Мы в Telegram
Добавить новость

Усольские кадеты принимают участие в военно-патриотическом слете «Москва. Май. Победа»

В Иркутском музыкальном театре готовят премьеру спектакля ко Дню Победы

«Начальник Чукотки» против «хозяина тайги». Как жили звезды «Бумбараша»

Книжный шкаф Виктора Астафьева появился в Москве на выставке «Россия»

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2023

Новости за 15.06.2023

Azattyk.org 

"Өздөрү эле чечип, талкууга чыгарып койду". Адвокаттарды нааразы кылган мыйзам долбоору

Кыргызстанда Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор парламенттин тармактык комитетинде талкууланды. Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана бир катар жактоочулар бул мыйзам адвокаттардын ишин чектей турганын айтып чыгышты. Ал эми Юстиция министрлиги долбоор адвокаттардын ишин ачык кылууну көздөйт деген түшүндүрмө берди. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында Адвокатура... Читать дальше...

Azattyk.org 

Күрөш (U23): Бейшекеев менен Жанышов жаштар арасында Азия чемпиону болушту

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык Раззак Бейшекеев менен Асан Жанышов жеңүүчү болушту. Андан сырткары кыргызстандык төрт балбан күмүш медал тагынды. 15-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн жети салмакта таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты салмакта финалда күрөштү. 67 килограмм салмакта финалда Раззак Бейшекеев казакстандык Сырым Сарсен менен беттешип, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.Бул салмакта таймаштар айлампа тартибинде өттү. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Азаттыктын" журналисттерине футболду чагылдырууга уруксат берилген жок

Кыргыз футбол бирлиги (КФБ) Бишкекте өтүп жаткан Улуттар кубогунун оюндарын чагылдыруу үчүн “Азаттыктын” журналисттерине берген аккредитацияны чакыртып алды. Бул тууралуу бирлик 15-июнда билдирди. КФБ жиберген маалыматта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө тууралуу былтыркы 26-октябрдагы жана 23-декабрдагы чечимдерин жүйө катары көрсөткөн.  “КФБ Кыргызстандын аймагында масштабдуу спорттук иш-чараларды уюштурганда мыйзамдын жана өлкөнүн укуктук мейкиндигинин чегинде иш жүргүзөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаркент - Кытайга жол ачкан дарбаза

Жаркент – Казакстандын чыгышындагы Кытай менен чек арага жакын жайгашкан чакан шаар. Мындан улам бул калаа Кытайга жол ачкан “чыгыш дарбазасы” деп аталат. Ал эми андагы Хоргос базары соода терезеси. Бажы алымдары жокко чыгарылган бул аймакта жашоо кайнап турат.

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотека: Карапайымдар кантип үй алат?

Өкмөт бир нече жерде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта бериле турган үйлөрдү курууда. Азыркы тапта үйгө муктаж миңдеген үй-бүлө бар, алардын 12 миңи мамлекеттик ипотека алууга арыз жазган. Бишкектеги №47 абактын ордуна курулуп аткан көп кабаттуу үйлөр эки жылдан кийин ипотека аркылуу пайдаланууга берилери айтылды. 8% үстөккө чейин деп айтылган бул жаңы үйлөргө кимдер кирет? Анын шарттары кандай? 38 жаштагы Сезим Тилебердиеванын беш баласын жетелеп, аймактан Бишкекке келгенине төрт жылдын жүзү болуп калды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотека: турак жайга муктаждык качан чечилет?

Өкмөт бир канча жерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шартта бериле турган үйлөрдү курууда. Азыркы тапта Кыргызстан боюнча үйгө муктаж миңдеген үй-бүлөлөр бар, алардын 12 миңи мамлекеттик ипотека алуу үчүн арыз жазган. Ипотекага берилери айтылып, №47 абактын ордуна курулуп аткан көп кабаттуу үйлөр 2 жылдан кийин пайдаланууга берилери айтылды. Пайыздык үстөгү 8% чейин деп айтылган бул жаңы үйлөр кимдерге берилет? Анын шарттары кандай? 38 жаштагы Сезим Тилебердиеванын беш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда кыйноого айыпталган мурдагы милиционерлер соттолду

Өзбекстандын Анжиян облусунда тергөө маалында шектүүгө кыйноо колдонгон деп айыпталган мурдагы күч кызматкерлери соттолду. Облустук сот жергиликтүү ички иштер башкармалыгында мурда иштеген алты кишини төрт жылга, дагы алтоону үч жылга кести. Алар 2022-жылы кылмышка шектүү 32 жаштагы Санжарбек Мамажановду кыйнап, анын өлүмүнө себепкер болгону айтылат. Мындан тышкары Мамажоновду камерада сабаган камактагы Жасурбек Усманов атуу жаранга төрт жыл бир айга камак жазасы берилди. Соттун маалыматына караганда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстандан тарыхый журтуна келгендердин үмүтү

Соңку кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылыштан кийин Тажикстандын Согди облусуна караштуу Жийделик айылынан жер которгон кыргыздар үй-жай маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылды. Алар соңку чек ара чатактарынан соң үй-жайын, мал-мүлкүн, тапкан-ташыганын коңшу өлкөдө калтырып, жер которууга мажбур болгон.

