Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди.
Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты.
Спикер эки жылга жакын убакта парламентти жетектөөгө ишеним артканы үчүн кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.
Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2021-жылы "Ынтымак" партиясы менен шайлоого катышып, 29-октябрда 7-чакырылыштагы парламенттин курамында кайрадан төрага болуп шайланган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Жогорку Кеңешке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келгенде депутаттар менен коопсуздук кызматынын башчысынын ортосунда пикир келишпестик болгону кабарланган.
Кийинчерээк депутат Адахан Мадумаров УКМКнын төрагасы парламентке курал алып келгенин ачык айтып чыккан. Буга байланыштуу Талант Мамытов кызматтан кетери тууралуу маалыматтар айтыла баштаган. Анын ордуна депутат Нурланбек Шакиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы кабарланууда.
Нурланбек Шакиев 1996-2007-жылдар аралыгында "Обон", "Учкун", "Эркин-Тоо" гезиттерин жетектеген, андан кийин транспорт министринин маалымат катчысы болгон.
2007-2009-жылдары Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы, кеңешчиси болуп иштеген. 2009-2010-жылдары ЭлТР телеканалынын башкы директору, 2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл иштеген.
2017-жылы NTV телеканалын жетектеген. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келген. (ZKo)