Шейшембиде Кыргызстанда кыргыз жана казак тарыхчыларынын үч күндүк илимий шеринеси өз ишин баштады. Бул алгачкы курултай жакынкы болочокто биргелешип иш аракет жүргүзүү жолдорун да талкуулайт. Тарыхчынын блогу. Кыргыз-казак тарыхчылар шеринеси өз ишин баштады 27-июнда (шейшембиде) эртең менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кичи жыйын залында “Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги” аттуу эл аралык курултай (конгресс) өзүнүн үч күндүк ишин баштады. Читать дальше...
Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликке кайтып келген эки жылда миңден ашуун тургун зордук-зомбулуктун курмандыгы болду. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы миссиясынын баяндамасында айтылат. Андан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу жана социалдык көйгөйлөр да адам өлүмүнүн көбөйүшүнө түрткү болгон. Эл аралык уюм өлкөдөгү кыз-келиндердин жагдайы өзгөчө көңүл бурууну талап кылган көйгөй экенин белгилейт. Ал эми “Талибан” бийлиги "аялдар бакубат турмуш кечирип жатканын" билдирип, башкаларды Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырууда.
Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн алгачкы болуп ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласы Азат Буркановго тиешелүү экени белгилүү болду. Талаш-талкуулар менен уруксат берилген кумарканалар жылына казынага 2 миллиард сом киреше берери айтылган. Парламентте өкмөттүн убадасы боюнча маселе көтөрүлүп, кумаркана бизнесине таасирдүү адамдар аралашканын сындашууда. "ГРАНД КАЗИНОнун" негиздөөчүсү алмашты 23-июнда Юстиция министрлигинин сайтында "ГРАНД КАЗИНО" кайра каттоодон өтүп, анын жаңы... Читать дальше...
Түркмөнстанда Аркадаг шаарынын 29-июнда өтө турган ачылыш аземине өлкөнүн баардык аймактарынан мамлекеттик кызматкерлер жана аксакалдар барышат. Аксакалдардын жол киресин, чыгашаларын жергиликтүү бийлик төлөсө, мамлекеттик мекемелерде иштегендер өз чөнтөгүнөн төлөп, милдеттүү түрдө барышы керек. Маалымат каражаттарында «тарыхый окуя» деп белгиленип жаткан жаңы шаардын ачылыш аземине катыша тургандар дресс-кодго ылайык кийиниши керек. Тактап айтканда баары кара костюм, ак көйнөк, башына тебетей кийип, сакал-муруту жок болушу зарыл. Читать дальше...
Евробиримдик тажик бийлигин адам укуктарын сактоого жана жарандардын негизги эркиндиктерин камсыздоого чакырды. Мындай талап Тажикстан менен шаркеттин ортосундагы кызматташуу боюнча кеңештин 26-июнда Люксембургда өткөн онунчу жыйынында айтылганы расмий сайтында жазылды. Евробиримдиктин делегациясы Тажикстандын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөдөгү блогерлер менен журналисттердин куугунтукталышы тууралуу маселени көтөрүштү. Соңку бир жылда эле Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жети жылдан 21 жылга чейин эркинен ажыратылды. Читать дальше...
Прокуратурадан тергөө жүргүзүү укугун алып салуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 27-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде үчүнчү окууда колдоо тапты. «Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун президент демилгелеген жана быйыл 20-апрелде коомдук талкууга алып чыккан. 30-майда аны парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да колдогон. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Азаттык» менне болгон маегинде "президент Садыр Жапаров буга чейинки бийликтер кетирген кемчиликтерден сабак алууга тийиш" - деп айтты. Эл өкүлү мамлекет башчы менен туугандык мамилеси, саясатка таасири, парламенттеги талаштуу демилгелер жана бийликтеги күмөндүү топтордун кесепети тууралуу суроолорго жооп берди.
