Мы в Telegram
Добавить новость

“Крокус”: 40 дней после теракта – звезды выражают соболезнования, к мемориалу несут цветы и игрушки

Члена молдавской оппозиции задержали в аэропорту после визита в Москву

Mash: киностудия Натальи Водяновой ушла в «минус» на шесть миллионов рублей

Двухлетний ребенок выпал с 7 этажа на улице Корнейчука

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2023

Новости за 24.04.2023

Azattyk.org 

Футбол: Ошто машыктыруучунун өлүмүнүн себеби иликтене баштады

23-апрель күнү эртең менен Ош шаарында Футбол академиясынын 29 жаштагы машыктыруучусу өз бөлмөсүндө көз жумганын 24-апрелде "Азаттыкка" шаардык милициядан билдиришти. Баштапкы маалыматтарга караганда, ал жүрөгү токтоп калып каза болгон. Бирок маркумдун көз жумган себебин так аныктоо үчүн медициналык экспертиза дайындалганы маалым болду. Буга чейин "Каганат" футбол клубунда машыктыруучу болуп эмгектенген спортчу аталган клуб жоюлгандан кийин Оштогу Футбол академиясында иштеп жаткан. Ош шаардык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда кезектеги эмдөө жумалыгы башталды

Кыргызстанда кезектеги эмдөө жумалыгы башталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан “Европалык иммунизация жумалыгы” алкагындагы иш-чаралар быйыл Кыргызстанда 24-30-апрель күндөрү өтөрүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен эл арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт жана пландуу эмдөөдөн өтпөй калгандар вакцина менен камтсыздалат. Бул жолу “Боштуктун ордун толуктоо” деген ураан менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоо өтө турган округдан талапкерликке 24 жаран арыз берди

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 24-апрелге карата 24кө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз бергендер арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев жана башкалар бар. Мындан тышкары эки талапкер берген арызын кайра алышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Өкмөттүн өгөй балдарына айландык"

Чаткалдын кооптуу жолунан улам элдин жашоосу оорлоп, азык-түлүк, тамак-аш жана күйүүчү май кымбат сатылып жатат. “Данисте” тележурналында үй алам деп бир топ жыл кезек күткөн милициянын ардагерлеринин турмушу, Баткендин Кыштут айылында ашар жолу менен курулуп жаткан көпүрө тууралуу да баяндайбыз.

Azattyk.org 

Сүт азыктары: Орусиянын чектөөсүнө эмне себеп?

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү сүткө байланыштуу чектөөлөрдү сүйлөшүү үчүн Орусияга барды. Россельхознадзор 21-апрелде Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салган. Мекеме кыргыз өндүрүүчүлөрү “чийки зат кайдан жана кимден алынарын, анын сапатын тастыктай албай жатат” деген доомат койду.

Azattyk.org 

Меккеге барчулар менингитке жана сасык тумоого каршы эмделет

Ажылык сапарга барчулар 26-апрелден тартып жугуштуу оорулардын эки түрүнө каршы эмдөөдөн өтө башташы керектигин бүгүн 24-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) эскертти. Маалыматта айтылгандай, менингитке каршы төрт компоненттүү “ACYW 135” жана сасык тумоого каршы “Гриппол” вакциналарын 26-апрелден 8-майга чейинки аралыкта алуу зарыл. Буга чейин муфтият ажылыкка бара тургандарга кайрылып, COVID-19 оорусуна каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификат талап кылынарын, өтпөгөндөр ажылыктын тизмесинен чыгарыларын эскерткен.

Azattyk.org 

Тергөө укугу: Эки тизгин, бир чылбыр УКМКга берилеби?

Президенттик администрациянын Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу сунушталган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлуп, кызуу талкуу жаратты. Анда тергөө укугун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүү маселеси камтылган.  Демилгечилер долбоор "прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт" деп түшүндүрүп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди. Мындан тышкары анын мал-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою мамлекеттик иштерге аралаша албайт. Сот аны мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапты. Мындан тышкары Масимовдун үч орун басарына да чечим чыкканы белгилүү болду. Ага ылайык, Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга соттолсо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Садыр Жапаров жана Дональд Лу Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулашты

Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси бүгүн 24-апрелде Бишкекте президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Лу менен жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров Лунун Кыргызстанга сапарын эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн жакшы белги деп баалады, жолугушууда ортодогу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Боомдо таш кулатуу иштеринен улам жол маал-маалы менен жабылат

Транспорт жана коммуникациялар министрилиги Бишкек-Нарын-Торугарт машина жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери башталганын билдирди. Ага ылайык, бул иштер 28-апрелге чейин уланат жана маал-маалы машиналардын каттамына чектөө киргизилип турат. "Күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа кыймылы маал-маалы чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүүдө. 30-40тан ашык машина топтолгондо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилип жатат. Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун... Читать дальше...




