Бүгүн, 3-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Станислав Засты кабыл алып, аймактагы коопсуздук, уюмдун ишмердүүлүн талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар ар кандай чакырыктар менен коркунучтар жана уюмдун алкагында өтчү жыйындар тууралуу сүйлөштү. Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берип, "тажик тараптын агрессивдүү жана абалды туруксуз кылган... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек базарын колдоо долбоорун каржылоо жөнүндө” макулдашуунун долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы 3-октябрда билдиргендей, долбоор экономикалык каатчылыктын үй-бүлөлөргө тийгизген таасирин азайтуу, турмуштук оор кырдаалда калгандарды убактылуу камсыздоо, жумуш жана киреше... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту В.Е. аттуу Бишкек шаарынын тургунун Twitter социалдык тармагындагы билдирүүсү үчүн бир жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, ал катаал режимдеги түзөтүү колониясына камалат. Бул тууралуу "Азаттыкка" соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл апрель айында айыпталуучу мас абалында "кыргыз элин мазактаган" пост жарыялаган. Ага карата Кылмыш кодексинин 330-беренеси боюнча ("Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу") кылмыш иши козголгон. Читать дальше...
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөнүнө байланыштуу, айдоочуларды айдоочуларды этият болууга үндөгөн билдирүү таратты. Анда жол эрежелерин сактоо керектиги айтылып, мүмкүн болсо бул күндөрү жолго чыкпоо сунушталды. Кыргызгидромет кызматы 4-октябрдан тартып көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан жаай турганын билдирүүдө. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. (КЕ)
Түштүк Кореядан бир жыл ичинде башка өлкөлөргө 1,5 миллондон ашык автоунаа сыртка сатылат. Автоунаа экспорттогон ондон ашык компания кыргызстандык ишкерлерге таандык. Алардын бири Ильяз Токторбаев күнүгө Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга жүзгө жакын унаа жиберет.
Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмунун толук кандуу мүчөсү болот. Бул тууралуу өткөн бейшембиде түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин “Анадолу” агенттиги маалымдады. Министрдин айтымында, тиешелүү чечим 11-ноябрда Самарканд саммитинде кабыл алынмакчы. Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип... Читать дальше...
Ирандын улуттук валютасы – риалдын АКШ долларына карата курсу рекорддук чекке төмөндөдү. 3-октябрда бир доллар 331,800 риалга сатылып жатты. Мындай маалымат валюта курстарын чагылдырган Bonbast.com сайтында жарык көрдү. Сентябрдын башында бир доллар 298,200 риалга болчу. Улуттук акчанын куну өлкөдө нааразылык акциялар күч алганда кача баштады. 16-сентябрда студент кыз Махса Амини полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон. Читать дальше...
Сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталды. Бул - өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Калкты тейлөө борборлоруна барып, каттоодон өткөн орусиялыктардын саны экенин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдар Мамбетов "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жыл башынан бери Кыргызстанга келип, расмий катталган орусиялык жарандардын жалпы саны 190 миңден ашты. Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күн аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 3-октябрдагы жарлыгы менен төрт министрди кызматтан бошотту. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан алынды. Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шек саналып, кармалган. Читать дальше...
Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасы боюнча доо арызды карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырды. Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган. Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалууда. Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган. Ошондой эле коррупциялык иштерди... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 3-октябрда сунушталган өзгөртүүлөрдү карап, биринчи окууда кабыл алды. Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган. "Баткенде эл менен жолукканда керектүү маалда... Читать дальше...
Стокголмдо Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттары атала баштады. 3-октябрда медицина жана физиология тармагындагы сыйлык швециялык биолог Сванте Паабого адамдын эволюциясынын генетикалык негиздемесин ачканы үчүн ыйгарылды. Палеогенетиканын түптөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү окумуштуу 1984-жылы европалык музейлердеги мумияларды изилдей баштаган. Бир жылдан кийин алардан генетикалык материал алууга жетишкен. 2006-жылы Паабо неандерталдардын геномун чечмелөөгө киришкен. 2010-жылы анын жетектөөсүндөгү топ мурда белгисиз гоминиддин түрүн тапкан. Читать дальше...
