Мы в Telegram
Добавить новость

Напавших на пост ДПС под Карачаевском разыскивали по делу о стрельбе

Эксперт Худалов спрогнозировал рекордные цены на золото из-за инфляции в США

В УФПС по НАО рассказали, кто чаще всего шлет посылки сам себе

«Лепестковое растепление» позволило южным птицам переселяться в Арктику



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2023

Новости за 16.06.2023

Azattyk.org 

Бишкекте кыргыз-палестин кызматташтыгы талкууланды

Бишкекте кыргыз-палестин кызматташтыгы талкууланды. Кытайдагы мамлекеттик сапарынан кийин 16-июнда Кыргызстанга жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар менен келе кеткен Палестинанын президенти Махмуд Аббас президент Садыр Жапаров менен жолукканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Кыргызстан араб дүйнөсү менен кызматташууну бекемдөөгө умтуларын жана Палестинаны эл аралык аренада колдоп келгенин, кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда бийликти сындаган ишкер камакта отурат

Жалал-Абаддагы ишкер Бакыт Борошов 18-апрелден бери камакта. Аны УКМКнын облустук башкармалыгы кармап, кылмыш ишин козгогон. Ишкердин адвокаты мыйзам одоно бузулганын билдирүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун аймактагы бөлүмү -  "Элдик" ишканасынын жетекчилиги Борошов мамлекеттик мүлктү бир жыл бекер иштетип, акча төлөбөгөнүн жүйө келтирди. Ал ортодо адистер соңку кезде бийликтин басымынан улам ишкерлер чет жактарга чыгып кетип жатканын айтып, коңгуроо кагышат.

Azattyk.org 

Грекияда 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалды

14-июнда кеме кырсыгында чөгүп өлгөн 79 мигранттын өлүмүнө байланыштуу тогуз киши кармалды. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып жазды. Кармалган Египеттин жарандары адам аткезчилигине шектелүүлө. Алардын арасында кеменин капитаны да бар. Каза болгондордун саны дагы өсүшү боолголонууда. Грек өкмөтүнүн өкүлү Илиас Сиакантарис билдиргендей, ырасталбаган маалыматтар боюнча кемеде 750дөй мигрант болгон. Арасында ондогон балдар да бар. Алардын жүздөн ашууну куткарылды. Аман калгандардын ичинде египеттиктер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: курулган үйлөр, ачылган иштер, "Азаттыктын" иликтөөсү

Кыргызстандын Ички иштер министирлиги Баткен облусундагы турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө жарыяланганын маалымдады. Парламентте жергиликтүү ишкерлер Баткенде үй курган ишканалардан миллиондогон акчасын ала албай жатканы жөнүндө маселе көтөрүлгөн. 15-июнда “Азаттык” иликтөө жарыялап, анда Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электиги айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балдар ооруканасындагы дарыгерлердин чырын этика комиссиясы териштирет

Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунда дарыгерлер чырдашкан окуя боюнча мекеменин этика комиссиясы териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу 16-июнда “Азаттык” радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлзат Маймерова “Албетте, булардын кылганы такыр туура эмес. Этика комиссиясы териштирүү жүргүзөт” - деп айтты. Маймерова чырдашкан окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодогулардын бири анын кызы экенин ырастады. Анын кызы ооруканада онкологиялык дартка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ленин районунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Боршайком мындай чечимди 16-июндагы жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду. Маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева добуштардын 35,86% алган. Эгерде шайлоо участогуна келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Күрөш (U23): кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Улан Муратбек уулу жана Жеңиш Жумабеков алтын байге үчүн күрөшөт. Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтүп жатат. Грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Улан Муратбек уулу казакстандык Ербол Камалиев күрөшөт. Муратбек уулу буга чейин Өзбекстандык Асадбек Бахрамовду (5:0), түркмөнстандык Абдували Рахимбаевди (10:2)... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы маданият министрине сотто акыркы сөз берилди