Azattyk.org 

Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Кыргызстандык алты балбан финалда күрөшөт

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык алты балбан финалда күрөшөт. Бүгүн, 15-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн жети салмакта таймаштар өтүп жатат. Түшкө чейин болгон таймаштардын жыйынтыгында Нурмухаммет Абдуллаев, Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков, Ырыскелди Максатбек уулу, Асан Жанышов жана Нурмамбет Раймалы уулу алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. 60 килограмм салмакта Нурмухаммет Абдуллаев... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде жыл башынан бери алты бала сууга чөгүп кетти

Баткен облусунда 2023-жылдын башынан бери жашы жете элек алты бала сууга чөгүп каза болду. Облустук ички иштер башкармалыгы 15-июнда "Азаттык"  радиосуна маалымдагандай, буга байланыштуу жарандардын, балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында эскертүү иш-чаралары жүргүзүлө баштады.  Жер-жерлерде милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлор сууга чөгүүнүн алдын алуу максатында күндүз кайгуул уюштуруп жатышат.  Көлмөлөргө, дарыяларга, арык жээктерине жана каналдарга эскертүү тактайчалары орнотулууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда инсулин өндүрүлө турган завод курулат

Кыргызстанда инсулин өндүрүлүп чыга турган завод курулат. Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп берүүчү дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу тууралуу макулдашууга кол коюлганын бүгүн 15-июнда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, инвестициялык макулдашуу кыргыз өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясы ортосунда түзүлдү. Фармацевтикалык... Читать дальше...




Azattyk.org 

Баткен: Миллиондорун доолаган ишкерлер, “Аманат строй инвест” жалдаган компаниялар

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү. “Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келди. Кыргыз бийлиги 2022-жылы талкаланган 420 үйдү куруп берүүнү убада кылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенди өнүктүрүү долбооруна быйыл 400 миллион сом бөлүндү

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча “жол картасына” ылайык быйыл аймакка каралган 500 миллион сомдун 400 миллион сому которулду. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында айтты. Маалыматка караганда, 400 миллион сомдун 21 миллион сомго жакыны гана колдонулду. Депутаттар Финансы министрлиги каражатты кеч которуп, жергиликтүү бийлик аны толук колдоно албай калып жатканын сынга алышты. 2021-жылдын 10-сентябрында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында "Акылман" деп аталган президенттик лицей ачылат

Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы бирим берүүчү “Акылман президенттик лицейи ачылат. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына 15-июнда жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлигине караган мекемеге окуучулар 6-классты бүткөндөн кийин тапшырат. Жарлыкта лицейдин мугалимдерине жогорку өлчөмдө маяна берилери белгиленген.  Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл жыл аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ири алдамчылыкка шектүүнүн абак мөөнөтү узартылды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипованын бөгөт чарасынын мөөнөтү узартылганын бүгүн 15-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал абакта 8-июлга чейин кармалары маалымдалды. Талипова Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (“Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу”) негизинде кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-июнда Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13. Читать дальше...

Azattyk.org 

Грекиядагы кеме кырсыгында жүздөгөн киши дайынсыз жоголду

Грекиянын түштүк тарабында мигранттар бараткан кеме чөгүп, жүздөгөн киши дайынсыз болууда. 14-июндагы кырсыкта 79 кишинин өлгөнү аныкталды, 100дөн ашууну куткарылды. BBC радиосу кемеде 750дөй киши болушу ыктымалдыгын жазды. Баштапкы маалыматтарга караганда, Ливиядан Италияны көздөй сапар тарткан кеме адамдын көптүгүнөн улам чөгүп кеткен. Издөө-куткаруу иштери эки күндөн бери уланууда. Грекия бийлиги муну жыл башынан берки эң ири кеме кырсыгы экенин айтып, үч күндүк аза күтүү жарыялады. Грекия... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Икрамов ишкерлер “Аманат Стройго” нааразы болуп кайрылганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курган “Аманат Строй Инвест” компаниясы ишкерлердин акчасын бербей жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат парламенттин 15-июндагы жыйынында маселе көтөрүп, ага ишкерлер арызданып кайрылганын айтты. “Аманат Строй Инвест” ишкерлерден 19 млн. 680 миң сомдук курулуш материалдарды алган. Акчаны ушул күнгө чейин бербей атыптыр. 24 ишкер кат жазып, өздөрү да келип кайрылуу кылып атышат. Маселени чечиш керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кемпир-Абад иши": Айыпталып жаткандар Башкы прокуратурага арызданышты

Кемпир-Абад маселеси боюнча айыпталып жаткандар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө тобунун башчысы Улан Жапековго байланыштуу Башкы прокуратурага арызданышты. Алардын арызын 15-июнда адвокат Чынара Жакупбекова жарыялады. Арызда айыптоо актысынын көчүрмөсү айыпталып жаткан адамга тапшырылганда ал документти колуна алгандыгы тууралуу гана тил кат жазып бериши керектиги, бирок Жапеков алардан маалыматты жарыялабоо тууралуу тил кат талап кылып жатканы айтылды. Мунун баары коюлган айыптар далилсиз... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда каржы пирамидасы үчүн соттолгондор ачкачылык жарыялады