Azattyk.org 

Равшан Жээнбеков депутаттыкка талапкер болуу укугу бузулуп жатканын айтты

Камактагы оппозиционер Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюу укугу бузулуп жатканын айтууда.  24-апрелде ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жетекчилигине ага Конституция менен мыйзам жол берген укугун ишке ашыруу үчүн шарт түзүүгө буйрук берүүнү суранды. “Каттоо бүтөрүнө төрт күн калды. Тилекке каршы, ЖАК жетекчилеринин бюрократиясынын айынан ушул күнгө чейин мени конвой менен алып барып каттаттуу маселеси чечилбей, созулуп жатат. Мен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Футбол: Кыргызстандын курама командасын Штефан Таркович машыктырат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына башкы машыктыруучу болуп словакиялык Штефан Таркович дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги билдирди. 24-апрелде Кыргыз футбол бирлигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Штефан Таркович тандалган. 50 жаштагы Штефан Таркович УЕФАнын Pro машыктыруучулук лицензиясына ээ. 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан: Айт намазы референдум боюнча үгүткө айланды

Өзбекстанда бул жолку Айт намазы референдум боюнча үгүт өнөктүгүнө айланганын “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирди. Өзбекстандын Министрлер кабинетинин Дин иштери боюнча комитетинин атын атагысы келбеген өкүлү маалымдагандай, Мусулмандар башкармалыгы 21-апрелдеги Айт намазга карата имамдарга конституциялык референдумдун маани-маңызы тууралуу баяндаган атайын “тезистерди” таратып берген. Орозо айтка карата намаз бул жолу өлкөнүн бардык аймактарындагы 2 миңдей мечитте окулду. "Ренессанс" телеканалы кабарлагандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Былтыр Кыргызстанда 220 миң өзбек жараны убактылуу каттоого турган

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-апрелдеги жыйынында санарип өнүктүрүү министинин орун басары Жазгүл Кийизбаева Кыргызстанга келип-кеткен өзбек жарандары тууралуу маалымат берди. Анда былтыр 60 күнгө каттоого тургандардын саны 220 миңден ашканын айтты. "Өзбекстандын жарандары, чет өлкөлүктөр Кыргызстанга келгенден кийин беш күндүн ичинде 60 күнгө каттоого турушу керек. Былтыр Калкты каттоо департаментинде 220 миңден ашуун өзбек жараны катталган. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында, биринчи... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда иш жуманын төрт күндүк түрүнө да уруксат берилмей болду

Быйыл июль айынан тартып Казакстанда иш жуманын төрт күндүк түрү пайда болорун «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди. Өлкөнүн Эмгек кодексине 1-июлдан тартып киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, беш жана алты күндүк иш жумалары менен катар төрт күндүк иш жумасына да кезек берип туруу  каралат. Анын тартибин, кезегин жана кайсы күндөр дем алыш болорун жумуш берүүчү менен кызматкер эмгек келишимине жазып, өзүнчө аныктап алса болот. Маалыматта айтылгандай, мындай тартип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Чек арачыга бирден китеп" акциясы башталды

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы “Чек арачыга бирден китеп” акциясын баштады. 24-25-апрелде өтүүчү иш-чара Эл аралык китеп күнүнө карата уюштурулган. Анда ар түрдүү жанрдагы китептер алыскы, тоолуу аймактардагы чек ара тозотторунда кызмат өтөп жаткандарга берилмекчи. Чек ара кызматы акция өлкө боюнча өткөрүлөрүн "Азаттыкка" маалымдады. 24-апрелде Баткендеги акциянын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик, журналисттер, жашоочулар китеп алып келип, чек арачыларга таратып жатышат.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Оштогу өзбек музыкалык драма театры пайдаланууга берилди

Оштогу Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Театрды оңдоп түзөөгө каражатты коңшу Өзбекстан тарап каржылаган. 24-апрелдеги ачылуу аземине Кыргызстандын министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, Өзбекстан республикасынан маданият жана туризм министри Озадбек Назарбеков катышты. Театрды реконструкциялоо иши 2021-жылы сентябрь айында башталган. Ош шаардык мэриясы оңдоп-түзөө иштерин Өзбекстан моюнга алганын жана 5 миллион долларлык каражат сарпталарын кабарлаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жаан жаайт

24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 25-апрелге караган түнү Чүй... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: камактагылар ЖКны акыйкатчыны колдоого чакырышты

