Мы в Telegram
Добавить новость

Хирург Хорошев: резкая боль в правой части живота указывает на аппендицит

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова

Положительная динамика наблюдается в базовых отраслях экономики Орехово-Зуева

Более 1 тыс опор ЛЭП заменят на севере Подмосковья в 2024 г



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Демократияга каршы келет экен". Талаштуу мыйзам долбоорунан баш тарткан депутаттар

Кыргызстанда cырттан каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" деген макам берүү жөнүндө мыйзам долбооруна автор болгон айрым депутаттар андай демилгесинен баш тарта баштады. Эл өкүлдөрү анын себебин мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укутарына каршы келген жоболорго байланыштырды.

"Адам укугуна, демократияга каршы келет экен"

Жарандык коомдун кескин сынына кабылган мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартаарын айткан депутат Бактыбек Чойбеков сунушталган документтен адам укугуна, демократияга каршы келген жоболорду тапкан.

“Каражатынын туура пайдаланылышы, көзөмөлдөнүшү боюнча макулдугумду берип, ошол жагы таза болушун каалап, сунуштагам. Бирок азыркы мыйзамды көрүп, андан кайра артка тарткым келип жатат. Себеби анда адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экен. Ошондуктан мыйзамдын демилгечилер курамынан чыгайын деп жатам”, - деди ал.

Андан мурун депутат Эмил Токтошев Фейсбуктагы баракчасында аталган мыйзамдын демилгечилеринин катарынан чыгуу үчүн спикерге жазган катын жарыялаган. Эл өкүлү долбоордо ашыкча чектөөлөр жазылып калган дейт.

"Кереги жок пунктар кошулуп калган. Аудит, катуу текшерүү дегендердин кереги жок. Ошондуктан мен демилгечилердин тизмесинен чыгуу үчүн арыз жаздым. Бизге мамлекеттик эмес уюмдар керек. Ага мамлекеттик көзөмөл дагы керек. Ошондуктан бул мыйзамды кабыл алуудан эки тараптын тең укугун эске алып, карашыбыз керек", - деди Токтошев.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири - депутат Эмил Жамгырчиев да сунушунан баш тартып жатканын маалымдады.

"Эл аралык уюмдардан каржы алып келген дагы өзүнчө эмгек. Алар дагы жөн бербейт. Ишенимдүү иш көргөзүшү керек. Анан алар алып келген каражатка бул жактан бөгөт коюп, текшере берген туура эмес. Органдарда чет өлкөдөн келген акча менен терроризмди каржылоо, төңкөрүш жасоо жөнүндө так далил жок экен", - деди Жамгырчиев.

Башка демилгечилер эмне дейт?

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Башында мыйзам долбооруна депутат Надира Нарматова жалгыз автор болуп жазылып, андан кийин 32 депутат кошулган. Алардын айрымдары менен байланышканыбызда азырынча позициясы арсар экенин айтышты. Жогорку Кеңештин депутат Таалайбек Сарыбашев долбоордун автору эмес экенин айтты.

"Кол коюп берсем керек. Бирок мен автор эмесмин. Надира эже кол койдурткан болчу. Мыйзам жалпы талкууга алып келине элек. Ал жерге келгенде сунуш-пикирлерибизди айтабыз. Биз мамлекет, эл үчүн иштеп, чындыкты айтып жаткандарга чектөө кылбашыбыз керек",- деди эл өкүлү.

Ал эми дагы бир демилгечи депутат Алишер Козуев акыркы документти анализдеп чыгып, чечим кабыл алаарын билдирди.

"Ачыгын айтсам бул боюнча толук маалымат жок. Чынында кайрадан бир сыйра карап чыгышым керек. Башында мазмуну башка болчу. Кийинки редакциясын карап чыккандан кийин чечим кабыл алам",- деди депутат.

Мыйзам долбооруна парламенттеги депутаттар Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, Балбак Түлөбаев каршы пикирин айтып чыгышкан. Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

"Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюм болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу, каалагандай иштей берсин. Буга чейин мен деле кайрымдуулук уюмду иштеткем. Ал деле бейөкмөт уюм болот. Диний уюмдар, фонддор бейөкмөт уюм деп эсептелет. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин. Мамлекет көзөмөл кылсын деген эле сөз”.

Өлкөдөгү укук коргоочулар, юристтер мыйзам долбоорун ийне-жибине чейин анализдеп чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Дагы бир жагдай, бейөкмөт уюмдар мекемелер кабыл алган чечимдерге таасир эте турган саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса, анда Кыргызстандагы саясий ишке аралашты деп эсептелет.

Жарандык коомдун каршылыгы

Өлкөдө бул мыйзамга каршы активисттер социалдык тармактарда “мен чет элдик агент эмесмин” деген ураан менен флешмоб өткөрүп жатышат. Алар жарандык коом коррупцияга, мыйзам бузууга каршы жана адам укугунун сакталышына гана кызыкдар экенин белгилешет.

Мыйзамга каршылардын бири, юрист Айбек Аскарбеков буларга токтолду.

“Кыргызстанда көптөгөн социалдык көйгөйлөр бар. Мисалы, адам укуктарынан гендердик зомбулук көп болуп жатат. Билим берүүдө мамлекет көп каржы бере албайт. Бейөкмөт уюмдар грант аркылуу социалдык көйгөйлөргө инвестиция тартып келишет. Мисалы, ЮНИСЕФ, “Сезим” кризистик борборлору көптөгөн айымдарды зомбулуктан коргошот. Ошондой долбоор Кыргызстанда көп. Бейөкмөт уюмдар жабылса мамлекет ал көйгөйлөрдү чече албай калат”, - деди ал.

Жакында эле бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу кылышкан.

Эл аралык уюмдун реакциясы

Ал ортодо эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму “Жогорку Кеңеш бөйөкмөт уюмдар тууралуу репрессивдик мыйзам долбоорун артка кайтарыш керек” деген билдирүү таратты.

"Мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу, ой-пикирин эркин билдирүү укуктарын чектеп, ал тургай айрым учурларда бейөкмөт уюмдар менен алардын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин бузат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому үчүн олуттуу коркунуч туудурат жана ал артка кайтарылышы керек", - деди эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева. Ал ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу шек келерин кошумчалады.

HRW Евробиримдикти, АКШ жана Улуттар уюмун мыйзам долбоорунун негативдүү кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун ачык билдирип, кокус парламент кабыл алган күндө дагы президент Садыр Жапаровду документке кол койбоого үндөдү.

Мурдагыдан мураска калган долбоор

Бул мыйзам долбоорун 2014-жылы ошол кездеги депутататтар Надира Нарматова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев  сунуштаган.

2016-жылы мыйзам долбоору "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө"  деп аталып, парламенттин күн тартибине кайра киргизилген. Бирок долбоор Жогорку Кеңештен өтпөй калган,  111 депутаттын 65и каршы добуш берген. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоору жарандык коомду чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин баса белгилешкен. 

"Азаттыктын" архивинен: "Ыңгайсыз суроолор": Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (28-январь, 2016-жыл)

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Блинкен заявил, что народ Ирана выиграл от гибели президента Раиси

Мать арестованного Попова: многие сослуживцы поддерживали его, он берег солдат

Казанскую икону Божией Матери встретили нижегородские православные

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Музыкальные новости

Бухалово и Париж: откуда появились необычные и смешные названия населенных пунктов в России

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Новости России

Глава Лобни провела совещание по вопросам благоустройства в городе

"Резкого изменения внешнего политического курса мы не увидим". Эксперты о судьбе Ирана после гибели Раиси

Блинкен заявил, что народ Ирана выиграл от гибели президента Раиси

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Экология в России и мире

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко

Выставки индустрии моды в Москве

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Спорт в России и мире

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Moscow.media

Сон

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Экс-мэра Биробиджана осудили на 5 лет за злоупотребление полномочиями. Условно











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Юные туляки стали лучшими на первенстве России по карате спорта глухих

Дипломатическая битва космического масштаба // Как Россия и США продвигали в ООН конкурирующие резолюции по оружию в космосе

"Резкого изменения внешнего политического курса мы не увидим". Эксперты о судьбе Ирана после гибели Раиси

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице