Беларустун Светлогорск шаарында күч органдары жергиликтүү "Ранак" телеканалынын сегиз кызматкерин 12-июнда кармады. Укук коргоочулардын айтымында, алар "экстремисттик материал тараткан" деп шек саналууда. "Гомельская Вясна" Телеграм каналы кабарлагандай, кармалгандардын бири кош бойлуу болгондуктан бошотулду. Айрым кабарларга ылайык, алар "Одноклассники" социалдык тармагындагы "Светлик.Светлагорск" баракчасына жазылганы үчүн колго түшкөн. Алар шаардык темир жол станциясында үч адамдын өмүрүн... Читать дальше...
Ошто эркин журналист Ыдырыс Исаков ага кол көтөргөн адамга каршы милицияга арыз жазып, териштирүү башталды. Журналистке кол көтөргөн окуяны коомчулук катуу айыптап жатат. 12-июнда Ыдырыс Исаков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына аны орто жашка келип калган эркек киши жаакка чаап жибергени тартылган видеону жарыялады. Чырга эмне себеп болду? Окуя “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгонун Ыдырыс Исаков "Азаттыкка" билдирди. ... Читать дальше...
Июнь окуясы деген аталыш менен тарыхта калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 13 жыл болду. 12-июнда Сузак районунда Санпа каргашасын эскеришти. Жабыркагандар каргашанын айынан ден соолуктан ажырап, жардамга муктаж болуп келатканын айтышты.
Казакстандын Абай облусундагы өрттөн 14 адам набыт болду. Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 13 жыл толду. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековго каршы арызданды. "Азаттыктын" 70 жылдыгына арналган футбол боюнча мелдеште “Т-Медиа - Ош ТВ” командасы баш байгени жеңип алды.
Кыргызстанда камакка алынган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылды. Активисттер Алена Крылова менен Лев Скорякиндин өтүнүчтөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий тапшырылганын 12-июнда «Азаттыкка» аларга укуктук жардам көрсөтүп жаткан «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров билдирди. Аталган министрлик өтүнүчтөрдү карап, башпаанек сураган адам деген күбөлүктү берүү же бербөө маселесин чечет. Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы... Читать дальше...
Казакстандын Абай облусундагы өрттөн 14 адам набыт болду. Токойчулардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. 11-июнда президент Касым-Жомарт Токаев маркумдардын жакындары менен жолугуп, аларга бардык жардам көрсөтүлөрүн, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын убада кылды.
Бүгүн 12-июнда Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракесине арналган "Жазуучу жана театр" аттуу чыгармачылык кечеси өтүп жатат. Анда театрдын жамааты Мамазаированын мекен, эл, сүйүү темасындагы ырларын сахналаштырды. Акындын чыгармаларынан куралган сценарийдин режиссёру эл артисти Назира Мамбетова болду. Кечеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев... Читать дальше...
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу 9-июнда Өзбекстандагы президенттик шайлоого байкоочу миссиясын ачты. Уюмдун расмий билдирүүсүнө ылайык, Урсула Гачек башында турган миссиянын курамында 11 эксперт жана 24 узак мөөнөттүү байкоочу бар. Миссия 14-июндан тарта Өзбекстандын бардык аймактарында ишин баштайт. Андан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттерден келген 250 кыска мөөнөттүү байкоочулардын да келиши күтүлүүдө. Алардын корутундулары шайлоонун эртеси жарыяланат. Читать дальше...
Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, “Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектеген мыйзам долбоорун четке кагууга" чакырышты. Кайрылууну Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Front Line Defenders, Human Rights Watch (HRW), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) жана башка бир катар беделдүү уюмдар жасашты. Алар Кыргызстанда “чет өлкөлүк өкүл” деген түшүнүк киргизилип, бейөкмөт уюмдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү максаты болуп жатканын, мыйзам... Читать дальше...
Кыргызстанда орусиялык саясий активист Алена Крылова камакка алынды. Бишкек шаардык соту 6-июнда тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны төрт аптага тергөө абагына камакка алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Соттун чечими менен ал Бишкектин тергөө абагында 4-июлга чейин камакта болот. Крылова 4-июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалганы маалым болду. Ал Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу болгон. Читать дальше...
Казакстандын Акмоло облусунун Бештөбө айылында беш күндөн бери "Алтыналмас" ишканасынын шахтерлору тынч митинг өткөрүп жатышат. Алар Бештөбө кенинин ишин калыбына келтирүүнү талап кылууда. 11-июндун кечинде айылга Степногорск шаарынын акими барып, алар менен сүйлөшкөн. Аким Алматыда 22-июнда инвестор менен жолугушуу болорун айтып, аларды да сүйлөшүүгө катышууга чакырды. Бирок кенчилер бул жолугушуу эч нерсени чечпей турганын, жогорку даражалуу чиновниктер менен жолугушууну каалашарын "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Читать дальше...
