Мы в Telegram
Добавить новость

Синоптик Ильин предупредил москвичей о падении атмосферного давления 1 мая

Кулинарный блогер Эрбис объяснила, какие блюда можно улучшить с помощью сахара

ТАСС: корректную версию беседы Лаврова и Мухриддина изложил МИД РФ

Кто родился 1 мая



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2023

Новости за 05.04.2023

Azattyk.org 

Израилдин полициясы Ал-Акса мечитинин жанында палестиналыктар менен кагылыша кетти

Израилдин полициясы Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен кагылыша кетти. Рейтерс агенттигинин жазганына караганда, окуя тартип коргоочулар жөөттөргө комплекске кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеттенгенде болгон. Полициянын маалыматына ылайык, эртең менен таң эрте алар мечит жайгашкан дөңсөөдө рейд жүргүзгөн жана анын алдында ал жерге бир нече палестиналык намаздан кийин бекинип алып, баррикада түзгөн. 350 киши кармалып, ондогону жаракат алганы кабарланды.  Палестин тараптын айтымында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы зордукталган секелектин иши боюнча сот чечимдерин сынга алды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку сот 13 жаштагы секелек кызды зордуктоого айыпталган Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкерине 5-апрелде чыгарган өкүмү тууралуу комментарий берди. Анын билдирүүсүндө кызды зордуктагандарга берилген жазанын азайтылышы Кыргызстанда зомбулуктун көбөйүшүнө жол ачары айтылат. “Милицияга берилген жазаны жумшартуу - сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү жана баардык зордукчуларга колдоо белгиси болду”, - деген Атыр Абдрахматова. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыздардын укугу: Үргөнчтөгү үрөй учурган иш

Журналисттер Өзбекстанда 10 ай бою балдар үйүндөгү кыздарды зордуктап жүргөн аткаминерлер жеңил жаза менен кутулуп кеткенин аныктаган. Үрөй учурган окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, президенттин кызы Саида Мирзиёева да үн кошту. Ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонуна эки жыл толду. Жогорку сот бир жылдан бери коомчулуктун назарында турган 13 жаштагы кыздын ишине чекит койду. Өткөн аптада ондогон кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак депутаттары Орусияны сындаганы үчүн соттолгон активисттердин маселесин көтөрдү

Казак мажлисинин бир катар депутаттары “Петропавловксидеги жикчилдикке байланыштуу” Орусияны сындаганы үчүн соттолгон активисттер Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбайдын ишин кайра карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу 5-апрелдеги пленардык жыйында белгилүү болгонун "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Депутат Ермурат Бапи башкы прокурор Берик Асыловго кайрылып, "биздин мамлекеттин намысын коргогон патриоттор Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбай улут аралык жек көрүүгө шыкактоо үчүн беш жылдан абакка кесилген" деп айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия: үч күндө жүздөн ашуун кыргыз жараны чыгарылды

Орусиянын Сахароводогу миграция борбору аркылуу үч күндө Москва жана Москва облустарында жашап, иштеп жүргөн 136 кыргызстандык мигрант депортация болду. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргызстандык мигранттар ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жараны катары мурдагыдай эле шартта иштеп жатканын, орус бийлиги миграция мыйзамдарын бузгандарды өлкөдөн чыгара баштаганын билдирди. "Базада жоксуң деп бир күн кармашты" Кыргызстандык мигрант Илгиз Сапарбаев... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эл артисти Сталбек Алмасбеков каза болду

5-апрелде опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, Алмасбеков эмнеден улам каза болгонун тактаган жок. Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык - хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК каржы пирамидасын жарнама кылгандарды жоопко тартуу долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш 5-апрелдеги жыйынында Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган адамдарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнама кылгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилет. Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыккан. Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар көп. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Шайлоочулардан компроматты жашырган". Трампка айыбы угузулду

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу сотто 34 пункттан турган айыптардын баарын четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады. Трамп 2016-жылы президенттик шайлоонун алдында порнографиялык актрисага маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн акча төлөгөн деп айыпталууда. АШКнын тарыхында алгачкы жолу экс-президентке кылмыш жасаганы үчүн расмий айып тагылып, 4-мартта 76 жаштагы Дональд Трамп Манхэттендеги сотко келди. Эрежеге ылайык, Трамптын манжа тактары алынып, сүрөткө тартылышы керек эле. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нарын облусунда бир катар айылдар бириктирилет

Президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Ак-Талаа районунда бир катар айылдар бириктирилип, Ала-Бука, Кара-Бүргөн, Баетов, Тоголок-Молдо айылдары түзүлөт. Ат-Башы районунда да айылдар ирилештирилип, Ат-Башы, Казыбек, Ак-Моюн, Баш-Кайыңды, Кара-Суу айылдары калат. Жумгал районунда Кызарт, Жумгал, Түгөл-Сай, Чаек, Миң-Куш айылдары түзүлөт. Кочкор районунда болсо беш айыл биригип, Кочкор айылы болот. Читать дальше...

