Мы в Telegram
Добавить новость

Из аэропортов Москвы депортировали 643 граждан Таджикистана

Лишь три четверти жилфонда Тульской области обеспечены сразу горячей водой, канализацией, газом и отоплением

У путіна погрожують Заходу через заморожені активи

Движение транспорта ограничат в центре Томска в День Победы

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2023

Новости за 15.05.2023

Azattyk.org 

Тажикстан сатып алган Мексика президентинин учагы Дүйшөмбүгө келди

Тажикстан өткөн айда 92 миллион долларга сатып алган Мексиканын президентинин учагы Дүйшөмбүгө келди. АКШдагы Nomadic Aviation Group учак Сан-Бернардино шаарынан 14-майда учуп кеткенин билдирди. Flight Radar сайтындагы маалыматтар учак Тажикстандын борборуна 15-майда келгенин көрсөттү. Мексиканын президенти Андрес Мануэл Лопес Обрадор өзүнө мурдагы бийликтен мурас калган учак апрелде Борбор Азиядагы жакыр өлкөгө сатылганын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, тажик бийлиги президенттик Boeing... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокенде милиция кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө

Жалал-Абад облусунда инкассатордук кызматта иштеген милиционердин өлүмү иликтенүүдө. “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 15-майда Ноокенде болду, милиционер өзүн өзү кызматтык куралдан аткан деп божомолдонууда. Анын сөөгү инкассатордук машинанын ичинен табылган. 24 жаштагы кызматкер ИИМдин Күзөт кызматында иштеп жатканына үч жылча болгон. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматка караганда, ал кесиптештери менен чогуу объектилердин бирине накталай акчаны жеткирүү үчүн барган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Үч муундун акындары: "Бийик турат ырыбыздын тагдыры"

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында үч муундун акындарынын башын бириктирген “Ыр өмүр” поэзия кечеси өттү. Кечеге аттын кашкасындай таанымал акындар менен катар миграцияда жүргөн жана элетте жашаган калемгерлер да катышты. Бул күнү лирикалык, атуулдук чыгармалар менен катар коом көйгөйлөрүн көтөргөн поэзия жаңырды.

Azattyk.org 

Грузия орусиялык авиакомпанияга жүргүнчү ташууга уруксат берди

Грузия 17-майдан тарта орусиялык “Азимут” авиакомпаниясына эки жакка каттамдарды ишке ашырууга уруксат берди. Бул тууралуу Грузиянын жарандык авиация агенттигинин башчысы Гиви Давиташвили IMEDI басылмасына билдирди. Ал эл аралык санкцияга илинген авиакомпаниялардын бири да Грузияга уча албай турганын кошумчалады. Давиташвилинин айтымында, Орусия менен Грузиянын ортосунда түз каттамдарды аткаруу үчүн беш авиакомпания арыз тапшырган. Анын ичинде "Грузия аба жолдору" да бар. "Азимут" - 2019-жылдан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Саунадагы видеосу тараган милиционер иштен алынды

Кызматтык формачан саунада отурган видеосу интернетте тараган милиционер ички иштер органдарынан кетирилгенин бүгүн 15-майда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, ал Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына караштуу бөлүмчөлөрдүн биринин аймактык милиционери экени аныкталды. Териштирүүнүн жыйынтыгында ал "Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын талаптарын, Тартиптик уставды, Ички кызматтык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Блогер Жекшеналиевдин иши: Соттук териштирүү уланмай болду

15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Соттун чечими чыгышы күтүлүп жаткан. Судья Мирбек Сатарбек уулу чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келгенден кийин экспертиза менен таанышуу зарылдыгы келип чыккандыктан жана анын тыянагы боюнча кошумча суроолор болгондуктан, териштирүүнүн мөөнөтү узартыларын жарыялады. Кийинки отурум 24-майга белгиленди.   "Айыптоого эч кандай далил жок" Ырыс Жекшеналиев бул күнү сотто акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыпты четке какты... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркиядагы шайлоо: Экинчи айлампаны Оганга добуш бергендер чечет

Түркиядагы президенттик шайлоонун тагдыры 28-майда, экинчи айлампада чечилгени калды. Жекшемби күнкү жарышта талапкерлердин бири да 50% ашык добуш ала алган жок. Шайлоо 50 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган зилзаладан көп өтпөй, өлкө экономикалык кыйын кезеңде турган маалда өттү. Эки аптадан кийин эксперттер тарыхый деп атаган шайлоодо азыркы мамлекет башчы, өлкөнү 20 жылдан бери бийлеп келаткан Режеп Тайып Эрдоган менен бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу беттешмекчи. 85 миллион... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркияда шайлоонун экинчи туру 28-майга белгиленди

