Мы в Telegram
Добавить новость

Пожар в Улан-Удэ охватил более 20 жилых домов

Собянин: Столичные школьники и студенты вернулись из Большой арктической экспедиции

Лавров назвал временными меры профилактики терроризма на границе с Таджикистаном

Аналитик рассказал о плюсах и минусах системы «умный дом»



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2023

Новости за 08.05.2023

Azattyk.org 

Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат

Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады. Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда. Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва... Читать дальше...

Azattyk.org 

Дирижёр, 11 музыкант иштен кетти. Оркестрдеги келишпестиктин чоо-жайы

Президенттик “Манас” камералык оркестринин негизги курамынын иштен кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Оркестрдин көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев буга оркестрдик топ менен администрациянын ортосундагы пикир келишпестиги себеп болгонун айтып чыкса, жетекчилик дооматты четке какты. Дирижёр ишиндеги мыйзам бузуулардан улам кызматынан алынганын айтууда.  "Мыкты музыканттар кетти" Оркестрде көп жылдан бери көркөм жетекчи жана дирижёр болуп иштеген Кыргыз Республикасынын эл... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президенттик “Манас” оркестринин дирижеру бир нече музыкант менен чогуу иштен кеткенин билдирди

Президенттик "Манас" камералык оркестринин дирижёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев өзү менен кошо бир нече музыкант иштен кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Асаналиев мындай кадамга барууга жамаат менен администрациянын пикир келишпестиги себеп экенин билдирди. "Угармандарга азырынча эч кандай концерттер болбой турганын билдирүүнү милдетим деп эсептейм. Бирок алар сөзсүз болот, анткени биз маданиятты алып жүрүүчүлөрбүз. Кантип жана качан болот, алдыда кошумча маалымдалат", - деген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Беш жыл от кечип, жапон согушун жеңген Мамасалы ата

97 жаштагы сузактык Мамасалы Жумаев боз улан кезинде кан майданга аттанып, жапон согушуна чейин барган. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун киши катышкан. Жыл өткөн сайын ардаргерлер азайып, үркүрдөй гана киши калды. Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 78 жыл толду.

Azattyk.org 

Баңгизат сатууга шек саналган аскер кызматкерлери 18-июлга чейин камалды

Маңзат сатууга шек саналып кармалган эки аскер кызматкери 18-июлга чейин камакка алынды. Биринчи Май райондук сотунун 7-майдагы чечимине ылайык, алар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу аталган соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты. Мурдараак Коргоо министрлигинин эки офицери маңзат сатууга шектелип, кармалганын, аларды 6-майга караган түндө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашканын "Азаттыктын" жеке булактары кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай жана Борбор Азия башчылары эмки аптада саммитке чогулат

Кытайдын президенти Си Цзинпин эмки аптада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчылары менен саммит өткөрөт. Бул тууралуу Бээжин 8-майда билдирди. АФП кабар агенттиги жазгандай, 18-19-май күндөрдөгү иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышмакчы. "Быйыркы Жибек Жолунун тоомундагы Сиань тарыхый шаарында өтө турган жолугушуу 31 жыл мурун расмий алака түзүлгөндөн берки мындай форматтагы биринчи саммит болуп калмакчы", - деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлиги. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ар бир бийликтин укуругун узарткан Мурат Укушов

Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. 62 жаштагы юрист өлкөдө болгон конституциялык реформалардын дээрлик бардыгына катышкан. Тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда бир катар кызматтарда иштеп, 2010-жылы Убактылуу өкмөт түзгөн Конституциялык кеңешмеге да мүчө болгон. Учурда “сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтөт” деп сынга кабылган мыйзам долбоорлорунун негизги авторлорунун бири. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда Кызыл китепке кирген 15 тюлендин тарпы табылды

Казакстанда Каспий деңизинин жээгинде Кызыл китепке кирген 15 тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Экология министрлиги маалымдады. Факт боюнча полиция кылмыш иш козгоду. Адистер суунун жана абанын үлгүлөрүн анализдеп атышат. Мурда да бул деңиздин жээгинде өлгөн тюлендер табылган. Былтыр декабрда Дагестанда 2 жарым миң тарпты, кийинчерээк дагы 100 чактысын таап алышкан. "Росприроднадзор" ошондо жаныбарлар «жаратылыш газынан улам аба жетпей калып тумчуккан» деген версиясын айткан. Көз карандысыз экологдордун пикиринде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт

Өзбекстанда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 9-июлга белгиледи. Бул маалымат 8-майда аталган мекеменин сайтына жарыяланды. Мунун алдында, 8-майда президент Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. Документти парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталары өткөн аптада кабыл алган. Мирзиёев парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталарынын башчылары менен жолугушууда калган 3,5 жылдык мөөнөтүнөн баш тартып, жаңы шайлоо дайындаган себебин түшүндүргөн. Читать дальше...




