Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 90 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. Кармалгандарды көбү Москвадан жана Петербургдан экени маалым болду. Укук коргоочулар «үйлөнгөн шарлар, асфальттагы жазуу сыяктуу күлкү келтирген нерселер кармоолорго жүйө болгонун» белгилешти. Иш жүзүндө кармалгандар андан көп болушу мүмкүн. Барнаулда шар үйлөп, көтөрүп алган Ольга Меркулова кармалса, Красноярскиде Артур... Читать дальше...
Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу көйгөйү курчуду. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары суу тартыштыгына нааразы болуп жатышат. Мэрия муну суунун ысырап болушу жана климаттык шарт менен түшүндүрүүдө. Урбанисттер шаар өскөн сайын анын ресурсун көбөйтүү боюнча ырааттуу иштер жасалышы зарыл экенин белгилешет. Күн сайын ичүүчү суунун тартыштыгы тууралуу ар кайсы конуштардын тургундары пикирлерин жазууда. Ак-Жар конушунун тургуну Жыргалбүбү... Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш балбандары үч алтын, эки күмүш жана төрт коло байгеге ээ болушту. “Бишкек Арена” спорт комплексинде өткөн таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды. 57 килограмм салмакта кыргызстандык эки балбан: Бекзат Алмаз уулу менен Алмаз Сманбеков күрөшүп, 6:1 эсебинде Сманбеков жеңишке жетип... Читать дальше...
3-июнда үч европалык жаран Тегеран менен Брюсселдин ортосундагы туткун айырбаштоонун аркасы менен Ирандагы түрмөдөн чыгып, мекенине кайтып келгени маалым болду. Австрия менен Ирандын жарандыгы бар эки эркек жана даниялык жаран өткөн аптада ирандык дипломат Асадулла Асадиге айырбашталды. Тегеран тыңчылыкка айыпталып, 40 жылга соттолгон бельгиялык гуманитардык кызматкер Оливье Вандекастилди өткөн аптада бошоткон. Омандын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн аркасы менен Бельгиядан абактан чыккан Асади 27-майда Тегеранга кайтып барган. Читать дальше...
Bellingcat эл аралык тобу 25-майда кыргыз-тажик чек арасында былтыр сентябрда болгон кагылышуулардын кесепеттеринин картасын түзүп, иликтөөсүн чыгарды. Алар спутниктен тартылган сүрөттөргө, социалдык тармактардагы видеолорго таянган. Биз иликтөөнүн автору Айганыш Айдарбекова менен маектештик. - Айганыш, саламатсызбы? Иликтөөдө эмнелерди аныктадыңар. Мурда белгисиз кандай фактылар бар? - Биздин иликтөө спутниктерден тартылган сүрөттөргө негизделген. Менимче, бул чындыкты билүүнүн эң объективдүү ыкмасы. Читать дальше...
Бүгүн, 4-июнда Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы пансионаты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев катышты. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылы каралбай калган "Дельфин+" пансионатынын аймагы Чек ара кызматына бөлүнүп берилген. Курулуш иштери 2022-жылдын декабрынан тартып жүргүзүлгөн. Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан үй-бүлөлөрү менен келип, эс алышат. Читать дальше...
Өткөн аптада азыр камакта жаткан Равшан Жээнбековдун өмүрлүк жары Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кийин соттун чечими менен эки айга камалды. Ага Бишкектеги эки жер тилкесин сатууга байланыштуу айып коюлууда, Алимбаева күнөөсү жок экендигин билдирди. Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнө жана жакындарына карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Буга расмий жооп боло элек. Равшан Жээнбеков деген ким? Равшан Жээнбеков акыркы жолу былтыр камакка алынган. Читать дальше...
Өткөн аптада азыр камакта жаткан Равшан Жээнбековдун өмүрлүк жары Салкынай Алимбаева Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кийин соттун чечими менен эки айга камалды. Ага Бишкектеги эки жер тилкесин сатууга байланыштуу айып коюлууда, Алимбаева күнөөсү жок экендигин билдирди. Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнө жана жакындарына карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылды. Буга расмий жооп боло элек. Равшан Жээнбеков деген ким? Равшан Жээнбеков акыркы жолу былтыр камакка алынган. Читать дальше...
3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз ГЭСтер каскады курула турган жерди тик учак менен барып көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон алты гидроэлектр станцияларды Кытай менен биргелешип куруу пландалууда. Долбоор ишке ашса электр кубатына тартыштык азайып, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоо жакшырмакчы. Ошондой эле Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын “Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды... Читать дальше...
Эртең, 5-июнда күн айрым аймактарда 37 градуска чейин ысыйт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Түнкүсүн абанын температурасы 17…19°, күндүз 33…35 градус жылуу болот. Чолпон-Ата шаарында да жаан күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө суунун температурасы азырынча муздак бойдон, Чолпон-Ата шаарындагы жээкте ал +14.4 градус, ал эми көл боюнча эң муздак... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында жайгашкан "Голден Магнат" ишканасында чыккан өрт 4-июнда түнкү саат 02:00де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо 3-июнда түнкү саат 22:16лар чамасында төрт кабаттуу имараттын 1-2-кабатындагы кампада чыккан. Кампа Кара-Балта ремонттук-механика заводуна таандык экени айтылууда. Өрттөн кампанын болжол менен 250 чарчы метри күйүп кеткен. Ишкананын маалыматына ылайык, анын ичинде 300 килограмм аммиак селитрасы жана бир тонна сода болгон. Читать дальше...
Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти Борбор Азиядагы сапарынын алкагында Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Британ элчилигинен билдиришти. Бул Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жогорку даражадагы кызматкеринин 2016-жылдан берки биринчи жолку сапары. "Максат - ансыз деле бекем болгон эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жаатында кызматташууну кеңейтүү," - деп айтылат элчилик тараткан билдирүүдө. Лео Докерти... Читать дальше...
Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниянын башчысы Евгений Пригожин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун айланасындагы адамдардын жаңжалы президент Владимир Путиндин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Бул тууралуу Пригожиндин өзүнүн комментарийинде айтылат. Тийиштүү маалыматты 3-июнда анын басма сөз кызматы Телеграм канал аркылуу таратты. 1-июнда Рамзан Кадыровдун жакын тууганы, Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов, Чеченстандын парламент төрагасы Магомед... Читать дальше...
Кыргызстандагы эң ири алтын казуучу "Кумтөр" компаниясы быйыл биринчи кварталда өсүш көрсөтүп, 2,4 тонна алтын сатты. Компания жалпысынан 80 511 унций, же 2,5 миң килограмм алтын өндүргөн. Былтыр Кумтөр бул маалда 66 474 унций, же 2,1 тонна алтын казган, салыштырмалуу өсүш 21,1% түздү. Өндүрүштүн өсүшү биринчи кезекте казылып жаткан рудадагы алтындын көптүгүнүн эсебинен камсыздалууда. Эгер былтыр заводго жеткирилген рудадагы алтындын орточо камтылышы тоннасына 2,27 грамм болсо, быйыл анын орточо курамы 2,34 граммга барабар болууда. Читать дальше...