№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, баштапкы жыйынтык боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиева өз дарегине айтылган айыптоолорго жооп берди. Ал 28-майда билдирүү таратып, социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду "атаандаштардын каралоосу" катары сыпаттаган. Бирок ал эч кимдин атын атаган эмес. "Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып... Читать дальше...
БШК Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Дамира Ниязалиева 6 миңден ашык добуш менен алдыга чыкты. Дагы бир талапкер Эртай Искаков аны добуш сатып алууга айыптап жатат. Ниязалиева муну "каралоо" деп сыпаттады.
Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштар дээрлик толугу менен саналып бүттү. "Анадолу" маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Анкара убактысы менен кечки саат тогузга карай, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий эсеби боюнча, 190 миң үкөктүн 75% саналып бүттү. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева алдыга чыкты. Округдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага 17 423 адамдын 35%, же болбосо 6 242 адам добуш берген. Добуш сатып алуу болдубу? Ошол эле учурда жарандардын активдүүлүгү өтө солгун болуп, тизмеге катталган 124 908 адамдын 17 423ү гана шайлоого келди. Азыркы эсеп... Читать дальше...
Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 92% саналып бүттү. Анкара убактысы менен кечки саат жетиге карай, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,61% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,39% топтоду. Оппозициячыл "АНКА" агенттиги алдын ала жыйынтыктар боюнча Кылычдароглу алдыда экенин көрсөткөн. Читать дальше...
Гаагада Extinction Rebellion экологиялык кыймылы уюштурган нааразылык акциясында 1500дөн ашуун активист кармалды. Ишемби күнү алар Нидерланд өкмөтүнүн күйүүчү май өндүрүү субсидияларына нааразылык билдирип, жол тосушкан. Полициянын маалыматына караганда, алар демонстранттарды таратуу үчүн суу аткычтарды колдонууга аргасыз болгон. Митингчилердин көбү сууга түшүүчү костюмдар жана кол чатыр менен келгени кабарланды. Extinction Rebellion кыймылы акцияга жети миңдей адам катышканын билдирди. Полициянын маалыматына караганда, 1579 адам кармалган.
Израилдин президенти Исаак Херцог 30-майда Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барат. Херцогдун Тель-Авивдеги кеңсеси билдиргендей, ал президент Илхам Алиев менен "эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүнү" талкуулайт. Херцог Бакуда Израил мамлекетинин 75 жылдыгына арналган иш-чарага да катышмакчы. Медицина тармагында тыгыз кызматташуу боюнча келишимге кол коюу да пландалууда. Калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Азербайжан март айында Тель-Авивде элчилигин ачкан. Израилдин Бакуда элчилиги 1993-жылдан бери иштейт.
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан парламент депутаттыгына абакта отурган жеринен талапкерлигин койгон Равшан Жээнбеков 328 (2,30%), Акыл Айтпаев 829 (5,82%), Илгиз Сарылдык уулу 38 (0,27%) добуш алды. Бул тууралуу БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялаган учурда билдирди. Шайлоодо 29 талапкер ат салышты. Алардын үчөө - Жээнбеков, Сарылдык уулу жана Айтпаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында кармалып турат. Бул иш боюнча кармалгандарга алгач “массалык башаламандык уюштуруу” деген берене коюлган. Читать дальше...
Түркияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктады. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер президенттикке эки гана талапкер ат салышып жаткандыктан, жыйынтык демейдегиден эртерээк чыгарын, добуштар саналып жатканын билдирди. Мыйзам боюнча шайлоо тилкелеринде бюллетендерди саноо түнкү 12ге чейин аяктоого тийиш. Президенттик шайлоого эки талапкер ат салышты. Алар азыркы президент - Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Дамира Ниязалиева 6073 добуш алып, алдыга чыкты. БШКнын маалымдашынча, добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 13,95% гана катышты. Аймакта 125 миңдей шайлоочу катталган. Буга чейин Ички иштер министрлиги Ниязалиеванын штабында иштейт деген үгүтчүлөргө байланыштуу добуш сатып алуу фактысы иликтенип жатканын кабарлаган. Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгон. Читать дальше...
Токмокто жол кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин алтоо Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, экөө ушул эле райондун Дыйкан айылынын тургундары болгонун жергиликтүү тургундар кабарлашты. Алардын сөөгү 29-майда жерге берилет. Ички иштер министрлиги толук маалымат бере элек. Набыт болгондордун бешөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алардын айылдаштары "Азаттыкка" берген тизме төмөнкүчө: Ж.А. - 1986-жылы туулган (айдоочу); К.Ж. - 1986-жылы туулган (айдоочунун аялы); А. к. Э. - 2021-жылы туулган... Читать дальше...
Эгемендиктин алгачкы жылдары Эл артисти Замирбек Үсөнбаев акындык жана дастанчылык өнөр боюнча балдарга сабак берген.Элмирбек, Аалы, Азамат баштаган бир катар төкмө акындар атактуу болушса, Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев жаш муунду тарбиялап жатышат.