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулына 16-июнда сотто акыркы сөз берилди. Ал өзүнө тагылып жаткан айыптардын баардыгын четке кагып, "анын акча кымырып алганы тууралуу бир да далил келтирилбегенин" белгиледи. "Урматуу сот! Мен кандай гана жаза болбосун, атүгүл атууга кеткенге да даярмын. Бирок акча кымырып алуу үчүн эмес. Казактарда жакшы макал бар Уят өлүмдөн артык", -деди мурдагы министр. Мухамедиулы Астанадагы Улуттук музейдин жетектеп турган маалда "бюжеттик каражатты кымырып алган" деп айыпталууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров “Кыргызфармацияга” каражат толук берилбегенин сынга алды

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 30 миллион сом мамлекеттик насыя берилип, дары-дармектерди өндүрүү боюнча чет өлкөлүк жети завод менен түз келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу 16-июнда президент Садыр Жапаров өткөргөн саламаттык сактоо тармагындагы маселелер боюнча жумушчу кеңешмеде маалым болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Кыргызфармацияда” аткарылган иштер ушул тапта өлкөдөгү дары-дармектерге болгон муктаждыктын 10% жабат жана андан 115 миллион сом үнөмдөлөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бизнес коомчулугу ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди

JIA бизнес-ассоциациясы жана Эл аралык ишкердик кеңеши “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди. JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу 15-июндагы кайрылуусунда, бейөкмөт уюмдардын коомчулук, жаштар, аялдар үчүн көп долбоорлорду ишке ашырып келгенин белгилеген. “Саясий негизден алганда Кыргызстандын Баш мыйзамында көз карандысыздык, суверендүүлүк жана демократиялык принциптер камтылган. Бирок... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда Орхан Инанды 21 жылга эркинен ажыратылды

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 16-июнда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады. Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Читать дальше...




Azattyk.org 

Казакстанда блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам каралууда

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы блогерлерди тескеген мыйзам долбоорун жактырды. Эми аны Сенат колдоп, президент кол койсо социалдык тармактар аркылуу акча тапкандар салык төлөөгө милдеттүү болот. Ошондой эле инфлюенсерлер социалдык желедеги билдирүүлөрү үчүн жоопкер болушат. Мыйзамды демилгелеген депутаттардын айтымында, бул долбоор каржы пирамидаларына жана мыйзамсыз кайрымдуулукка каршы күрөшкө багытталган. Казакстандык көпчүлүк блогерлерге бул мыйзам долбоору жаккан жок. Ал эми казакстандык... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Баткенде аткезчилик менен дары алып келгендер кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде коңшу мамлекеттердин биринен аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер кармалганын билдирди. Бирок кайсы өлкөдөн ташылып келатканын тактаган жок. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-июнда "Ауди А6" үлгүсүндөгү автоунаа менен кетип бараткан Лейлек районунун эки тургуну кармалган. Алар дары-дармектерди Лейлек районунан Кадамжай районуна сатуу үчүн алып баратканы аныкталган. Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Сот абактан шарттуу бошотулгандар боюнча депутатка жооп берди

Жогорку Сот парламенттин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун оор кылмыш менен соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуудагы коррупциялык схема тууралуу сөздөрүнө жооп берди. Мекеме 16-июнда тараткан маалыматта депутат соттолгондордун жаза мөөнөтү сотко материалдар келгенге чейин мунапыс берүү, ырайым кылуу менен азайтылганын эске албаганы жазылган. Жогорку Сот коомчулукка бурмаланган маалымат жарыяланганын билдирип, депутаттарды негизсиз айптоолордон алыс болууга чакырды. “Конституциянын 95... Читать дальше...

Azattyk.org 

17-июндун аба ырайы

17-июнга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 34…39; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: турак жайларды салган "Келечек ЛТД" компаниясынын өкүлү кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Баткен облусунда чек ара чырынан кийин турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча тергөө жүрүп жатканын 16-июнда билдирди. Маалыматта айтылгандай, Баткен шаарынын жашоочулары облустук милицияга арыз менен кайрылып, “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы 5 млн. 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын бербей койгонун айтышкан. Бул факты боюнча быйыл май айында облустук милициянын тергөө кызматы Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен облусунда муктаж адамдар үчүн ипотекалык үйлөр салынат

