Түркияда жасалма кыргыз паспорту менен өзбекстандык жигит кармалды. Денизли шаарында кармалган киши 2017-жылы Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салууга жардам бергени үчүн айыпталып, Өзбекстанга депортацияланганы, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө экени аныкталган. 30-майда "Демирөрен" агенттиги aтайын операциянын алкагында кармалган 32 жаштагы өзбек улутундагы А.А. аттуу жаран 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салууга жардам бергени деп айыпталып, Өзбекстанга депортацияланганын билдирди. Читать дальше...
30-майда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Адвокаттар министрликтин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө чечими одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун жүйө келтирип, сотко кайрылган. "Сайтты бөгөттөөгө негиз болгон эмес..." Арызды Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Соттук жараянда "Азаттыктын"... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын суу ирригациялык системаларын модернизациялоого 800 миллион доллар зарыл экендигин жана өлкөнү толук таза суу менен камсыздоого 400 миллион доллар керектелерин билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 31-майда “Суу – өнүгүү башаты” урааны менен Бишкекие өткөн форумда айтты. Жапаровдун айтымында, бул тармактагы долбоорлорду өкмөт Дүйнөлүк банк менен бирге жүргүзөт. Форумга катышкан Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти... Читать дальше...
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткан медицина кызматкерлерине кол салуу болуп, аларды коштоп жүргөн бир аскер мерт кетип, дагы бири жаракат алды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна алган жок. Бир нече күн мурда өкмөт шал оорусун ооздуктоо боюнча соңку өнөктүгүн баштаган. Жергиликтүү полиция билдиргендей, медиктер жабыркаган эмес. Пакистан менен Ооганстан полиомиелит оорусу жоюла элек өлкөлөр болуп саналат. Ислам жоочулары вируска... Читать дальше...
“ПолитКлиника” басылмасынын негиздөөчүсү, журналист Дилбар Алимова Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана бийликтин медиага басымынын күчөп баратканы тууралуу ой бөлүштү. Ал медианын милдети жана жоопкерчилиги тууралуу да айтып, журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу соңку жагдайларга токтолду.
Ошто мындан үч күн мурун кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, "Казак" деген каймана атка конгон Умар Маратов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" күч органдарындагы булактары кабарлады. Маалыматтарга ылайык, тергөөчүлөр аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтырууну өтүнүшкөн. Шектүүнүн жактоочусу өтүнүч келтирип, 1 миллион сом күрөө коюу жолу менен эркиндикке чыгарууну сунуштаган. Шаардык соттун судьясы анын өтүнүчүн канааттандырган. Ош шаардык милициясы Умар Маратов үй камагына чыгарылганын ырастап... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Малайзияда 2019-жылдан бери элчи болуп келаткан Азимбек Бекназаров 2022-жылдын августунда Кумтөр кенине байланыштуу интервью берген соң бул кызматтан бошотулган. Аталган орун ошондон бери бош турган. Алтынбек Жумаевдин кесиби юрист жана журналист. 1998-2000-жылдары Улуттук телерадио корпорациясында иштеген. Читать дальше...
Бир катар технологиялык компаниялардын, анын ичинде OpenAI жана Google DeepMind ишканаларынын жетекчилери, окумуштуулар жасалма интеллект адамзаттын жоголушуна алып келерин эскертишти. "Жасалма интеллекттин айынан жоголууга жеткирген тобокелдикти азайтууга пандемия жана өзөктүк согуш сыяктуу эле глобалдык деңгээлде артыкчылык берилиши керек", - деп жазылган окумуштуулардын кайрылуусунда. Кайрылууга жасалма интеллект тармагында иш алып барган 350дөй изилдөөчү, инженер жана компаниялардын жетекчилери кол коюшкан. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында айрым депутаттар өлкөдө блогерлердин иштөө тартибин аныктаган мыйзам керек экенин билдиришти. Алар соңку учурларда айрым блогерлердин аракети аша чаап жатканын айтышты. “Блогерлер журналисттер сыяктуу эле бир тартипте мамлекеттик органдарга жана жеке ишкерлерге кайрылганда, этика менен кайрылышы керек. Ошонун негизинде элге маалыматын бериши керек”, - деди депутат Балбак Түлөбаев. Ал айрым блогерлер "мамлекеттик ишканаларга түз кирип барып, андан контент даярдап жатат" деп сындады. Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын адвокаттары 31-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Биргелешкен маалымат жыйында алар кылмыш иши козголгондон бери айыпталуучулардын конституциялык укуктары жана адилеттүү соттук териштирүүнүн негизги эрежелери бузулуп жатканын айтышты. Иш боюнча сот чечими чыга электигин эскертип, шек саналып жаткандарды “кылмышкер” деп атоодон карманууга чакырышты. Адвокаттардын бири Канат Хасанов президент Садыр Жапаровдун айыпталгандардын дарегине карата айткан сөзүн сынга алды... Читать дальше...
Былтыр Тажикстандын жана Өзбекстандын автономиялуу аймактарында башталган каршылык акциялары кандуу жазалоо менен аяктаган. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда (ТБАО) жана Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономиялуу республикасында ондогон адамдар набыт болуп, жүздөгөнү камакка алынды. Эксперттердин айтымында, репрессиядан жарандык коом катуу жабыркаган, бул эки мамлекеттин авторитардык режими биринчи кезекте белгилүү укук коргоочуларды, журналисттер менен коомго сөзү өткөн жергиликтүү лидерлерди бутага алды. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен криминалдык лидер Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. деген аттар менен таанымал (А.И., К.Т., А.К. жана А.Ш.) төрт киши тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Маалыматка караганда, алар 23-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы кылмыштарга байланыштуу козголгон иштин алкагында кармалган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 31-майдагы сессиясында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун колдогон жок. Мыйзам долбоордун демилгечиси, депутат Дастан Бекешев жыйында сөз болгон мыйзам коомчулукта бир топ талаш-тартыштарды жаратканын, ал өзгөртүлүшү керектигин билдирди. Айрым депутаттар адамдын ар-намысы корголушу керек деген жүйө менен Бекешев сунуштаган мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Депутат Адахан Мадумаров азыркы мыйзам бийликке сын-пикир жазгандарга гана иштеп жатат деген негизде... Читать дальше...