Стамбулда "Ислам мамлекети" радикал тобунун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири, тажикстандык Шамиль Хукуматов камалды. Түрк маалымат каражаттары 22-июнда билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысым менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген. "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобунун лидерлеринин бири Шамил Хукуматов 22-июнда Стамбулда жүргүзүлгөн атайын рейд маалында кармалды. Аны менен кошо аялы да кармалып, бошотулганы маалым болду. Үйүн... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору даярдала турганын билдирди. 27-июнда “Азаттыкка” курган маегинде Түмөнбаев мурдагы президентке мамлекеттин эсебинен коротулуп жаткан каражат саналып жатканын айтты. “Анын өзүнө гана эмес, үй-бүлөсүнө, жакындарына мамлекеттик жеңилдик берилген. Мен бул маселени парламентте көтөрүп, мыйзам алып чыгып, президент Садыр Нургожоевичке да кайрылып... Читать дальше...
Кыргызстанда учурда 88 музыкалык мектеп бар болсо, алардын 80 пайызынын имараты авариялык абалда. Бул Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий маалыматы. Айрым имараттар капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болсо, кээси жараксыз, жаңы имарат керек. Адистер өнөрлүү, маданияттуу жаш муундун келечеги үчүн бул маселеге эбак көңүл бурулушу керек эле дешет. Кооптуу жайда өнөр үйрөнгөн жеткинчектер Кыргызстанда атайын музыкалык билим берүүчү жогорку окуу жайлардан сырткары 88 музыкалык мектеп ишмердүүлүк жүргүзөт. Читать дальше...
Кытайдан келген тажрыйбалуу дарыгерлер 3-июлдан 15-июлга чейин Бишкекте аялдардын жатын рагын алдын ала аныктоо боюнча акысыз текшерүү жүргүзүшөт. Кайрымдуулук долбоору борбор калаадагы "Сагынбаеванын клиникасында" өтөт. Клиниканын ээси, дарыгер Айнура Сагынбаева 27-июнда журналисттерге долбоор колунда жок аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында уюштурулуп жатканын билдирди. "Бүгүнкү күнү ар бир эле аял саламаттыгына кам көрүп, оорулардын алдын алуу үчүн медициналык кароодон өтө албайт. Читать дальше...
Кыргызстанда кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 27-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды. Министрлер кабинети сунуштап жаткан мыйзам долбоору "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, эгер сунуш колдоо тапса, шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн... Читать дальше...
Бишкектеги шаардык перинаталдык борборунда 20-июнда үч эм: эки кыз, бир уул жарык дүйнөгө келди. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, ымыркайлардын бири - 1,4 кг (уул бала), кыздардын бири 1,74 кг, экинчиси - 1,69 кг салмакта төрөлдү. "Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда - 33 жумасында жарык дүйнөгө келди. Алгачкы үч күн жандандыруу жана интенсивдүү терапия шартында болушту. Абалы турукташкандан кийин энесинин жанына которулушту. Учурда апасынын жанында дарылануусун улантып жатышат", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы. Читать дальше...
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" менчик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге жана анын жалданма аскерлерине каршы ачылган кылмыш иши жабылганын билдирди. Маалыматка караганда, буга "куралдуу козголоңдун" катышуучуларынын 24-июнда кылмыштуу аракеттерин токтоткону түрткү болду. Пригожинге каршы кылмыш иши ал Орусиянын Коргоо министрлигин "вагнерчилердин" лагерине урулган сокку үчүн айыптап, аскердик бийликке каршы "адилеттик маршын" баштаганын жарыялагандан кийин, 23-июндун кечинде ачылган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия "Кесиптик кошуундардын мүлктөрү коррупциялык жол менен сатылган" деген бүтүм чыгарды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары да бар экени айтылды. Буга чейин чырга себеп болгон профсоюздун мүлктөрү кимдин колунда? Парламенттин 21-июндагы жыйынында кесиптик кошуундардын ишин иликтеген депутаттык комиссия ишинин жыйынтыктары менен тааныштырды. Комиссияны жетектеген депутат Шайлообек Атазов кесиптик кошуундарга тиешелүү объекттердин жарымынан көбү мыйзамсыз сатылып кеткенин билдирди... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 27-июнда “Мегакомдун” мурдагы директору Б.А.Т. кармалганын билдирди. Бул инициал мекеменин мурдагы жетекчиси Азат Базаркуловдун ысымына туура келет. Атайын кызматтын маалыматында “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы аныкталганы айтылат. Андан тышкары мекемеге техника кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени жазылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза... Читать дальше...