Azattyk.org 

Элчилик: Орусияда кафеде кармалган кыргызстандыктар бошотулду

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын Таган районунда коомдук тамактануу жайлардын биринде ооз ачарда кармалган кыргызстандык мигранттар боюнча 5-апрелде маалымат берди. Алардын баары бошотулганын кабарлады.  “Бул факты боюнча элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери Москванын Таган районунун ички иштер бөлүмүнө барды. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын кармалган бардык жарандары элчиликтин көмөгү менен административдик жаза колдонулбастан бошотулду”, - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт "Карвен", "Каприз" пансионаттарынын акциясын сатууну пландап жатат

Өкмөт Ысык-Көлдөгү “Карвен-четыре сезона” эс алуу жайынын 33% үлүшүн жана “Каприз” пансионатынын 27,34% акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, жакында эс алуу жайларын баалоо жараяны өтүп, наркы аныкталса, сатыкка чыгат. “Карвен-четыре сезона” жоопкерчилиги чектелген коомунун 33% үлүшү мурдагы депутат, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болчу. Читать дальше...




Azattyk.org 

Кайра шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирди

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны жетиге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Маалыматка караганда, 5-апрелде Азат Абдылдаев БШКга талапкерлигин коюу жөнүндө арыз тапшырган. Буга чейин талапкер болууга арыз тапшыргандар: 1. Булекбаев Эркин Касымович 2. Кунакунов Максат Касымжанович 3. Арзыкулов Марат Замирбекович 4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович 5. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды

Өткөн аптада 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кубандык Акматбеков "Азаттыкка" билдирди. Ал Сахарово айылындагы убактылуу кармоочу жайында ушундай эле негизде жүздөй кыргызстандык кармалып турганын кошумчалады. "Буга чейин Сахарово айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайда кыргызстандыктар узагыраак кармалып жатат деген маалымат чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Машиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирди

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Медер Машиев 5-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясында “Акун” пансионатына байланышкан талаш тууралуу маалымат берди: “Акун” мамлекетке кайтарылган жок. Мүмкүн башка кылмыш иштери боюнча иш каралып жаткандыр. Менчиктештирүү маселеси жок жана бизден эч кандай материал сурашкан жок”, - деди Медер Машиев. Былтыр декабрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусундагы “Акун” пансионатына 17,65 гектар жер менчикке мыйзамсыз берилгенин билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Европалык ири компания өзбек өкмөтүн арбитраждык сотко берди

Тоо-кен өнөр жайы жана жарандык курулуштар үчүн жардыргыч заттарды чыгарган испаниялык Maxam корпорациясы Өзбекстандын өкмөтүн Лондондогу арбитраждык сотко берди. Eurasianet басылмасы маалымдагандай, кеп Maxam-Chirchiq комбинатындагы үлүш тууралуу жүрүүдө. Ишкана минералдык жер семирткичтерди жана химиялык продукцияны чыгарат. Алардын өнөктөшү мамлекеттик "Узкимёсаноат" компаниясы. Корпорациянын өкүлү басылмага берген маегинде "Maxam менен өзбек өкмөтү ортосундагы татаал мамилелерди" белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү кармалды

Ошто 23 жаштагы келиндин сөөгү Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган. Ош шаардык милициясынан "Азаттыкка" билдиришкендей, окуя 2-апрелге караган түнү болгон. Алгачкы териштирүү учурунда анын жолдошу окуяга шектүү катары кармалды. Ал аялын кызганычтын айынан бычак менен моюн тушка сайып жибергенин айтып берген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголду. Шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына камалды. Келин Кара-Суу районунун Жаңы-Маале айылынын тургуну болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бангладеште 3 миң дүкөн жайгашкан базарда өрт чыкты

Бангладештин борборунда шейшембиде болгон өрт 7-8 саатта араң өчүрүлдү. Маалыматтарга караганда, 12 киши жаракат алды. Кийим саткан базардагы өрт 4-апрелде эртең менен тутанган. Аны өчүрүүгө 48 бригада, жоокерлер, аскердик тик учак тартылган, бирок суунун тартыштыгы жана топтолуп калган эл алардын ишин татаалдаткан. Dhaka Tribune гезити түшүндүргөндөй, өрт төрт базар орун алган ири комплексти чалган, анын аймагында 3 миңдей дүкөн жайгашкан. Күбөлөрдүн айтымында, дүкөн ээлери жана кызматкерлери... Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ аялдардын уюмда иштешине салынган тыюуну талибдер менен талкуулайт

