Балбан Акылбек Талантбеков Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медал утту. Талантбеков 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч атаандашын жеңди. Чейрек финалда ал Рохит Дахияны (Индия) 7:1 эсебинде, жарым финалда Алиреза Мохмадипианини (Иран) 8:0 эсебинде утту. Финалдык беттеште казакстандык Диас Кален менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду. Талантбеков грек-рим күрөшү боюнча быйылкы Азия чемпионатында алтын байге алган үчүнчү кыргызстандык болуп калды. Читать дальше...
Жумгал районунун Кырчын айылында 100дөн ашык киши жашайт. Айылда мектеп жоктугунан 30дай бала төрт чакырым жер басып, коңшу айылга жөө-жалаңдап барып-келип окушат. Кырчында оорукана, бала бакча да жок. Бул кыштак деңиз деңгээлинен бир жарым миң метр бийиктикте турат.
Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков Беларустун Бажы комитетинин кызматкерлери менен ал өлкөдө кармалып турган автоунаалар боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келгенин маалымдады. Бул тууралуу ал 10-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Беларустун бажысында Кыргыз Республикасына бара жаткан автотранспорт каражаттарынын топтолушу боюнча сүйлөштүм. Автоунааларды тездетип өткөрүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келиштик”, - деп жазды. Самат Исабеков Арменияда өтүп жаткан Евразиялык... Читать дальше...
АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарындагы атышууда беш киши каза болуп, дагы алтоо жараат алганын CNN кабарлады. Окуя 10-апрелде шаардын борборунда Old National Bank филиалынын жанында болгон. Полиция элге ок аткан кылмышкер жок кылынганын билдирди. Каза болгондордун тек-жайы такталууда. Жараат алгандардын арасында полиция кызматкери да бар. Gun Violence Archive (Куралдан жасалган зордук-зомбулук архиви) маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан бери АКШда 129 жолу жапырт адам өлтүргөн окуя болду. Читать дальше...
Бишкекте токмоктолгон 34 жаштагы жарандын унаасы Ошто прокурордун колуна тийип калган окуяны азыр укук коргоо органдары териштирүүдө. Мындан бир жума мурун белгисиз жарандар Бишкек шаарынын тургунун сабап, автоунаасын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары колго түштү.
Кемпир-Абад иши боюнча Москвадан кармалып, камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" ырастады. Жаза аткаруу кызматыд арыгерлердин сунуштамасы боюнча Шаменовдун дарыланышына уруксат берген. Ал 10-апрелден баштап жеке менчик ооруканада дарылана баштады. Буга чейин Шаменов ЮРФА клиникасынан кароодон өткөнүн, ага ылайык жүрөгү жана бөйрөгүн дарылоого муктаж экенин билдирген. Акыйкатчыга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго... Читать дальше...
БУУнун дин жана ишеним эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Назила Ганея 11-21-апрель аралыгында Тажикстанда расмий сапар менен болот. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Назила Ганея бул өлкөдөгү дин эркиндигинин абалы менен таанышат. Ал өкмөт бул багытта эл аралык милдеттемелерин кантип аткарып жатканын байкайт. БУУнун атайын баяндамачысы 11 күндүк сапарынын жүрүшүндө бийликтин, ар түрдүү диндердин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугары айтылууда. Читать дальше...
Балбан Жоламан Шаршенбеков Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болду. Ушуну менен кыргызстандык балбан Азия чемпиондугун экинчи жолу утуп жатат. Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде ал индиялык балбан Сумит Сумитти 53 секунда ичинде жеңди. Жарым финалда жапониялык Маито Кавананы 4:0 эсебинде утуп алды. Алтын байге үчүн беттеште Шаршенбеков Түштүк Кореядан келген Хан Жае Чунгду 10:0 эсебинде жеңип... Читать дальше...
Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кантип кетебиз деп жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирип берүүнү өтүнүштү.
Массалык башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активист, блогерлер абактан кат жазып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Алардын кайрылуусун жакындары таратты. Анда абактагылар алты айдан бери кылмыш ишине байланыштуу эч кандай далил табылбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү социалдык тармактарда 2-3 жыл мурда жазылган билдирүүлөрдү экспертизага берип, башка кылмыштарга айыптап жатканын билдиришкен. Алар депутаттардан ИИМ жетекчилигин Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алууну суранышкан. Читать дальше...
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 12ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Талапкер болууга арыз тапшыргандар: 1. Булекбаев Эркин Касымович 2. Кунакунов Максат Касымжанович 3. Арзыкулов Марат Замирбекович 4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович 5. Камбаров Мирлан Адилбекович 6. Иманкулов Бекзат Муратович 7. Абдылдаев Азат Шералиевич 8. Калыков Улукбек Абдисатарович 9. Читать дальше...
Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында мамлекеттик мүлктүн мыйзамсыз менчиктештирилгенин айтып чыккан Бекжан Жалилов үй камагына чыгарылды. Адвокат Асылбек Кунгуров билдиргендей, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны менен кошо кармалган Саатбек Эгембердиевди үй камагына чыгаруу арызын канааттандырган жок. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов 2022-жылы 25-мартта кармалган. Читать дальше...
Бишкекте каракталган автоунаа үч-төрт күндөн кийин Ош шаарында прокурор Алмазбек Абжалиев айдап жүргөндө табылганы суроо жаратты. Машине 34 жаштагы бишкектик тургунга таандык. Атасынын айтымында, карактагандар аны токмоктоп кетишкен, азыр ооруканада жатат. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштире баштады. Бир жума мурун белгисиз жарандар Бишкек шаарынын тургунун сабап, автоунаасын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары колго түштү. Өзүн Адылбек деп тааныштырган Бишкек шаарынын... Читать дальше...
Бишкек шаардык сотунда мурдагы судья Мира Жээнбекованын жери боюнча 10-апрелге белгиленген соттук териштирүүлөр 27-апрелге жылды. Буга Бишкек мэриясынын өкүлдөрү келбегени себеп болгонун Жээнбекованын жакындары билдиришти. Соттун алдында мурдагы судья билдирүү таратып, өзүнө козголгон кылмыш иштерин камактагы агасы, саясатчы Равшан Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган жана "саясий басым" деп атаган. “Эки жылдан бери биздин - Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө болуп көрбөгөндөй басым жана куугунтук болууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган “Балдарга алимент өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу” мыйзам экинчи окууда кабыл алынды. Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева эл аралык конвенцияга 60ка жакын мамлекет кошулганын, балдар алиментин өндүрүп алууга шарт түзүлөрүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан алимент... Читать дальше...
Казакстанда активист Жанболат Мамай алты жылга шарттуу кесилди. Чечимди 10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды. Сот ага коомдук-саясий ишмердүүлүк, журналистика менен алектенүүгө, коомдук бирикмелердин ишине катышууга да тыюу салды. Мамай жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди. Казакстанда каттоого алынбаган Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2022-жылдагы Январь окуяларында "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыпталган. Жанболат Мамай Январь окуяларында каза болгондордун... Читать дальше...
Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Ашуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12... Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган аянттары тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 12-мартта башталган иш-чарада көлдүн 39 миң гектар аянты тазаланып, 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-мартта "Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасы башталган. Ага ылайык, бир катар министрликтерден жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандылар... Читать дальше...
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчиси Бакыт Матмусаевге “шалаакылык” беренеси менен айыбы угузулганын “Азаттыкка” кабарлады. “Иликтөө жүргүзүп жаткан Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү тарабынан Бакыт Матмусаевге “шалаакылык” боюнча айыбы угузулуп, иш прокуратурага жөнөтүлдү. Эгерде прокуратура айыпты колдосо, иш сотко өткөрүлөт. Эми сөз прокуратурада”, - деди адвокат. Азырынча көзөмөл... Читать дальше...
Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу транспорт каражаттарын каттаган "Унаа" мамлекеттик мекемесинде каттоо, кайра каттоо тутуму үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады жана айдоочуларга кайрылып, жагдайга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүндү. Ошондой эле, каттоо бөлүмдөрүнө барардан мурда 0312 63 31 74 номуру аркылуу алдын ала маалымат алууга чакырды. Жыл башынан бери "Унаанын" каттоо системасы бир канча жолу үзгүлтүккө учураган жана мекеме муну "ишкананын ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлар" менен негиздеген. Читать дальше...
Казакстандын Айыл чарба министрлиги пияз экспорттоого киргизилген тыюуну 8-апрелден 28-апрелге чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Маалыматка караганда, 28-апрелге чейин чет жакка 20 миң тоннага чейин пияз алып чыгууга уруксат берилет. Бир ишкер үчүн 500 тонналык чектөө бар. Казакстан бааны турукташтыруу үчүн январдын ортосунда үч айлык мөөнөткө пияз экспортуна тыюу салган. Өлкөнүң Улуттук статистика бюросунун маалыматына караганда, 2022-жылы Казакстан пияздан 1,1 миллион тонна түшүм алган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште 10-апрелде айрым депутаттардын, тиешелүү министрлик-мекемелердин жана тургундардын катышуусунда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси каралды. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда дамбалар убагында курулбагандыктан суунун нугу бурулуп, гектарлаган жер коңшу өлкөгө өтүп кеткени айтылды. "2012-жылы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин атайын чечими чыгып, жылына бекемдөө иштерине 200 миллион сомдон акча бөлүп туруу маселеси каралган. Читать дальше...
Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкек башкы архитектура”, “Кадастр” жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жооптуу кызматкерлери “А.С” деп аталган курулуш компанияга калаанын түштүк бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн уруксат кагаздарын мыйзамсыз даярдап бергени аныкталганын кабарлады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Көзөмөл органдын текшерүүсүндө жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шаар куруу жана жер тилкесине болгон укуктук документтерине атайын жалган маалыматтарды... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус алака-катышынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулады. "Мындан сырткары Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги тууралуу пикир алмашты. Тараптар эки... Читать дальше...
Норвегия-Хельсинки комитетинин өкүлү Мариус Фоссум "сот адилеттүүлүгүн жана мыйзам үстөмдүгүн бузуп жаткан" тажик бийлигине карата "даректүү санкцияларды" киргизүүнү сунуштады. "Тажикстандын бийлиги көз карандысыз журналист Хуршед Фозиловду мыйзамдуу журналисттик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктап жатат. Мындай жол менен алар өлкөдөгү сөз эркиндигинин "калдыктарын" тазалоодо", – деп жазды Фоссум Твиттерге. Бийликти сындаган 37 жаштагы журналист Хуршед Фозилов быйыл 6-мартта кармалган. Жакындары ага... Читать дальше...