Кыргызстанда авиа компаниялардын талабынан улам Бишкектен Баткенге, Раззаковго аба каттамдарынын баасы көтөрүлүп кетти. Ички аба каттамдарынын жол киреси кымбат экени өткөн аптада парламентте көтөрүлгөн. "Билетти эрте алсаң деле кымбат төлөйсүң" Лейлек районунун тургуну Айзада Мурзалиева апасын Раззаков шаарынан Бишкекке жиберүү үчүн билетти эки апта мурун алган. Ал пенсионерлер үчүн мурда берилчү жеңилдиктин жокко чыкканын да байкаганын айтты. "15-июнь күнү апам Раззаковдон Бишкекке учту. Билетти эки апта мурда алганбыз. Читать дальше...
Чүй райондук соту адам өлтүрүүгө шектелген Сухраб Жумакуловду үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди. Анын айтымында, Жумакуловго алгач Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) 2-бөлүгү (“Бейбаштык максатта”) жана 267-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (“Аффект абалында адам өлтүрүү”) алмаштырылды. 2022-жылы июль айында Чүй милициясы Бишкек–Торугарт... Читать дальше...
Өзбекстан 2023-жылдын 1-октябрынан Орусиядан газды суткасына тогуз миллион кубометрден сатып ала баштайт. Казакстан аркылуу келчү импорттун жылдык көлөмү болжол менен 2,8 миллиард куб метрди түзөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди. Былтыр 16-октябрда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов менен "Газпромдун" төрагасы Алексей Миллер эки жылдык мөөнөткө газ жеткирүү келишимине кол коюшкан. Мекеменин маалыматына караганда... Читать дальше...
Кыргызстанда көчөгө электр чыгырыгын (электросамокат) айдап чыккандардын жоопкерчилиги карала турган мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн 19-июнда Бишкекте өткөн брифингде Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди. Жол кыймылынын катышуучулары арасында жөө жүргүнчүнүн укугу биринчи орунда турарын белгилеген депутат “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга чыгырыктын өзү жана аны кайсы жерде, кандай талаптардын негизинде тепсе болору тууралуу түшүнүктөр, ал эми “Укук бузуулар жөнүндө”... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (БШК) Искендер Гаипкулов шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлердин материалдык жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Анын сунушун 16-июндагы жыйында БШКнын бардык мүчөлөрү колдоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Мыйзамдарга түзѳтүүлѳрдүн тийиштүү долбоору андан ары Жогорку Кеңешке сунуш кылуу үчүн шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топто талкууланмакчы”, - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө. Читать дальше...
Бишкекте президенттик администрациясынын имаратынын алдына Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суунун жетишсиздигине нааразы болуп акцияга чыгышты. Алар маселени чечүүнү бийликтен талап кылышты. Алар менен Айыл чарба министрлигинин Суу-чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев жолугуп, эки күндүн ичинде маселе чечилерин айткан. Былтыр дагы Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигинен нааразычылык акциясына чыгышкан. Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 19-июнда Бээжинде жолугушту. "Америка добушу" радиосу кабарлагандай, сүйлөшүүлөр жарым саатка жакын созулуп, иш-чара Блинкендин Кытайга болгон эки күндүк сапарын жыйынтыктады. Мамлекеттик департамент жолугушуу болгонун тастыктады. Кытай лидеринин АКШ өкүлү менен жолугушары акыркы мүнөттөргө чейин белгисиз болгон. Энтони Блинкен Бээжинге 18-июнда эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул АКШнын жогорку даражалуу өкүлүнүн... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын камактагы мөөнөтү 15-августка чейин узартылды. Бул тууралуу камактагылардын бири Илгиз Шаменовдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. “Иш материалдар сотко өткөндө судья бир нече маселелерди чечет. Анын ичинде бөгөт чарасы дагы каралат. Кимде кандай бөгөт чара болсо, ошол убактылуу узартылат. Алдын ала соттук угуу белгиленген 22-23-июнда жактоочулардын... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту 19-июнда Кыргыз Улуттук университетинин юристтеринин блогер Ырыс Жекшеналиевдин окуусун улантышына каршы жазган арызын кароого киришти. Судьялардын бири жок болгондуктан, жараян 13-июлга жылды. Бул тууралуу үй камагында отурган Жекшеналиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Блогер окуу жайдын сотко арыз бергени тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин айтып жатат. "Ленин райондук сотунун чечими 14-апрелде күчүнө кирген. Мен чечимди 27-апрелде, дээрлик 45 күн өткөндөн кийин алгам. Читать дальше...