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандар акыйкатчы Атыр Абдрахматовага байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарга кайрылды. Анда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин Абдрахматова тууралуу билдирүүсү "орунсуз" деп сыпатталган. "Президенттик бийлик, адам укуктары маселесинде, бийликке жападан-жалгыз мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк боюнча пикирин айткан, коргогон акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу процессин баштады. Басма сөз катчынын тили менен силерге - Жогорку Кеңешке буйрук берди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Европа өнүктүрүү банкы Бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтотот

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы институтун каржылоону токтото турганын жарыялады. Банктын маалымат кызматы билдиргендей, бул тууралуу чечим 30-апрелде күчүнө кирет. Билдирүүдө 2020-жылы түзүлгөн институт өлкөнүн бизнес климатын жакшыртууда оң жыйынтык бергени, банк мындан ары дүйнөлүк тажрыйбаны жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Бизнес-омбудсмен институтунун ылайыктуу форматын аныктоодо кыргыз өкмөтүнө жардам берери да айтылат. Банк ошондой... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Кулубаев Дональд Луну кабыл алды

24-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Луну кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки жактуу мамилени өнүктүрүүнүн негизги маселелери, коопсуздук жашыл экономика жана С5+1дин алкагында кызматташуу талкууланды. "Кулубаев кыргыз тарап өз ара кызыкчылыктарды эске алууну жана мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну жактай турганын билдирди. АКШ тарап өлкөдөгү... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Ленин райондук соттун судьясына кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы Ленин райондук соттун К.Н.Т аттуу судьясына "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Анда атайын кызматка жарандардын бири судья оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2 миң доллар талап кылып жатканы тууралуу кайрылганы жазылган. "Талап аткарылбаса, соттолуучуга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарын айтып коркутушкан. Судья райондук соттун кызматкерлерин, жакын досторун аралаштырган, соттолуучулардан акча алган туруктуу коррупциялык схема такталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдардын 76% бала бакчага барбайт

Кыргызстанда 1 млн. 200 миң баланын 24% гана, же болбосо 200 миңи бала бакчага барат. Калган 76% (900 миң бала) бала бакча менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын балдар укугу боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 24-апрелде маалымат жыйында билдирди. Ал бала бакчага барбаган жеткинчектер жаш курактагы өнүгүүдө артта калып жатканын, бул алардын келечегине терс таасир берерин белгиледи. “Бул - алардын укугу. Бирок биз азыр колдо бар мүмкүнчүлүк менен алардын баарына бала бакчага барууга шарт түзүп бере албайбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборуна Кара-Кеченин көмүрүн жагуу азаят

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) башкы инженери Нурлан Кулжыгачов кабарлады. Анын айтымында, буга чейин ЖЭБде Кара-Кеченин көмүрү, импорттолгон көмүргө караганда көп жагылчу. Быйылтан баштап бул жагдай өзгөрөт. "Былтыр биз 1,1 миллион тонна жергиликтүү көмүр алганбыз. Калган 400 миң тоннасы импорттук көмүр болчу. Быйыл болсо импорттук көмүрдүн көлөмүн 600 миң тоннага чейин көбөйтүп жатабыз. Жакынкы убакта тендерге чыгарганга аракет кылабыз. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Финансист Некрасов: использование криптобирж для хранения средств несет риски

Синоптик Тишковец: в первый день мая в Москве ожидается до +20 градусов

Двухлетний мальчик погиб после падения с высоты в Москве

Киров - на 30-м месте рейтинга российских регионов по доходности вложений в недвижимость

Музыкальные новости

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России

Новости России

Лучшая трудовая династия Подмосковья проработала в энергетике почти 300 лет

Животные Московского зоопарка начали. выходить в уличные вальеры

Mash: киностудия Натальи Водяновой ушла в «минус» на шесть миллионов рублей

“Крокус”: 40 дней после теракта – звезды выражают соболезнования, к мемориалу несут цветы и игрушки

Экология в России и мире

ЗЕЛЕНЬ для здоровья мужчин и женщин: советы аюрведы

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Оформить медицинскую книжку

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Спорт в России и мире

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Moscow.media

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Автомобили HAVAL — с комфортом по бездорожью

Коршун

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Московский суд арестовал водителя Mercedes по делу о ДТП с двумя жертвами

Mash: киностудия Натальи Водяновой ушла в «минус» на шесть миллионов рублей

“Крокус”: 40 дней после теракта – звезды выражают соболезнования, к мемориалу несут цветы и игрушки

Животные Московского зоопарка начали. выходить в уличные вальеры