Түркмөнстандын Мары шаарында "түркмөн айымдарына туура келбеген кийим кийди" деген негизде эки аял кармалды. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, алар 22-майда полиция бөлүмүнө жеткирилип, бир нече саатка созулган сурактан кийин бошотулду. "Сурак маалында аларды мындан ары жупуну кийинүүгө жана коомдук жайларда өздөрүн "түркмөндөрдүн принциптерине ылайык" алып жүрүүгө чакырышты", – деди радионун аймактык кабарчысы. Түркмөнстандын мыйзамдарында түркмөн аялдарына "ылайык келген" жана "ылайык... Читать дальше...
Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаары - лампа заводу жана уулуу заттар көмүлгөн жайлары менен белгилүү. Чакан шаардагы 26 миң калктын басымдуу бөлүгү заводдо иштейт. Акыркы жылдары анын иши солгундап, жумушчулар да азайды. Шаарда таза суу, жылуулук, жумушсуздук, экология маселеси курч.
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда бийликтин саясатын колдоп жүргөндөр менен жолугуп, интернетте маалымат таратуу тууралуу баарлашты. Президент жолугушууга катышкандарды социалдык тармактарда саясатчылардын тарапташтары менен кайым айтышпоого чакырган. Президенттик аппарат 23-майдагы жолугушууга кимдер катышып, кандай форматта өткөнү жөнүндө расмий маалымат жарыялай элек. Президентке жолуккандар Катышкандардын айрымдары гана социалдык тармактарда жолугушуу жөнүндө жазышты. Алардын... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталып жатканын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул тууралуу 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жазып, күрөштүн биринчи этабы эки жарым жылга созулганын белгиледи. "Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, бул этаптын алкагында мыйзам чегинде жазаларды максималдуу колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер... Читать дальше...
Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу аймагынан талапкер катары катталган абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков теледебатка катышуу укугу бузулуп жатканын айтып чыкты. Ал 24-майда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө келген учурда журналисттерге кайрылып, укук коргоо органдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясына нааразылыгын билдирди. "Жаза аткаруу кызматына, укук коргоо органдарына дагы кайрылам. Мени жок дегенде теледебатка алып чыккыла деп сураныч берип жатабыз. Мыйзам боюнча мамлекет талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп бериши керек.
Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Анын төрагасы, мурдагы вице-спикер Кубанычбек Исабеков комиссия буга чейин коомчулукка айтылбаган фактыларды алып чыгарын билдирүүдө. Апрель ыңкылабы боюнча чет өлкөгө качып кеткен ошол кездеги бийлик жетекчилерине өкүм чыккан. Үч комиссия иликтеген Июнь коогалаңына байланыштуу ушул тапта сот иши жүрүп жатат. Акаев-Бакиев окуясынан кийин түзүлгөн комиссия 24-майда Апрель жана Июнь окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөнүн... Читать дальше...
Кыргызстандын мектеп, окуу жайларында тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында билдирип, бул аракеттер 1,5 жылда ишке ашып каларын айтты: "Тарыхтагы окуялар, эң негизги баатырлар, андан сабак алчу окуялар, кыргыз баласы эмнени билиши керек? Биринчи кезекте жалпы билим берүү стандарттарында, экинчи, жогорку окуу жайларында, үчүнчү, илимий багыттагы тарыхчылар эмнени билиш керек? Тил, тарых, адабият - бул улуттун көрөңгөсүн түзөт". Читать дальше...
Жүк ташыган автоунаалардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы көзөмөл-өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн иш тартибине өттү. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. "Жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтүүсүн тездетүү үчүн бажы постторунун штаты толукталды. Диспетчердик башкармалык күнү-түнү иштөө режимине өттү", – деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө. Адатта май айында Казакстанга Өзбекстандан жашылча-жемиш ташыгандар көбөйөт. Читать дальше...
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламенттин 24-майдагы жыйынында Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын төмөндөтүү сунушуна каршы пикирин билдирди. Министр бүгүнкү күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик 80% жалпы тестирлөөдөн 110 упай да ала албай атышканын айтты. "Биз ЖРТнын упайын төмөндөтө албайбыз, тескерисинче көбөйтөбүз. Антпесек, балдар окубай коюп атышат. Балдар жогорку окуу жайына окубаса да, мектептин программасын өздөштүрүүгө тийиш". Каныбек Иманалиевдин маалыматына караганда... Читать дальше...
Бишкек мэриясы “Батуми” кафесин буздурууга анын курулушу жана иштеши боюнча "көптөгөн эреже бузуулар" негиз болгонун билдирди. Мэриянын басма сөз кызматынын 24-майдагы маалыматына караганда, шаар башкармалыгы жердин ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тарткан: “Жер тилкесин ижарага берүү маселесин караган комиссиянын чечиминин негизинде «Эстаунд» жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылды. Бул объектти курууда жана анын иштешинде көптөгөн эреже бузуулар аныкталды. Читать дальше...
Ооганстандын Гор аймагында сел жүрүп, алты адам каза болду. "Талибандын" бийлиги ондогон үйлөрдү суу агызып кеткенин 24-майда билдирди. Гор провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Абдул Вахид Хамас Франс-Пресс (AFP) агенттигине билдиргендей, Фирозкох шаарын 23-майда суу каптады. Ошол эле провинциянын Пасабанд районунда да сел жүрдү. Табият кырсыгында 100дөн ашык үй жана 200 гектарга жакын айыл чарба жери жараксыз абалга келди. Зыяндын көлөмү аныктала элек. 2021-жылы бийликке кайтып... Читать дальше...