3-октябрь күнү алты тоо текени мыйзамсыз атууга шектелип Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Шектүү Нарындагы "Босого" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан колго түшкөн. Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Мыйзамга ылайык, аркар, бугу-марал, аюу атып алган мергенчилерге 1 миллион сом айып салынат. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 3-октябрда кабарлады. Маалыматта шектүү чет өлкөлүк жаранды кылмыш жообуна тартып, камакка алынасың деп коркутуп, 150 миң сом пара талап кылганы белгиленген. Атайын кызмат кармалган адам Биринчи май райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. экенин жазды. Читать дальше...
Өзбекстандын өкмөтү соңку 17 жылда биринчи жолу "Эркин Европа\Азаттык" радиосунун кабарчысына өлкөдөгү ири саясий иш-чараны чагылдырууга уруксат берди. Ошентсе да журналисттер эркин иштей алышкан жок. "Ачык Time" подкастында "Настоящее время" телеканалынын кабарчысы Жибек Бегалиева ой бөлүшөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын Фергана өрөөнүнүн бөлө жайгашкан чек ара тилкелеринде cоңку он жылда ар кандай мүнөздөгү 144 чыр-чатак катталып, эки тараптан 200дөн ашуун киши каза тапты. Жаңжалдар улам курчуп олтуруп, ок атышуу, кан төгүү, чек аралаш айылдарга кол салууга чейин жетти. "Азаттык" 2012-2022-жылдар аралыгында кыргыз-тажик чегиндеги чатактардын мүнөзү кандай өзгөргөнүн ачык булактардагы маалыматтарга таянып талдап көрдү. СССРден калган "мурас" Чек ара тактоо маселеси совет доорунда... Читать дальше...
Армениянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжанды согуш туткундарын кыйнаган жана маркумдардын сөөктөрүнө акарат келтирген деп айыптады. Эл аралык мыйзамдар мындай аракеттерди согуш кылмышы деп баалайт. Ереван Европа сотуна жана БУУнун Эл аралык сотуна даттанарын билдирди. Министрлик азербайжандыктар социалдык түйүндөргө жайгаштырган видеолорго таянууда. “Ал видеолор Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн согуш кылмыштарынан кабар берет”, - деп билдирди армян тышкы саясий мекемеси. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян редакциясы жазды. Читать дальше...
Ирандын коопсуздук күчтөрү Тегерандагы университеттин студенттери менен кагылышты. Бир нече аптадан бери өлкөдө нааразылык акциялары тынчый элек. 16-сентябрда полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин студент кыз Махса Амининин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон. 2-октябрда социалдык тармактарда пайда болгон видеолордо полиция Шариф университетин курчап алганын, студенттерди кампустан сүрүп чыгаруу үчүн жаш агызчу газ колдонгонун көрүүгө болот. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун жети мүчөсү кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кармалган адамдардын жашаган жерин тинтүү учурунда диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган түрдүү электрондук адабияттар жана брошюралар табылганын билдирди. Экспертизанын жыйынтыгында бул адабияттарда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир”... Читать дальше...
4-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн ачык болот. Батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 3-октябрдагы жыйынында өлкөдөгү тамак-аш, азык-түлүктүн баасына байланыштуу жагдайды карады. Анда комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев баштаган бир катар депутаттар тиешелүү министрлик-мекемелердин ишин сынга алды. "Баа кымбаттагандан кымбаттап баратат. Биз иштебеген министрлерди эмнеге кармап отурабыз? Керт башы менен жооп бербейби. Президентке келгенде "мени кызматка кой, иштеп берем, мамлекетти алдыга жылдырам" деп жалдырашат. Читать дальше...
Түркиянын Изник шаарында 2-октябрда жыйынтыкталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медалга ээ болушту. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, кыргызстандыктар спорттун 14 түрүнөн катышып, 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медалга ээ болду. Медал алган өлкөлөрдүн тизмеси кандай болгону тууралуу маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок. Медалдардын басымдуу бөлүгү Алыш бел боо күрөшүнө таандык. Алыш күрөшүнүн эркин жана классикалык түрүнөн кыргыз балбандары 19 медал тагынды. Читать дальше...
Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууну сунуштоодо. Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулат. 2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулат. Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде... Читать дальше...
Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 14 спорттун түрүнөн катышып, 58 медаль жеңди. Анын 16сы алтын, 17си күмүш жанан 25 коло медаль.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Төрт күн бою мелдештерге жүздөн ашык өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандан мелдештерге 148 спортчу келип, спорттун 11 түрү боюнча ат салышты. Көчмөндөрдүн кийинки оюнунун өткөрүү милдети коңшу Казакстанга берилди.