"Вагнерчилердин" Орусиядагы орто жолдо токтотулган козголоңун улай расмий Бээжин Москванын туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын жарыялады. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 25-июнда билдиргенин Reuters жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Кытай тарап Орусиядагы соңку чыңалууну өлкөнүн "ички иши" деп сыпаттады. Мындай билдирүү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Кытайдын башкы дипломаты Цинь Ган менен жекшемби күнү Бээжинде жолуккандан кийин жарыяланды. Читать дальше...
Ростов-на-Дону шаарынын тургундары көчөдөгү танк баштаган аскердик техниканын кербенин кол чаап узатып жатат. Ростов облусунун бийлиги Евгений Пригожиндин “Вагнер” компаниясынын жалданма жоочулары аймактагы аскердик базаны ээлеп алгандан кийин шаардан чыгып кеткенин билдирген.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы советтик армиянын полковниги, Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Валимжан Таңырыков болду. Ал маегинде кантип аскер кызматкери болгону, ойдо жок жерден Москвада котормочулукта окуп калганы, Сирияда кылган кызматы тууралуу айтып берди.
Кыргызстандан дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардам Ооганстанга 24-июнда жеткирилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Дары-дармектердин аталышы жана анын суммасы айтылган эмес. Маалыматка ылайык, гумжардам ооган элине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде атайын борт менен жеткирилген. Ооган тарап Кыргызстандын элине жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирген. Жыл башында Ооганстанда калктын жарымы тамакка жетпей жатканын... Читать дальше...
Жер алдындагы сууларды иштетип, бөлүштүрүү Жердин огунун жылышына алып келди. Дээрлик 2 миллиард элди суу менен камсыздап турган Гималай мөңгүлөрү тездик менен эрий баштады. Пандемиядан кийин америкалык өспүрүмдөрдүн билим деңгээли 1990-жылдагы көрсөткүчкө тең болуп калганы айтылды. “Азаттыкта” илимдеги соңку жаңылыктардын топтому. Жер алдындагы сууларды иштетүү Жердин огун өзгөрттү Жер планетасынын огу 1993-жылдан 2010-жылга чейин 80 сантиметрге жылганын жана буга жер алдындагы суулардын иштетилиши... Читать дальше...
Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 83 жашта. Азыр ал адабий чөйрөдөн алыс, Токмок шаарында жашайт. Бирок, «Кечки троллейбус», «Замандаштын дүйнөсү», «Жарыктын ыры», «Эки аска» өңдүү ондогон китептерине кирген ырлары аны кыргыз поэзиясында өзгөчө изи, үнү бар акын экенин эбак далилдеп койгон.
Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү жылдагыдан кыйла жакшы. Өрүктүн 20 дан ашык сорту өстүрүлгөн аймакта "сары кыздын тою" башталып, эл өрүк терүүгө жапырт киришти. Эрте бышкан "ак өрүк" сорту экспортко чыгарыла баштаганы менен баа өткөн жылга салыштырмалуу 6-7 эсе арзан.
"Кыргыз гидромет" кызматы 2023-жылдын 25-26-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет. Ага ылайык, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү ыктымал. 26-июнда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Читать дальше...
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 23-июнда орус абактарында кармалып турган кыргызстандык кыз-келиндерден кабар алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, элчиликтин өкүлдөрү чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборундагы 25 аял менен жолугушуп, тийиштүү юридикалык кеңештерди беришкен. Кыз-келиндер кармоо шарттары боюнча даттануулары жок экенин билдиришкен. Мунун алдында элчиликтин өкүлдөрү Орусиянын Ички иштер министрлигинин чет өлкөлүк... Читать дальше...
Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун кесиптештери акындын каза болгону тууралуу суук кабарды 25-июнь күнү эртең менен угушканын "Азаттыкка" билдиришти. Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун "Эне тил" гезитинде кабарчы,... Читать дальше...
Санкт-Петербургдагы "Фонтанка" басылмасы ишемби күнү "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин болжолдуу штабында тинтүү болуп жатканын жазган. Анда аты-жөнү башка, бирок Пригожиндин сүрөтү менен чет элдик паспорттор табылган. Кийин бул маалымат белгисиз себептер менен өчүрүлгөн. Тинтүү "Вагнер" жеке аскердин компаниясынын "куралдуу козголоңунан" кийин жүргүзүлдү. Бул аракеттер ишембинин кечинде Пригожин жана орус бийлигинин расмий эмес макулдашуулары менен аяктады. "Пригожиндин кеңсесинде алтын куймасы... Читать дальше...