Казакстанда "каржы пирамидасын түзгөн" деген айып менен соттолгон бир нече киши тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына алардын жакындары билдирип, ачкачылыкты 48 киши кармап жатканын айтышты. Маалыматты тергөө абагынан ырастап, бирок сот өкүмүнө каршы ачкачылык жарыялагандардын саны 48 эмес, 33 экенин белгилешти. "29 киши догдурлардын көзөмөлүндө. Төртөө тамактана баштады", – деди мекеменин өкүлү. Буга чейин каржы пирамидасы үчүн соттолгондордун жакындары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Медиахаб” коомдук фондунун кызматкери, журналист Асел Шамилованы сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 15-июндагы жыйынында билдирүү кылып, журналист анын кадыр-баркына шек келтиргенин айтты. “Мен коррупционер болсом ошол жерден (соттон) аныктап берсин. Мен Кудайдын, мыйзамдын алдында тазамын”. Депутат иштеп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине, сөз эркиндигине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот журналист Зулпукар Сапановду актаганы белгилүү болду

Бишкектин Биринчи май райондук соту эркин журналист Зулпукар Сапановдун ишинде кылмыштын курамы жок деген негиз менен актаганы белгилүү. Мындай чечим май айында эле чыкканын адвокаты Акмат Алагушев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Жогорку Сот Зулпукар Сапановго райондук жана шаардык сот чыгарган өкүмдөрдү былтыр жокко чыгарып, ишти артка кайтарган. Зулпукар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган” деп айыпталып, 2017-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкектеги суу тартыштыгынын үч себеби

Күн ысыгандан бери Бишкек шаарында ичүүчү суунун таңкыстыгы курч көйгөйгө айланды. Шаардын түштүк-батыш тарабындагы жаңы конуштарга суу жетпей, нааразы болгон тургундар көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылууда. Расмий жетекчилер суу тартыштыгын чечүү үчүн тургундар өздөрү да аны ысырап колдонууну токтотушу керек дейт. Суу көйгөйүнүн жаралышына климаттын өзгөрүшү, бейчеки колдонуу жана шаар куруу процессин шалаакы башкаруу сыяктуу бир катар себептер айтылууда. Ичүүчү суунун тартыштыгына кандай жагдайлар таасир кылууда? Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылды

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова сот балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондун жазасын жеңилдеткен фактыларды сынга алды. Бул маселе коомчулукту тынчсыздандырып жатканын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды. “Балдарды зордуктагандардын ишин тергөөдө так жүргүзүп жаза-чаралар катуу болушу керек. Зордук-зомбулук жасагандар жазасын аларын жана коом мындай жүрүм-турумга чыдабай турганын билиши керек”. 13-июнда Жогорку сот Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмүн өзгөрткөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты

14-июнда Казакстандын Алматы шаардык соту Январь окуясында каза тапкан беш киши боюнча Бостандык райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, аларды күнөөлүү деп тапты. Маркумдардын адвокаттары жана жакындары алардын күнөөсү далилденбегенин, тергөө учурунда көрсөтүлгөн сүрөттөр менен видеолордо башка адамдар экенин айтышты. Алматы шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн, ошондой эле сотко чейинки тергөөнүн экспертизасын “мыйзамдын талаптарына жооп берет” деп, өкүмдү өзгөртүүгө “эч кандай негиз жок” деген чечим чыгарды. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Денис Майданов вышел на связь после сообщений о госпитализации в Москве

Какой шашлык — таков и мужик: что говорит о характере манера жарить мясо

Синоптик Позднякова: самым теплым днем апреля в Москве стало 2-е

Шойгу презентовали модернизированное вооружение для борьбы с беспилотниками

Музыкальные новости

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"

Сергей Собянин поздравил москвичей с 1 Мая

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Хоккейный клуб из Балашихи выиграл Кубок Регионов

Новости России

Карлсон опубликовал интервью Дугина. Шац*: "Мы готовимся и ждём" возвращения в Россию. "Коррозия металла" приостановила свои концерты

Ульяновские росгвардейцы и кадеты «Гвардейской смены» написали «Диктант Победы»

МЧС РФ: в общежитии РУДН в Москве произошло короткое замыкание

Какой шашлык — таков и мужик: что говорит о характере манера жарить мясо

Экология в России и мире

В российских регионах в 2024 году начнут работу магазины «Петербургского дизайна»

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Чтобы кости были крепкими: 10 продуктов, богатых кальцием, которые нужно добавить в рацион

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Спорт в России и мире

Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Moscow.media

Заря на Колодозере....

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

В Балакове "десятка" сбила двух женщин и девушку











Топ новостей на этот час

Rss.plus






1 мая: какой сегодня праздник, что было в этот день

Панда Катюша ненадолго вышла в уличный вольер в Московском зоопарке

Дональд Трамп допустил использование армии для выдворения нелегалов в случае своей победы

«Начальник Чукотки» против «хозяина тайги». Как жили звезды «Бумбараша»