Мы в Telegram
Добавить новость

Пассажиры «Мострансавто» более 2 млн раз проехались до аэропортов с начала года

Сёмин высказался о будущем Дзюбы в «Локомотиве»

Действительно

Подмосковные ученики победили на всероссийской школьной олимпиаде

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2022

Новости за 19.10.2022

Azattyk.org 

Балбан кыздардын Бишкектеги жаңы ордосу

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын кубанычы чексиз. Үч кабаттан турган комплексте үч күрөш килеми бар жана 30 кыз бир учурда машыга алат. 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунчу жайлар да каралган.

Azattyk.org 

Аткаминерлердин декларациясы ачык жарыяланбайбы?

Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди. Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлдү. Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу жайы ачылды.

Azattyk.org 

Чек ара: Баткенди калыбына келтирүү иши сынга кабылды

Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткенде турак жайы жарыксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү аракети көрүлүп жатканын айтты. Айрым депутаттар иштер жай жүрүп жатканын сынга алышты. Акылбек Жапаров 19-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди. Ал... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: Кыргызстан Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарды. 19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат. Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл... Читать дальше...

Azattyk.org 

Канада дүйнөдөгү аял тышкы иштер министрлеринин жыйынын өткөрөт

Канада 20-октябрда дүйнөнүн аял тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынын өткөрөт. Анда хижаб маселесинен улам камакта көз жумган кыздын өлүмүнөн кийинки Ирандагы башаламандык талкууланат. Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли жыйын тууралуу 19-октябрда жарыялап, Ирандагы аялдардын жана адам укуктарынын "оор абалын" талкуулоого мүмкүнчүлүк берилерин айтты. "Иран режими элге каршы зомбулуктун жана куугунтуктун бардык түрлөрүн, өзгөчө аялдарга карата ырайымсыз агрессиясын токтотушу керек", - деди Жоли. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залы ачылды

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда үчүн машыгуу залы ачылды. Үч кабаттан турган комплексте үч күрөш килеми бар жана 30 кыз бир учурда машыга алат. Жаңы имаратта 35 адамга ылайыкташкан жатакана, машыгууга керектүү шаймандар жана 3-4 орундуу конок бөлмөлөрү, тамактануучу, жуунуучу жайлар да каралган. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаевдин маалыматына караганда, спорт комплексти курууга 98,7 миллион сом сарпталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү, саат 2:10до төрөлдү. Ошентип, өлкө калкынын саны жети жылда 1 миллионго көбөйдү. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын калкын 7 миллионго жеткирген ымыркай Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде жараат алгандардын тогузу ооруканадан чыга элек

Баткенде соңку чек ара коогалаңында жараат алгандардын 9у Бишкектеги ооруканаларда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди. “Бирөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, калгандары Улуттук госпиталда жатат. Баарынын абалы орточо туруктуу. Баарын чыгарганга даярдап жатышат”. Калмаматовдун айтымында, бейтаптардын баары эркектер, арасында аскер кызматкерлери да бар.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Талиева өкмөттүн Баткенди калыбына келтирүү ишин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү иштери начар жүрүп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирип, өкмөт “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамды да аткарбай жатат деп сынга алды. "“Баткен облусунун макамы жөнүндө” деген мыйзамдын эле аткарылышын алып көрөлү. Президенттин жарлыгы чыгып, 500 млн сом бөлүнгөн. Анын бир сому да иштетилген жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек арада каза болгон 63 адамдын 48и аскер кызматкери экени айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын каза болгон 63 жаранынын 48и аскер кызматкерлери, 15и жергиликтүүлөр экенин айтты. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы карапайым адамдар. 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдош керек. Ошондой эле 14 мектеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан Түркмөнстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып алууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Кыргызстан 2022-жылы 16,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын керектей турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкө ГЭСтерден 11 млрд. 500 млн. кВт/саат электр энергиясы, Бишкек Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) 2 млрд. электр жарыгы өндүрүлөт. Калган 3 млрд. кВт/саат электр энергиясы чет жактан импорттолот. “9 айдын ичинде 9,3 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул 1,4 млрд. кВт/саат электр энергиясына аз. Читать дальше...