Улуттук китепкананын директору Нуржан Иманкулова Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин кызматтан убактылуу четтетилди. Ал мындай чечимди кысым катары баалап жатат. Иманкулова жетектеген акыркы эки жылда китепкананын 52 кызматкери жумуштан мыйзамсыз алынганы айтылууда. Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өткөн жуманын соңунда Алыкул Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасынын жетекчиси тууралуу билдирүү таратты. Анда бул маданий жайды эки жылдай жетектеген Нуржан Иманкулованын мыйзамсыз иштери тууралуу сөз болгон. Читать дальше...
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы, коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримованын Швейцария банкындагы 303 миллион доллары Ташкентке эмес, Гибралтардагы Takilant деген офшордук компанияга кайтарылышы мүмкүн. Былтыр июлда сот Швейцариянын прокурорлору кармалып турган каражаттар коррупциялык жол менен алынганын тастыктаган документтерди бере албагандыктан, Каримованын адвокаттарынын арызын канааттандырган. Сотко байкоо салган активисттердин айтымында, Швейцариянын Федералдык... Читать дальше...
Орусияда 24-майда II Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Ага катышуу үчүн Москвага барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Внуково аэропортунан орус тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат. Президенттер биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. Читать дальше...
Нарын, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында билдирди. "Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт экен. Бишкекке келип окуган дарыгер кайра айылына барбайт экен. Эки айдын ичинде бардык шартын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап, 1-сентябрга карата 200-300 студентке чейин кабыл алыш керек. Ошолор эле окуу жайдын бюджетин 30-60 миллион сомго көбөйтө алат", - деди министр. Читать дальше...
25-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. 24-майдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү... Читать дальше...
Беларуста Александр Лукашенко бир нече күн эл алдына чыкпай калганын аденовирус жугузуп алганы менен түшүндүрдү. Ал өкмөт өкүлдөрү менен жыйын куруп, жумушунун көптүгүнө байланыштуу аденовирустан убагында дарылана албаганын, мындан улам өзүн алсыз сезгенин айтты. Лукашенконун билдирүүсү анын басма сөз кызматы жетектеген “Пуль Первого” Телеграм каналында жарыяланды. Ал өзүнүн оор дарты тууралуу кептерди “ушак” деп атады. Лукашенко 9-майдан бери элге көрүнбөй калгандыктан, анын саламаттыгына байланыштуу кеп-сөз тараган. Читать дальше...
Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев журналисттик иликтөөлөрдө "Казакстан аркылуу Орусияга дрондорду ташыганы" айтылган компаниялар тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. "Менде "Аспан Арба" компаниясы тууралуу маалымат жок. Бирок өткөн айда бизге АКШдан жана Европа Биримдигинен делегациялар келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Эгер Орусияга санкциялык товарлар жөнөтүлүп жаткан болсо, анда бизге алардын тизмесин беришмек. Делегация мүчөлөрү "Аспан Арба" компаниясы жөнүндө эч нерсе айткан эмес", – деди министр. Читать дальше...
Кыргызстанда акыркы аптада окуучулар катышкан эки окуя коомдо талкуу жаратты. 17-май күнү интернетте он чакты окуучуну тизип алып, бир өспүрүм аларга күч колдонуп аткан видео тараган. 19-майда жабыр тарткан балдардын биринин агасы, дагы биринин апасы милицияга арыз менен кайрылып, учурда тергөө жүрүүдө. Мунун алдында Сузакта окуучу кыз классташынан чөгөлөп кечирим сураган видеосу тарап, айрымдар буга жол берген мугалимдердин кесипкөйлүгү тууралуу маселе көтөрдү. Бул окуя 22-майда парламентте козголуп... Читать дальше...
Бүгүн 24-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин коңшу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода менен жолугушуусу өттү. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. "Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провокациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү. Ошону менен... Читать дальше...
Бишкекте үй шартында менчик бала бакча ачып иштетүүнү каалагандарга шарт түзүлүп жатканын бүгүн 24-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, «Өкмөттүк акселераторлор» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева окуудан өтүп, сертификат алган катышуучулар менен көчмө жыйын өткөрдү. “Долбоордун максаты – мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Анын негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору "А.А.И." пара алууга шек саналып кармалды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде камалып, УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди. Читать дальше...
Бишкек соту шаардын Административдик сотунун “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын доо арызын кабыл алуудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырды. Уюмдан “Азаттыкка” кабарлашкандай, мындай чечим Административдик сотто 23-майда кабыл алынды. “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Административдик сотко быйыл 15-апрелде кайрылып, өкмөттү аудиовизуалдык чыгармаларды цензуралоого багытталган чечимдерди кабыл албоого милдеттендирүүнү өтүнгөн. Өкмөт сунуштап жаткан өзгөрүүлөр кабыл алынса, уюм билдиргендей... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров айрым блогерлер жана активисттер менен жолукту. Бул маалыматты мамлекет башчы менен жолуккандардын айрымдары "Азаттыкка" ырастады. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24.kg сайтына жолугушуу болгонун тактаган, бирок ага кайсы блогер жана активисттер барганын ачык айткан эмес. Жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу расмий маалымат бериле элек. Былтыр 5-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолуккан. Читать дальше...
Орусиянын абактарында жаткан 459 кыргызстандык Кыргызстанга экстрадиция болуудан баш тартты. Бул тууралуу 24-майда Бишкекте өткөн жыйында Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин жетекчиси Алмаз Букалаев билдирди. Ал билдиргендей, былтыр 33 жаран Орусиядан Кыргызстандын абактарына которулган. "Быйыл 1-кварталда 19 жаран которулду. Дагы 38 жаранды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деди Букалаев. Ал министрлик чет өлкөлөрдө абакта жаткан 550, анын ичинде Орусияда соттолгон... Читать дальше...