15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан жети жаштагы баланын сөөгү бүгүн, 29-июнда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, баланын сөөгү бүгүн улантылган куткаруу иштеринин натыйжасында, сууга калкып чыгып калган жеринен табылды. Маалыматтарга караганда баланын сөөгү болжол менен ал түшүп кеткен жерде калкып чыгып калган. Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган баланы издөө иштери 15-июндан бери жүрүп жаткан. Бала... Читать дальше...
"Альфа Телекомдун" мурдагы директору, коррупцияга шек саналып кармалган Азат Базаркулов 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди 27-июнда Биринчи Май райондук соту чыгарганын аталган соттун кеңсе кызматы маалымдады. Азат Базаркулов коррупцияга шек саналып кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 27-июнда кабарлаган. Мекеменин маалыматында, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы аныкталганы айтылат. Читать дальше...
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бүткүл дүйнөлүк качкындардын күнүнө карата “Үйдөн алыс үмүт” аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөгө коюлган эмгектер 1916-жылкы Үркүндөн тартып, азыркы дүйнөдө болуп жаткан качкындардын тагдырын, жашоосун чагылдырат. 2022-жылы согуштан, аскердик кагылышуулардан улам мекенин таштап, качкынга айлангандардын саны 110 миллионго жеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги билдирген. Учурда Кыргызстанда 253 качкын жашайт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) түзгөн атайын комиссия Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 60 мечитти аныктады. Анын эң көбү - 33 мечит Сузак районунда аныкталган. Тогуз-Тородо -жети, Чаткалда -беш, Ноокенде -беш, Аксыда -үч, Базар-Коргондо -эки, Майлы-Суу менен Токтогул райондорунда бирден, ал эми Жалал-Абад шаарында - үч мечит ДИМК менен муфтияттын макулдугу жок, мыйзамсыз иштеп жатканы белгилүү болду. Атайын комиссиянын курамына күч кызматтарынын, жергиликтүү бийлик... Читать дальше...
Бир кылым мурда Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титаник" кемесин изилдөө үчүн "Титан" батискафы менен океан түбүнө түшүп, дайынсыз жоголгон адамдардын денесинин айрым бөлүктөрү табылды. Бул тууралуу 28-июнда АКШнын Жээктеги коргоо кызматы билдирди. Беш киши түшкөн субмаринанын калдыктары өткөн бейшембиде "Титаник" кемесинен 488 метр аралыктан табылган. "Титан" батискафынын бортунда беш киши: 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү, ишкер Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулейман менен... Читать дальше...
Ушул аптанын аягы менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ишин жыйынтыктайт. 27-июнда тармактык комитеттердин акыркы жыйындары болду. Парламент колдогон Кемпир-Абад мыйзамы 2022-жылы Жогорку Кеңештин жаңы сессиясы башталып-баштала электе октябрь айында парламенттин төрагасы алмашып Талант Мамытовдун ордуна Нурланбек Шакиев келди. Эми дароо эле Жогорку Кеңеш ушул сессияда кабыл алган маанилүү чечимдерге өтсөк. Былтыр 17-ноябрда парламент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин... Читать дальше...
27-июнь күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүнөн өткөн Ак-Суу дарыясына сегиз жаштагы бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл чогуу издеп, жыйынтыгында баланын сөөгү табылган. 28-июнь күнү түштөн кийин Ысык-Ата районундагы Нижне-Серофимовка айылында 12 жаштагы кыз Нооруз каналына түшүп кеткен. Куткаруучулар көп өтпөй кыздын сөөгүн табышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) күндүн ысышы менен агын сууларда... Читать дальше...