Мы в Telegram
Добавить новость

Кулинарный блогер Эрбис объяснила, какие блюда можно улучшить с помощью сахара

Общежитие РУДН на юго-востоке Москвы эвакуировали из-за возгорания

«Единая Россия» поздравила сотрудников скорой помощи с профессиональным праздником

ТАСС: активисты устроили пикет у здания суда, заседающего по делу Евгении Гуцул



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июнь
2023

Новости за 06.06.2023

Azattyk.org 

"Бийликти басып алууга" айыпталгандар ким?

Бийликти басып алууга айыпталган 30дан ашуун адамдын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду. Алардын бири Улуттук университеттин окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев, экинчиси “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков жана бийлик башындагылардын мурдагы тарапташы Роза Нурматова.

Azattyk.org 

Европа соту Навальныйдын ууланышына байланыштуу Орусияны айыптады

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзгөн эмес деген бүтүм чыгарды. 6-июнда жарыялаган чечиминде сот "орус бийлиги жүргүзгөн иликтөө жабык болгонун жана жабыркаган адамдын соттук териштирүүгө катышуу укугун эске албаганы аныкталганын" белгилейт. "Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун жардамы менен аныкталган далилдер Навальный мырза "Новичок" деген шал кылуучу химиялык затка ууланганын көрсөтүп тургандыктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кой-Таштагы аскер бөлүгүнүн кызматкери октон жаракат алды

Коргоо министрлиги Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 бөлүгүнүн аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганын билдирди. Окуя 6-июнда болгон. Мекеменин басма сөз кызматы жаракат алган аскерге борбордогу клиникалардын биринде операция жасалганын, ушул тапта абалы канааттандырарлык экенин кабарлады. Кыргызстандын армиясында буга чейин да аскерлер өзүнө ок атып алган окуялар болгон. Тиешелүү мекеме муну адатта этиятсыздык катары түшүндүрөт. Жараат алгандардын айрымдары каза тапкан учурлар бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

6-июнда Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү. Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШда чыккынчылыкка айыпталган мурдагы агент Роберт Ханссен түрмөдө көз жумду

Кошмо Штаттардын Федералдык түрмөлөр бюросу маалымдагандай, Федералдык иликтөө бюросунун мурдагы агенти, Америка тарыхындагы эң коркунучтуу тыңчылардын бири Роберт Ханссендин сөөгү 5-июндун таңында табылган. 79 жаштагы Ханссен 2001-жылы камалып, 20 жылдан ашуун жашыруун документтерди алгач Советтер союзуна, кийин Орусияга сатып турганын моюнуна алган. "Рамон Гарсия" деген лакап ат менен ал жашыруун маалыматтын баарын берип турган. Бул үчүн ал 1.4 млн. доллар накталай акча, бриллиант алган. Анын... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК "бийликти басып алууга" айыптап кармагандар кимдер?

Бийликти басып алууга айыпталган 30дан ашуун адамдын үчөөнүн аты-жөнү белгилүү болду. Алардын бири университетте сабак берген Чолпонбек Сыдыкбаев болсо, экинчиси “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков. Кармалгандардын катарында президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Роза Нурматова да бар. Аны орусиячыл активист катары да сыпаттап жатышат. Бул окуяга Кремлдин басма сөз катчысы Песковдун үн катышы, айрым орус басылмаларына чыккан макалалар мунун айланасындагы талкууну ого бетер күчөтүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Атада эки милиция кызматкери шектүүнү качырган деп айыпталууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери убактылуу кармоочу жайда жаткан шектүүнү качырып жиберген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 6-июнда кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, 5-июнга караган түнү, саат бирден өткөндө Ысык-Ата милициясынын нөөмөтчү-милиционери (Ж.Т.К.) жана дагы бир кызматкер (Д.Б.К.) кызмат абалынан пайдаланып, шектүүнүн качып кетишине көмөктөшкөн. Ысык-Ата районунун прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда "Мистер Сидр" ичимдигине ууланып каза болгондор 25ке жетти

Орусиянын аймактарында "Мистер Сидр" алкоголдук ичимдигине ууланып өлгөндөрдүн саны 25ке жетти. 50дөн ашуун адамдын абалы оор, алардын айрымдары реанимацияда. Каза болгондордун 18и Ульянов облусунан, төртөө Самара облусунан, экөө Нижегород облусунан. Аймактарда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Тергөөнүн версиясына караганда, уулангандардын баары алмадан ачытылып жасалган "Мистер Сидр" алкоголдук ичимдигин ичишкен. Нижегород облусунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламенттин регламентин өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыкты

Парламенттин депутаттары Марлен Маматалиев менен Нурланбек Азыгалиев “Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 2-июнда коомдук талкууга коюлган. Документтин негиздемесинде долбоор мыйзамдарды бири-бирине ылайык келтирүү, беренелердин байланышын туура түзүү жана тактоочу ченемдерди киргизүү үчүн жазылганы айтылат. Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин комитеттеринде бештен кем эмес депутат болушу керек экени жазылган. Ушул тапта комитет... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нукус окуялары: активист Тажимуратов 16 жылга соттолду

Өзбекстандын Жогорку соту Каракалпакстандагы башаламандыктарга айыпталган активист Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга кести. Сегиз кишини шарттуу түрдө бошотту, алты кишинин камак мөөнөтү кыскартылды. 5-июнда Жогорку cотто 16 адамдын апелляциялык арызы каралды. Башкы айыпталуучу саналган Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан мурдагы чечим өзгөртүүсүз калтырылды. Шартту түрдө бошотулгандарга 4-5 жылдан камак жазасы чегерилгенин, бирок тергөө абагында отурган күндөрүн эске алуу... Читать дальше...




Azattyk.org 

Баткен: Капчыгайда турмуш калыбына түштү

Өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Баткендин Капчыгай жана Достук айылдары дээрлик толугу менен талкаланган. Эки айылды генералдык планга ылайык кайрадан түптөп куруу чечими кабыл алынган. Учурда эки айылга 500 млн. сомдой сарпталып, жол, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо иштери дээрлик аяктап калды. Жашоочулардын көпчүлүгү үйүнө кайтып, жашоо өз нугуна түшүп, жанданууда.

Azattyk.org 

Иран добуштун ылдамдыгынан тез учкан ракета чыгарганын жарыялады

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу ата мекендик өндүрүштөгү үндүн ылдамдыгынан да тез жүргөн баллистикалык ракетаны эл алдына чыгарганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Анын бет ачарына президент Ибрахим Раиси да катышканы маалым болду. Fattah аталыштагы ракетаны атып түшүрүүгө "абадан коргонуу системаларынын биринин да алы келбейт"деп билдирди Ирандын Аскердик космос күчтөр башкармалыгы. Анткен менен эч кандай далилдер келтирилген жок. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Каракол: аэропорттун курулушунда мерт болгондорго жардам берилет

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов "Каракол" аба майданындагы курулуштагы кырсыкта мерт болгон эки адамдын үй-бүлөсүнө барып, кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүк маалымат таратты. Анда Иманбетов кырсыктан мерт болгондорго мамлекеттен кенемте төлөнүп берилерин билдирди. "5-июнда Караколдогу аэропортто оор темир кулап, ошол жерде иштеп жаткан Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын тургундары 1981-жылы туулган Азамат Байгелдиев менен 1978-жылы туулган Рустан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Блогер Жекшеналиевдин иши боюнча сот жараяны 13-июнга жылды

Прокурор келбей калгандыгына байланыштуу 6-июнда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Ал сотто блогердин күнөөсү далилденбегенин, илинчек табуу үчүн сот улам-улам жылдырылып жатканын жана кийинки жараян 13-июнга дайындалганын айтты. 15-майда райондук соттун судьясы Мирбек Сатарбек уулу Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узарткан. Мындай чечимге... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвада киши уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалды

Москвада адам уурдоого шек саналып алты кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 23-майда Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Новогиреево району боюнча бөлүмүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип акча талап кылып жатканын билдирген. Ыкчам чаралардын жыйынтыгында Головинский шоссесиндеги батирлердин биринен уурдалган адам табылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Кара-Балта жолун куруу: министрлик дооматты четке какты

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун курууда ири суммадагы акча кымырылганы тууралуу Башкы прокуратуранын дооматын четке какты. Мекеме тараткан маалыматта бул долбоор 2014-2015-жылдары даярдалганы белгиленген. Ошондон бери анда өзгөрүүлөр болуп, айрым жагдайлар актуалдуулугун жоготкону, кээ бир жагдайлар өзгөргөнү жазылган. Министрлик мындан улам башкы көзөмөлдөөчү органдын дооматына өзүнүн жүйөсүн келтирген. Мунун алдында Башкы прокуратура бул жолду курууда 104 миллион сом кымырылып кеткенин кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат Түлөбаев “Аю” маселеси келечекте суроо жаратышы мүмкүн экенин билдирди

“Аю” компаниясынын тегерегиндеги окуялар суроо жаратышы мүмкүн деген пикирин “Азаттыкка” 5-июнда курган маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди. Бийликтин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнүн жүрүшү, ишкерлердин бизнеске кысым болуп жатканы тууралуу билдирүүлөрү жана “Аю” ишканасы боюнча суроолорго жооп берип жатып депутат төмөнкүлөрдү айтты: “Мыйзам чегинде иштешибиз керек баарыбыз – өкмөт да, бизнес да. Эгер өкмөт мыйзам бузса, кийинкиде ошол кишилер азабын жейт. Эгер бизнес мурункуну да... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн 40 градуска чейин ысыйт

