Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу издөө жарыялаган эки жарандын бири Испаниянын борбору Мадриддеги аэропорттон, экинчиси Орусиянын Новосибирск шаарындагы аба майданынан кармалганын билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын жараны, 1988-жылы туулган жаранга Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тарабынан 2022-жылы издөө жарыяланган. Ал 140 миң доллар акчаны алдап алып, изин жашырып кеткен деп шек саналууда. Маалыматка ылайык... Читать дальше...
Москва шаардык соту америкалык журналист Эван Гершковичтин аппеляциялык арызын четке кагып, мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. The Wall Street Journal басылмасынын 31 жаштагы кабарчысы тыңчылыкка айыпталып, 30-августка чейин камалган. Ал өзү жана АКШнын бийлиги бул дооматты четке кагып келишет. Гершкович күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эркинен ажырталышы мүмкүн. 22-июндагы жараян жабык өттү, бирок ага АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсиге жана башка Москвадагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүнө катышууга уруксат берилди. Читать дальше...
Кыргызстанда орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Ага 68 миң мектеп бүтүрүүчүсүнүн 50 миңге чукулу катышкан. Орус тилдүү класстардан тест тапшыргандардын 72% босого баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болсо, кыргыз тилдүү класстарда босого баллдан өткөндөрдүн саны 50% жеткен жок. Мындай көрсөткүч тынчсызданууларды жаратууда. Жакында эле билим берүү министри Каныбек Иманалиев айрым мектептерде окуучулардын 80 пайыздан... Читать дальше...
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген чечими тууралуу комментарий берди. Ал баш прокурордун сунушун карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “катуу буйрук алган” деп айтты. “Жыйында бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. "Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев суроо узатпадыбы. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон. 31-майда спикер Нурланбек Шакиев парламентке Башкы прокуратурадан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюушуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчилигине тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон. Мадумаров парламент чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берип... Читать дальше...
Атлантика океанында "Титан" суу алдында сүзүүчү кемесин издөө ишинин уланып жатканына төртүнчү күн болду. "Титаниктин" калдыктарына туристтерди алып барган кеменин ичинде беш саатка жетчү эле кычкылтектин запасы калды. Жалпы 98 саатка жетчү кычкылтек бар болчу. Аппарат менен байланыш 18-июнда, суу алдына киргенден эки саат өтпөй үзүлгөн. Куткаруу-издөө операциясына АКШ менен Канаданын тийиштүү кызматтары, жеке компаниялар катышууда. "Титандын" бортунда беш киши, арасында кемеге ээлик кылган... Читать дальше...
Руслан Казакбаев Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Расмий маалыматка караганда, Түркиядагы элчи Израилдеги кызматын Анкарада туруп айкалыштырып иштейт. Казакбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрель айына чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган. Кыргызстан менен Израилдин ортосунда дипломатиялык байланыш 1992-жылы түзүлгөн.(КЕ)
Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин карап жаткан кезде, парламенттин алдында Мадумаровдун тарапташтары наарызылык акцияга чыгышты. Анын катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттарын Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөөгө чакырышты. "Адахан Мадумаровдун мандатын парламент да, Башкы прокуратура да ала албайт. Анын мандатын алуу маселесин Мадумаровду шайлаган эл чечет. Читать дальше...
22-июнда Биринчи май райондук сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угууда абакта отурган айыпталуучулар гимнди эки ирет ырдаганы үчүн судья аларды сот залынан чыгарды. Адвокаттар сот ишинин ачык өтүшүн, абактагыларды үй камагына чыгаруу боюнча келтирген өтүнүчтөрүн кароо үчүн танапис жарыялап, кеңешмеге кетти. Анын жыйынтыгында жумуш күнү аяктады деген жүйө менен ишти кароонун мөөнөтү 23-июнга жылды. Райондук сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарга байланыштуу ала угууну жабык кароого киришти. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечимин жабык кароодо. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев документте жашыруун маалыматтар бар экенин белгилеп, маселени жабык кароону сунуштап, көпчүлүк колдоду. Буга чейин төрага Нурланбек Шакиев комиссия чечими парламенттин Координациялык кеңешинде каралганын айтып, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген. Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды. Мунун алдында парламенттеги "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу Байсаловдун отставкасын кароону сунуштап, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген. "Ишеним" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов "Байсалов айткан сөздөр Жогорку Кеңештин аброюна шек келтире" турганын айтты. Эдил Байсалов парламенттин чечими тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды. Мунун алдында "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" фракциялары жана "Мекенчил" депутаттык тобу Байсаловдун отставкасын кароону сунуштап, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген. "Ишеним" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов "Байсалов айткан сөздөр Жогорку Кеңештин аброюна шек келтире" турганын өз докладында билдирди. Эдил Байсалов парламенттин чечими тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...
Ташкент Ооганстандагы талибдерге Коштөбө каналын курууга жардам берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Суу чарба министри Шавкат Хамраев 20-июндагы маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, өзбек делегациясы Кабулга 22-мартта барып, аталган каналдын курулушу боюнча тынчсыздануусун билдирген. Өзбек делегациясы Коштөбөнүн курулушу Өзбекстанда суу таңкыстыгын жаратарын белгилешкен. Талибдер каналдын курулушун токтотуудан баш тартышкан. Мындан улам Ташкент каналдын курулушундагы алешимдиктерге жол... Читать дальше...
