Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу менен Орозобек Токтомамбетов жеңүүчү болушту. Каныбек Абдулхаиров күмүш байгеге ээ болду. “Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн, 17-июнда эркин күрөштөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү. Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу финалда казакстандык Ерассыл Мухтарулы менен беттешип, 8:0 эсебинде утту. Алмаз уулу финалга чейин түркмөнстандык Атажан Меретдурдиевди (10:0)... Читать дальше...
“Азаттыктын” сыябан-маек берүүсүнүн кезектеги коногу - белгилүү котормочу, акын жана педагог, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эсентур Кылычев. Калемгер менен жакында жарык көргөн “Күзгү токой” ырлар жыйнагы, улуттук жана дүйнөлүк адабиятты окуп үйрөнүүнүн, которуунун мааниси тууралуу сүйлөштүк.
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу, Орозобек Токтомамбетов жана Каныбек Абдулхаиров финалга чыгышты. “Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн, 17-июнда эркин күрөштөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтүп жатат. Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу финалда казакстандык Ерассыл Мухтарулы менен беттешет. Алмаз уулу финалга чейин түркмөнтсандык Атажан Меретдурлиевди (10:0)... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Таластагы башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ал имарат демөөрчүлөрдүн көмөгү менен курулганын билдирди. "1936-жылы салынган эски имаратты оңдоп-түзөөгө жыл сайын кошумча каражат талап кылынып турган. Миң чарчы метрди түзгөн эски имаратта башкармалыктын кызматтык иш бөлмөлөрүнүн жетишсиздигинен бир кабинетте 2-3төн кызматкерлер отуруп иштеп келишкен. Ошондуктан, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин... Читать дальше...
Анкарада Жогорку Сот Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыратты. Соттук отурумга адвокаты менен катышкан Инанды Кыргызстандын жараны экенин, анын билим берүү мекемелери террордук уюмга тиешеси жоктугун айтып, өзүнө тагылган айыптарды четке какты. Акыркы жети жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, "ФЕТО кыймылына тиешеси бар окуу жайларды... Читать дальше...
15-июнда АКШнын мамлекеттик департаменти адам сатууга каршы чаралар боюнча докладын жарыялады. Анда 188 өлкө камтылган. 95 барактан турган баяндаманын басымдуу бөлүгү адам сатууну алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча сунуштарга багытталган. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2022-жылы жалпысынан 27 миллион курмандыктын 115 300үнүн гана тек-жайы такталганын билдирди. Баяндамада ошондой эле Түркия кулчулукту жок кылуу боюнча стандарттарга толук жооп бербегени менен бул багытта олуттуу аракеттерди жасаганы белгиленет. Читать дальше...
18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18... Читать дальше...
Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова чет өлкөлүк мигранттарды паспортун жоготуп алганын учурунда билдирбегени үчүн өлкөдөн күчтөп чыгарбай, айып пул төлөтүп, алардын андан ары жүрүүсүнө жол берүүчү чараларды киргизүүнү сунуштоодо. Москвалькова бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен видео аркылуу сүйлөшүүдө маалымдады. Татьяна Москалькова Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын жүрүү шарттарын жеңилдетүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты. Читать дальше...
Астанадагы Кылмыш иштери боюнча апелляциялык сот Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовдун жана анын мурдагы эки орун басары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожиндин ишин кайрадан карап, алардын жаза өтөөчү жерин өзгөрттү. Ага ылайык соттолгон үчөө коопсуздугу жогору абактан орточо деңгээлдеги абакка которулушту. Астана шаар сотунун маалыматында өкүм күчүнө киргени да жазылган. Өкүмдүн башка бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды. 24-апрелде сот экс-чекистти мамлекеттик чыккынчылык... Читать дальше...
Ушул айдын башында ырчы Нурчолпон аскерлерге арналган иш-чарада полковник тарабынан ыдыкка кабылганын айтып чыккан. Жогорудагы окуя ушул маселени күн тартибине чыгарды. Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрү ыдыкка кабылабы? Эмнеден улам бул маселени ачык айтып чыгышпайт? “Эже-сиңдилерде” сөз кылабыз.
Кыргызстандын Ички иштер министирлиги Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө жарыяланганын маалымдады.
Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Документ жакынкы аралыкта парламенттин тармактык комитетине киргизилиши мүмкүн. “Медиа Полиси Институту” уюму президенттик администрация даярдаган бул мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирди. "ЖМКны жаап салуу мүмкүнчүлүгү жогору" “Медиа Полиси Институтунун” билдирүүсүндө, долбоордун буга чейинки редакциялардында... Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешинин тайпалык баскычында Ирандын курамасына 5:1 эсебинде жеңилди. 16-июнда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн беттеште ирандык чабуулчу Мехди Тареми үч гол (бир гол пенальтиден), Сердар Азмун эки гол киргизди. Кыргызстандын голун чабуулчу Мирлан Мурзаев киргизди. Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) уюштурган Улуттар кубогунун тайпалык оюндары 10-июндан 16-июнга чейин Бишкекте жана Ташкентте өттү. А тайпасында Өзбекстан... Читать дальше...
17-июнь күнү кечки саат алтыда жыл сайын өткөрүлүүчү "Түнкү жарыш" марафону өткөрүлөт. Марафон борбор калаада быйыл 5-ирет өткөрүлүүдө. Иш-чараны уюштуруучу "Nomad Sport" коомдук уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, жарышка катышуу ниетин 2 500 адам билдирип, алдын ала жазылган. Марафондон түшкөн каражат эл аралык Кызыл чырым коомунун Байтик айылында жайгашкан хосписине берилмекчи. Жарыш "Аю Грант" соода борборунан башталат. Жөө күлүктөр үч түрдүү дистанцияда - 5, 10, 21 чакырым аралыкка чуркашат. Читать дальше...
Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл Сербиянын президент Александр Вучич менен Косовонун өкмөт башчысы Альбин Куртини эки өлкө ортосундагы чыңалууну жайгаруу максатында кийинки жумага Брюсселге чакырды. Косово полициясы 14-июнда билдиргендей, мыйзамсыз аткезчиликти ооздуктоо максатында жолго чыккан үч офицер дайынсыз жоголгон. Косовонун ички иштер министри Желал Швечла «полициячыларды уурдап кетти» деп Сербияны айыптады. Белград офицерлер Сербиянын аймагында кармалганын билдирди. Читать дальше...
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Улан Муратбек уулу жеңүүчү болсо, Жеңиш Жумабеков менен Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Нурзат Нуртаева коло байгеге болушту. Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өттү. Грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Улан Муратбек уулу казакстандык Ербол Камалиев менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утту. Читать дальше...