

Новости за 07.10.2022

Azattyk.org 

Казакстанда Назарбаевдин мурдагы жардамчысы камалды

Астана шаарынын райондор аралык атайын соту Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Марат Шайхутдиновду “мамлекеттик сырды жайылтууга” айыптуу деп таап, 7 жылга кести. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кабарлады. Өлкөнүн атайын кызматы “мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып жиберүү фактылары”, “тыңчылык” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштери иликтенип бүткөнүн жарыялады. Ушул эле иштердин алкагында дагы эки киши – Леонид... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "эки жашик куралдын" сыры

5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып, буга парламенттеги жабык жыйын себеп болгонун айтты. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулаган жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин депутат Адахан Мадумаров билдирген. “Азаттык” кепке тарткан эл өкүлдөрү парламентке чындап курал келгенин ырастап, жабык жыйындын башка жагдайларына да токтолушту. Бул боюнча Ташиев комментарий бере элек.

Azattyk.org 

Америкага жол ачкан грин-карта

Жыл сайын ондогон кыргызстандык грин-картага тапшырып, Америкада жашап калуу бактысын сынап көрөт. Бул лоторея чын эле Америкадагы ажайып жашоого жолдомобу? Аларды АКШ кандай тосуп алат? "Азаттык+" грин-карта менен Америкада жашап калган кыргызстандыктарды көрсөтөт.

Azattyk.org 

УКМК кылмыштуу топтун беш унаасы мамлекетке алынганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык делген беш чопкутталган машине мамлекеталынганын кабарлады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 7-октябрда маалымат берди. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында алынган унаалардын жалпы баасы 33 млн. сомдон ашары белгиленген. “Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент төрт министрди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максутовду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, Таалайбек Ибраевди энергетика министри кылып дайындады. Мамлекет башчы буга бйланыштуу жарлыкка бүгүн, 7-октябрда кол койду. Жогорку Кеңеш 6-октябрда министрликке сунушталган талапкерлердин маалыматын угуп, аларды кызматка дайындоого макулдук берген. Президент Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге бүгүн, 7-октябрда аталган өлкөнүн ТИМи нота тапшырды. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын 5-октябрдагы билдирүүсү себеп болгонун «Озоди» радиосу жазды. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да тастыктап, жакын арада нотага жооп даярдалып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди. "Тажик тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын мындай билдирүүсүн саясий маданият менен жөнөкөй дипломатиялык этиканын жоктугу катары баалайт"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара кызматы аскерге чакыруу боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу (УКМК) Чек ара кызматы "Күз-2022" аскерге чакыруу жана кызмат өтөө үчүн даярдык тууралуу билдирүү таратты. Анда аталган мекеме ата-энелерге кайрылып, балдарын, бир туугандарын аскердик кызматка даярдоого, аларга дем берүүгө үндөгөн. Акыркы учурларда кызмат өтөгүсү келбей, ант берүү алдында окуу борборлорунан качып кеткендер болуп жатканын белгилеген. "Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек арачылардын аскер кызматкерлерин даярдоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кызыкты

Бүгүн, 7-октябрда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди-Трюдо менен президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда сөз эркиндиги, маалымат каражаттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Орунбеков 2022-жылдагы басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан жети сапка көтөрүлүп, 72-орунга жайгашкандыгын белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте 500 орундуу мектеп ачылды

Бишкек шаарында 500 орундуу, үч кабаттуу мектеп имаратынын курулушу аяктап, бүгүн, 7-октябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билбиргендей, окуу корпусу 347 млн. сомго салынды.  Андан тышкары №20 мектеп-гимназиянын ичиндеги техникалык жабдуулар үчүн 13,2 млн. сом жумшалган.  Мектептин жаңы имаратынын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, быйыл Бишкек шаарында 15 мектеп, бир бала бакча курулганын билдирди.   "Жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2040-жылы окуучулардын саны 2 миллионго жетери айтылды

Кыргызстанда 2040-жылы окуучулардын саны 2 миллионго жетет. Бул маалымат “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкуудан өтүп жатканда айтылды. Эксперттик топтун изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда окуучулардын 60 пайызынын базалык билими жетиштүү деңгээлде эмес. Эксперт Элдар Абакиров Бишкектин мектептеринде 100 миң окуучуга орун жетпей турганын билдирди. Ал Кыргызстанда бир балага билимине 826 доллар сарпталарын, бюджеттин 25 пайызы билим берүү тармагына кетерин билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөр 150дөн ашты