Azattyk.org 

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар 650 миңден ашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30 жылдын ичинде 650 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын жарандыгын алганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Парламенттеги өкмөттүк саатта Акылбек Жапаров миграция боюнча маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын жарандары көбүнчө Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр – Орусия жана Казакстанга иштегени кетет. Расмий маалымат боюнча Орусияда миллиондон ашык кыргызстандык иштеп жүрөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлдү

Кыргызстандын калкы расмий түрдө жети миллионго жетти. Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу бүгүн 19-октябрга караган түнү саат 2:10дө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн уул бала болду. Бул окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды.  Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасы: Акылбек Жапаров союз убагындагы карталар караларын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-октябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышуу тууралуу маалымат берди. Ал чек арадагы соңку окуядан кийин Баткенде аскер күчтөрүн кубаттандырып, жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирди. Эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүү маселесинде Орусиядагы карталар карала турганын айтты:  “Кыргыз-тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы да өзүнүн позициясын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эл аралык уюмдар Тажикстанды журналист Далер Имомалини бошотууга чакырды

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) медиа өкүлү Тереза Рибейро тажик бийлигин белгилүү журналист жана блогер Далер Имомалини тез арада бошотууга чакырды. Рибейро 18-октябрда Telegram баракчасына сот өкүмүнө таң калганын жазып, “Тажикстандагы сөз эркиндигине дагы бир сокку болду” деп билдирди. Ал Имомалинин камалышын кесиптик ишмердигине байланыштырды. 34 жаштагы Имомалиге чыгарылган өкүмдү Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) да айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кадамжайда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө байланыштуу милиция Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду. Тиешелүү экспертизалар дайындалганын милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 29 жана 61 жаштагы жарандар Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургундары. Аларды 18-октябрдын түнү белгисиз адамдар атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалган. Кылмышка баргандар алардын сарайын өрттөп, короодо токтоп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Али Хаменеини даңазалап ырдоодон баш тарткан кыз ооруканада каза болду

Ирандагы мектепте өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеини даңазалап ырдоодон баш тартканы үчүн күч кызматкерлери сабаган 16 жаштагы Асра Панахи ооруканада кайтыш болгондон кийин нааразылыктар кайра тутанды. The Guardian басылмасы билдиргендей, окуя 13-октябрда Ардебил шаарында болгон. Иран мугалимдеринин кесиптик бирикмесинин координациялык кеңеши кабарлагандай, күч кызматкерлери ал күнү мектепке келип, кыздардан руханий лидерди даңктаган ырларды ырдоону талап кылышкан. Талапты аткаруудан баш тарткан кыздар сабалып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Тоолорго кар жаайт

20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14...19; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Акчабыз тамак-ашка жетпей калды". Кымбатчылыктын себеби эмнеде?

Улуттук статистика комитети тогуз айда күнүмдүк азык-түлүктүн баасы менен тарифтер былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 10,6% өскөнүн жарыялады. Бул дүйнөлүк кризистин капшабы жана импорттук товарлардын чыгымынын көбөйгөнү менен түшүндүрүлүп жатат. Ал эми тургундар кымбатчылык ар тараптан куушуруп, кыйнап жатканына даттанууда. Өп-чап турмушта жашагандар Ысык-Ата районунун Нурманбет айылынын тургуну, 70 жаштагы Замиркүл эки майып уулун жалгыз багат. Балдары менен өзүнүн пенсияларын кошкондо айына 13 300 сом алат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы Абдрахматова бийликти ооган качкындарына көңүл бурууга чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстанда жашап жаткан ооган жарандарынын укугу тууралуу маселени эл аралык уюмдар катышкан эксперттик жыйында көтөрдү. Жыйында 2000-жылдары Ооганстандан качып келген ондогон үй-бүлө алигиче качкын макамын ала албай жатканы айтылды. Ушундан улам алардын Кыргызстанда жүрүүгө жана иштөөгө уруксат берген документтери да жок экени маалым болду. Акыйкатчы институтунун эксперттери БУУнун "мандаттуу качкын" макамын алган 30 үй-бүлөнүн 129 мүчөсүнүн суроо-талаптары, жашоо-шарты боюнча иликтөө жүргүзүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Бекболотов: Кыргызстан Беларустан абадан коргонуу комплексин сатып алат

