Хабибула Aбдукадыр Борбор Азияда бажыдагы коррупциялашкан аткаминерлер менен келишип алып соода империясын түптөп, андан тапкан миллиондогон кирешесин чет өлкөгө чыгарып кеткен деп айыпталган. Бирок мыйзам алдында жооп берүү ордуна анын жана үй-бүлөсүнүн таасири күчөп, дүйнөнүн ар кайсы жерине ондогон ири долбоорго инвестиция салган. Бүгүн Хабибула Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү көмүскөдөгү байлыгын глобалдык империяга айланткан. Бул иликтөө кубаттуу аткезчилик империясын курууга айыпталган киши кантип... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Латвияда окуучу кыз сабалганы жөнүндө Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматтын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн 30-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча элчиликке да, ТИМге да эч ким арызданып кайрылган эмес, Латвиядагы кыргыз диаспорасы да эч маалыматы жок экенин айтууда. “Мектеп директору менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал быйыл 15-февралда жогорку класста окуган кыздар тобу бир кызга психологиялык зомбулук көрсөтүшкөн окуя катталганын... Читать дальше...
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Мындай чечим бүгүн 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук сотунда кабыл алынганын, аны абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч менен сотко прокуратура өзү кайрылганын, сот аны канааттандырганын шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокуратура Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу кармалганын 2022-жылы 13-сентябрда билдирген. Читать дальше...
Өзбекстандын жарандары президент Шавкат Мирзиёевдин бийлик мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга жол ачкан референдумда добуш берүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы "референдум өттү" деп эсептелерин билдирди. “Саат 15:00гө карай 14 миллиондон ашуун адам же тизмедеги шайлоочулардын 77,04% көбү добуш берди”, – деди БШКнын төрагасынын орун басары Бахром Кочкаров. Коңшу өлкөдө шайлоочулардын бирдиктүү реестрине 19,7 миллион адам киргизилген. 65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейин бийликте отурган жылдары жокко чыгарылып... Читать дальше...
Нарын районунун Орто-Нура айылында киши колдуу болгон жети жаштагы Аруукенин сөөгү 29-апрелде жерге берилди. Мектепке даярдоо классында окуган наристе мындан бир күн мурда окууга кеткен бойдон үйүнө тирүү кайтпай калды. Кыздын кыйноо белгилери аныкталган сөөгү айыл четиндеги эч ким жашабаган үйдөн табылган. Үрөй учурган бул окуя балдардын коопсуздугун, зомбулук көйгөйүн күн тартибине чыгарды. Киши колдуу болгон Аруукенин кан жутуп отурган апасы ысымын коомчулукка ачык айтууну каалаган жок. Арууке бул үй-бүлөдөгү беш баланын үчүнчүсү эле. Читать дальше...
1-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23…28; Талас жергесинде түнкүсүн 6...11... Читать дальше...
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси 25-29-апрель күндөрү талкууланганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин 30-апрелдеги маалыматына караганда, жолугушуу Баткен шаарында өттү, ага үч өлкөнүн өкмөттүк делегациялары катышты. “Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Читать дальше...
Таласта уурулукка шектүү адам кармалганын, аны тушап, өз алдынча жазалоо аракетин көргөн адамдарга да укуктук баа берүү боюнча иш жүрүп жатканын 30-апрелде “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Анын айтымында, бүгүн мал базарда акчасын алдырып койгон эки адамдан арыз түшкөн, алардын бири – Бакайыр айылынын тургуну 60 миң сомун, экинчиси – Чолпонбай айылынын тургуну 6 миң сомун уурдатканын айтып даттанышкан. Сарногоева уурулукка шектүү адам Ысык-Көл облусунун... Читать дальше...
Баткенде алгачкы ирет уюштурулган "Кыргыз ажары–Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалынын жыйынтыгында Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунан 12 кол өнөрчү жеңүүчү деп аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, фестивалдын жыйынтыгы 28-апрелде чыгарылып, “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Таар килем” жана “Мурас килем” деген төрт номинациянын ар бири боюнча үчтөн байгелүү орун ыйгарылды. ... Читать дальше...
Өзбекстанда бүгүн 30-апрелде өлкө Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат. Эртең мененки саат сегизде бардык аймактарда жалпысынан 11 миңге чукул добушкана ачылды, алар кечки сегизге чейин иштейт. Шайлоочулардын бирдиктүү реестрине 19,7 миллион адам киргизилген. Кабарчылардын маалыматына караганда, ар бир шайлоо бекетинде Баш мыйзамга өзгөртүүлөр эмне себептен киргизилип жатканы тууралуу суроо-жооптор камтылган атайын китепчелер жана башка маалыматтар таратылууда. Читать дальше...
