Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы чыгып жатканын айтып чыгышты. 1-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде берген маалымат жыйынында кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Бейшенбек Абдыразаков “депутаттардын бул аракети Конституцияга, президенттин жарлыктарына жана Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча эл аралык конвенцияга каршы келерин” айтты. Жыйынга катышкан саясат талдоочу Бакыт Бакетаев Кыргызстанда мамлекетти башкарууга жалаң байлар катышып келгенин... Читать дальше...
Парламент депутаты Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны азайбай жатканын айтып, "Кичи-Капка" чек ара бекетин ачууну сунуштады. “Чоң-Капкага" жакын жайгашкан "Кичи-Капка" чек ара бекети бар. 2010-жылга чейин жакшы иштеп келген. Ал учурда көйгөй жок болчу. Аны ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, кийин токтоп калды. Болгону ал жердин инфраструктурасы оңдолушу керек. Казакстан тарап каршы эмес”, - деди депутат. Буга... Читать дальше...
"Консолидация жана диалог" кыймылынын бүгүн, 1-июнда Бишкекте өтө турган жыйыны үзгүлтүккө учурады. Уюмдун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдиргендей, диалогго өлкө боюнча 80ден ашуун киши чакырылган. “Hyatt мейканканасынын өкүлдөрү “Сиздердин жыйын саясатка байланыштуу экен, биз бийликке баш ийебиз” деп айтты. Дагы бир жүйөсүндө өрткө каршы күрөшүү кызматы жыйындар залына өрт коопсуздугунан улам мөөр басып, бекитип кеткенин айтышты. Алдын ала келишим түзүлүп, каражаты төлөнүп,... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма жасалма шенген визасын даярдап саткан эл аралык канал аныкталганын билдирди. “Жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды. Мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан кырктан ашуун чет элдик жаран такталды”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. Атайын кызмат учурда жасалма документ даярдоого тиешеси бар адамдарды аныктап жатканын кабарлады. Читать дальше...
Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт. Жарандык коомдун өкүлдөрү чуулгандуу мыйзам долбоорунун кабыл алынышына караманча каршы. Алар Батыш өлкөлөрүн демилгечи депутаттар менен аткаминерлерге виза бербөөгө чакырууда жана Конституциялык сотко кайрылып жатат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылы Июнь окуясындагы милиция кызматкерин өлтүрүүгө шек саналып Сузактын 39 жана 46 жаштагы эки тургуну кармалганын билдирди. “Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык башаламандыкка активдүү катышканы, Ички иштер министрлигинин подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын тек-жайы аныкталбай калган”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. Читать дальше...
Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) добуш сатып алуу боюнча айыптарын четке какты. Сариев атайын кызматтын билдирүүсү боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди. “Кечээ мурун ижарага алган штабдарымда тинтүү жүргүздү. Үгүт материалдарды, техникаларды алышты. Үй комитети арыз жазыптыр, бир жашоочу аларды “балдар аянтчасын салып берет, ошого шайлагыла деп жатат” деп. Ал үйгө мен жолугушууга баргам. Алар жеке көйгөйлөрүн айтып берди. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн макулдук алуу маселеси бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев Конституциялык соттун парламент өкүлүнө иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алып, ага реакция кылууга чакырды жана бул мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты: “Кылмыш кылып жаткан учурда үстүнөн келип кармаса, маселе жок. Эми эмне кылабыз, мындан ары мал чарбачылыгынан, дыйканчылыктан башка бир нерсе сүйлөйбүзбү? Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер Улан Сариев добуш сатып алууга шек саналып жатканын кабарлады. “Атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер “С.У.А.” жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу... Читать дальше...
Новосибирск облустук соту 7 млн. рубль акча уурдоого айыпталып эки жыл, алты айга соттолгон кыргызстандык Айнагүл Борбуева боюнча мурунку инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, 31-майда сот залынан бошотту. Борбуеваны бошотуу өтүнүчү менен анын жактоочулары кайрылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. 2022-жылы 27-октябрда Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту кыргызстандык жаранга карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны эки жыл, алты айга эркинен ажыраткан. 2021-жылдын... Читать дальше...
Казакстандын Кылмыш кодексинен өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди кемсинтүү жана ар-намысына шек келтирүү үчүн жоопкерчиликке тартуу нормасы алып салынат. Бул тууралуу парламент мажилисинин депутаты Снежанна Имашева билдирди. Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигин алуу боюнча өзгөртүүлөр "техникалык мүнөзгө ээ". "Азыр Элбашы деген макамы жок, ошондуктан кылмыш жоопкерчилиги керек эмес жана ал колдонулбайт. Бул норма Элбашыга гана тиешелүү, анын үй-бүлөсү жөнүндө сөз жок", – деди депутат. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстанга алып келинген “AH26Б” учагы бажы операцияларынан өткөрүлбөгөнүн аныктаганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Учак Беларус мамлекетине Бириккен Араб Эмиратынан алып келинип, 2022-жылы Кыргызстанга жеткирилгени текшерүү учурунда аныкталган. Маалыматка караганда борт “B.S.” авиакомпаниясына таандык. Тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 млн. 461 миң сомду түздү. Учурда материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. 2022-жылы... Читать дальше...