Талас облустук прокуратурасы жашы жете элек кызды зордуктоо фактысын жаап-жашырып, ал үчүн пара алган деп шек саналган милиция кызматкеринин ишин иликтөөнү аяктады. Башкы прокуратуранын 21-июнда маалымдаганы боюнча, Талас районунун ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. быйыл март айында жаш кыздын айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалымат алган. "Ал тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып... Читать дальше...
Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатын же орто билими тууралуу күбөлүгүн алган күнгө байланыштуу өткөрүлүүчү кечелерде коопсуздукту 5 миңдей милиционер камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 21-июнда билдирип, бүтүрүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырып, коопсуздукту сактоого үндөдү. ИИМдин басма сөз кызматы бүтүрүүчүлөрдөн спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөөгө... Читать дальше...
Укук коргоо уюмдары билдиргендей, күрд тектүү саясий туткун Хейман Мостафаи 21-июнда Ирандын батышындагы Санандаж түрмөсүндө өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу социалдык тармактарга Hengaw укук коргоо тобу жана Ирандын эркин жумушчулар союзу билдирди. Ислам республикасынын сот системасы бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Маалыматка караганда, 20-июндун кечинде түрмөнүн жанында 34 жаштагы Моставаини дарга асууга каршы ондогон адам чогулган. Хаймана Мостафаи 2012-жылы Ислам революциясынын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "Чет өлкөлүк өкүл тууралуу" мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканын юрист Таттуубүбү Эргешбаева Фейсбуктагы баракчасына жазып, Атазов менен маегин жарыялады. Анда депутат Атазов мыйзам долбоорун иштеп чыккан демилгечи депутаттардын катарынан чыкканын, буга мыйзамдын мазмуну алгачкы депутаттарга сунушталган вариантынан өзгөрүп кеткени себеп болгонун айткан. "Учурдагы талкууга коюлуп жаткан мазмуну башкача болуп жатат. Ошондуктан, мен бул мыйзамдан баш тартып атам. Читать дальше...
Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит Медиа” платформасынын “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы иликтөөсү боюнча расмий билдирүү таратып, анда айтылган маалыматтарды четке какты. “SMM жана Жаңы Медиа” башкармалыгы Улуттук телерадиоберүү корпорациясын кайра уюштуруунун алкагында 2022-жылдын аягында түзүлгөн. Ошондой эле, анда социалдык түйүндөр аркылуу фейк аккаунттар менен пикир жазгандар, тролдор иштейт дегенди расмий төгүндөйбүз", - деп жазылган. Билдирүүдө... Читать дальше...
Пакистан бийлиги 21-июнда билдиргендей, адам аткезчилигине шектелген жети киши кармалды. Алар пакистандыктарды Европага мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүүгө шектелип жатканын полиция Associated Press агенттигине маалымдады. Адам аткезчилиги менен алектенгендерди кармоо операциясын баштоого Грекиянын жээгинде мигранттар түшкөн кеменин чөгүп кетиши түрткү болду. Андагы 700дөн ашуун адамдын 500дөйүнүн дайыны чыкпай жатат. Арасында пакистандыктар да болгон. Алардын так саны белгисиз. 104 адам куткарылды, 80ден көбүнүн сөөгү табылды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушу менен түзүлгөн депутаттык комиссия 21-июнда кезектеги отурумун жабык өткөрдү. Анда кандай чечим чыгарылганы маалымдала элек. Жабык жыйындан чыккандан кийин Мадумаров депутаттык комиссиянын иши тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди: "Бул жерде чындыкты билиш максат эмес. Бир гана максат - Мадумаровдон трибунаны алуу... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков "Ысык-Ата" курортун улутташтарып, ага инвестор тартууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 21-июнда парламентте "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссия маалымат берген учурда билдирди. Ал аталган курорт профсоюздун балансына өткөнү тууралуу тийиштүү документтер жок экенин белгиледи. "Ысык-Ата" курорту кантип өткөнү тууралуу бир дагы кагаз жок. Негизи бул курорт 1892-жылы Александр IIIнүн буйругу менен салынды эле. Читать дальше...
"Чекит медиа" платформасы "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялады. Анда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) SMM бөлүмү менен президенттин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, эркин медиалардын каралаган фейктердин байланышы талданат. "Бийликти мактап, каршылашын каралаган фейк-троллдор" "Чекит медианын” иликтөөсүндө "телеканал жасаган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтуу үчүн УТРКда 2022-жылы түзүлгөн медиа... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Кытайдын лидери Си Цзинпинди диктатор деп атады. Бул тууралуу Байден 20-июнда Калифорнияда шайлоо өнөктөгүнө каражат чогултууга багытталган иш-чарада жыл башында атып түшүрүлгөн Кытайдын учуучу шары тууралуу айтып жатып билдирди. «Мен эки вагон чалгын аппараты чиркелген аппаратты атып түшүргөндө, Си Цзинпин ал шар тууралуу билбегендиктен кыжыры келди. Диктаторлорго окуялардан кабарсыз болгону жакпайт», - деди АКШ президенти. Байден бул сөздөрдү мамлекеттик... Читать дальше...
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Чекит медиа" платформасынын иликтөөсү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Ал 21-июндагы комментарийинде журналисттик иликтөөнү каралоо деп атады. “Көрүп чыктым. Биринчи мен макул болбогон, ынанбаган жагдай, анонимдүү булак деп жалаа жапкан үндү көрсөтүшкөн. Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден... Читать дальше...
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери 22-июнда, бир күнгө Кытайдагы улуттук майрамга байланыштуу жабылып, 23-июнда кайрадан ишин улантат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады. Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги кыймылга пандемия учурунда чектөөлөр киргизилген. Расмий маалыматка караганда, анын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга импорт эки эседен көп өлчөмдө азайган. Чек арадан... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 21-июнда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз каранды эмес “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда доогер тарап өзүнүн арызын толуктап, тактап жазып келгени белгилүү болду. Ошол себептен жоопкер тарап өз жообун жана тийиштүү документтерин даярдоого убакыт сурады. Судья убакыт берип, кийинки отурумду 6-июлга белгиледи. Доогер тарап моралдык зыян үчүн 10 миллион сом (медианын өзүнөн 7 миллион, журналисттен 3 миллион сом) талап калууда. Читать дальше...
22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21... Читать дальше...
Түркмөнстанда тамеки чегүүгө каршы кампания күч алды. Полиция кальян чегүүгө шек саналгандардын үйлөрүн тинтип, тамеки чеккендерди жана саткандарды мамлекеттик телеканал аркылуу көрсөтүп, кечирим суратып жатат. Алардын айрымдары өлкөгө тамеки алып келгени үчүн кечирим сураса, башкалары кальян чегип жаткан сүрөтүн социалдык тармакка койгону үчүн күнөөлүү экенин моюнуна алышкан. Ашхабад Түркмөнстанды 2025-жылга чейин тамексиз мамлекетке айлантууну көздөөдө. Лебап облусунда насвай чеккендерге каршы өнөктүк башталды. Читать дальше...
Гондурастагы аялдар түрмөсүндө болгон башаламандыкта кеминде 41 киши мерт кетти. Бул тууралуу прокуратура 20-июнда билдирди. Маалыматка караганда шейшембинин таңында түрмөдө касташкан эки топтун ортосунда мушташ чыккан. CEFAS деген аталыштагы 900 кишилик түрмө баш калаа Тегусигальпадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Президент Ксиомара Кастро тополоңду жергиликтүү кылмыш топтору атайын пландап уюштурганын билдирди. Борбордук Америкада жайгашкан мамлекетте буга чейин да түрмөлөрдө ондогон адамдардын өмүрүн алган окуялар болгон. Читать дальше...
"Кумтөр иши" боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын 288 миллион сому өндүрүлө элек. Тогуз айдын ичинде жалпы 1 млрд. 146 млн. сомдук зыяндын 858 миллион сому мамлекетке кайтарылганын башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Кумтөр боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция... Читать дальше...
Чуулгандуу видеосу Интернетте тараган балдар дарыгери иштен алынды. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова 21-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, ал дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинин оозеки буйругунун негизинде жумушунан бошотулду. Кесиптешине тап коюп, агрессия менен урушуп жаткан дарыгердин видеосу 16-июнда социалдык түйүндөр аркылуу тараган. Маймерова окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, видеодогу дарыгер анын кызы экенин “Азаттыкка” ырастап... Читать дальше...
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов парламенттин 21-июндагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаевдин суроосуна жооп берип жатып, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзамдарды эң көп бузган мекмелерди атады. Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда (ФУГИ), Салык кызматында, Бажы кызматында бюджеттин аткарылышы боюнча эң көп мыйзам бузуулар катталганын билдирди. "Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына "Кумтөр голд компани", "Кыргыз темир жолу", "Манас" эл аралык аэропорту кирет. Читать дальше...
Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына киргизген чектөөлөрүн алды. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергай Данкверт менен онлайн сүйлөшүү жүргүзүп, “Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык нормаларына шайкеш келбейт” деген негизде... Читать дальше...
Өзбекстандын мурунку биринчи айымы Татьяна Каримова социалдык тармакка түрмөдөгү кызы Гүлнара Каримова менен жолугушууга уруксат бербей жатышканын жазып чыкты. Ал эми өткөн апта маркум Ислам Каримовдун тун уулу Петр өгөй энеси Татьяна Каримованы мураска байланышкан маселеден улам сотко берген. Ушул эки окуядан улам чейрек кылымдан бери Өзбекстандын эң таасирдүү аялы, 2016-жылдан бери "Маркум президенттин жесири" деп атыккан Татьяна Акбаровна тууралуу талкуулар күчөдү. "Неберем Иманды 25 жашка толушу менен куттуктайм. Читать дальше...
Чүйлүк дыйкандар тамчы сууга зар болуп турат. Алар сугат суунун жоктугунан айдаган өсүмдүктөрү күйүп жатканын айтып, нааразылык акцияга да чыгышты. Суу-чарба департаменти айдоо аянттары жылдан жылга көбөйүп атканын, суу тан кыстыгы күчөй берерин эскертишет.
Кыргызстан Казакстан жана Орусия менен жарандардын жеке маалыматын ич ара бөлүшүп туруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жеке маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндөгү административдик маселелер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Макулдашуу үч өлкөнүн тийишүү органдарына адамдын жарандыгы, үч өлкөнүн биринин аймагында убактылуу жашоого уруксатынын... Читать дальше...
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жаңыдан түзүлгөн “Кыргызиндустриясы” ишканасы "1 миллиард сомду максатсыз пайдаланганын" билдирип, толук материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилгенин Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында маалымдады. "Биз бул ишкананына 2023-жылы текшердик. Азыркы отчетко кирген жок. Чындыгында өзүнүн максатына жеткен эмес, каржынын бардыгы бөлөк жакка кеткен. Каражат туура эмес пайдаланылган. УКМКга материалдарды толук өткөрүп бергенбиз. Читать дальше...
Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон. Мындан улам райондук... Читать дальше...