Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-июнда түнкү саат 11ге чейин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирди. "Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың - деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди" - деди Токтонасыров. ИИМ жарандык активистке байланыштуу окуяга комментарий бере элек. Читать дальше...
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Сокулук районунун Лесное айылында белгисиз адамдар алып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди. Ошурахунованын сөзүнө караганда, активистти 30-июнда кечки саат тогуздар чамасында ак түстөгү 01 KG 646 номерлүү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү машинеге белгисиз бирөөлөр салып кеткенин жакындары көргөн. Андан бери Токтонасыров менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Буга чейин телефонуна чалуу кетип жатса, бир аз мурун өчүп калды. Читать дальше...
АКШ элчилигинин “Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо” долбоорунун алкагында мунаранын бузулган кароол аянтчасы жана жаан-чачын жууп кеткен кыштары оңдолду.
Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканын УКМК түзгөн атайын комиссия аныктады. 27-июнда Францияда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөдү. Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салынды.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жылдык ишин аяктап, жайкы эс алууга тарады. Өзгөргөн Конституциянын алкагында азыркы парламент кандай иштеп жатат? Өзүнө берилген ишенимди актап жатышабы? Дегеле парламент өзү кандай ролду аткарып, эмне милдет өтөшү зарыл? Ушул жана башка суроолорго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко жооп берди. - Наталья айым, саламатсызбы? Жогорку Кеңештин азыркы курамынын быйылкы ишинин жыйынтыгын кандай баалайсыз? Анын иши элдин үнүн канчалык чагылдырып, элдин үмүтүн канчалык коргоду деп ойлойсуз? Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салган иш-чарада сүйлөп жатып, долбоорго акча салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого аларын жана долбоорду ишке ашырууда аларга эч ким тоскоол болбой турганын билдирди. Ал шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөрүн, аларга мамлекет тарабынан 100% кепилдик бериле турганын айтты: “Асман” акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Читать дальше...
1-июль күнү Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын башкы байгелери ойнотулат. Иш-чара Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана башка расмий жетекчилердин катышуусунда өтөт. Салык кызматынан билдиргендей, ал күнү 10 электромобил жана чет өлкөгө үч жолдомо ойнотулат. Ошондой эле, оюнга аянттагы көрүүчүлөр үчүн кошумча 15 смартфон да коюлган. Салык кызматы 26-июндан бери күн сайын түз эфирде жеңүүчүлөрдү аныктап келет. Читать дальше...
“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын жаңы долбоору 30-июнда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду. Негиздемеде долбоор Конституциянын 23-65 жана 109-110-беренелерине, “Париж принциптеринин”, “Белград принциптеринин” жана Омбудсмен институтунун венециялык коргоо жана кубаттоо принциптеринин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында жазылганы белгиленген. Ал кабыл алынса, "Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп Акыйкатчы институтунун аккредитациясын... Читать дальше...
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду алдыдагы беш жылда Кыргызстанда 630 млн. долларлык жаңы бизнес-долбоорлорду каржылайт. Бул тууралуу фонддун кеңеши 29-июнда бекиткен 2023-2027-жылдарга карата иш тууралуу стратегияда жазылган. Фонддун жетекчиси Артем Новиков алдыда кыргыз экономикасын модернизациялоо жана технологиялык жактан жабдуу боюнча масштабдуу иштер жүрөрүн белгилеген. “Инвестициялык каржылоодон тышкары, долбоордук мамилени да көңүл чордонуна алабыз. Өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, кайра жаралуучу энергия булактары... Читать дальше...
Түркмөнстанда мурдагы президент, автократиялык лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг шаары ачылды. Салтанат 29-июнда болду. Бердымухаммедов былтыр президенттикти шайлоо аркылуу уулу Сердарга өткөрүп, өзү парламенттин жогорку палатасы - “Халк Маслахатынын” төрагалык кызматын ээлеген. Шаардын аталышы түркмөн тилинен "калкалоочу" деген маанини берет. Аркадаг - Бердымухаммедов президент кезинде алып жүргөн титул. Аталган калаа Гурбангулы Бердымухаммедовдун туулган күнүндө, 66 жашынын урматына ачылды. Читать дальше...