Кыргызстандын коргоо министрлиги 2021-жылдан бери Беларустун "БелТехЭкспорт" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абадагы соккудан коргонуучу "Печора 2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алууга келишим түзгөн. Комплекс октябрдын аягында Кыргызстанга жеткирилип, Баткен облусунун аймагына жайгаштырылат. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов 19-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Министр канча комплекс алынары тууралуу так айткан жок. "Печора 2БМ" системасы мурдагы С-125 комплексинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуш кылды

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылганын 19-октябрда маалымат жыйынында билдирди. "Мен ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушууда уюмдун бейпилдик күчтөрүн кыргыз-тажик чек арасына коюуну сунуштадым. Мен тажиктер менен кыргыздардын ортосунда эч качан тынчтык болбосун, ар бир тарап өз чындыгынан тайбай жатканын айттым. Биздин ортобузда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Айдарбеков президент менен жолугушканын айтты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушканын 19-октябрда парламенттин сессиясында билдирди. "Урматтуу Садыр Нургожоевич, кечээ күнү сиз менен жолугуп, пикир алыштык. Диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болбосун бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүн кошоматчылар - эртең саткындар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Учак кулаган Ейск району үч күндүк аза күтүүдө

Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга аскердик учак кулаганда каза тапкандардын саны 15ке жетти. Курман болгондордун үчөө - балдар. Дагы 19 киши жараат алган, алардын төртөө реанимацияда жатат. Издөө-куткаруу иштери аяктады. Ейск районунда 17-октябрдан 19-октябрга чейин аза күтүү жарыяланган. Кыйраган көп кабаттуу үйдү калыбына келтирүү чечими азырынча кабыл алына элек. 675 киши жашаган турак жайдын 72 батири зыян тартты. 17-октябрда аскердик Су-34 учагы машыгуу учурунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция Өзгөндө "жол тосууга чакырыгы" үчүн эки жаран сурак бергенин билдирди

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын эки тургуну милицияга чакырылганы тууралуу түшүндүрмө берди. Милициянын маалыматында 17-октябрдын кечинде Вотсаптагы "Кемпир-Абад кыргыз жери" деп аталган тайпада Кызыл-Октябрь айылынын тургундарын 18-октябрда саат 10:00дө Ош-Бишкек автожолун тосууга чакырып, аудио маалымат таратканы айтылат. "Ал маалымат Өзгөн райондук милициясынын атайын журналына катталып, Вотсаптагы үндүн ээси аныкталган. Ага ылайык, 18-октябрь... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Лотерея, мастер-классы и шоу. В Москве пройдет фестиваль «Пасхальный дар»

Врач порекомендовал идеальные напитки для шашлыков

В Большом театре наградили победителей специальной премии «Золотой Маски»

Выставка к 100-летию художника Юлия Рачёва открылась во Владивостоке

Музыкальные новости

Стасу Михайлову исполнилось 55

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже дорогостоящего электрооборудования

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года

Новости России

Певец Киркоров выпустил наушники в виде красной помады за 4600 рублей

Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП в районе "Москва-Сити"

Байден заявил о стремлении вернуть Гершковича и Уилана

Экология в России и мире

Отдых во имя открытий

День Земли - каждый день

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров

Дом, милый дом: участки под строительство от компании Родные земли, цены, отзывы

Спорт в России и мире

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде

Хачанов обыграл Баутиста-Агуту в третьем круге «Мастерса» в Мадриде

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис

Moscow.media

заканчиваеться неделя распродаж the week of sales ends

Музеи Твери. Императорский путевой дворец.

В Екатеринбурге будут судить уроженца Армении, устроившего дорожный конфликт со стрельбой

ИТ Альянс объявляет о графике работы в майские праздники











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Народный фронт. Как балалаечники, слесари и пенсионеры Москву защищали

Известный блогер Тамаев попал в ДТП на люксовом авто около «Москва-Сити»

Певец Киркоров выпустил наушники в виде красной помады за 4600 рублей

Действительно