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары кыргыз-немис эки тараптуу кызматташтыгын талкуулайт. Буга чейин 19-21-июнда Германиянын президенти Штайнмайер Казакстанга келери айтылган. Казак басылмалары Германиянын президенти өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуп, бизнес форумга катышарын жазышты. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 24-июнга чейин үй камагына чыкты. Аталган соттон билдиришкендей, Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн Разаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү 16-июнда канааттандырылган. ИИМ мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыбы угузулганын кабарлаган. Ал... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев жана жергиликтүү бийлик өкүлөрү 15-июнда Ысык-Көл облeсундагы кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Каркыра дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жеринде талкуулашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. ӨКМ Каркыра дарыясынын суусу кыргыз тараптагы жээгин жеп, жайыттар кыскарып жатканын билдирди. Министр Ажикеев чек ара тилкелерин кыдырып чыгып, бекемдөө иштерин баштоо үчүн документ иштерин бүтүрүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жана "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалгандар Бишкек электр жылуулук борборуна (Бишкек ЖЭБ) көмүр ташуудагы коррупцияга шектелүүдө. “Тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин... Читать дальше...
Баткенде миң гектардан ашуун жерди өздөштүрүү үчүн Каракол каналы курулуп жатат. Муну менен тамчылатып сугаруу ыкмасы аркылуу миң гектардан ашык аянтка бак отургузулат. Долбоорду ишке ашырууга Эл аралык каржылык уюм жана казынадан да каражат бөлүнгөн.
Совет заманындагы саналуу классиктердин топ башында грузин жазуучусу Нодар Думбадзе турчу. Анын жумшак юморго ширелген кара сөз чыгармаларында балалыгы согуш учуруна туш келген муундун армандуу турмушу сүрөттөлгөн. Бул ирет сүрөткердин “Кан” деген аңгемесин чогуу окуйбуз. Тентек небере, сүйлөөк таяне Атасы менен апасынан муштумдай кезинде ажырап калган тестиер таянесинин колуна түшкөн. Тифлистин шаардык турмушунан ажырап, айласыздан айылга келген балага баары бир болчу. Керелден кечке өзү курдуу мадырабаштар менен суудан чыкпай... Читать дальше...
Грузияда казак журналисти Жанбота Төлөгөн киши колдуу болгону аныкталды. Маалыматты Казакстан менен Грузиянын Ички иштер министрликтери да тастыктады. Окуя тууралуу кесиптеши Назира Даримбет Фейсбукка жазып, Жанбота 21-майда Телави шаарында өлтүрүлгөнүн кабарлады. Даримбет буга чейин Жанбота Төлөгөн менен бир долбоордо кызматташып, 19-майда акыркы жолу байланышка чыкканын айтты. 24-майда Грузиянын Ички иштер министрлиги полиция Г.Х. аттуу жаранды кармаганын, ал атайылап киши өлтүргөн деп шек саналып жатканын маалымдаган. Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Иранга расмий сапарынын алкагында Ташкент менен Тегерандын ортосунда 15 документке кол коюлду. Мирзиёевдин басма сөз кызматы билдиргендей, ал Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен экономикалык алаканы, терроризм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, адам сатуу өңдүү глобалдык маселелерге каршы күрөшүүн талкуулашты. Андан тышкары, Ооганстандагы жагдай, бул өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан калыбына келишине көмөк көрсөтүү жаатында да кызматташууну макулдашты. Читать дальше...
Жогорку окуу жайларынын аккредитациядан өтүү маселеси бүгүн 19-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланганда талаш жаратты. Демилгечилердин бири, депутат Жанарбек Акаев бул мыйзам депутаттар жана өкмөт сунуштаган варианттардын бириктирилген долбоору экенин, ал миңге жакын мугалимдин катышуусу менен талкууланганын, бүгүн экинчи окууда сунушталып жатканын айтты. Талаш мыйзам долбоорунун аккредитация боюнча беренесинен улам чыкты. Читать дальше...
