Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы жоокер Сыргак Сабырбековдун өлүмүнө шектелип кармалган Аскер институтунун кароол жетекчисин үй камагына чыгарды. Бул маалыматты соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, судья Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
"Учурда аталган кылмыш иши сотко өттү, бирок териштирүү баштала элек", - деп билдирди Биринчи май райондук сотунан.
19-августта Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүргөн Сыргак Сабырбеков октон каза болгон. Анын бир тууганы "Азаттыкка" билдиргендей, ок чекесине тийген. Сабырбеков былтыр күзүндө Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган. Коргоо министрлиги Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергенин билдирген.
Жоокердин өлүмүнө шектелип Аскер институтунун алдындагы бөлүктө кызмат өтөп жүрүп октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун өлүмү боюнча аталган аскер бөлүгүндөгү кароол жетекчиси Бишкек гарнизонуна камакка алынган. Башкы прокуратуранын “Азаттыкка” маалымдашынча, Кылмыш жаза кодексинин 128-берене жана (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) 394-беренеси (“Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, окуя иликтеп жатканын, бардык жагдайлар териштирилгенден кийин маалымат берилерин айткан. 19-август күнү кечинде президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилген.
Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек. Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген. (КЕ)