Мындай кадам "Талибан" оогандык аялдардын БУУнун кеңселеринде иштөөсүнө салынган тыюунун мөөнөтүн узарткандан кийин жасалууда.  Улуттар Уюмунун басма соз катчысы Стефан Дужарриктин айтымында, Ооганстандагы миссия (UNAMA) 5-апрелде талибдер менен талкууда бул маселеге “тактык киргизүү” аракетин көрмөкчү. Бир күн мурда Кабулдун де-факто бийлиги “БУУнун жергиликтүү аял-кызматкерлерине иштөөгө тыюу салды” деген оозеки маалымат түшкөн. 2021-жылы жайында бийликке кайтып келери менен "Талибан" ооган... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 7-апрелде күндүз жана 8-9-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлөгөн жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. 8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ат-Башы ГЭСин оңдоо иштери аяктады

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу 40 мегаваттан 45,7 мегаватка көбөйгөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 5-апрелде билдирди. Анын пайдалануу мөөнөтү 25-40 жыл деп белгиленген. ГЭСтин оңдоодон өткөнүнө байланыштуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Кыргызстандын энергетика жаатындагы потенциалы жогору экенин айтып, өлкөдө 40 миң дарыя, мөңгүлөр бар экенин белгиледи. "Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлорго бардык шартты түзөбүз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналисттерди таптаган "ПолитКлиника"

"ПолитКлиника" медиасы быйыл 10 жылдык мааракесин белгилөөдө. Бул арада басылма бир топ машакаттуу жолдорду басып, журналистиканын эл аралык стандарттарын карманган өлкөдөгү алдыңкы медиа болууга жетишти. Басылма журналисттик иликтөөлөрдү, фактчекинг, дата-материалдарды, эксперттердин пикирлерин, эксклюзивдүү маектерди жана саясий дебаттарды даярдап келет. Гезиттен онлайн медиага "ПолитКлиника" коомдогу көйгөйлөрдү ачык чагылдырууга далалат кылып түптөлгөн басылмалардын бири. Анын алгачкы саны мындан туура он жыл мурда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады

Бишкек шаарында таштандыларды туш келди, башаламан таштагандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирип, шаарды көрктөндүрүүгө көзөмөл кылган инспекция “Тазалык” ишканасы менен бирге рейддерди жүргүзүп жатканын кабаралды. Маалымат боюнча, эки күндө үч райондо алты тартип бузуу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды. Өнөр жай таштандыларын акы төлөбөй эле түн ичинде таштанды челектерине таштаган фактылар көп. Кийим тигүү цехтеринин, курулуш таштандыларын ыргыткандар да бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Секелекти зордуктоо: Жогорку Сот бир шектүүнүн жаза мөөнөтүн көбөйттү

Жогорку Сот 22-мартта 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону 5-апрелге жылдырды. Буга айыпталуучунун биринин адвокаты алмашып, ал иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду. 5-апрелде Жогорку Сот 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адамдын ишин кароону улантты. Анда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коом көйгөйүн ырга салган жаш таланттар

Улуттук “Манас” театрынын кызматкерлери Нурсултан Малдыбаев менен Азамат Асанбековдун комуздун коштоосунда ырдаган тамашалуу ырлары социалдык тармактарда жылуу кабыл алынууда. Алар социалдык көйгөйлөрдү, коомчулукта талкуу жараткан окуяларды ырга салып, элге тамаша менен жеткирип жатат.


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Госдуме предложили увеличить МРОТ в России до 30 тысяч рублей

Столичные компании активно внедряют роботизированные системы

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

Май спрогнозировали россиянам синоптики

Музыкальные новости

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

«Динамо» подложило под «Зенит» бомбу! «Краснодар» может возглавить РПЛ за четыре тура до конца

Новости России

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

В Госдуме предложили увеличить МРОТ в России до 30 тысяч рублей

Дожди и заморозки: синоптик Шувалов предупредил о двух волнах похолодания в Москве

Май спрогнозировали россиянам синоптики

Экология в России и мире

Чем перекусить без вреда для здоровья и фигуры?

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Спорт в России и мире

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Moscow.media

РОССИЯН ПРЕДУПРЕДИЛИ О РИСКАХ ВОЗВРАЩЕНИЯ РАЗБОРОК НА ДОРОГАХ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В Балакове "десятка" сбила двух женщин и девушку

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV











Топ новостей на этот час

Rss.plus






РЕН ТВ: в Москве шестилетний сын спас мать, впавшую в кому

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

Свыше 250 тысяч цветочных кашпо украсят Москву в этом году

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико