20-октябрда президент Жапаров баштаган тийиштүү жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кырдаалды талкуулоо үчүн жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берди. Жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, айрым учурда кайым айтышууга чейин жетти.
Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө ортомчулук кылууну сунуштады. Москва өз архивинде эки тарапта жок карталар бар экенин билдирип, аларды көтөрөрүн жар салды. Кремлдин башка жаңжалдарга арачылыгы ийгиликтүү болбогонун эске алганда Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнү элдештире алабы? СССРдин мураскери болгон Орусияда кандай материалдар сакталып калышы мүмкүн?
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтары кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп бири-бирин айыптады. Эки тараптын чек аралаш аймактарындагы шектүү кыймыл-аракеттер тууралуу жергиликтүү тургундар да байма-бай билдирип, коркунучтун алдын алууну бийликтен суранып жатат. Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Тажикстан 25-сентябрдан тартып чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатканы жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана... Читать дальше...
Баткендеги соңку каргашада каза болгон аскер кызматкерлеринин ар биринин үй-бүлөсүнө 1,2 миллион сом кенемте төлөнөт жана батир берилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда президент Садыр Жапаров чек ара маселесине байланыштуу жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардан келген өкүлдөр менен өткөргөн жыйында билдирди. Ошондой эле Жапаров жараат алган аскер кызматкерлерине 100-200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айтты. 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын... Читать дальше...
Чүйдө бүгүн, 20-октябрда авиациялык коллеждин курсанттары машыгып жаткан учак кулап, эки адам жараат алганы кабарланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бирөө Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат, ал башынан жараат алып, мээси чайкалган, абалы орточо оор. Экинчи бейтап Улуттук госпиталдын хирургия бөлүмүнө жаткырылды, анын шыйрак сөөгү сынганы айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана окуу жай бул боюнча маалымат бере элек. АКИpress маалымат агенттиги жазгандай... Читать дальше...
Лиз Трасс 20-октябрда Улуу Британиянын премьер-министри кызматынан кеткенин жарыялады. Аны бул кызматка 6-сентябрда ошол учурдагы британ ханышасы Елизавета II дайындаган. Өкмөт башчылыктан 45 күндөн кийин бошогон Трасс өлкө тарыхында эң аз иштеген премьер болуп калды. Ал премьер-министрликке консервативдик партиянын лидери болгондон кийин шайланган. Коомчулукта Трасстын салык реформасы жана кабыл алган чечимдери каржы каатчылыгына кептеди деген сындар күчөгөн. Октябрда Британияда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун бирине ылайык... Читать дальше...
Тажикстанда үч көз карандысыз журналист узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Дагы бир нече блогер шектүү айыптар менен тергөө абагында отурат. Тажикстандык эксперттер мындай жасалма өкүмдөр оппозицияны куугунтуктоого багытталган жаңы ыкмалардын бир бөлүгү экенин эскертүүдө. 18-октябрда Тажикстанда сот социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, аткаминерлердин кемчилигин айтып жүргөн журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты анын адвокаты Садулло Каюмзода ырастады. Мындан тышкары... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 20-октябрда “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Парламент түшкө чейинки жыйынында бул мыйзамга озгөртүү киргизүү маселесин жабык караган. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков муну маселеде купуя сырлар бар экени менен түшүндүргөн. Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин беш комитетинде каралган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. 20-октябрдагы добуш берүүдө анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан " фракциясы көрсөттү, 70 депутат макул, бирөө каршы болду. Башка фракциялар талапкер чыгарган жок. Улан Примов Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №11 Алай шайлоо округунан келген. Ал 12-октябрда парламенттин төрага орун басарлыгынан өз арызы менен кеткен. Мындай кадамын жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн деп түшүндүргөн. Читать дальше...
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бул күндөрү Тажикстанга өтүп жаткан аскердик машыгууларына уюмдун мүчөсү Кыргызстан катышкан жок. Бул тууралуу 20-октябрда “Азаттык” радиосуна уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди: “Кыргызстандын Коргоо министрлиги машыгууга катыша албай турганын расмий түрдө билдирген. Бул машыгууга кыргыз тарап катышкан жок. Бирок Кыргызстан ЖККУнун эң активдүү катышуучуларынын бири экенин, жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын... Читать дальше...
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Казак энелери - салтка жол" коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекованы президенттикке талапкер кылып каттады. Бул маалыматты 20-октябрда БШКнын мүчөсү Асылбек Смагулов бышыктады. Турсынбекова 20-ноябрга белгиленген президенттик шайлоодо экинчи аял талапкер болуп калды. Бир күн мурун БШК Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абденди каттаган. Буга чейин “Ауыл” партиясынан Жигули Дайрабаев, “Аманат” кесиптик кошуундар шериктештигинен... Читать дальше...
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор милициянын убактылуу кармоочу жайларын кыдырып, ичиндеги шарттары кандай экенин изилдеп чыкты. Изилдөөнү жүргүзүүгө Кыйноолорго каршы коалиция, жазык процессиндеги адам укуктарын коргоо боюнча “Article 9” ассоциациясы жардам беришти. Анын жыйынтыгында Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайлардын көпчүлүгүндө шарттар санитардык нормаларга жооп бербей турганы аныкталды – көбү өткөн кылымдын алтымышынчы, сексенинчи жылдарында курулган, аянты нормага туура келбейт, көбүндө терезеси жок. Читать дальше...
Индиянын бийлиги кашмирлик журналист Санна Иршад Маттуга журналистикадагы абройлуу Пулитцер сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу үчүн АКШга барууга уруксат берген жок. Буга АКШ тынчсыздануусун билдирип, "жагдайга кылдат байкоо салып" жатканын маалымдады. Матту Индиядагы COVID-19 эпидемиясынын курмандыктары тууралуу сүрөт баяны үчүн кесиптештери менен бирге алган Пулитцер сыйлыгынын аземине катышмак. Ал 18-октябрда Индиянын иммиграция органдары анын визасы жана билети жарактуу болгонуна карабай Нью-Дели... Читать дальше...
“Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды. Ленин райондук милициясы экспертизанын жыйынтыгын эки аптадада чыгарараын билдирди. 13-октябрда медиаларга каршы митинг өтүп, 40тан ашык киши “КактусМедиа”, Kloop.kg жана “Азаттыктын” жабылышын, бейөкмөт уюмдарынын ишинин чектөөнү талап кылган. Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов “Азаттыктын” жана “Клооптун” журналисттерин тикелей коркутканга чейин барды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Аны кызматтан алууга 43 депутат макул болсо, 16си каршы добуш беришти. Добуш берүү аяктагандан кийин дептутат Сүйүн Өмүрзаков каршы добуш бергенин, бирок эсепте "макул" болгондорго кошулуп калганын билдирди. Мунун алдында Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу маселесинде парламентте талаш-талкуу жаралган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мындай учур ар бир депутаттын... Читать дальше...
Баш калаа Бишкектин мектептерде 177 миң окуучу билим алууда. Алар үчүн шаарда атайын транспорт каралган эмес. Мындан улам миңдеген жеткинчектер чоң кишилер сыяктуу күн сайын кичи автобустарга тыгылып, батпай калгандары жөө-жалаңдап мектепке барууга аргасыз. Бишкек шаарынын коомдук транспорт көйгөйү көп жылдардан бери чечилбей келет. Мэрия мезгил-мезгили менен жол кирени кымбаттатып, шаарга жаңы үлгүдөгү автобустар келерин айтып келет. Бирок абал өзгөрө элек. Бул айрыкча окуучуларга таасир этип... Читать дальше...
АКШнын Юстиция министрлиги Орусиянын Красноярск аймагынын губернатору Александр Усстун уулу Артём Италияда "санкциялардан качкан жана арам акчаны адалдаган" деген айып менен камакка алынганын билдирди. Бул айып Артём Усстан тышкары дагы төрт орусиялык жана эки венесуэлалык мунай сатуучуга коюлган. Министрликтин айтымында, орусиялыктар жасалма компаниялар жана криптовалюта аркылуу Венесуэладан мунай сатып алуу схемаларына катышкан. Алар Батыштан Орусияда сатууга тыюу салынган электрондук жабдыктарды... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы жоокер Сыргак Сабырбековдун өлүмүнө шектелип кармалган Аскер институтунун кароол жетекчисин үй камагына чыгарды. Бул маалыматты соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, судья Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. "Учурда аталган кылмыш иши сотко өттү, бирок териштирүү баштала элек", - деп билдирди Биринчи май райондук сотунан. 19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жабык талкуулап жатат. Мындай сунушту берген Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков бул маселеде купуя сырлар бар экенин белгиледи. Мыйзам долбоору буга чейин парламенттин беш комитетинде каралган. Аны Жогорку Кеңештин 81 депутаты демилгелеген. Буга чейин демилгечилердин... Читать дальше...
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары "чындыкка дал келбейт" деди. Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун... Читать дальше...
Армениянын Коргоо министрлиги 20-октябрга караган түнү азербайжандык аскерлер чек арада кайрадан ок атканын билдирди. Расмий билдирүүдө Азербайжандын куралдуу күчтөрү армяндардын позицияларына түрдүү калибрдеги ок атуучу куралдардан жана минометтордон ок атканы, армян тарап аны басканы айтылат. Окуя Армения-Азербайжан чек арасынын чыгыш тарабында болгон. Жабыркагандар жок. Азербайжан менен Армениянын мамилеси 2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалдан кийин чыңалган бойдон калууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги беш фракция Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча чечимдерин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге жөнөтүштү. Бул тууралуу Шакиев парламенттин 20-октябрдагы жалпы жыйынында билдирди. Бул маселе депутаттардын чечими менен парламенттин күн тартибине киргизилип, жалпы жыйында каралмай болду. Төрага кайсы фракциялар макулдук бергенин айткан жок. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров... Читать дальше...
Кыргызстандын коопсуздук кызматы чек арадан 2 млн. 750 миң АКШ долларын Тажикстандан мыйзамсыз алып кирген жарандарды кармады. Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жол менен жүк ташыгандар тыйылбай жатат. Жергиликтүү тургундар кимдир бирөө калкалабаса, мыйзамсыз иш токтомок деп нааразы болууда.
Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо жаатында иш алып барган алты уюм камактагы активист Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошту. Анда укук коргоочулар бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан. "Жарандык кеңеш" бирикмеси, Кылым шамы", укук коргоо уюму, "Смарт Жаран" бирлиги, "Адилет" укуктук клиникасы, "Институт Медиа Полиси" жана "Жарандык демилге"... Читать дальше...
21-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16...21; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18; Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...