Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 50 чакты тургуну Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кайрадан чогулушту. Алар тийиштүү адистерди аймакка келип, Өзбекстанга берилди делген жерлерди көрсөтүп берүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургун Кадырбек Карабаев маалымдады. "Чогулгандар менен милиция жолугуп сүйлөшүп жатат. Алар боз үй тигүүгө болбойт деп айтышып, түнү эл тиккен бир боз үйдү алып салышты. Бирок 50дөй тургун 1965-жылдары иштеген тийиштүү адистерди бул жерге чакырып... Читать дальше...
2-3-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда кыргызстандык Дархан Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөштү. Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду. Абу-Даби шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпионатына 15тен ашык өлкөдөн 2000ден ашуун спортчулар катышты. Ага Кыргызстандан жалгыз спортчу - Дархан Эргешов катталган. Читать дальше...
КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди аукцион аркылуу сатуу комиссиясынын 11.09.2006 ж. протоколу менен мурдагы айыл өкмөт башчысы Ш.Капаровдун атасы К.Капаров социалдык объект – баняны мыйзамсыз ит бекерге сатып алган.
11 сентябрь 2006 жылы Ш.К. Капаров айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди аукцион аркылуу сатуу комиссиясынын мүчөсү болуп туруп, кызыкчылыктардын кагылышуусу менен өзүнүн атасы К. Читать дальше...
7-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондоунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максүтовдү маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, ал эми Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына дайындоодо макулдук берүүдө талаш-талкуу чыкты. Бир катар депутаттар жаңы өкмөт өкүлдөрүн тааныштырып, буга чейинки министрлердин иштен алынган себебин түшүндүрүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келиши керектигин айтып чыгышты. Читать дальше...
Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки автоунааны өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук акимчиликтен кабарлады. Маалыматка караганда, эки тараптын милициясы бул багытта иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык мигранттар жапырт ууланган окуя тууралуу маалымат берди. Анда "Прайдекс" курулуш фирмасында иштеген Кыргызстандын 27 жараны ооруканага жаткырылганы айтылат. "Аталган фирма жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган жана кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. Учурда ууланган жарандар Боткин атындагы инфекциялык ооруканада жатат. Алдын ала маалыматка караганда, алардын абалы канааттандырарлык. Читать дальше...
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кандуу окуяда Баткендин аймагында бир катар айылдар коңшу өлкөнүн жарандары тарабынан талкаланып, өрттөлгөн. Үйсүз калган жашоочулар учурда курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын тегерегиндеги сөздөргө жооп берди. Мамлекет башчысы Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрүп, ошонун негизинде көлдүн жээгинен 1246 гектар жер Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын билдирди. Ал парламенттин 6-октябрдагы жыйынында, айылдык кеңештердин чечими керектигин, коркутуу болуп жатканын айтып, бийликтен түшүндүрмө талап кылды. "Өзгөндө спектакль өңдүү жолугушуу болду окшойт. Мен ошол жерден айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими керек деп талап кылдым эле. Ушул убакытка алган маалыматка караганда... Читать дальше...
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды. Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште буга чейин "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан шайланып келген 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыгып, "Мекенчил" деген топко бирикти. Бул тууралуу депутат Элмурза Сатыбалдиев 6-октябрдагы парламент жыйынында билдирди жана ал бул топту жетектери белгилүү болду. Сатыбалдиев депутаттардын бөлүнүп чыгышына аталган фракциянын буга чейинки лидери Нурлан Шакиевдин спикер болуп шайланышы жана ички өзгөрүүлөр негиз болгонун билдирди. Сатыбалдиев "Ата-Журт-Кыргызстандын"... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу А.О аттуу жаран жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан 200 миң сом пара алып жатканда кармалганын маалымдады. "А.О. кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашырганы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар талап кылган. Болбосо ал бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяларын айтып коркуткан. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү Жамааттык коопсуздук келишими уюмун кыргыз-тажик жаңжалын жөнгө салууга активдүү катышууга чакырды. Ал эми жарандык активисттер эл аралык коомчулуктан кыргыз-тажик жаңжалын иликтөөгө көмөк көрсөтүп, калыс баа берүүнү өтүндү. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Баш катчысы Станислав Зась Бишкекке жасаган иш сапарында кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугуп чыкты. Президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси талкууланды. 4-сентябрдагы жолугушууда... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазды. "Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген... Читать дальше...
"Медиа Полиси" институту президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө "элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин" белгиледи. Президенттин администрация 28-сентябда ЖМК тууралуу... Читать дальше...