Azattyk.org 

Техастагы трагедиядан кийин Байден куралга тыюу салууга чакырды

Техас штатындагы трагедиядан кийин АКШ президенти Жо Байден 7-майда Конгрессти жарым автоматтык куралдарга тыюу салууга кайрадан чакырып, республикачылардын бул багытта чара көрбөгөнүн сындады. Далластын түндүгүндөгү соода борборунда дем алышта бир адам жарым автоматтык мылтыктан туш келди ок ачканда сегиз киши, арасында бир бала мерт кетти. Президент желектерди жарым-жартылай түшүрүүнү буйруду. АФП агенттиги жазганына караганда, куралга тыюу салган мыйзамды Конгрессте кабыл алуу мүмкүн эместей көрүнөт... Читать дальше...

Azattyk.org 

"ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу алды

"ПолитКлиника" сайтынан парламент спикери Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты делген жаңылык толуктоо максатында алынды. Бул тууралуу басылманын редактору Дилбар Алимова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдын жообу келгенден кийин материал кайра толукталып чыгарыларын билдирди. "Биз ал жаңылыкта ушундай кат тарап жатканын кабарлап, Жогорку Кеңештин дагы жообун бергенбиз. Башкы прокуратурадан жооп алууга мүмкүн болбогонун кошо жазганбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте мектеп окуучулары Жеңиш күнүнө карата акцияга тартылууда

Бишкектеги бир катар мектептердин окуучулары 7-майдан тартып, "Эстелик вахтасы" деп аталган акцияга катышууда. Алар бул акциянын алкагында Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" кароолдо туруп жатышканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, окуучулар кароолду 9-майда Улуттук Гвардиянын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет. "Акция Коргоо министрлиги тарабынан "Биздин Жеңиш - Наша Победа" издөө кыймылы менен биргеликте өтүп жатат. Иш-чаранын максаты - жаштарды аскердик-патриоттуулукка... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот

Синоптиктер эскерткендей, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш. 9-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28; Талас облусунда түнкүсүн 5...7, күндүз 24...26; Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9...11, күндүз 28...30; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Azattyk.org 

Транспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Нарын облусундагы жолдордун курулушу менен таанышты. Аталган министрликтин маалымдашынча, ал Нарын аэропортунун учуу тилкесин, шаардын ички жолдорун, Нарын-Баетов жолун куруу иштеринен кабар алды. "Бариев жолчуларга ишти өз убагынан кечиктирбей бүтүрүүнү тапшырды. Быйыл Нарын шаарынын 44 көчөсүн оңдоо каралган. Ал эми Нарын-Баетов жолунун 36 чакырымына асфальт төшөлөт. Учурда бул жерде эски асфальтты сыйруу иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Үч айда “каржы пирамидасы” боюнча 54 иш козголду

Быйыл алгачкы үч айда Кыргызстанда “каржы пирамидасын” уюштуруу фактыларына байланыштуу 54 кылмыш иши козголгонун 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдан калган дагы 153 ишти тергөө уланган.  Былтыр бир жыл ичинде, ИИМ билдиргендей, жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп, анын 765и сотко жөнөтүлгөн, 129у кыскартылган, төртөө жоопко тартыла тургандар аныкталбаганына байланыштуу токтотулган. “Каржы пирамидасынан” жабыркаганын айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сербия: мектептеги кан төгүүдөн кийин билим берүү министри кызматтан кетерин айтты

Мектептеги кан төгүүдөн кийин Сербиянын билим берүү министри Бранко Ружич отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Министр курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, трагедиянын сүрөттөрү анын көз алдында өмүр аягына чейин каларын айтты. Ал өз чечимин үч күндүк аза күтүү аяктаганда, жекшембинин кечинде жарыялады. Буга чейин оппозиция өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырып келди.  3-майда Белградда 13 жаштагы өспүрүм өзү окуган мектепте сегиз окуучуну жана коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Чаткалда тигилген кийим-кечени чет өлкөдө саттык"

"Азаттык" бул жолу Жалал-Абаддын облус борборунан 350 чакырым алыс жайгашкан Чаткал районунун Жаңы-Базар айылына барды. Өмүрүнүн 40 жылын тигүүчүлүккө арнап, айылдын кыз-келиндерине да жумуш таап берген 75 жаштагы Байскан Көчөрбаева боюнча айтып беребиз.