Биринчи Май райондук сотунда жараян өтүүчү залга бардык айыпталуучулар: абактагылар да, үй камагында жүргөндөр да киргизилди. Адвокаттар кирген соң, эшик жабылды. Журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок. Сотто жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, алдын ала угуу башталганга чейин абактан алып келингендер Кыргызстандын гимнин ырдашты. Сот башталгандан кийин айыпталуучулардын айрымдарын: Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов... Читать дальше...
27-июндан 2-июлга чейин Ташкент шаарында өтүүчү Cinema Love деп аталган кинофестивалга кыргызстандык режиссерлор тарткан тогуз тасма катышат. Кинематографты өнүктүрүү фонду билдиргендей, алар: режиссерлор Илгиз Шернияз жана Соорон Тургунмамат уулу тарткан "Аламан", Тамара Кубаеванын "Түпкүрдө", Гүзел Дүйшөнкулованын "Келин Таш", Таберик Юсупованын "Киндик Эне", Караш Жанышовдун "Перзент", Айтурган Айнакулова жана Алина Байтокованын "Замандаш", Бекзат Туратбек уулунун "Эне", Наргиза Маматкулованын... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 22-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу Сунушун карайт. Ушул эле күнү депутаттар маселеникүн тартибине кезексиз киргизүүнү колдогон. Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу берген. Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери... Читать дальше...
Коррупция жана башка кылмыштар үчүн соттолгон адам, анын соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте алынганына же жоюлганына карабастан президент, Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт деген жобо киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорун Жеңишбек Токторбаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, парламентте 22-июнда биринчи окууда талкууланды. "Мыйзам долбоорлору Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Читать дальше...
Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имараты жайгашкан жерге бизнес борбор кура турган компания бул ниетинен баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 22-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Рыскулбек уулу Талант билдирди. Ал аталган жер тилкесин ижарага алган компания баш тартканы тууралуу арыз менен кайрылганын, себебин айтпаганын маалымдады: «Арызы түштү «Ижарага алган жерден баш тартып жатам» деген. Ошонун негизинде анын укуктарын мамлекеттик каттоо мекемеси аркылуу токтотуп... Читать дальше...
Аскердик кызматын өтөп жатып жараат алган жоокер ур-токмокко да кабылганы тастыкталды. Бул тууралуу 21-июнда “Азаттык” радиосуна жоокердин апасы Майрамбүбү Абдразакова билдирип, уулу госпиталга которулганын айтты: “20-июнда госпиталга которулду. Абалы жакшы болуп калды. Рентгенге тартып, дарылап жатышат. Сабалганы аныкталып, далилденди. Тергөө жүрүп жатат”. Окуя быйыл 6-июнда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө болгон. 19 жаштагы Тилек Сүйүндүковго тийген ок анын өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими жалпы жыйында каралат. Төрага Нурланбек Шакиев комиссия чечими парламенттин Координациялык кеңешинде каралганын айтып, күн тартибине киргизүү үчүн добушка койду. Маселени кароого көпчүлүк депутаттар макул болушту. Кезексиз күн тартибинде кароого Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча маселе дагы киргизилди. Читать дальше...
Иште “жашыруун” деген гриф болгону үчүн соттук териштирүү жабык өтөрүн билдирген милиция кызматкерлери айыпталуучулардын жакындарынан имараттын сыртына чыгуусун талап кылууда. Милиция чогулгандар коридорду бошотмоюнча, күзөтчүлөр камактагыларды залга алып кирбесин айтууда. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, үй камагындагы айыпталуучулар да сотко катышуу үчүн келе башташты. 22-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу өткөрөт. Айыпталуучулардын адвокаттары... Читать дальше...
22-июнда Жогорку Кеңеш сот болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккандардын пенсиясына кошо берилүүчү үстөк акыны алып салуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. “Судьялардын макамы жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча" мыйзам долбоорунун демилгечиси Жеңишбек Токторбаев үстөк акыга кеткен акчаны башка максатта жумшоо керектигин айтты: “Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда судьялардын максималдуу алган пенсиясы -129 832 сом, ал эми чектелген үстөк акынын төмөнкү өлчөмү - 62 951 сом.... Читать дальше...
Орусияда "Нелегал-2023" деп аталган федералдык операция башталды. Жергиликтүү маалымат каражаттары Ички иштер министрлигине таянуу менен иш0чаранын негизги максаты "Орусияга үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттарын алып келген мыйзамсыз жолдорду аныктоо жана жок кылуу, мыйзамсыз миграцияны, экстремисттик жана террордук иштерди уюштурууга катышы бар кылмыш коомдорунун аракеттерин токтотуу" деп жазышты. Анткен менен аймактардан түшкөн кабарларга караганда, мигранттарды жапырт тинтүү жана кармоо жүрүп жатат. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Бишкектеги"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолугушкан учурда билдирди. “Германия саясий абройунун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Читать дальше...