Бишкекте 18-июнда жыйынтыкталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, күмүш байгелерди Аден Сакыбаев менен Стамбул Жаныбек уулу алса, коло байгерге Адилет Жапаркулов менен Мухаммад Абдуллаев ээ болду. “Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн эркин күрөштөн жети салмакта таймаштар өтүп, кыргызстандык эки балбан финалга чыкты. 65 килограмм салмакта... Читать дальше...
Пакистандын бийлиги жекшембиде адам аткезчилиги менен алектенген 10 кишини кармады. Бир нече күн мурун Грекиянын жээгинде ондогон мигрант чөгүп кеткен. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф адам аткезчилигине аралашкан ортомчуларга катаң чара көрүүнү буйруду жана алар “катуу жазаланарын” эскертти. Жыл сайын миңдеген пакистандык жаштар жакшы жашоо издеп Европага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып, опурталдуу сапарга аттанышат. Шаршемби күнү Грекиянын Пелопоннес жарым аралында чөгүп кеткен дат... Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев советтик ишмерлердин ысымдарын берүү тажрыйбасын сындады. 17-июнда Түркстанда өткөн Улуттук курултайда мамлекет башчы «ошол адамдардын өмүр баяндары атайлап уламышка айландырылып жатканын», «ысымдар кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыктарында» ыйгарылып жатканын айтты. Бирок конкреттүү ысым атаган жок. «Ономастика – ата-бабаларыбыздын жана белгилүү адамдардын урпактарынын эмес, мамлекеттин иши», - деп билдирди Токаев. Ал ошондой эле «эл аралык кырдаал мурда... Читать дальше...
Жекшембинин таңында Суданда эки айдан бери уланып келаткан куралдуу жаңжалды токтотуу максатында 72 саатка ок атышпоо келишими жарыяланды. Ошол эле күнү башкалаа Хартумдун тургундары түнкү уруштан кийин абал тынч экенин билдиришкен. Армия жана “Ыкчам колдоо күчтөрү” ок чыгаруудан баш тартууга жана сауд арабиялык жана америкалык ортомчуларга жардам жеткирүүгө уруксат берүүгө макул болушту. Буга чейин бир нече жолу жарашуу аракети көрүлүп, бирок кагылыштар токтогон эмес. Тараптардын бийлик талашынан... Читать дальше...
Бишкекте бүгүн, 18-июнда жыйынтыктала турган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Аден Сакыбаев жана Стамбул Жаныбек уулу финалга чыгышты. Ошондой эле Адилет Жапаркулов жана Мухаммад Абдуллаев коло байге үчүн күч сынашат. Бүгүн, 18-июнда эркин күрөштөн жети салмакта таймаштар өтүп жатат. 65 килограмм салмакта Аден Сакыбаев финалда тажикстандык Абдулмажид Кудиев менен күрөшөт. Бул салмакта таймаштар айлампа тарбиниде өттү. Сакыбаев алгач кытайлык Баовен Вейди (12:0)... Читать дальше...
Астананын Достук көчөсүндөгү Kaspi банкында куралчан адам барымтага алган банктын жети кызматкери бошотулду. Окуя болгон жерде Ички иштер министри Марат Ахметжанов башында турган күч кызматкерлери иштеди. Айрым маалыматтар боюнча, шектүү адам банктын активиндеги баардык акчаларды майыптарга, колунда жок муктаждарга, жетим-жесирлерге которууну талап кылган. Бул үчүн ал жети аялды жана кароолчуну өлтүрөм деп коркутуп, бийликтерге үч саат убакыт берген. Айрым маалыматтарда шектүүнүн аты-жөнү Алихан Мурадов деп айтылууда. Читать дальше...
Легальная лишь в нескольких странах мира индустрия родов по найму приносит на Кавказ деньги и противоречивые чувства
CAFA Nations Cup 2023 мелдешинин алкагында өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү болгон Өзбекстан менен Ирандын курамалары финалда ойношот. Кыргызстандын футбол союзунан маалымдашкандай турнирдин коло медалы үчүн өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген Кыргызстан менен Омандын курама командалары беттешмекчи. Оюн 20-июнда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтөт. Ага катышуу үчүн Штефан Тарковичтин "ак шумкарлары" коңшу мамлекетке барып, беттешке даярдык көрө баштады. Буга чейин Кыргызстандын курамасы Бишкекте... Читать дальше...
Борбор Азия өлкөлөрүндө суу тартыштыгы барган сайын чоң маселеге айланууда. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийликтери мөңгүлөрдүн азайышына, кургакчылыкка байланышкан жагдайды өзгөртө албайт, бирок ишти туура жүргүзсө, суу каатчылыгын жеңилдетмек. Айрыкча Кыргызстандын Бишкек, Ош, Казакстандын Астана, Ак-Тоо баштаган чоң шаарларында калктын тез өсүп жатышы кырдаалды ого бетер курчутууда. Суу көйгөйү бул эки өлкөнүн айылдарында, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да курч. Казакстандын башкалаасы Астанадагы... Читать дальше...
19-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-июнда Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Аксы районунун Кербен шаарындагы «Караван» аэропорту менен таанышты. Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, президент аэропорттун учуу-конуу тилкесин оңдоо иштерин көрдү. Аэропорт 1972-жылы пайдаланууга берилген жана 2007-жылдан бери иштебей турган. Аэропортто ички аба каттамдарды тейлей турган аэровокзал бар жана ал бир айдан кийин ишке берилмекчи. Садыр Жапаров аймактардагы аэропортторду модернизациялоо... Читать дальше...
Быйылкы жылдын январь- апрель айларында буудайдын импорту 2,1 эсеге же 144,7 миң тоннага чейин өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Анын ичинен чет өлкөлөрдөн буудай сатып алууга кеткен акча 54 пайызга өстү, бул үчүн 22,9 млн. доллар жумшалган. Өлкөлөр боюнча алганда жалпы көлөмдүн 97%дан ашыгы Орусиядан ташылып келген буудайга, 3 пайызы Казакстандан импортко туура келет. Орточо алганда Орусиянын буудайынын бир тоннасы 154 доллар, ал эми Казакстандын буудайы 277 долларга бааланган. Читать дальше...