Amnesty International уюму Ирандын коопсуздук күчтөрү нааразылыкка чыккандарды катуу басып жатканын, Систан жана Белуджистан провинциясынын Захедан шаарында эле ондогон адамды өлтүрүп салганын маалымдады. Уюм полиция жалпы 66 адамды өлтүрдү деп эсептеди. Human Rights Watch укук коргоо уюму 18-20 күндөн берки каршылыктарда жалпы 154 адам, анын ичинде 9 жаш бала мерт болгонун кабарлады. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы... Читать дальше...




Azattyk.org 

Президент Жапаров Путин менен телефондон сүйлөштү

Бүгүн, 7-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өзөктүү маселелерин талкуулады. Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент Садыр Жапаров иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу Жапаровдун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран изделүүдө

Ош шаарында 24 жаштагы келин киши колдуу болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча окуя 3-октябрда болгон. Кароо жүргүзүлөн учурда маркумдун денесине миздүү нерсе менен бир нече жолу жараат келтирилгени аныкталган. Учурда шектүү катары каза болгон келиндин күйөөсү изделүүдө. Каза болгон келиндин артында эки баласы калды.  Милиция окуя тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.  Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжандын лидерлери Прагада жолукту

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Прагада жолугуп, Европа Биримдигинин жарандык миссиясын өздөрүнүн чек ара тилкелерине жөнөтүүгө макулдук беришти. Бул тууралуу Европа Кеңеши кабарлады. Кездешүүгө Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель да катышты. Европа Биримдигинин жарандык миссиясы өз ишин ушул айдын аягында баштайт деп күтүлүүдө. Кабарда айтылгандай, алар чек арада эки айча болот. Алардын изилдөөсү... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Ташкент Кемпир-Абад боюнча берген убадасын аткарган эмес"

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыяласа, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан соң сүйлөшүүлөрдүн келечеги белгисиз болуп турат. Улуттук Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, профессор Саламат Аламанов чек араны чечүүнүн тарыхына токтолду. "Жаңы жерлерди өздөштүрүү максатында канал салынмак" - Ушул күндөрү кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чер арасын аныктоо, тактоо маселелери абдан орчундуу болуп жатат. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байден кара куурай сактоого айыпталып соттолгондордун баарына ырайым берди

АКШ президенти Жо Байден федералдык мыйзамдардын негизинде марихуана сактоого айыпталып соттолгондордун баарына ырайым көрсөттү. Reuters маалымат агенттиги жазгандай, ал “өтө көп өмүрлөрдү талкалаган” катачылыкты оңдоого убакыт келгенин билдирди. Ырайым берүү 1992-жылдан 2021-жылга чейин айыпталган 6 миңден ашык кишини камтыйт. Кара куурай сактоого айыпталгандар аны менен чогуу башка кылмыштарды жасабаган болсо гана бошотулат. Бул аракетине байланыштуу билдирүүсүндө Жо Байден губернаторлорду андан үлгү алып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жана тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитеттердин төрагаларына ушул багыттагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылды. Юрист Аслан Кулбаев зомбулуктан жабыркаган аялдардын көбү укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдирди. “Зордук-зомбулукка кабылгандардын 62% укук коргоо органдарына ишенбегендиктен аларга кайрылышпайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орунбеков басма сөз катчыларды актуалдуу маселелерге ыкчам жооп берүүгө чакырды

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары маалымат каражаттарында жарыяланган актуалдуу маселелерге ыкчам жооп кайтаруусу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-октябрда жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. “Өзгөчө көңүлдү мамлекеттик органдардын расмий сайттарынын жана социалдык баракчаларынын абалына буруу керек. Учурда жарандардын басымдуу бөлүгү маалыматты дал ушул социалдык тармактардан алат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 7-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга өтүүсүнө чектөөлөр киргизилгенин кабарлады. Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат. Ушул себептен “Достук-автодорожныйда" жарандардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сотторго собол, журналисттерге эскертүү