Баткен жана Лейлек райондорунда ипотекалык шартта бериле турган 49 турак үй курулат. Бул боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы менен Ак-Сай айыл аймагы 15-июнда кол койду. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, турак жайлардын жери 12 сотыхтан болот. 20 турак үй Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагына, 29у Лейлектеги Кулунду айыл аймагына курулат. “Мамлекеттик ипотека 25 жылга 4% менен берилет. Бул үйлөрдү турак жайы жок... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткендин Кара-Булак айылында тарыхый музейдин имараты курулууда

Баткен районунун Кара-Булак айылында тарыхый музейдин жаңы имаратынын курулушу башталып, республикалык  бюджеттен 21,7 млн. сомдук каражат каралган.  Кара-Булакта 1984-жылы тарых мугалиминин демилгеси менен “Мектеп музей” түзүлгөн. Мектептин бир бөлүгүнө уюштурулган музейге 1992-жылы “Элдик музей” наамы ыйгарылган. Музейдин өзүнчө имараты жок болгондуктан буга чейин бир канча кайрылуулар болуп, быйылкы жылы мамлекеттик казынадан каражат бөлүнүп, типтүү музейдин имаратынын курулушу башталды. Музейдин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларуста көзү өткөн адамга да кылмыш ишин козгоого уруксат берилиши мүмкүн

Беларустун парламентинин төмөнкү палатасы каза болгон адамдарга кылмыш ишин козгоп, аларды сот жообуна тартууга уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Сотто көзү өткөн кишинин кызыкчылыгын алардын жакындары коргой алат. Эгерде алар соттук жараянга катышуудан баш тартса, каза тапкан айыпталуучуну мамлекет дайындаган адвокат коргойт. “Зеркало” басылмасынын маалыматына караганда, эми өлгөн адамдарга каршы эскирүү мөөнөтү жок кылмыштар боюнча иш козголушу мүмкүн. Ага согушту даярдоо, согуш мыйзамдарын бузуу, терроризм, геноцид кирет. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Акча менен бошотулган": Абактагы коррупцияны комиссия иликтейт

Кыргызстанда түрмөгө кесилип, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча сот, прокурор жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия иштей баштады. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу оор кылмыш менен соттолгонду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууда коррупциялык схема бар экенин айтып чыккан. "Ар бир жыл үчүн 2000-4000 доллар алышат". Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Чүйдүн Степное айылында жайгашкан аялдар абагына июнь айынын башында барып, соттолгондор менен жолугуп келген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто жер көчкү коркунучунан улам 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында эски жер көчкү жылып беш турак үйгө коркунуч жаралганын билдирди. Мекеме адистер жер көчкүгө атайын белги орнотушканын, активдилүүгү көзөмөлгө алынганын кошумчалады. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң метр куб деп эсептелди. Жер көчкү коркунучу бар аймактагы беш үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Волонтеры Победы» и «Единая Россия» поздравили ветеранов с наступающим Днем Победы

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Полиция задержала пятерых мужчин, танцевавших у машин на дороге в Москве

В ДТП с маршруткой пострадали три человека на западе Москвы

Музыкальные новости

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

ГЛАВНЫЕ НОВОСТИ НЕДЕЛИ: смертельная погоня, трагедия в общежитии и новые владельцы «Макси»

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

Новости России

Лавров позвонил главе МИД Таджикистана. Москва и Душанбе по-разному пересказали их диалог

Дотанцевались до ареста: Молодые люди устроили дискотеку посреди дороги в центре Москвы

МЧС: крупный пожар на складе с пластиком в Подмосковье ликвидирован

Прокуратура Москвы: школьница попала в больницу после наезда электросамоката

Экология в России и мире

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

Чтобы кости были крепкими: 10 продуктов, богатых кальцием, которые нужно добавить в рацион

Театр, искуство, Россия и дети: кукольная фотосессия в Бурятии

Оформить медицинскую книжку

Спорт в России и мире

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Moscow.media

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT

Музеи Твери. Лисичкины сказки

Мрамор XXX. Пан и нимфа











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Трубач из Москвы приедет в Ульяновск на «Дни джаза»

Яхтсмен из Московской области стал победителем этапа Кубка России

МЧС: в промзоне в Королеве локализовали пожар на 550 квадратных метрах

Дюков уверен в возвращении России в турниры УЕФА