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-июндагы кайрылуусунда Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин армиясын күжүрмөн даярдыкка келтиргенин билдирди. Ал бул "көтөрүлүш" Батыш тараптан келген ыктымал коркунучтун бир бөлүгү экенин кошумчалады. "Өлкөбүзгө кезектеги көлөкө түшүргөн коркунучтан улам биз күчтүү болушубуз зарыл. Мунун баары кайрадан Батыштан келип жатат", - деди Лукашенко. Ушул эле күнү "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин колдонгон... Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын билдирди. Анда “Исаковдун денесине эч кандай зыян келген эмес” деп бүтүм чыгарылган. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, ушул аптада экспертизанын жыйынтыгына жараша чечим чыгат. Ыдырыс Исаков экспертизадан ушундай эле жыйынтык күткөнүн, "Кыргызстанда... Читать дальше...
Ооганстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясынын 27-июнда жарык көргөн баяндамасына ылайык, чет элдик күчтөр толугу менен чыгып, бийликке талибдер келген эки жыл ичинде жардыруулардан жана башка зордук-зомбулуктан миңден ашуун жайкын тургундун өмүрү кыйылган. 2021-жылдын август айында "Талибан" бийликти басып алгандан тарта быйылкы майга чейин 1095 карапайым тургун өлтүрүлгөн, 3 миңге чукулу жараат алган. Мерт болгондордун көбүнүн өлүмүнө колго жасалган бомбалардын мечит, базар сыяктуу коомдук жайларда жардырылышы себеп болгон. Читать дальше...
“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын авторлорунун катарына кирген дагы бир депутат бул демилгеси боюнча кайра ойлонуп жатканы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев 27-июнда “Азаттык” радиосуна курган маегинде мыйзам долбоору парламентке киргизилеби же жокпу, талкуу уланарын билдирди: “Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирген, көп депутат демилгечи болгонбуз, анын ичинде мен да бармын. Бул мыйзам иштелип жатат, каникулга чейин каралбайт, күзгө калды. Күзгө чейин да депутаттар менен кеңешип... Читать дальше...
Биринчи Май райондук соту 27-июнда мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Бейшеналиев 24-сентябрга чейин үй камагында болот. Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып, былтыр 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген. 30-сентябрда Бейшеналиев... Читать дальше...
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар соттук териштирүүнү жабык өткөрүүгө эч себеп жоктугун, анткени материалдардын бири да жашыруун сыр эмес экенин билдиришти. Бүгүн 27-июнда тараткан билдирүүсүндө алар сот жабык өтүп жатканына макул эместигин, судья мындай чечимди бийликтин көргөзмөсү менен кабыл алганын, мунун баары бийлик элден чындыкты жашырып жатканынын далили болуп жатканын белгилеп, “Бул биздин ак экенибиздин далили” дешти. “Кылмыш ишинде биздин “Casa Italia” кафесинде сүйлөшкөн сөздөрүбүз... Читать дальше...
Бюджеттен каржылануучу жумуш учурунда каза болгондор үчүн мамлекеттен кенемте төлөө маселеси прокуратура кызматкерлерине карата гана эмес, бардык күч жана сот органдарында иштегендерге карата да кайра каралып чыгууда. Бул тууралуу бүгүн 27-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин отурумунда “Прокуратура жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. Мыйзам долбоорун президенттин тапшырмасы менен Каржы министрлиги иштеп чыккан. Читать дальше...
Активный член мырзакматовской партии “Улуттар биримдиги” (“Единство народа”) Дилмурат Турсунович Ишанов ратующий, чтобы Мелис Мырзакматов стал Президентом Кыргызстана, на всех выборах и встречах с населением расхваливает своего патрона Мырзакматова, называя его ханом Кыргызстана и поливает грязью действующую власть. Не секрет, что М. Мырзакматов ранее приговоренный к семи годам лишения свободы за коррупцию был оправдан судами во время октябрьских событий 2020 года и законность решения суда вызывает неоднозначную реакцию у населения. Читать дальше...