"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда өткөн оюнга 13 команда катышып, “Т-Медиа - Ош ТВ” командасы 1-орунга чыкты. 2-орунду "Марва ТВ" ээлесе, 3-орунду "ЭлТР" командасы алды. 1-орунга 15 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык тапышырлды. Байге алган командалар ээлеген орундарына жараша кубок, медалдар менен сыйланышты.
"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда өткөн оюнга 13 команда катышып, “Т-Медиа - Ош ТВ” командасы 1-орунга чыкты. 2-орунду "Марва ТВ" ээлесе, 3-орунду "ЭлТР" командасы алды. 1-орунга 15 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык тапышырлды. Байге алган командалар ээлеген орундарына жараша кубок, медалдар менен сыйланышты. Мындан сырткары оюн учурунда сегиз... Читать дальше...
Түркиянын борбору Анкарада ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдо жарылуу болду. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, беш киши каза тапты. Жергиликтүү маалымат каражаттары "жараат алгандар көп" экенин жазышты. Жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Аталган завод калктуу конуштан алысыраак Элмадаг районунда жайгашкан. Күбөлөр алгач жарылуунун добушун угушканын, андан кийин заводдун үстүндөгү түтүндү көрүшкөнүн билдиришкен. CNN өрттү убагында өчүрүп калышканын жазды. Анкаранын... Читать дальше...
11-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Читать дальше...
Кыргызстан менен Казакстан "Ак-Тилек" жана "Карасу" автобекеттеринин аймагында биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, документке Астанада өткөн Эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангари 9-июнда кол койду. "Биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык... Читать дальше...
Колумбияда май айынын башында учак кулагандан кийин дайынсыз жоголгон төрт бала чытырман токойдон аман-эсен табылды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Густаво Петро журналисттерге билдирди. Ал балдар жалгыз болушканын, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты. Өлкө президенти балдар кантип аман калышканын, окуянын чоо-жайын ачыктаган эмес. Аткаминерлердин билдиришинче, кырсыктан аман калган балдар индеецтердин уитото (же витото) уруусунан экенин, алардын чоңдору тропикалык токойдо жашап кетүүнүн жолдорун биле турганын айтышкан. Читать дальше...
Бишкектин "Дордой" базарындагы "Кыргызстан" банкында чыккан өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 10-июнда саат 9:55те түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. ӨКМ өрттөн жабыркагандар жок экенин жана кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып... Читать дальше...
"Акча үчүн гана эмес, ар-намысыбызды коргоп чыктык" OpenDemocracy эл аралык медиа платформасы 5-июнда Европанын логистика тармагында иштеген постсоветтик өлкөлөрдөн чыккан айдоочулардын көйгөйлөрүнө арналган көлөмдүү материалын басып чыгарды. Маастрихт университетинин изилдөөчүсү Жулио Бенедетти апрелдин аягында грузиялык жана өзбекстандык айдоочулардын Германиядагы иш таштоосу өтөлүнө чыкканын, алар маянасын толук төлөттүрүп алууга жетишкенин жазды. Анын маалыматына караганда, польшалык консорциум... Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарындагы сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров Путин менен жолуккан учурда КМШ өкмөт башчыларынын Сочидеги жыйынында Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгиледи. Ал ошондой эле сооданы, инвестицияны жана экономикалык интеграциялар боюнча биргелешкен... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Административдик соту Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине байланыштуу берген арызын четке какты. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда 2010-жылдагы Июнь окуясы өлкө тарыхында мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары каларын белгиледи. "Калабада курман болгон мекендештер унутулбай" турганын айтты. Анда улуттук биримдикти бекемдөө маселеси мамлекеттик бийлик үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналары жазылган. "Биз кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз, июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн... Читать дальше...
Ушул тапта жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дипломдук иштерин жактап жатышат. Дипломдук ишин акча төлөп бирөөгө жаздырып алган жана жазып берген, атүгүл окутуучуларына төлөп берип жаздырган айрым студенттер “Азаттык+” программасына анонимдүү маек беришти.
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы "Дордой" базарында жайгашкан "Кыргызстан" банкынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги (ӨКМ) кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн, 10-июнда саат 9:55те түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. ӨКМ өрттүн себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат бере элек. Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. Читать дальше...
Ош шаарында бир нече жаштар кыз-келиндердин укуктары, феминизм тууралуу маалымат жайылтуу жана зордук-зомбулукту алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Бул ирет "Эже-сиңдилер" Ош шаарына барып, бул иштер менен алектенген жаштарды кепке тартты.
Бүгүн, 10-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан жана Ооганстандын футбол командалары беттешет. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 20:00дө башталат. Мындан сырткары Кыргызстан "В" тайпасында Ирандын командасы менен ойнойт. Бул оюн 16-июнга белгиленген. 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчүкулак болуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн. "А" тайпасында Түркмөнстан... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жолдорун курууга жергиликтүү ишкерлер демөөрчү болуп жатканын билдирди. Мамлекет башчы "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген кезектеги маегинде жол курууга жардам берген ишкерлердин ысымын атады. Анын айтымында, Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө ишкер Жумабек Салымбеков 50 млн. сом бөлгөн. Мындан сырткары жолдорду оңдоого Өмүрбек Бабанов 80 млн. сом, ишкер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн. сомдон, “Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов 200 млн. Читать дальше...
Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда "Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынан түзүлгөн 13 команда катышууда. Мелдеш жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештигин бекемдөө жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган. Командалар алгач тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпадан чыккан командалар жарым финалда беттешип, жеңгени финалга жолдомо алат, утулган команда 3-орун үчүн ойнойт. Мелдештин жыйынтыгында үч команда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Ноокаттагы №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечими боюнча билдирүү жасады. Ал чечимге макул эмес экенин жана жогорку инстанцияга кайрыларын Фейсбук баракчасына жазды. "Бишкек шаардык административдик соту Көк-Жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык административдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Сочи шаарында Евразия конгрессинин пленардык жыйынына катышты. Жыйында өкмөт башчысы азык-түлүк коопсуздугу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. “Азыркы шарттарда тамак-аш планетабыздагы жашоонун улануусу үчүн эң баалуу ресурс болуп саналат. Заманбап реалдуулук азык-түлүк коопсуздугу боюнча кырдаал курчуп баратканын көрсөтүүдө”. Жапаров кызматташтыктын жана технологиялык көз карандысыздыкка... Читать дальше...
Кыргызстанда cырттан каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" деген макам берүү жөнүндө мыйзам долбооруна автор болгон айрым депутаттар андай демилгесинен баш тарта баштады. Эл өкүлдөрү анын себебин мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укутарына каршы келген жоболорго байланыштырды. "Адам укугуна, демократияга каршы келет экен" Жарандык коомдун кескин сынына кабылган мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартаарын айткан депутат Бактыбек Чойбеков сунушталган документтен адам укугуна... Читать дальше...