Кемпир-Абад иши сотко өткөрүлүп, алдын ала соттук угуу 22-23-июнга дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан жарандык активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) адвокаты Замир Жоошев билдирди. Ал отурум жабык өтөрүн, ушул эле күндөрү тергөө абагында жаткандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр да караларын кошумчалады. “Биз соттук процесстер ачык өтүшү керек деп сунуш беребиз. Жашыруун делген кагаздар жабык отурумда карала берсин. Биз негизи жалпы иш ачык каралышы керек деп эсептейбиз. Читать дальше...
“Токтогул” гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү кайрадан 9 млрд. куб метрден өйдөлөдү. Былтыр, мурдагы жылдары бул маалдарда көрсөткүч 10-11 млрд болсо, төрт-беш жыл алдын станция жайга барып 13-14 млрд. көлөм суу топтоп келген. Бир жагынан электр энергиясын керектөөнүн өскөнү, экинчи жагынан дарыяларда суунун аз келиши ушул жагдайга алып келди. Эксперттер кышта жарык тартыш болорун эскертип, ага азыркы өчүрүүлөр далил экенин билдирүүдө. “Элдик экономика” түрмөгүндө мына ушул маселени талдайбыз. Читать дальше...
АКШда жүк ташыган автоунаа айдап иштеген 37 жаштагы тажикстандык Илхом Шодиевге ок атылып, ал 16-июнда ооруканада каза болду. Полициянын маалыматына караганда, Шодиев 15-июнда Amazon компаниясынын товарларын ташып баратканда ага жеңил автоунаанын айдоочусу ок аткан. Жыйынтыгында ал рулду башкара албай, жол жээгинде токтоп турган эки унааны, андан соң имаратты сүзгөн. Шодиев оор абалда ооруканага жеткирилген. Маркумдун АКШда жашаган жээни Анвар Курбонов азырынча полиция ок атуунун себебин аныктай электигин билдирди. Читать дальше...
Жогорку бийлик адамдарынын атын пайдаланып, акча алып жүргөндөрдү аныктоо иши жүрүп жатканын бүгүн 19-июнда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү таратып, тийиштүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилгенин маалымдады. Султанбаевдин айтымында, акыркы убакта белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адам деп тааныштырып, “президенттин басма сөз катчысымын” деп анын өзүнүн да атын айтып... Читать дальше...
Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында жети жаштагы бала 15-июндан бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 112 кызматына 18-июнда түшкөн. Жакындары бала Нарын суусуна түшүп кетиши ыктымалдыгын айтууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) үч куткаруучусу, 30 милиция кызматкери жана жергиликтүү элден 50 адам кошулган издөө отряды 18-июнда баланы издеп, таба алышкан эмес. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган издөө иштери бүгүн 19-июнда да уланып жатат. ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын... Читать дальше...
Бүгүн, 19-июнда Балыкчы шаарында майыптыгы бар жарандардын жүрүшү старт алды. Жүрүш 24-июнда Чолпон-Ата шаарында аяктайт. Ага өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген 44 киши катышууда. Бул жүрүш быйыл 9-ирет өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар жүрүштүн максаты - майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигмаларды азайтуу экенин белгилешет. Иш-чараны “Теңдик” (“Равенство”) майыптыгы бар адамдардын союзу жана БУУнун Орто Азиядагы адам укуктары боюнча башкы комиссары өткөрүп жатат. Эмгек, социалдык... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн аптада төртүнчү ирет жыйынга чогулду. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси, депутат Динара Ашимова "Азаттыкка" билдиргендей, анда Башкы прокуратурадан алынган материалдар боюнча талкуу жүргөн. “Комиссия иштеп жатат, төрт жолу чогулдук. Кылмыш иштери боюнча материалдарды алганбыз, таанышып жатабыз. Бирок анын мазмунун сиздерге ачык айта албайм... Читать дальше...