Ош облусунун Өзгөн районунда 21-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүп, анын катышуучулары суу сактагычты Өзбекстанга бербөөнү талап кылышты. Бул маселе боюнча бийлик активисттер жана жергиликтүү тургундар менен үч жолу жолугушуу өткөрдү. Нааразылылыктар азырынча токтой элек. Ал тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв жакынкы күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келе турганы күтүлүүдө. Анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси да каралат. Нааразылык акциялары... Читать дальше...
Стэнфорддун стипендиясын жеңип алган Малика, келечекте иштей турган технологияларды жасаган Жеңиш, спорттогу жетишкендиги үчүн акысыз билим алган Ратбек. "Азаттык+" бул чыгарылышында Америкада акысыз билим алган жаштар менен тааныштырат.
Чек арадагы чагымчыл аракеттердин алдын алуу, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү бекемдөө максатында 21-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали жолугушту. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматында тараптар биргелешкен билдирүү таратканы, анда эки өлкөнүн аракеттери менен учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени айтылат. Шаршеев менен Рахмонали жолугушууда... Читать дальше...
Пакистандын Шайлоо комиссиясы 21-октябрдагы чечими менен мурдагы премьер-министр Имран Ханды беш жыл мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратты. Буга башка мамлекет башчыларынан алган белектерди мыйзамсыз саткан деген айып түрткү болду. Хан ошондой эле бул белектерди сатуудан түшкөн акчаны кымырып алганы үчүн да айыпталууда. Пакистанда өкмөт кызматкерлерине баасы кайсы бир суммадан ашпаган белектерди гана сактоого уруксат берилет. Имран Хандын адвокаты Жогорку сотко доо-арыз менен кайрыларын билдирди. Читать дальше...
Кытай жана Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгууну каржылоого катышууга макулдук берди. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Азамат Сакиев билдирди. Анын айтымында, биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20% төгөт. Ал эми экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30% берет. Үчүнчү этапта Кытай 30% төлөйт. Төртүнчү этапта ар бир өлкөгө бирдей үлүш туура келет. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин алдындагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы жокко чыгарылган айдоочулук күбөлүктү кайра алуу үчүн акы алынуучу сынакты киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жарыяланды. Ички иштер министринин буйругунун долбоорундагы чаралар айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөй турганы кабарланды. Долбоорго ылайык, айдоочулук күбөлүктү кайра ала турган айдоочулар сынакка бир нече жолу катышса болот. Алар сынак үчүн акы төлөшөт. Читать дальше...
Бүгүн, 21-октябрда Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, курулушка мамлекет башчысы Садыр Жапаров капсула салды. Ал ГЭСти куруу учурунда миңге жакын адам жумуш менен камсыз болорун, ишке киргизилгенде жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүп жатканын белгиледи. “ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деген мерчемибиз бар. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн. квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө. Демек... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда Баткен облусунда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. УКМКга караштуу Чек ара кызматынан кабарлагандай, жыйында Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөр саясий-дипломатиялык жол менен, сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керектигин айткан. Читать дальше...
Баткенде өткөн айдагы чек арадагы каргашада жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча жалпысынан 603 арыз түшкөнүн бүгүн 21-октябрда Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, арыздар Баткен жана Лейлек райондорунан түшкөн, документтерди калыбына келтирүү иши активдүү жүрүп жатат. Буга чейин аталган маселеге байланыштуу “Инфоком” ишканасы жана министрликтин Калкты каттоого алуу департаменти биргелешип Баткендин үч районунда жана Бишкек менен Ошто беш мобилдик топ түзүшкөн болчу. Читать дальше...
Бүгүн, 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүүдө. Социалдык тармактардын колдонуучулары жеринен бөлүшүп жаткан түз эфирдеги видеолордон колуна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!”, "Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү" деген жазууларды, Кыргызстандын мамлекеттик туусун кармап алган ондогон адамдар көчө боюнда жөө баратышканын көрүүгө болот. Видеонун авторлору алар Өзгөн шаарында өтө турган акцияга баратканын айтып жатышат. “Азаттык”... Читать дальше...
Авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учурда учактын кырсыкташынын себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңеште "Ишеним" фракциясынын жыйынында Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаев билдирди: "Мен кечээ учак кулаган видеону көрүп, анын себептерин аныктай алган жокмун. Кыймылдаткыч жана башкалары деле иштеп жаткан, эмнеге кулаган себебин азырынча айта албайбыз. Техникалык себептерден уламбы же учкучтун катасы болдубу, азыр айтуу эрте", - деди Настаев. Читать дальше...
Баткен аэропортунун ремонт иштери ноябрь айынын соңунда бүткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңштеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында "Манас" эл аралык аба майданынын өкүлү Бакытбек Бекбача уулу билдирди. Анын айтымында, учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде Жарандык авиация агенттиги 1-сентябрда сертификатты узарткан эмес. "Учуп-конуу тилкеси 1970-80-жылдары курулган. Ошону жасагыла деген милдеттенме койгон. Биз 1-августтан баштап сынак өткөрүп, 30-августта келишимге кол койдук. Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 31-октябрда бир жумалык каникулга тарайт. Биринчи окуу чейректин соңундагы эс алуу 6-ноябрга чейин созулат. Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү эс алуу болгондуктан, мектептердеги окуу 9-ноябрдан башталат. 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл менен белгиленип келет. Кыргызстанда 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.(ZKo)
22-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 20...25; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Парламент 20-октябрдагы жыйындын соңунда "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү" мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, мыйзам долбоору эми президентке кол коюуга жөнөтүлөт. Буга чейин ЖК регламенти тууралуу үч окууда кабыл алынган мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров артка кайтарган. Парламенттин жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйынында депутат Исхак Масалиев президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып... Читать дальше...
Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, 21-октябрга карата Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоого жана турак-жайларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом которулду. Мындан тышкары чек ара аймактарына 110 млн. сом берилди. Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 млн. сом которулган. Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиевдин маалыматына караганда, бул каражат кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарга... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев 20-октябрда талаштуу Тоолуу Карабак аймагына жакын Зангелан шаарында экинчи эл аралык аэропортту ачышты. Бул Баку жикчил аймактын 2020-жылы кайтарып алган бөлүгүнө курган экинчи аэропорт. Былтыр ушул эле эки президент Физули шаарында да эл аралык аэропорттун ачылышына катышкан. Лачин шаарында дагы бир аэропорттун курулушу башталгып, 2025-жылы аяктары күтүлүүдө. Биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган Түркия менен Армениянын... Читать дальше...
Оппозициялык маанайдагы саясатчы Азимбек Бекназаров 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чакыртылган. Саясатчынын "Азаттыкка" билдиргени боюнча эч кандай сурак болгон эмес: "Мени "төрага өзү сиз менен жолуккусу келип жатат, суу чарба адистери да келишти" деп алып барышты. Саат 12де баргам, төрткө чейин жөн эле кармап отурушту. Саат төрттө кое беришти. Президент менен жыйынга барбасын деген маанайда эле кармашты, анткени ал жыйынга да өздөрү чакырып, "келип бериңиз" дешкен. Читать дальше...
Кыргызстан 2023-жылы учуу коопсуздугунун сегиз критикалык элементтери боюнча Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) толук кандуу аудитинен өтөт. Учурда өлкөнүн авиакомпанияларын Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу үчүн жол картасы түзүлө баштады. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 24-октябрда ИКАОнун Европа жана Түндүк атлантика бюросунун директору Кыргызстанга келип... Читать дальше...
Авиациялык коллеждин курсанттарын машыктыруу учурунда кулаган учактагы эки адамдын биринин абалы оор. Ал Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин кароосунда жатканын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 21-октябрда билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркагандардын бири - коллеждин 22 жаштагы курсанты. Ал башынан жараат алып, мээси чайкалганы кабарланган. Экинчи бейтап да Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылган, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды. Өзгөчө... Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-октябрда Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Министрлер кабинетинин башчысы жыйында сүйлөп жатып, Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) иш-чарасы геосаясий жана геоэкономикалык оор шартта өтүп жатканын белгиледи. "Мындай оор кырдаалда биздин бирикме, менимче, өзүнүн негизги максатын – өз ара соодада тоскоолдуктарды жоюу жана анын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү аркылуу жарандардын жашоо сапатын жакшыртышы керек"... Читать дальше...
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 21-октябрда таңга маал саат 04:45те беш өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. "Тазалык" ишканасынан эки суу ташуучу унаасы дагы жеринде иш алып барды. Тилсиз жоо саат 8ге жакын чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыкта 16 киши каза таап... Читать дальше...
Бүгүнкү талкуубузда өлкөдөгү баа, анын ичинде, тамак-аштын, кызмат көрсөтүүнүн акысы, инфляция жана кымбаттоо тууралуу сөз кылмакчыбыз. 12-октябрда Улуттук статистика комитети чыгарган жашоо минимуму 7242 сомду түздү. Ошол эле маалда азык-түлүк корзинасы 5738 сом деп эсептелүүдө.