Мы в Telegram
Добавить новость

В апреле было теплее нормы почти на 4 градуса

Облачная погода и до +19°C ожидаются в Москве 1 мая

Волочкова сообщила подписчикам об очередной поездке на Мальдивы

Синоптики спрогнозировали облачную погоду и до плюс 19 градусов в Москве 1 мая

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2023

Новости за 30.05.2023

Azattyk.org 

ТИМ: 18-23 жаштагы кыздардын сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келет

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгарууга чектөө коюу тууралуу парламентте айтылган сунуш боюнча позициясын билдирген түшүндүрмө таратты. 18-23 жаштардагы жарандардын Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келери жана негизги адам укуктары менен эркиндигин бузуу болуп саналары белгиленген. Министрлик чет жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Кыргызстандагы активисттер жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мындай демилгени маал-маалы менен көтөрүп жатканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан: Лукашенконун "тамашасынын" төркүнү кайда?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун Союздук кошуунга биригүү сунушун "тамаша" деп сыпаттап, анын өлкөсү ядролук куралга муктаж эмес экенин белгиледи. Арйине, Казакстанда Лукашенконун "тамашасынын" төркүнү кайда деген талкуу кызыды.

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин курамы алмашты

Маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына уюшулган Журналисттик иликтөөлөр фондунун (ЖИФ) кезектеги жыйынында фонддун Байкоочу кеңешинин жаңыланган курамы түзүлдү. Аталган фонддун маалыматына караганда, кеңешке журналист, активист жана саясатчылардан Азамат Тынай, Өндүрүш Токтонасыров, Бурулкан Сарыгулова, Алмаз Исманов, Акылбек Ташбулатов, Шамил Ибрагимов, Эдил Жаныбаев, Тынымгүл Эшиева, Улан Үсөйүн, Абдывахап Нурбаев жана Аскер Сакыбаева мүчө болушту. Жыйында катышуучулар фонддун Байкоочу кеңешинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматы абактагы аялдарды балдары менен жолуктурду

Жазаларды аткаруу кызматы 30-майда Чүйдүн Степное айылындагы №2 абакта отурган аялдарды балдары менен жолуктурду. Аталган мекемеден билдиришкендей, иш-чара 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Ал жерге ырчылар, цирк өнорпоздору барып, Жаза аткаруу кызматынын ардагерлери балдарга белек-бечкектерди беришти. Эне-баланы жолугуштуруу мекеменин ардагерлер кеңешинин демилгеси менен биринчи жолу уюштурулду.  Степное айылындагы бул абакта жалаң аялдар кармалат. Жазаларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров Бакиев келсе камаларын айтты

Орус армиясынын Киевге учкучсуз аппараттар менен жасаган чабуулунан бир адам мерт кетти. Бишкектеги Ленин шайлоо округундагы шайлоонун чуусу ырбады. Президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиев өлкөгө келсе камаларын билдирди.

Azattyk.org 

"Эки киши кармалды". Бишкектеги шайлоо жыйынтыгы жокко чыгабы?

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева менен анын үгүтчүсү деген аудиодон улам 30-майда эки кишини кармап, камакка алды. Милиция аларды Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча айыптап жатат. Экөө тең тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү болду. 30-майга караган түнү милиция Ниязалиеванын штабында тинтүү иштерин жүргүзүп, эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Тартип коргоо кызматкерлери... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Мальдив аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилди

Эки өлкө ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттин сайты кабарлагандай, макулдашууга тараптар 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюшкан. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары Мальдив Республикасында, Мальдивдин жарандары Кыргызстандын аймагында 30 күн визасыз жүрө алышат. Мальдив Республикасы Индустан жарым аралынын түштүк жагында, Инд океанындагы аралдардан куралган мамлекет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ниязалиеванын штабынан кармалган эки киши камакка алынды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 30-майда кабарлады. Милициядан кабарлашкандай, учурда аталган эки жаран тергөө менен кызматташып жатышат. Иликтөө иштери уланууда. Аталган эки жаран №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламентте Боз-Бөлтөк тоосуна байланышкан маселе каралды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 30-майдагы жыйында Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл казууну токтотуу маселеси көтөрүлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметовдун айтымында, Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл, чопо казып алууга 14 компания лицензия алган. Аймакта Кызыл китепке кирген жаныбарлар бар деген маалыматтар түшкөн.  2022-жылы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Румынияда миңдеген мугалимдер нааразылык акциясына чыкты

Румыниянын баш калаасы Бухарестте 30-майда түмөндөгөн мугалимдер өкмөт алдында жүрүшкө чыгышты. Алар айлык акыны көтөрүүнү, билим берүү тармагына салынган инвестицияны көбөйтүүнү жана тармакты толук реформалоону талап кылышты. Профсоюздардын эсебинде, жүрүшкө 15 миңден 20 миңге чейин мугалим катышып жатат. Алар президент Клаус Ионнаис менен жолугуу үчүн Котрочень сарайына (президенттин резиденциясы) барууну көздөшүүдө. Румынияда мугалимдер 22-майда иш ташташкан. Андан бери өкмөт менен  бир нече... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Анклав пайда болду". Москвада тажик мигранттарын кармоо күчөдү

Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар каттала баштады. Жергиликтүүлөр алардын үстүнөн арыз жазып, аймак "тажик анклавына" айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтышууда. Тажикстандыктар мындай даттануулар жана андан кийинки кармоолор – тажик мигранттарына каршы багытталган атайын пландалган өнөктүк экенин билдирүүдө. Москвада жүздөгөн тажик мигранты кармалды 28-майда орус маалымат каражаттары полицияга таянып Москванын... Читать дальше...




Azattyk.org 

Жети-Өгүздөгү мөңгүлөргө БАЭ, Сауд Арабия лидерлеринин ысымын берүү сунушталды

Парламенттин тармактык комитети Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян, дагы бирине Падыша Абдул Азиз деген аталыш ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунуштады. Комитет жыйынында мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев жогорудагы адамдар кимдер экенин жана алардын Кыргызстанга салымын айтып берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда бөгөт чаранын түрү катары электрондук билерик колдонуу сунушталууда

Парламенттин тармактык комитетинин 30-майдагы жыйынында юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Министрдин орун басары долбоордо кылмышка шектүүгө бөгөт чаранын түрү катары бутуна электрондук билерик тагып, көзөмөлдөө сунушу камтылганын айтты. “Мыйзам боюнча үй камагы, сыртка чыкпоо тил каты, күрөө жана камакка алуу бөгөт чаралары бар. Ошого кошумча электрондук көзөмөлдөөнү сунуштап жатабыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаардык сот "Азаттыктын" сайты боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыктын" сайтын бөгөттөгөн чечимине каршы радионун адвокаттарынын арызын карап, аны канааттандырган жок. Арызды 30-майда Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы карады. Анда "Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин 2022-жылдын 26-октябрдагы радионун сайтын бөгөттөө боюнча чечими мыйзамсыз экенин белгилеп, Бишкектин Административдик сотунун буга чейинки чечимин четке кагуу өтүнүчү менен кайрылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров D Billions тобун "Кыргызстандын сыймыгы" деп атады

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанда туруп дүйнөгө белгилүү болгон D Billions чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу 30-майда өкмөттүн сайтында жазылды.  Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, аткаруучулар  Бактыбек Исманалиев - Чикки (Chiсky), Асылбек Анаркул уулу - Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков - Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина Векуа – Ля-Ля (Lya-Lya). Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орунтаев “Батуми” тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

30-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги XVII сессиясында депутаттар башка маселелердин катарында калаадагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү чараларын да карашты. Вице-мэр Нурдан Орунтаев муниципалдык менчикте турган жерлердеги эрежени бузган объектилер жана тиешелүү линиялардан чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери улантыла турганын айтты. Депутат Жаныбек Асанбеков Орунтаев бузган “Батуми” рестораны жөнүндө маселе көтөрүп, “эгер ага байланыштуу чечимиңиз мыйзамсыз болуп аныкталса, сурак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвадагы "Митино" метросунда 150дөн ашык тажик мигранты кармалды

Москвадагы «Митино» метро станциясынын жанынан 30-майга караган түнү 150дөн ашык тажик мигранты кармалды. «Озоди» радиосуна жиберген видеодо мигранттар полиция аларды түн ортосунда ойготуп, автобустар менен Митинск районунун ички иштер бөлүмүнө алып барганын айтышкан. Себебин түшүндүрүшкөн эмес. Мигранттардын айтымында, алар «Митино» метросунун жанындагы курулушта иштеп, ошол эле жерде чатырларда жашап жатышкан. Орусия тараптан расмий комментарий боло элек. Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардар экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Евробиримдик Косовону чыңалууну басаңдатууга чакырды

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл 30-майда Косово бийлигин жана каршылык акциясын уюштуруп жаткан этностук сербдерди өлкө түндүгүндөгү чыңалууну токтоосуз басаңдатууга чакырды. «Тараптар жоопкерчиликтүү аракеттерге барып, кырдаалдан чыгуу боюнча диалог аркылуу саясий чечим табышат деп күтүп жатабыз», - деп жазды Боррел Твиттерге. 30-майда эртең менен полиция билдиргендей, негизинен сербдер отурукташкан Звечан, Лепосавик жана Зубин-Поток аймактарында кырдаал туруктуу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Карабагыш", "Кара-Суу" бекеттери ачылат

Жалал-Абад облусундагы "Бек-Абад", Ош облусундагы "Карабагыш", "Кара-Суу" өткөрмө бекеттерин ачууга даярдык көрүлүп жатканын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. “Учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат”, - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта. Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москвада ондогон тажик мигранттары кармалды