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган бир катар судьялар 6-октябрда ЖМК өкүлдөрү менен жолукту. Жыйында сот жараяндарын маалымат каражаттарында чагылдыруудагы соттордун жана журналисттердин жоопкерчилиги талкууга алынды. Зомбулукка шектүүнү бошотуп, блогерди камаган чечимдер Кыргызстанда сот чечимдери нааразылык туудуруп, коомчулукта резонанс жараткан учурлар көп катталууда. Быйыл жарым жылда эле журналисттер жана блогерлер сот чечими менен бир нече айга камалып, айрым оор кылмышка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолукту

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган өкүлдөр 6-октябрда Өзбекстандын Сох районунун жетекчиси Сайидбахром Саидмусаев жетектеген топ менен жолукту. Облустук администрациядан кабарлашкандай, жолугушуу Боз-Адыр жана Шархабад айылдары чектешкен жерде өттү. “Тараптар чек ара аймактарында чыр-чатактардын, кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, алака-катышты күчөтүүнү макулдашты. Айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу, жайыт, сууга байланыштуу маселелерди убагында чечүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Султанбаев: Путиндин мааракесине Сүйүнбек Касмамбетов барат

Президент Садыр Жапаров иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын маалымдашынча, Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөт. Мунун алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токаев президенттикке "Элдик коалициядан" аттанарын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышарын билдирди. Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралганы 6-октябрда белгилүү болгон. Токаев бейшембиде “элдик коалициянын” жыйынында сүйлөп жатып, ага "көрсөтүлгөн ишенимге" ыраазычылык билдирип, "шайлоо таза жана акыйкат өтөрүн"айтты. Узакка созулган сөзүндө казак президент Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мактап, мамлекеттик курулуштагы негизги формула... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: курултайга мигранттар арасынан делегат тандоо башталды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттар арасынан курултайга делегат шайлоо камылгасы башталганын билдирди. “Курултайга делегаттарды тандоого Орусияда каттоодон өткөн мигранттардын коомдук уюмдары катыша алат. Ар бир коомдук уюмдан бирден делегат шайланат”,-деп айтылат маалыматта. Курултага жалпысынан миң делегат катышат жана анын ичинен 28 адам чет өлкөдө жүргөн мигранттар арасынан тандалып келет. Президент Садыр Жапаров 16-августта ушул жылдын 25-ноябрында элдик курултайды чакыруу тууралуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди

Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Анда мамлекеттик катчынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдонун сапары басма сөз эркиндигин, гендерлик теңчиликти жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүнү колдоого багытталганы айтылат. Трюдо Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон. Буга чейин Human Rights Watch (HRW) өңдүү эл аралык  жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына камтамчылык билдирген. Анда соңку кездери кыргыз бийлиги журналисттерге... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Стало известно, за сколько гаишник отпустил фигуранта дела об убийстве байкера

Онлайн марафон "Новинки" - Тренды светодизайна на выставке Light + Building 2024

Офицер Росгвардии рассказала о своем хобби, которое превратилось в образ жизни

Россиян экстренно эвакуировали из одного аэропорта Москвы

Музыкальные новости

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

В "Локомотиве" иронично отреагировали на ничью в матче ЦСКА со "Спартаком"

Сбер подарил Орлу умный фонтан

Новости России

Офицер Росгвардии рассказала о своем хобби, которое превратилось в образ жизни

Стало известно, за сколько гаишник отпустил фигуранта дела об убийстве байкера

АВТОДОМ Варшавка: новая страница 20-летней истории с брендом EXEED

Медведев допустил «асимметричный, но болезненный» ответ на закон США о конфискации российских активов

Экология в России и мире

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ

Радио Romantika приглашает погрузиться в мир киномузыки

Морской кокос во благо красоты

Спорт в России и мире

Кто отец Дианы Джокович?

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде

Moscow.media

В Екатеринбурге будут судить уроженца Армении, устроившего дорожный конфликт со стрельбой

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай

На западном объезде Южно-Сахалинска строят первый участок

Суд не стал менять приговор экс-главе наркоконтроля Свердловской области











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Команда студентов ВлГУ стала призером чемпионата России по игре "Что? Где? Когда?"

Собянин сообщил о трёх современных методах строительства мостов в Москве

Стало известно, за сколько гаишник отпустил фигуранта дела об убийстве байкера

Медведева призналась, что набрала вес из-за стресса после Олимпиады-2018