Сузак - Жалал-Абаддын калк жыш отурукташкан району. Акыркы жылдары райондо үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу учурлар көп чыга баштады. Эки жыл мурда Сузакта биринчи жолу 12 аял депутаттыкка шайланып келген. Алар зомбулук менен күрөшүүгө аракет кылып жатканын айтышты.
Кытай өзү чыгарган биринчи жүргүнчү учагын ишке киргизди. Жекшембиде China Eastern Airlines авиакомпаниясынын C919 учагы Шанхай-Бээжин каттамында учту. Кууш кузовдуу учакты COMAC ишканасы чыгарган. China Eastern Airlines анын биринчи үлгүсүн 2022-жылдын декабрында сатып алган. Бир катар сыноолордон кийин ал коммерциялык пайдаланууга берилген. Эки моторлуу учакка эконом жана бизнес класстагы 164 жүргүнчү батат. Ал орто аралыкка каттамдарды аткарат, тагыраагы 5500 километрге чейин уча алат. 2022-жылдын аягындагы маалыматка караганда... Читать дальше...
Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо ат салышкан эки талапкер Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу бир убакта, эки башка шаарда добуш беришти.
Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округу боюнча парламент депутатын шайлоодо саат 16.00гө карата 11 миңден ашык адам гана добуш берди. Бул аталган райондо катталган шайлоочулардын 9% жакынын түзөт. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу добуш берүү солгун экенин айтышкан. Аймакта 125 миңдей шайлоочу бар. Шайлоодо 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапарынын алкагында кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтем" өткөрмө бекетине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Кытайдын Бажы кызматынын, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун өкүлдөрү менен бул бекеттин ишин жакшыртуу, чектөөлөрдү жоюу, соода-сатыкта өз ара пайдалуу шарт түзүү маселелерин талкуулады. "Бакыт Төрөбаев учурда бир катар кыйынчылыктар бар экенин айтып, аларды тез арада чечүү керектигин белгиледи. Читать дальше...
Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо ат салышкан эки талапкер Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу бир убакта, эки башка шаарда добуш беришти. Эрдоган Стамбулда, ал эми Кылычдароглу Анкарада шайлоого барды. Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. "Бул жерде эч кандай партиялар жок. 1 метрлик бюллетень жок. Эки гана талапкер бар. Элибиз ушул эки талапкерге гана добуш бергендиктен, жараян ыкчам өтөт деп ойлойм. Түрк демократиясынын тарыхында мындай шайлоого биринчи жолу күбө болдук. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 14.00гө карата 8524 адам добуш бергенин билдирди. Бул тизмедеги жалпы шайлоочулардын 6,82% түзөт. БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди. 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев... Читать дальше...
Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер өлкөдө добуш берүү жараяны кынтыксыз, тынч өтүп жатканын айтып, "жарандар шайлоонун экинчи айлампасында өлкө ичинде жана чет өлкөдө да чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө" деди. Йенер бул шайлоодо президенттикке эки гана талапкер ат салышып жаткандыктан, жыйынтык демейдегиден эртерээк чыгарын кошумчалады. 28-майдагы шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышууда. Өлкө боюнча... Читать дальше...
Иран менен Ооганстандын чек арасындагы кагылышта бери дегенде эки ирандык аскер каза болгонун мамлекеттик IRNA агенттиги кабарлады. Мурдараак бир жоокер каза таап, экөө жараат алганы айтылган. Окуя 26-майда, Забул чек ара бөлүгүндө болгон. Маалымат каражаттары талибдер менен Ирандын чек арачылары кагылышканын жазышты. Окуянын чоо-жайы так эмес. Чек ара кызматынын командачылыгы талибдер "олуттуу жоготууга учураганын" билдирди. Ал эми "Талибан" бир кишиси өлгөнүн гана тастыктады. Mehr басылмасы... Читать дальше...
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы куралдуу кол салууда 20дан ашуун аскер жараат алды. Окуя 27-майда Дера Исмаил деген шаарда болгон. "Машаал" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Түштүк Вазирстандын Айман Манза аймагын көздөй бараткан коопсуздук күчтөрүнүн кербенине мотоцикл айдаган белгисиз адамдар чабуул койгон. Бийлик теракт деп мүнөздөгөн бул кол салууга эч бир топ азырынча жоопкерчилик ала элек. Жараат алган аскерлер ооруканага жеткирилди. Чабуул койгондор изделүүдө. 24-майда... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 12.00гө карата 5389 адам добуш бергенин билдирди. Бул тизмедеги жалпы шайлоочулардын 4,31% түзөт. БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди. 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов Ленин округу боюнча өтүп жаткан парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу деген видео текшерилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, текшерүүнүн жүрүшүндө ошол видео тартылган кафенин ээси, официант жана үч аял сурак берип жатат. Кафеден талапкерлердин биринин үгүт материалдары табылган. Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров... Читать дальше...
Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды. 28-майдагы шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышат. Баштапкы сурамжылоолордун көбүндө Эрдоган бир нече пайыз алдыга чыккан. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. Шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө башталып, кечки саат 17.00дө аяктайт. Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берери күтүлүп жатат. Читать дальше...