Кытайдан жүк ташыган айдоочулар “Эркечтам” өткөрмө бекетинин иштөө тартибин жакшыртууну талап кылууда. Бир канча чакырымга созулган кезекте турган ондогон айдоочу чек арадагы бажы көзөмөл бекетиндеги тейлөөгө нааразы. Кытайдан Кыргызстанга кире албай кезек күткөндөр да арбын экени маалым болду. Бээжинден кайтып келаткандар тыгында туруп, жумалап тамак-ашсыз калганын "Азаттыкка" айтып беришти. Бажы кызматы чек арадагы тыгынга айдоочулар менен жүк ээлеринин да күнөөсү бардыгын билдирди.
Front Line Defenders эл аралык уюму укук коргоочу Рита Карасартованын тергөө абагындагы мөөнөтү узартылганына терең тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырды. Бул тууралуу уюм расмий сайтына билдирүү жарыяланды. Анда укук коргоо жаатындагы уюм Карасартова отурган тергөө абагындагы шарттарга жана анын жакындары менен жолугуу укугунун чектелип жатканына тынчсыздануу билдирген. Эл аралык уюм аял укук коргоочулар Гүлнара Журабаеванын, Клара Сооронкулованын жана Асия Сасыкбаеванын тергөө абагынан бошотуу чечимин кубаттап... Читать дальше...
Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларын камтыган “Булбулум, булбулум ай” деген китеп жарык көрдү. Тарых музейинде өткөн иш-чарада акындын обондуу ырлары жаңырып, чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулду. 20-апрелде өнөр ээсинин көзү өткөнүнө үч жыл толду.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын Кара-Буура районуна берүү тууралуу чечим кызуу талкуу жаратты. Деги, тарыхый инсандын ысымын түбөлүк калтыруунун жалгыз жолу – анын ысымын топонимге айлантуубу? Жер-суу аталыштарынын өздөрү деле тарыхый мурас эмеспи. Тарыхчынын блогу. Тарыхка кылчайсак... Даңазалуу диктаторлор, өкүмдарлар, тоталитардык режимдердин негиздөөчүлөрү адатта өз ысымын жер-суу аталышы (топоним) катары таңуулаган учурлар тарыхта абдан көп кездешкен. Жер-суу аталышын мындай кой... Читать дальше...
Бажы кызматы 20-апрелде быйылкы жылдын алгачкы үч айында жасалган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, биринчи кварталда бажы төлөмдөрү 20,7 миллиард сомду түзүп, белгиленген план 105% аткарылды. Аткезчиликке байланыштуу 1200 факт катталды жана анын негизинде 1123 кылмыш иши козголуп, 8,2 милилон сом айып пул салынды. "Укук бузуулар жөнүндө иштер жана алдын алуу иш-чараларына ылайык төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 72,2 млн. сомду түзгөн. Отчёттук мезгилде бажы кылмыштары боюнча 77... Читать дальше...
21-24-апрель күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. 22-апрелге караган түнү Ысык-Көл... Читать дальше...
Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаровду кызматтан алды. Анын ордунда Нурлан Сулайманкуловду дайындады. Расмий маалыматта бөлүм башчы эмне себептен алмашканы жазылган эмес. Апсатаров бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп турган. Апсатаров ошондо атайын кызматка он жылдан кийин кайтып келген. Садыр Жапаров... Читать дальше...
Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салды. Расмий маалыматта, мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган. "Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына 21-апрелден тартып бардык кыргыз өндүрүүчүлөрүнө орусиялык керектөөчүлөргө сүт азыктарын жөнөтүүгө сертификат берүүнү токтотуу керектигин билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сапатты жана... Читать дальше...
“Бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин соту 15-майга белгиленди. Бул тууралуу ал 20-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын 19-апрелге белгиленген соту белгисиз мөөнөткө жылдырыган болчу. Буга судьянын ооруп калганы себеп болгонун Жекшеналиевдин адвокаты Нурбек Сыдыков билдирген. Жекшеналиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, адам пикиринин эркиндиги... Читать дальше...
20-апрелде Бишкек шаарынан “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон жол кырсыгында жараат алган балдардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” 21-апрелде билдирди. Анын айтымында, дагы төрт бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө кайрылган. Экөөнүн абалы жакшы болгону үчүн үйүнө жөнөтүлгөн. “Реанимациядагы үч бала өзүнө келди. Ал эми бирөөнүн абалы дагы эле оор бойдон калып жатат, бирок туруктуу”, - деди Мананов. ... Читать дальше...
Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев 20-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолукту. Анда тараптар өлкөнүн тышкы карызын экологиялык долбоорлорго алмаштыруу демилгесин талкуулады. "Асеин Исаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн, Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуунун, тактап айтканда, калкты суу, электр жарыгы, саламаттык сактоо жана билим берүү жаатындагы керектөөсүн камсыз кылуунун зарылдыгын айтты. Читать дальше...
Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Ал эми мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында болду. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты.
Президент Садыр Жапаров 20-апрелде жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын дайындады. Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы соттордун судья кызматына 20 талапкерди сунуштаганы жазылган. Жарлыкка ылайык, төмөнкү адамдар судья болуп дайындалды. Ысык-Көл облусу: Болоткан Дүйшөналиев Ысык-Көл облустук соттун судьясы; Гүлзат Абдинасырова, Тоң райондук соттун судьясы; Азат Матемиров... Читать дальше...
Бүгүн 21-апреде Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Өлкөдөгү бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду. Мусулмандар эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилери да катышты. Анын алдында президенттин расмий сайтында Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосу жарыяланган. Анда президент мусулмандарды майрамы менен куттуктап, өлкөгө береке, тынчтык жана өнүгүү, ал эми кыргызстандыктарга сабырдуулук... Читать дальше...