Улуу муундарда В.Лениндин теориясын тоталитардык түзүлүштүн идеологиясы катары карабастан, адил жана керемет күч катары баамдоо учурлары суюлбады. Социализмдин калпыстыгын сынга алган К.Поппер жана Ф.Хайек сыяктуу ойчулдардын ой чабыттары - ленинизмди жаңыча таразалоого өбөлгө. Тарыхчынын блогу.
Европа Биримдиги жаңы санкциялар топтомунда Орусия аркылуу жүк ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Bloomberg жаңы санкциялык сунуштар менен тааныш болгон жашыруун булактарга таянуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, Орусия аркылуу үчүнчү өлкөлөргө жүк ташууга толук тыюу салынбайт, бир катар технологияларга жана жабдуулардын түрлөрүнө чектөөлөр киргизилиши күтүлүүдө. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Польша, Эстония жана Литва Евробиримдиктен Орусиянын аскердик өнөр жай комплексинде... Читать дальше...
23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. Ош шаарында жаштарды китеп окууга кызыктыруу үчүн ар кандай аракеттер көрүлүп келет. Кофе сунуштап, кардар тарткан дүкөндөр да бар. Алар жаштарда тандоо жана шарт болсо, китепке болгон кызыгуу артат деп эсептешет.
Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Буга өндүрүлгөн сүт кайдан, кандай сапатта алынып жатканы белгисиз деген жүйө келтирди. Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы буга байланыштуу Орусиядан кат келе электигин билдирип жатат. Россельхознадзор 21-апрелден тартып Кыргызстандан Орусияга сүт азыктарын жөнөтүүгө сертификат берүүнү токтотуу керектигин билдирди. Мекеме 10-16-апрель күндөрү... Читать дальше...
Мексиканын мамлекет башчысы Андрес Мануэль Лопес Обрадор мурун колдонулган президенттик учакты сатууга жетишкенин айтты. "Мен Мексиканын элине бүгүн президенттик учакты сатуу келишими түзүлгөнүн билдирем", - деп жазды Лопес Обрадор 20-апрелде Твиттерде. Расмий маалыматка ылайык, тажик бийлиги президенттик Boeing 787 Dreamliner учагы үчүн 1,7 миллиард песо (92 миллион доллар) төлөгөн. Тажик бийлиги буга комментарий бере элек. Аны Тажикстандын кайсы авиакомпаниясы сатып алганы азырынча белгисиз. Читать дальше...
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге басым кылып каражат талап кылган фактылар 90% чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында айтты. Парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө кылмыштуу топтордун өкүлдөрү бизнесмендерди уруп-сабап акча талап кылган окуялар бар экенин айтып, министрликти ишкерлерди коргоого чакырды. “Экономиканын кыймылдаткыч күчү - ишкерлер. Аларды мамлекет салык менен кысса... Читать дальше...
Сузак районунун 31 жаштагы тургуну Аксана Омокова сегиз баланын энеси. Жолдошу Орусияга иш издеп кеткен. Мындан үч жыл мурун үч эм төрөгөн Аксанага жергиликтүү бийлик жардам убада кылган. Андан бери кооптуу жерде жашап жаткан үй-бүлө өкмөттөн жер тилке сурап, ала албай жүрөт.
20-апрелде президент Садыр Жапаров мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алып, кыргыз тилинин абалы, аны өнүктүрүү, колдонуу боюнча пикир алышты. Жолугушууда президент Осмоналиевди “кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды”. Коомчулукта, басма сөздө көтөрүлүп келаткан латын арибине өтүү Кыргызстанда эмне себептен мындай кызуу реакция жаратты? Кириллица менен латын арибинин кайсынысы кыргыз тилине жакын? Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-апрелде күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5. Читать дальше...
Борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов Бишкек - “Манас” аэропорту автожолунда жол кырсыгына кабылып ооруканада жаткан балдардын абалы тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди. Анын сөзү боюнча, автокырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Анын үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган. Төрт бала реанимацияга түшүп, үчөө 22-апрелде эсине келип палатага которулду. Дагы биринин абалы дагы деле оор бойдон. “Абалы оор. Негизинен мээсинен жаракат алган. Читать дальше...
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Аширбай Жусупов Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө салган тыюу боюнча маалымат берди. Ал 22-апрелде өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын Россельхознадзор мекемесинен Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине эч кандай документ же кат келбегенин айтты. “Россельхознадзордон кандайдыр бир талап болсо Кыргызстан баарын аткарганга даяр. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп жатканда биздин... Читать дальше...
22-апрелдин түнү Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автожолунун 82-чакырымында таш кулап, жолду бөгөп калган. Анын кесепетинен районго баруучу жол дээрлик бир күн жабылган. Кулаган таштын болжолдуу көлөмү 6 миң куб экени айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар жок экенин билдирди. Кулаган таштардан жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары үзүлүп, 2800 турак жай жарыксыз калган. 23-апрелге карата элге жарык берилгени кабарланды. Жолду тазалоо иштерине эки автоунаа тартылган. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында түтүк (труба), шифер чыгарган “Кант ТШИ” заводунун жаңы имаратынын жана ушул эле райондун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, эми “Кант ТШИ” автоклавдык газ бетон да өндүрөт. Долбоордун суммасы 12,1 млн. доллар. Анын 8,5 млн. долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Заводдо 120 жумуш орду ачылып, жылына 100 млн. Читать дальше...