Алматы облусунун прокуратурасы өзбекстандык төрт жарандын Казакстандагы кандуу Январь окуялары учурунда кармалгандан кийин кыйноого алынганын билдирген арызын каттады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “Эл аралык укуктук демилге” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Айна Шорманбаева билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын төрт жараны 2022-жылдын январында кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен бирге камакта болгон. Казакстандык мамлекеттик маалымат каражаттары... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты. “Айрым биздин кыска ой жүгүрткөн жарандарыбыз бул шаарды Баткенде салбайт белеңер деп, баарын эле Ысык-Көлгө сала бересиңерби деп доомат айтышууда. Эгер Ысык-Көл Баткен тарапта болгондо, бул шаарды Баткенге салдырмакмын. Инвесторлор да өзүнө ыңгайлуу курорттук аймактарды тандашат экен. Эң негизгиси... Читать дальше...
Июнь айында Кыргызстандын түзөтүүчү колонияларында соттолгон үч жаран кайтыш болду. Мындай маалыматты Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ырастады. Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү №27 түзөтүү колониясында К. у М. өз өмүрүн кыйган. 24-июнда №31 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан Т. Т. аттуу жаран боор циррозу илдетинен улам каза тапкан. Андан үч күн өтпөй, 27-июнда №3 түзөтүү колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан А.А. аттуу жаран жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу расмий мекемелерден комментарий алуу мүмкүн боло элек. Читать дальше...
Сибирде жана Ыраакы Чыгышта жылдын эң ызгаарлуу төрт айы айдоочуларга ары кооптуу, ары кирешелүү маал. Көк муз каптаган жол, кар баскан ашуулар менен жүздөгөн машине алыскы аймактарга жүк ташыйт. "Жол азабы көр азабы" дегендей, узак сапар айдоочуларды бир топ сынайт, бирок алар ага көнүп бүткөн.
Франциянын шаарларындагы башаламандыкта 400дөн ашуун адам кармалды. Алардын 300дөн көбү Парижде жана анын айланасында кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, Le Figaro басылмасы жазды. Францияда 27-июнда 17 жаштагы өспүрүм полициянын колунан каза тапкандан кийин тоз-тополоң күчөгөн. Окуя Нантер калаасында болгон. Полициянын маалыматына караганда, автоунаа айдап бараткан Наэл аттуу улан тартип сакчыларынын талабына баш ийбей койгондуктан, атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары... Читать дальше...
Алматынын апелляциялык соту каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери Жанболат Мамайга чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын жубайы Инга Иманбай Facebook баракчасына жазды. "Жанболаттын изоляцияда отурганына бүгүн 499 күн болду. Биз күрөштү улантабыз. Эми Жогорку сотко, андан ары БУУнун комитетине кайрылабыз", – деди Иманбай. 10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту Мамайды Январь окуялары маалындагы "жапырт башаламандыктар" иши боюнча күнөөлүү деп таап... Читать дальше...
Ысык-Көлдө 30-июнда “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда. УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат. Расмий маалымат боюнча, көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан жана экологиялык таза калаа болот. "Азаттыктын" кабарчысы иш-чаранын алдында шаар курула турган аймакты көрүп келди. Читать дальше...
Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаты башталды. Президенттин администрациясы билдиргендей, ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда. УТРК иш-чараны түз чагылдырып жатат. “Асман Экосмарт Сити” шаарынын долбоорун AXX Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркад Али тааныштырды. Ал “Асман” туруктуулуктун, ыңгайлуулуктун жана келечектин шаары болорун белгиледи. Читать дальше...
29-июнда Ысык-Көлдө “Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Маалыматка ылайык, борбор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине карайт. Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев катышты. “Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын белгиледи. Читать дальше...