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер билдирди. 14-майдагы шайлоонун жыйынтыгында азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган 49% көбүрөөк добуш алды. Анын негизги атаандашы, оппозициялык блоктон ат салышкан Кемал Кылычдароглуну шайлоочулардын 45% жакыны колдоду. АТА альянсынан чыккан Синан Оганды колдогондор 5% көбүрөөк болду. Ал эми шайлоонун алдында жарыштан чыгарын жарыялаган Мухаррем Инже 1% жетпеген добуш топтоду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узартты

15-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулу блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароонун мөөнөтүн узартты. Сот мындай чечимге блогер “Полит Узник” баракчасына чыгарган видеого байланыштуу буга чейин жүргүзүлгөн политологиялык, лингвистикалык экспертиза боюнча кошумча суроолор бар экени негиз болду. Ишти кароо 24-майда уланат. Ырыс Жекшеналиев бул күнү сотто акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыпты четке каккан, прокурор иш боюнча бир да далил таба албаганын айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы кызматына "Ата Журттун" талапкери өттү

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду. Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды. Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди карады. Омбудсмендикке үч талапкер сунушталган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы бул кызматка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы кызматына Жаманбаева жалгыз талапкер болобу?

Жогорку Кеңештеги бийликчил "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөттү. Ал парламентте бул кызматка сунушталган жалгыз талапкер болушу ыктымалдыгы айтыла баштады. Коомчулуктун калың катмарына дээрлик белгисиз, өмүр бою прокуратура тармагында жетекчилик кызматта иштеген адамдын омбудcмендикке көрсөтүлүшү талкуу жаратты. Ал арада Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери бул мекеменин аппарат башчысы Аскат Азарбековдун талапкерлигин сунуштап, парламентке кайрылганы белгилүү болду. Читать дальше...




Azattyk.org 

“Керемет Банктын” иши: Нурбек Жеңиш, Нурланбек Садыков күнөөлүү деп табылды

“Керемет Банктын” иши боюнча Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңишке жана башкармалыктын мурдагы мүчөсү Нурланбек Садыковго сот өкүмү чыкты. 15-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту экөөнү тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирине 1 млн. сомдон айып пул салды.  Улуттук банктын мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы өзгөртүлүп камактан чыкканын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен“Керемет... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жекшеналиевдин иши: судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевге өкүм чыгары күтүлүп жатат. 15-майдагы жараянда шектүү акыркы сөзүн сүйлөп, ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти. “Бийликти басып алуу аракети боюнча прокурор бир эле далил келтирип берсе күнөөнү моюнума алганга даярмын. Эч кандай далил келтире алган жок. Бийликти басып алуу үчүн электорат, элди көчөгө алып чыгуу үчүн авторитет, акча болушу керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркиядагы шайлоо: добуштардын 99% ашыгы саналып бүттү

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, санала элек дагы 27 үкөк калды. Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы тууралуу комиссиянын төрагасы Ахмет Йенер дүйшөмбү күнү буларды билдирди: "Чет өлкөдөн келген 8065 үкөк ачылды, ал эми 1529у ачыла элек. Саат 09.45ке карата Эрдоган 49.40%, Кылычдароглу 44.96%, Синан оган 5.2%, Мухаррем Инже 0.44% добушка ээ болду",- деди Йенер.   Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги добуштардын 99.38% саналып бүткөнүн, Режеп Тайып Эрдоган алдыга чыкканын жазды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандагы эң чоң уран кени "Росатомдун" көзөмөлүнө өттү

Орусиянын «Росатом» корпорациясы Казакстандагы Степногорск тоо-химиялык комбинатынын тең кожоюну болуп калды. Бул тууралуу “Казатомпром” улуттук компаниясынын жылдык отчетунда белгилүү болду. Муну менен Москва Түркстан чөлкөмүндөгү уран кенин көзөмөлгө алды. Түркстан облусундагы уникалдуу кенде өндүрүлгөн урандын бир жылдык көлөмү жакында алты тоннага жетет деп күтүлүүдө. Бул уран келишимине казак басылмалары көп деле көңүл бурбаганы менен орус маалымат каражаттары аны чоң жаңылык катары чагылдырууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ленин округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тартканын 15-майда билдирди. Алар – Асылбек Кадралиев менен Азамат Медеров. Ошентип 28-майга белгиленген шайлоодо ат салыша тургандардын саны 30га түштү. Алардын бешөө – аялдар. 10-майда БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталганын, ага ылайык, 124 миң 671 шайлоочу добуш бере аларын жарыялаган. Бул аймактан шайланган... Читать дальше...

Azattyk.org 

IBA: легендарлуу өзбек мушкери Руфат Рискиевге өмүр бою пенсия берилет

Бокс боюнча алгачкы дүйнө чемпиондорунун бири, 1974-жылы Гаванада (Куба) өткөн биринчи дүйнөлүк чемпионатта алтын медал уткан өзбек мушкери Руфат Рискиев Эл аралык бокс ассоциациясынан (IBA) өмүр бою каржылык колдоо алат. IBA жетекчиси Умар Кремлев Ташкентте ооруканада жаткан 73 жаштагы Рискиевди көргөнү барды. Жергиликтүү басылмалар Кремлев Рискиевге IBA атынан 10 миң доллар сыйлык бергенин жазышты. Ошондой эле ассоциация ага ай сайын 1000 доллардан төлөп турмай болду. Бокс боюнча Өзбекстандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Конституциялык сотко кайрылды

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы айрым нормаларга байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. Уюмдун маалыматына караганда, алардын арызы 17-майда каралганы жатат. Укук коргоо уюму бул мыйзамдын жаңы редакциясындагы үч берене өлкөнүн Конституциясынын беш беренесине карама-каршы келет деп, аларды жокко чыгарууну өтүнүп жатат. “Конституциянын 36-беренеси ар бир адамга биригүү эркиндигин кепилдейт, бул коомдун жана мамлекеттин базалык баалуулугу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Каржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, Интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин жоболоруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, адамдарга зыян алып келген каржы пирамидасын жарнама кылгандар 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгылат. Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыгып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкор-Ата: ууланып ооруканага түшкөн окуучулар

Кочкор-Ата шаарында ууланды деп айтылган 23 бала ооруканада жатат. 11-майда шаардагы мектептердин биринин 6-7-8-класстарынын 42 окуучусу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгени кабарланаган. Айрымдары дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыккан. Ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.

Azattyk.org 

Тажикстанда жети жумушчу канализациялык люкта ууланып каза болду

Тажикстандын Пенжикент шаарында жергиликтүү Суу чарба коммуналдык башкармалыгынын жети жумушчусу болжол менен күкүрттүн суутегине ууланып каза тапты. Дагы бири реанимацияда жатат. Маалыматка караганда, окуя 13-мартта, иш учурунда Пенжикенттеги көчөлөрдүн биринде болгон. Согд облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Окуянын чоо-жайын тиешелүү органдар текшере баштады.

Azattyk.org 

Филармониядагы көрүнбөгөн каармандын бир күнү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көзөмөлдөө кызматында жети айым эмгектенет. Алар концерт-салтанаттарда элди тейлеп, кечигип келгендерди өз орундуктарына жайгаштырышат. “Азаттык” 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Ракат Калыйбаеванын машакаттуу жумушу менен тааныштырат.

Azattyk.org 

Тайланддагы шайлоодо өзгөрүүнү жактагандар жеңишке жетти

Тайланддагы шайлоодо оппозициялык партиялар парламенттеги көпчүлүк орунду ээлешти. Өзгөрүүлөрдү сунуштаган "Алга карай" жана "Тайлар үчүн" партиялары парламенттеги 500 орундун 293үн жеңип алды. Алар буга чейин коалиция түзгөн. 2014-жылы аскердик төңкөрүш менен бийликке келген Тайланддын азыркы премьер-министри Прают Чан-Очанын партиясы 36 гана мандатка ээ болду. "Алга карай" партиясы экономикада, армияда жана монархияны коргогон мыйзамдарды кескин өзгөртүүлөрдү жактайт. Бул талаптар 2020-жылы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү аял камакка алынды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипова кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу 15-майда “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, анын бөгөт чарасы 13-майда каралып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды. Талипова 27-майга чейин Бишкектеги Тергөө абагына киргизилди. Ошону менен катар сот тергөөчүнү анын жашы жете элек балдары кароосуз... Читать дальше...

Azattyk.org 

16-майдын аба ырайы

16-майга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Губернатор Забайкалья Александр Осипов вместе с кадетами посетил выставку «Казачество на государевой службе»

Shot: 16-летний подросток сбил маленького ребенка и врезался в ТЦ в Балашихе

Институт СТЭИ при поддержке Комитета общественных связей и молодежной политики города Москвы реализует проект "Вода Москвы"

Эксперт Блинкова сообщила, что тарифы ЖКХ вырастут на фоне плановой индексации

Музыкальные новости

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ

Собянин: В Щербинке будут запущены автобусные маршруты к МЦД и соцобъектам

Уголовное дело против известного российского политолога Михаила Александрова является фальсификацией бакинского режима

Киркоров потратил 200 млн рублей на ремонт и золотые унитазы

Новости России

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

В подмосковной Балашихе подросток на автомобиле сбил ребенка и врезался в супермаркет

Из аэропортов Москвы депортировали 643 граждан Таджикистана

Подрыв «Северных потоков». Небензя выдвинул предупреждение всем виновным. При чём тут «Лошарик»?

Экология в России и мире

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

Природа России 81

Спорт в России и мире

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Moscow.media

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Совместные учения сотрудников Росгвардии и МЧС прошли в Москве

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Синоптики спрогнозировали облачную погоду и до плюс 19 градусов в Москве 1 мая

Польская армия предупредила о колоннах военной техники у границы с Россией

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

У путіна погрожують Заходу через заморожені активи