Бишкектин Ленин райондук соту 70 жылдык тарыхы бар «Азаттыктын» Бишкектеги бюросунун ишмердигин токтотуу чечим чыгарды. Бул чечим алты айдан бери уланып келе жаткан алгач «Азаттыктын» сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөөдөн соң кабыл алынды.
Иракта террорчулукка шек саналып камакта отурган чет элдик аялдардын тобу ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Багдаддагы "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүп өтөп жаткан кыргызстандык келиндер кабарлашты. Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктардан тышкары, Дагестан, Чеченстан, Орусия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн да жарандары бар экенин Кавказ.Реалии басылмасы абактагы булактарына таянып жазды. Алар өздөрүнө коюлган айыпты алып салууну жана мекенине кайтарууну талап кылып жатышат. Читать дальше...
Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануу билдирди. "Кыргызстандагы таанымал жана ишенимдүү маалымат булактарынын бири болгон "Азаттык" радиосун жабуу - көз карандысыз маалымат каражаттарына коркунучтуу белги жана кыргыз бийлиги көздөгөн багыт тууралуу олуттуу суроолорду жаратат", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гулноза Саид. ... Читать дальше...
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу "чектен чыккан" чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди. "Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат", - деди Флай. 27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Читать дальше...
Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими тууралуу пикирин билдирди. Саясатчы "Азаттыкты" жабуу тууралуу чечимди негизсиз деп эсептейт: "Мен лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын угуп, бир да көзгө басарлык аргумент таба албадым. Мындан улам "Азаттыкка" эскертүү берилип же башка материалдык санкциялар менен иш жабылат деп ойлогом. ЖМКны жабуу - бул аша чапкандык. Юрист катары "бул чечим - бийликтин буйругу" деп далилсиз божомолдорду айтып... Читать дальше...
Тажикстанда армияда кызмат өтөп жаткан бир нече жоокердин аеосуз сабалганы тартылган видео катуу талкууланып, аскердеги “чоңсунуу” маселесин козгоду. Социалдык тармактардын колдонуучулары күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып, ошондой окуялардын бетин ачкан маалыматтарды таратышууда. Ал эми эксперттер жана жарандык коом өкүлдөрү бийликти кармалгандардын ишин адилет кароого чакырышты. 25-апрелде Тажикстандын Башкы прокуратурасы "Ворух" чек ара комендатурасынын башчысы подполковник Нухзат Лазуриев кармалганын билдирди. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Ленин райондук сотунун "Азаттыкты" жабуу чечимин сындап, бийлик өзү киришкени үчүн ушундай жыйынтык болору күтүлүп жаткан деп эсептейт. Анын оюна караганда, акыркы тенденциялар менен "Азаттыктын" тегерегиндеги окуяларды байланыштырып кароо керек. "Чечим мен үчүн жаңылык болгон жок. Себеби сентябрь айынын этегинен тарта кысым башталган. Бийлик өзү муну чоң маселе катары көтөргөн жана доомат койгон. Мамлекеттик органдар өз алдынча сотко бербейт эле, демек бул тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Читать дальше...
Коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева Бишкектин Ленин райондук сотунун "Азаттыкты" жабуу чечими тууралуу комментарий берип жатып, Кыргызстанда "Азаттыктын" орду өзгөчө экенин белгиледи. "Укугу тебеленген, айрыкча куугунтукка кабылган саясатчыларга акыйкаттыкка жетүүдө көмөк көрсөтө алган. Ошол эле президент Садыр Жапаров камалганда "Азаттык" радиосу ал мыйзамсыз, акыйкатсыз, адилетсиз кармалып калганын дүйнө жүзүнө жар салган. Мен өзүм да Жапаровдун мурдагы тарапташы, саясатчы жана депутат катары анын укугун коргогон маектерди берип жүрдүм. Читать дальше...