Казакстандын Маңгыстоо облусунда Өзбекстандын талабы менен каракалпакстандык эки активист кармалганын 30-апрелде “Шырак” маалымат борборуна таянып “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, казакстандык күч кызматкелери аларды 28-апрелде басмаканалардын биринде “Каракалпактар Өзбекстандын референдуму Каракалпакстан республикасынын аймагында өтүшүнө каршы” деген баннер жасатууга буюртма бергени жатышканда колго түшүрүшкөн. 28 жаштагы Бегдияр Халыкоразов жана 26 жаштагы Алпамыс Аллаяров экөө тең... Читать дальше...
1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 23 тыйынга кымбаттайт, башкача айтканда 1 сом болот. Өкмөт бекиткен тарифтик тутум 12 категориядан турат.
Нарында мектептен келатканда киши колдуу болгон жети жаштагы Арууке 29-апрелде жерге берилгенин “Азаттыкка” апасы билдирди. 34 жаштагы келиндин айтымында, ал үй-бүлөдөгү беш баланын үчүнчүсү болчу, мектепке даярдоо классына күзүндө кирген жана атасы ташып жүрүп, өз алдынча бара баштаганына бир жумадай эле болгон. Мектепке чейинки жол бир сааттык экенин айткан келин окуя ээн эмес, эл жашаган жерде болгонун, кылмышка шектелип жаткан киши менен киришип-чыгышып жүргөн үй-бүлө болгондуктан кыз аны тааный турганын... Читать дальше...
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук академиялык драма театрынын эмгек жамааты Бишкекте чыгармачыл сапары менен болуп, үч күндө алты спектакль тартуулады. Саамалык театрдын 50 жылдык маарекесинин алкагында уюштурулган. Спектаклдер борбордогу театр сүйүүчүлөр арасында жылуу кабыл алынды.
Нарын мамлекеттик университетинин демилгеси менен быйыл жыл башында Ак-Талаага күндүн нуру менен жылыган имарат салынып, китепкана катары пайдаланууга берилди. Бул иштин башында турган университеттин ректору Эрмек Байбагышов күн нуру менен үйдү жылытууну жайылтуу аракети менен жүрөт.
Ошто акча алмаштыруучу жайдан ири суммадагы акчаны карактап кеткен эки киши изделип жатканын шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” 29-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-апрелде эртең менен Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде болгон. Бет кап, кол кап тагынган эки киши тапанча менен бастырып кирип, ичинде иштеп отурган 54 жаштагы кишини сабап, 3,6 миллион сом накталай акчаны тартып алышканы жана сыртта атайын күтүп турган машинага отуруп... Читать дальше...
27-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент тууралуу комитети Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун карап, аны жактырды. Эми маселе парламенттин кезектеги жыйынында каралып, добушка коюлат. Ушундан кийин коомчулукта акыйкатчынын орду, анын көз карансыздыгы боюнча талкуулар кызыды. Эмне себептен Кыргызстанда бул маанилүү институттун жетекчилери тез-тез алмашат? Акыйкатчынын ролу эмнеде? Читать дальше...
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып, кийин үй камагына чыгарылган активист Чыңгыз Капаров ооруканадан дарыланып чыкканын 30-апрелде билдирди. “Ооруканадан дарыланып, жакшы болуп чыктым. Бизди колдогон, мамлекеттин келечегине кайдыгер эмес мекендештерибизге жана жеке менин тарапташтарыма, санаалаштарыма чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!” - деп жазды ал “Фейсбуктагы” баракчасына. Капаров абакта отурганда камакка алынышына каршы протест катары ачкачылык жарыялаган, кийин ден соолугуна байланыштуу бул акциясын токтоткон. Читать дальше...
Коррупцияга шек саналып кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыкты. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 30-апрелде билдиргендей, мындай чечим ишемби күнү Октябрь райондук сотунда кабыл алынды, Самаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко прокуратура кайрылган. Айрым маалымат каражаттары күч органдарындагы жеке булактарына таянып, Самаев күнөөсүн моюнуна алганын, 25 миллион сом төлөп, иштен кетүү тууралуу арыз жазып бергенин кабарлап жатышат. Читать дальше...
Таласта жоон топ адам уурулукка шектелген бирөөнү колун тушап жатышкан видеонун чоо-жайы териштирилерин бүгүн 30-апрелде облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. «Милицияга алып келишти. Мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деди «Фейсбуктагы» видеого жазган комментарийинде башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Динара Сарногоева. Видеону социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөндөр окуя Таласта мал базарда болгонун, “бирөөнүн чөнтөгүнөн 150 миң сом уурдап жаткан ууруну кармап алышканын” жазып жатышат. Читать дальше...