31-майда Түндүк Кореянын космоско чалгындоо спутнигин чыгаруу аракети ишке ашпай, баллистикалык ракета деңизге кулады. Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиктери ракетанын кыймылдаткычында мүчүлүштүк кеткенин билдиришти. Маалыматты Түштүк Кореянын да аскерлери ырастап, ракетанын калдыктары Сары деңизге түшкөнүн билдиришти. Алар калдыктарды таап, сүрөттөрүн жарыялашты. Ракетаны учуруу алдында Пхеньян АКШнын жана анын союздаштарынын аскердик аракеттерине көз салууда спутник чоң мааниге ээ экенин билдирген. Читать дальше...
Косовонун түндүгүндөгү Звечан жана Зубин Поток шаарларында этностук сербдер 31-майда кайрадан көчөлөргө чыгышты. "Серб тизмеси" (Srpska Lista) партиясынын өкүлдөрү шаарлардын албан тектүү башчылары кызматтан кетип, өлкө түндүгүнөн атайын полиция бөлүктөрү чыгарылмайынча каршылык акцияларын улантарын билдиришти. Звечан шаардык администрациясынын алдына чогулгандар серб желегин көтөрүштү. Косовонун полициясы өлкө түндүгүндө кырдаал туруктуу экенин билдиргени менен 30-майдагы кагылышууларда журналисттердин... Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине катышат. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-16-июнь күндөрү өтөт. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 турниринде Кыргызстан “В” тайпасында Иран жана Ооганстан менен ойнойт. Улуттук курама команданын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович мелдештин алдында, 6-июнда команданын акыркы курамын жарыялай турганын билдирди. Читать дальше...
Башкы прокуратура соттук-укуктук реформаны иштеп чыккан жумушчу топко тергөө укугун өзүндө калтыруу тууралуу сунуш берди. Бул тууралуу парламенттин 31-майдагы сессиясында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. “Эксперттик топко ар бир берене боюнча сунушубузду бергенбиз. Башкы прокуратуранын сын-пикири кабыл алынган жок. Анткени ал соттук-укуктук реформага каршы келет деп баяндамада жазылыптыр”, - деди ал. Жогорку Кеңеште Башкы прокуратурадан... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча баш прокурордун сунушу тууралуу пикирин билдирди. Ал 31-майда берген маалымат жыйынында бийликти күч менен басып алууга айыптап жатканын негизсиз деп атады. “Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? 338-беренеде “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Читать дальше...
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен 31-майда “Биринчи радиого” маек куруп, кыргыз президентинин Бээжинге болгон сапарынын жыйынтыктары тууралуу суроолорго жооп берди. Ал Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон саясий декларацияны жогору баалап, бул эки өлкөнүн мамилеси стратегиялык деңгээлге чыкканын айгинелей турганын айтты. “Кытай менен Кыргызстандын ортосунда достукту жана ынак коңшулук мамилени чыңдоого тоскоол боло турган көйгөй жок. Жаңы этаптагы кытай-кыргыз мамилелерин жогору баалап... Читать дальше...
Кыргызстан футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине катышат. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-16-июнь күндөрү өтөт. Улуттук курама команданын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 6-июнда команданын акыркы курамын жарыялай турганын билдирди.
Президент Садыр Жапаров 30-майда "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде, качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев тууралуу пикирин билдирди. Муну менен соңку айларда коомдо кызуу талкууланып келген мурдагы президенттердин темасы кайра козголду. Качкын президенттердин мекенине кайтып келиши боюнча Кыргызстанда карама-каршы пикирлер айтылууда. Жапаровдун пикири эмнени билдирет жана бийликтин иш-аракеттери кандай багытта жүрүп жатат? Садыр Жапаров кезектеги маегин качкын президенттер... Читать дальше...
1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...
Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробековага “улуттук крокодил” деп айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилди. Мындай чечим академиядагы атайын жыйында кабыл алынганы окуу жайдын сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, чогулуштун жыйынтыгында Айнур Жоробекованын сөзү “коомчулуктун намысына тийип, этикалык нормаларды бузган” деп табылды. Ректор Чинара Адамкулова Дипломатиялык академия Тышкы иштер министрлигине караштуу экенин белгилеп, мекеменин позициясын карманууга жана кызматкерлерди... Читать дальше...
Бишкектеги “Газпром - балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплексинде “Жеткинчек” аталышындагы спорт фестивалы өтүп жатат. Аталган комплекстин директору Каныбек Жолчубековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, фестивалга сегиз жаштан 12 жашка чейинки курактагы Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин, спорт мектептеринин жана спорт клубдарынын миңге жакын тарбиялануучулары катышууда. Аталган фестиваль 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналып, былтыр алгачкы жолу өткөрүлгөн. Окуучулар кичи футбол... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад шаарында “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын төрт мүчөсү кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесине (“Экстремисттик уюмдарды түзүү жана каржылоо”) байланыштуу кармалган. “Диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын таптакыр четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. Читать дальше...