25-майда Bellingcat уюмунун көз карандысыз иликтөөчү журналисттер тобу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепеттери түшүрүлгөн картаны жарыялады. "Азаттык" авторлордун бири Айганыш Айдарбекова менен маектешти.
Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургундары жаратылышка аяр мамиле жасап, жашыл климатка ыңгайлашып жашоонун жолун тапкан. Айылдын аялдары эски кийимден жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшса, мектеп окуучулары экотеатр уюштуруп, чакан айылда экологиялык майрам өттү.
12-июнда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “Мекен-картка” документ кабыл алуу 13-мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. “Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек. “Мекен-карт”... Читать дальше...
Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 86 жашында каза болгонун Corriere della sera жана La Repubblica гезиттери жазды. Reuters агенттиги ал оорудан улам 12-июнда көз жумганын кабарлады. Маалыматты расмий адамдар тастыкташты. Берлускони апрелде Миландагы ооруканага жаткан. Ага өнөкөт лейкоз деген диагноз коюлган. Ал Италиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, 1994-жылдан 2011-жылга чейин төрт жолу Министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Италиядагы эң бай ишкерлердин бири катары да таанымал. Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 12-июнда Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, Ыдырыс Исаков журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан... Читать дальше...
13-июнга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад , Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 13…18... Читать дальше...
Орусияда полициянын акыркы кездердеги атайын рейддеринде кармалган тажикстандык мигранттар кармоо шарттары начар экенине даттанууда. Алардын айрымдары "Озоди" радиосуна видеокайрылуу жөнөтүп, 5-июнда Москва облусундагы Котельники шаарында кармалганын билдиришкен. "Бөлмөлөр өтө тар, шарттары аябай начар. Ысык суусу жок", – деген видеодогу мигранттардын бири. Акыркы жумаларда Орусиядагы кармоолор учурунда жүздөгөн мигрант сабалып, айып пул салынган. Алардын көбү Тажикстанга депортацияланган. Маалыматка караганда... Читать дальше...
Казакстандын Абай облусундагы өрттөн 14 адам курман болду – бирөөнүн атасы, бирөөнүн энеси менен баласы набыт кетти. Айрымдары трагедияга күтүүсүз кырсык себеп десе, башкалары жаман жолду, үчүнчүлөрү ишине кайдыгер жооптуу кишилерди айыпташууда. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы жерине барып апаатка кабылгандардын жагдайын көрүп келди. Жол 11-июнь. Абай облусундагы өрт төрт күндөн бери басылбай күчөп жатат. Машина Семей шаарынан чыкканда эле алыскы мунарыкка асылган бозоргон тосмо көзгө урунат - өрттүн түтүнү. Читать дальше...
Эркин журналист Ыдырыс Исаков аны бетке чапкан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловго каршы Ош шаардык милициясына арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. “Милицияга көрсөтмө бердим. Окуя болгондо эле ошол жерге 102ге чалып милиция чакырганбыз”, - деди Исаков. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялады. Читать дальше...
Бүгүн, 12-июнда ажылык сапарга аттангандардын алгачкы тобу Бишкектен Мадина шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев ажыларды узатуу учурунда алардан ыйык жайда эл-жер, өлкө үчүн бата кылышын жана ажылыктын шарттарын так аткарууну суранды. Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылык сапары үчүн Кыргызстандан он аба каттам аткарылат жана анын жетөөсү Ош шаарынан учат. Быйыл кыргызстандык ажыларды ташый турган... Читать дальше...
12-июнда Кара-Суу районунун онго чукул тургуну Ошто маалымат жыйын берип, алардын жакындары беш айдан бери камакта жатканын айтып нааразычылыгын билдиришти. Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен кармалган. Аларга сегиз даана оролгон кездемени уурдаган деген айып коюлган. Камакта жаткандардын экөө аял. Арасында Өзгөчө кырдаалдар милистрлигинин бир кызматкери да бар. Басма сөз жыйынын өткөргөндөр жабырлануучу жеке ишкер Ганишер Бадалов башында 48 миң сом зыян тартканын айтып... Читать дальше...
Быйыл май айында Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда ал тизмеде 43 миң 634 кыргыз жараны калган. Министр миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден күркө ачылганын маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн башка беш аймагындагы аба майдандарга... Читать дальше...
12-июнда Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда Июнь окуясынын курмандыктарына арналып курулган мемориалдык комплексте эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улут аралык ынтымак бекемделип жатканын айтып, жакындарын жоготкондорду сабырдуулукка чакырды. Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кишиге кылмыш иши козголуп, иштин 65% бети ачылган. Читать дальше...