Ташкенттин райондор аралык сотунун чечими менен Sof.uz интернет басылмасы 3,7 млрд. сум же 326 миң АКШ доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Басылма "Анорбанктын" кадыр-баркына доо кетирген деп айыпталып, күнөөлүү деп табылды. Соттун чечимине караганда, Sof.uz басылмасы өз баракчаларында "Анорбанкты" негизсиз сындап, беделин түшүргөн. Бул Өзбекстанда интернет басылма каржы мекемесинин аброюна шек келтирүүгө айыпталып, ири суммадагы айыпка жыгылганы белгилүү болгон биринчи окуя. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук соттун чечими тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына аталган медиа калыстык издеген жарандардын үнүн угузган медиа экенин белгиледи. “Азаттык” дайыма акыйкаттык тарапта болуп келген, калың элге кадыры сиңген, эл сүйүп уккан, көргөн маалымат каражаты. Мындан ары да ошол бойдон калышына бөркүмдөй ишенем. Калыстык издеген далай жарандарыбыздын үнүн коомго да, бийликке да жеткирген саналуу медиалардын бири. Читать дальше...
Беларуста президенттикке мурдагы талапкер Виктор Бабарико абактан ооруканага жеткирилди. Ал экономикалык кылмыштарга айыпталып, 14 жылга соттолгон. Ага коюлган диагноз жана абалы тууралуу маалымат жок. Тарапташтары Бабарико катуу сабалган болушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Анын ооруканада экенин "Азаттык" радиосунун беларус кызматына Шаардык клиниканын кызматкерлери да ырасташты. Буга чейин оппозициялык "Рабочы Рух" Телеграм-каналы өз булактарына таянып, 59 жаштагы Бабарико 25-апрелге караган түнү ооруканага жеткирилгенин... Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл менен кызматташуунун келечегин жана Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучуна каршы туруу маселесин талкуулады. Алар 26-апрелде Вашингтондо жолугушту. Акыркы кездери Түндүк Корея жаңы куралдарды, анын ичинде өзөктүк куралды сыноону көбөйткөнүнө тынчсыздануусун билдиришти. АКШ менен Түштүк Корея бул маселе боюнча биргелешкен иш планын иштеп чыкканы тууралуу сөз болду. АКШ Сеулга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди. Түштүк Кореянын... Читать дальше...
Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. "Толук маалыматты айта албайм. Кармалганын билем. Түркиядан жеткирилди", – деди 27-апрелде журналисттердин суроосуна жооп берген башкы прокурор Берик Асылов. Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк өлкөнүн чек ара кызматы ал чек арадан расмий чыкпаганын маалымдаган.
Пакистандын Карачи шаарынан Лахорго бараткан поездден чыккан өрт кеминде жети кишинин өмүрүн жалмады, алардын төртөө балдар. Окуя 26-апрелде кечинде болду. Темир жолдун расмий өкүлү Мохсин Сиал поезд Карачиден 500 чакырым алыстагы Хайрпур районунда күйүп кеткенин билдирди. Төрт бала, бир улгайган аял жана бир эркек киши вагондун ичинде набыт болгон. Бир аял поезддин терезесинен секирип көз жумган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тергөө башталды.
"Азаттык Медиа" мекемесинин адвокаттарынын бири Тимур Султанов Ленин райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берилерин билдирди. Ал соңку жараянда судья келтирилген жүйөлөрдү, негиздерди эске албаганын айтты. Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы жараянда аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан. Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан. Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты. 26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка”... Читать дальше...
Суданда 72 сааттык ок атышпоо режимине карабай, айрым жерлерде салгылашуу уланууда. Би-Би-Синин кабарчысы Хартумдун четинен туруп билдиргендей, телерадиоборбордун жанында уруш болуп жатат. Маалымат каражаттары дарыгерлер жетишсиз экенин, калк тамак-ашка, акчага муктаж экенин жазууда. Башкы штабдын жетекчиси Абдел Фаттах ал-Бурхан элдештирүү мөөнөтүн узартууга чакырды. Алгачкы ок атышпоо келишими жума күнү аяктайт. Ал-Бурхан согушуп жаткан тараптарды Жуба шаарында жолуктурууну сунуштады. Судандын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент тууралуу комитети 27-апрелде кезексиз жыйынга чогулду. Анда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун карап, аны көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми бул маселе парламенттин кезектеги жалпы жыйынында каралып, добушка коюлат. "Ата-Журт Кыргызстан" Абдрахматованы иштен алууну Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчы бир... Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын кароо уланып жатат. Бүгүнкү жараянда аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышты. Андан соң судья бул ишке байланыштуу чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти. Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда. ... Читать дальше...
Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын кароо уланууда. Бүгүнкү процессте аталган медианын адвокаттары жарыш сөзүн баштады. Соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда. Соттук жараянды фото-видеого тартуугу уруксат берилди. Судьяны жана соттун катчысын тартууга тыюу салынды. Ишти судья Чолпон Каримбаева карап жатат. Читать дальше...
Хабибулла Aбдукадыр Борбор Азияда бажыдагы коррупциялашкан аткаминерлер менен келишип алып соода империясын түптөп, андан тапкан миллиондогон кирешесин чет өлкөгө чыгарып кеткен деп айыпталган. Бирок мыйзам алдында жооп берүү ордуна анын жана үй-бүлөсүнүн таасири күчөп, дүйнөнүн ар кайсы жерине ондогон ири долбоорго инвестиция салган. Бир нече жыл бою корруциялашкан бажычылар менен жең ичинен сүйлөшүп алган көмүскөдөгү магнат Борбор Азияга футболкадан тарта заманбап электроникага чейинки кытай товарын импорттоодо үстөмдүк кылган. Читать дальше...
Өзбек бийлиги колдогон, аткезчиликке айыпталган үй-бүлө Ташкенттеги курулуш долбоорлорун жашыруун каржылап келет. Президент Мирзиёев Өзбекстанда реформаны жана ачыктыкты убада кылган. Бирок Өзбекстанга акча салган негизги чет элдик жаңы инвесторлордун арасында паранын жана саясий калкалоонун жардамы менен байыган Абдукадырдын үй-бүлөсү бар. Иликтөөнүн өзөгү: Абдукадырдын үй-бүлөсү ири аткезчиликтин жардамы менен байыган болушу мүмкүн. Алар акчанын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан таап, башка өлкөлөрдө адалдап турган. Читать дальше...
Алардын паракорлук жана ыктымал аткезчилик аркылуу түптөлгөн соода монополиясынын бети ачылган. Бирок ал көмүскөдө жүргөн Хабибулла Абдукадырдын жана анын туугандарын токтото алган эмес. Жаңы саясий өнөктөштөр жана баасы миллиарддаган долбоорлору менен алар мурда-кийин болбогондой күчтөнүп чыга келди. Иликтөөнүн өзөгү: 2019-жылы Абдукадыр үй-бүлөсү Борбор Азиядан тапкан кирешесин чыгарып кетүүгө жалдаган киши алардын бетин ачкан. Ал журналисттерге көптөгөн документтерди берип, аны жалдагандарды... Читать дальше...
Окурмандарга бул татаал окуяны түшүнүүгө жардам берүү үчүн биз Хабибулла Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү тууралуу суроо-жооптордун тизмесин түздүк. Биздин иликтөөбүз Хабибулла Абдукадырга, анын үй-бүлөсүнө, алардын Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын сыртында саясий байланыштары бар күчтүү инвесторлорго кантип айланганына арналат. Аймактын лидерлери аларды кучак жайып тосуп алышууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алардын Ташкенттин так ортосундагы курулуштарын кыдырса, Кыргызстандын президенти... Читать дальше...
Абдукадырдын үй-бүлөсүнө иштеген акча адалдоочу адис жылдар бою ар кандай шылтоо менен алардын шектүү кирешесин чет өлкөгө чыгарып кетип турган. Айрым америкалык банк кызматкерлери каражаттын кайдан келип жатканынан күмөн санаганы менен транзакциялар улана берген. “2011-2016-жылдары Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык чыгарып кеттим” 37 жаштагы уйгур тектүү Айеркен Саймаитинин агынан жарылган бул сөзүнө бир караганда ишене албай кетесиң. Бирок 2019-жылы ал журналисттер менен жолукканда өз сөзүн далилдөөчү документтерди берген. Читать дальше...