Azattyk.org 

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев 8-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду. Документти парламенттин төмөнкү жана жогорку палаталары өткөн аптада кабыл алган. Шайлоонун датасы азырынча жарыялана элек. Мыйзамда "президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындагандан кийин добуш берүү эки айдын ичинде өтөрү" жазылган. Мирзиёев парламенттин төмөнү жана жогорку палаталарынын башчылары менен жолугушууда калган 3,5 жылдык мөөнөтүнөн баш тартып, жаңы шайлоо дайындаган себебин түшүндүргөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда “атеизмди жайылткан” деп айыпталган эки киши дарга асылды

Иранда социалдык медиада “атеизмди жайылтып, диний жана мусулмандардын ыйыктарына акаарат келтирген” деп айыпталган эки киши дарга асылды. “Фарда” радиосу жазганына караганда, Юсеф Мердад жана Садролла Фазели Заренин өкүмү ишке ашырылганы тууралуу маалымат 8-майда юстиция тармагынын сайтында жарык көрдү. 2019-жылы Эрак революциялык соту аларга айып таккан. Үч жаш баланын атасы Мердад жаратканга акаарат келтирди, Куранды өрттөдү деп айыпталган. Заре Мухамед пайгамбарга жана исламга акаарат келтиргенин моюнга алганы кабарланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖКга Ленин округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн 8-майда Бишкекте Жогорку Кеңешке № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) билдиргендей, бул округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн календардык планына ылайык,  үгүт өнөктүгү 27-майга чейин уланат. Депутаттыкка арыз берген 49 адамдын арасынан 32си талапкер болуп катталган. Арыз тапшыргандар арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев... Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ: Чүйдө жергиликтүү депутат кылмышка шектелип кармалды

Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Чүйдүн Достук айылынын бир нече тургуну кайрылган. Алар Пригородное айылдык кеңешинин депутаттарынын бири суу өткөрүп берүүнү убада кылганын, 3,5 миң сомдон чогултуп алганын, ишти аягына сапаттуу чыгарбай, коркутуп-үркүтүп жатканын айтып беришкен. “Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда согуштун ардагерлери 100 миң сомдон жардам алышты

Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнүнө карата ардагерлердин ар бирине 100 миң сомдон төлөнүп берилгенин 8-майда “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Жеңиш майрамына карата бир жолку мындай акчалай жардамдан тышкары ардагерлерге ай сайын 7 миң сомдон кенемте жана президенттин атынан 10 миң сомдон стипендия төлөнүп келет. Мындан тышкары, бир жолу төлөнүүчү 20 миң 400 сомдук акчалай жардам да төлөнүп берилди. Кыргызстанда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек-Балыкчы жолунун жээгиндеги өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балкчы жолунун жээгинде 7-майда тутунган өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылганын билдирди. Ага ылайык, 8-майда таң эрте кырсык болгон жерге  Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн беш куткаруучу, райондук токой чарбасынан төрт кызматкер жана Көк-Мойнок айылынан үч адам тартылды. Жекшембиде кечинде "Балыкчы" суу чарбасынан  бир суу ташуучу машина барган. Ошондой эле шаардагы №19 өрткө каршы бөлүктөн дагы бир күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрт өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калган. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Денис Майданов вышел на связь после сообщений о госпитализации в Москве

Члена молдавской оппозиции задержали в аэропорту после визита в Москву

Искусство Победы: После демонстрации. Они видели Сталина

Потепление до плюс 19 градусов ожидается в столице

Музыкальные новости

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

Новости России

Собянин: Новый мост через Москву-реку свяжет центр, запад и северо-запад города

Орловщина оказалась рядом с Москвой по росту цен на ЖКХ

Потепление до плюс 19 градусов ожидается в столице

Члена молдавской оппозиции задержали в аэропорту после визита в Москву

Экология в России и мире

Оформить медицинскую книжку

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

Спорт в России и мире

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Moscow.media

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Заря на Колодозере....

Совместные учения сотрудников Росгвардии и МЧС прошли в Москве

Глава МИД Армении: Ереван и Москва работают над решением проблем в отношениях











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Собянин: Новый мост через Москву-реку свяжет центр, запад и северо-запад города

Выше нормы: синоптики рассказали о погоде в Москве в мае

Потепление до плюс 19 градусов ожидается в столице

Члена молдавской оппозиции задержали в аэропорту после визита в Москву