Кыргызгидромет борбору 7-9-июнь күндөрү Кыргызстанда аномалдуу ысык болорун билдирди. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40° чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Талас жергесинде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Эскертүүсүз ок атуу". Кандуу каңтардын көмүскө чындыгы

5-июнда Алматыда казакстандык укук коргоочулар Январь окуялары маалында адам укуктарынын бузулушун чагылдырган "Эскертүүсүз атайлап ок атуу" деген баяндаманы сунуш кылышты. Ал өзүнчө китеп болуп жарыяланган. 67 барактан турган отчетко ылайык, 2022-жылдын январындагы кандуу окуяларга байланыштуу жалпысынан 600 иш документтештирилген. Анын 579у жарандардын көрсөтмөлөрүнө таянган, 9 иш мамлекеттик органдар менен кат алышуунун жыйынтыгы боюнча жана 12си конкреттүү иштердин негизинде катталды. 217 адамдын набыт болгону такталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Ынтымак” телеканалынын директору болуп Эрмек Муратбек уулу шайланды

6-июнда “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадио компаниясынын жетекчиси кызматына экинчи жолу шайлоо өтүп, Эрмек Муратбек уулу каналдын директору болду. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин алты мүчөсү бир добуштан колдоду. Эрмек Муратбек уулу буга чейин президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы кызматын аркалаган. Эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кызматка дайындоо боюнча буйрук чыгарышы керек. Каналдын жетекчилигине ачык сынак жарыяланган. Башында үч талапкер атаандаш болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЭлТРдин “ПолитКлиникага” каршы арызы боюнча сот отуруму болду

6-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча соттук отурум болду. Сотто ЭлТР телеканалынын юристи Азизбек Ибрагимов судьядан “ПолитКлиника” порталынын “электр энергиясы үчүн чет өлкөлөрдөн алынган карыз” тууралуу маалыматын жалган деп таап, аны Интернеттен алып салууну милдеттендирүүнү суранды. Андан тышкары маалыматты төгүнгө чыгарып, моралдык зыян катары соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом... Читать дальше...

Azattyk.org 

Гаитиде суу ташкыны 42 кишинин өмүрүн алды

Гаитиде соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам бир нече аймакты суу каптап, кеминде 42 кишинин өмүрү кыйылды. Ондогон тургундардын дайыны белгисиз. 13 600дөй турак жай суу алдында калганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. "Беш жаштагы баламды жоготуп алдым. Кудай сактап, бир балам бакка илинип аман калды. Үйүмдү суу алып кетти", - дейт жергиликтүү тургун Фания Канж. Жарандык коргоо агенттиги Твиттерге жазгандай, каза болгондордун саны 4-июнга караган түнү көбөйгөн. Гаити – Латын Америкасындагы экономикасы өнүкпөгөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Даниел Ажиевди 29-июлга чейин камакка алды

Кыргызстанда вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиев 29-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп 30 оператор... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Каракол" аэропортунда курулуштагы кырсыктан эки адам каза болду

Ысык-Көл облусундагы “Каракол” эл аралык аэропортун куруп жаткан үч адамды металл конструкция басып калып, экөө мерт кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, кырсык 5-июнда болгон. Жаракат алган кишинин абалы оор. “Бир жумушчу окуя болгон жерден эле каза болгон. Экинчиси ооруканада реанимацияда көз жумган. Дагы бир киши реанимацияда оор абалда жатат”. Сталбек Усубакунов окуя облустук милициянын маалыматтык журналына катталып... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Россиянам посоветовали не доверять соседям сохранность жилья в майские праздники

Олигархи с Рублевки высказались о возвращении Чулпан Хаматовой в Россию

RT: Beribit составляет список возврата денег клиентам по неизвестным принципам

Прогулки по Германии: Мюнхен, Германия

Музыкальные новости

Настроение в движении. На выставке "Россия" открылась спортплощадка

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

Операция "Кольцо" как прецедент этнических чисток в Арцахе

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ

Новости России

Россиянам посоветовали не доверять соседям сохранность жилья в майские праздники

The Wall Street Journal: В НАТО считают маловероятным прямое вторжение России в страну альянса

Агент заявил, что «Роналдо живет в Ростове с мамой и невестой. Он полюбил Россию»

Пожар произошел в общежитие РУДН на юго-западе Москвы

Экология в России и мире

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Соболенко вышла в ⅛ финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

Ученые обнаружили ранний признак рассеянного склероза

Коршун

РОССИЯН ПРЕДУПРЕДИЛИ О РИСКАХ ВОЗВРАЩЕНИЯ РАЗБОРОК НА ДОРОГАХ











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Кратко про арестованную подмосковную чиновницу Стригункову, курировавшую блок здравоохранения

Перед покупкой мяса его следует пощупать

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

Личка высказался о деградации РПЛ