Москванын Можайск районундагы мектептин стадионунда ондогон тажик мигранттары 28-майда кармалды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары полицияга таянып жазышты. Маалыматка караганда, тажик мигранттары жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде кармалган. Шаардыктардын ырасташынча, тажик мигранттары мектеп стадионунда ойноп жаткан өспүрүмдөрдү кубалап, алардын ордуна өзүлөрү футбол ойноп башташкан. Бирок эч кандай далил келтирилген жок деп жазат «Озоди» радиосу. Мигранттар менен байланышууга мүмкүн болгон эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент комитети прокуратурадан тергөө укугун алууну колдоду

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет 30-майдагы жыйынында прокуратурадан тергөө укугун алган мыйзам долбоорун колдоду. Депутат Гуля Кожокулова бул демилгеге каршы чыкты. “Конституцияда прокуратура тергөө жүргүзө турганы так жазылган. Мен системаны кантип талкалап салабыз түшүнбөй жатам. Аскер прокуратурасында калтырып, борбордук аппараттан кантип алып саласыңар? Бири-бирине карма-каршы келип жатпайбы. Жетекчилик кызматка келип кетишет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дамира Ниязалиева милицияга суракка чакырылганын билдирди

№26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиева 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” ырастады. "Дагы 2-3 баланы кармашкан. Алар ким экенин билбейм. Кармалганына эки сутканын жүзү болуп калды. Сурак берип жатышат", - деди ал. Ниязалиеванын суракка чакырылышы боюнча шаардык милиция маалымат бере элек. 30-майга караган түнү тергөөчүлөр Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзүп, штабдын эшигин жаап, мөөр басып кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Индияда жол кырсыгынан 10 чакты зыяратчы көз жумду

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү диний жайга зыяратчыларды алып бараткан автобус коктуда көпүрөдөн кулап, кеминде он киши мерт кетти. Жабыркагандардын саны 55ке жетти. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Зыяратчылар өлкө түндүгүндөгү Амритсар шаарынан Катра калаасына баратышкан. Маалыматка караганда, автобуска кишилер нормадан көп түшкөн. Катра шаарындагы ыйык Вайшно-Деви чиркөөсүнө жылына түмөндөгөн индустар зыяратка барышат. Индия жол кырсыктарынан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат.

Azattyk.org 

Бишкекте таза суунун тарифи кымбаттайт

Бишкек шаардык кеңеши 30-майдагы жыйынында таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун колдоду. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Токтом 1-июндан баштап күчүнө кирет. Документке ылайык, бир куб метр таза суу: шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго; бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго; башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттады. Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй: шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматы Аспековдун бошотулганы боюнча түшүндүрмө берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) активист Мелис Аспеков президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулганын билдирди. Маалыматка ылайык, алты жылга соттолгон Аспековдун жаза мөөнөтү 2021-жылы 9-январынан баштап эсептелген. Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы 23-майда “Соттолгондорго ырайым берүү” боюнча жарлыгынын негизинде Аспековдун жаза мөөнөтү үч жыл сегиз айга кыскартылган.  "Аспеков абакта 2 жыл 4 ай 14 күн... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Консультации. Составление Договоров. Присутствие Продюсера при заключении договоров и переговорах. Лекции. Переговоры. Встречи и Обсуждения.

Финансист Некрасов: использование криптобирж для хранения средств несет риски

В апреле было теплее нормы почти на 4 градуса

Российский дзюдоист Тменов: негативные процессы в мире не должны касаться спорта

Музыкальные новости

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Apple возобновляет переговоры с OpenAI о внедрении функций ИИ в iPhone

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week

Новости России

В апреле было теплее нормы почти на 4 градуса

В I квартале 2024 года доходы Богородского округа превысили 1,4 млрд рублей

Казань вошла в топ популярных железнодорожных направлений на 1 Мая

Xinhua Silk Road: Shaanxi Blower Group на Hannover Messe 2024 представила свои новейшие технологии

Экология в России и мире

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

"Чек Индекс": Продажи новых марок одежды и обуви выросли за год в России на 10 проц

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Спорт в России и мире

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Moscow.media

РОССИЯН ПРЕДУПРЕДИЛИ О РИСКАХ ВОЗВРАЩЕНИЯ РАЗБОРОК НА ДОРОГАХ

Музеи Твери. Лисичкины сказки

Цветочный водоворот

Ученые обнаружили ранний признак рассеянного склероза











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Казань вошла в топ популярных железнодорожных направлений на 1 Мая

Schumann: Piano Concerto — Adam Laloum, Maxim Emelyanychev

Облачная погода и до +19°C ожидаются в Москве 1 мая

В апреле было теплее нормы почти на 4 градуса