Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов өзү тууралуу интернетте тараган видеолорго Фейсбуктагы баракчасында маалымат таратты. Ал "Азаттыкка" берген комментарийинде муну өзүн атайлап каралоо аракети катары баалай турганын билдирди. "Мен жөнүндө бир жыл мурдагы иш ордумдагы видеолорду чыгарып каралоо аракетин көрүшүптүр. Ошко келген 1 жыл 9 айда 1400 гектар жерди мамлекетке кайтардым. Акчалуулардын мыйзам бузуп кызыл сызыкка чейин чыгып, салып алышкан көптөгөн имараттарын буздуруп, талкалаттым. Читать дальше...
Астанада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш байгеге ээ болду. Сманбеков 23-апрелде 57 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач пакистандык атаандашы Мухаммад Билал килемге чыкпай, жеңиш Сманбековго ыйгарылды. Чейрек финалда казакстандык Рахат Калжанды 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утту. Финалда индиялык Аман Аманга жеңилип (4:9), 2-орунду ээледи. Бул күнү Алмаз Саманбековдон тышкаркы эки кыргызстандык балбан коло байгеге ээ болду. Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтонго иш сапарынын алкагында суу маселеси талкууланган жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз катчысы маалымдады. Анда Акылбек Жапаров Кыргызстан суу ресурстарына кылдат мамиле кыларын, “ар бир тамчы маанилүү” экенин айткан. Жапаров Кыргызстанда суу мөңгүлөрдөн топтолорун, аймактагы дарыяларды толтурган мамлекеттердин бирине кирерин билдирди. Өлкөдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгиледи. Читать дальше...
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине киши колдуу болгон 17 жаштагы бала боюнча нота жөнөттү. Анда оор кылмышты жасагандарга мыйзам чегинде жаза берүү, фактыны териштирүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Москва облусунун Подмосковье аймагында киши колдуу болгон кыргызстандык Анвар Кубанычбек уулунун апасы Махабат Жанышева Орусиянын Тергөө комитетине кайрылган. Ал 13-апрелде Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, уулунун өлүмүн кылдат иликтөөнү суранган. Читать дальше...
АКШнын Чикаго жана Мэриленд университеттеринин маалыматтык технологиялар боюнча адистер тобу Түркмөнстанда 122 миңден ашык интернет доменге бөгөт коюлганын аныктады. Изилдөөнүн жыйынтыгын Global Voices басылмасы жарыялады. 2021-2022-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн иликтөө Түркмөнстандагы интернет-цензуранын масштабын көрсөтүүдө. Окумуштуулар бул өлкөдөгү адистердин жана ыктыярчылардын жардамын алышкан эмес. Бирок өз алдынча ар кандай программаларды колдонуп, Түркмөнстандагы 15 миллиондон ашык домендик аталыштарды текшерип чыгышкан. Читать дальше...
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевге кесиптик этиканы бузгандыгына байланыштуу эскертүү берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иликтөөдө «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамы жана Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этика кодексинин бир катар жоболору бузулганы аныкталган. ИИМдин билдирүүсүндө «шаардык милиция башчысынын одоно сөзү коомчулукта талкуу, ички иштер органдарына терс маанайды жаратты» деп айтылат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 13-апрелдеги сессияда Баткендеги курулуп жаткан үйлөр толук бүтпөй жатканы жөнүндөгү кабарларга көңүл бурууга чакырды. “Мартта Баткендеги күйүп кеткен үйлөрдүн бардыгы бүтөт деген. Азыр 24.kg сайтында алтымышка жакын үй бүтпөй жатканы айтылды. Ишкерлердин акчасы берилбей жатыптыр. Кээ бир үйлөрдүн чатыры жабылбай турат дейт”, - деди депутат. Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмаз Абытов кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди. 2021-жылдын... Читать дальше...
Синоптиктер билдиргендей, 14-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланганын Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев айтып чыкты. Анын айтымында, 13-апрелде ишкананы баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн. Анда казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганы белгилүү болгон. Комиссиянын... Читать дальше...
Балбан Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын байге утуп, беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы кыргызстандык балбан кыз болуп калды. Тыныбекова Азия чемпионатынан (2018-жылды эск албаганда) 2013-жылдан бери катышып жалпы 10 байге уткан. Анын эң көбү - беш алтын медаль. Калгандары үч күмүш, эки коло медаль.
Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 13-апрелде ишкананы баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн. Анда казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганы белгилүү болгон. Читать дальше...
Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору – кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт. Департамент туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок. 2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп... Читать дальше...
Өзбекстандын Самарканд шаарында талибдер башкарган Ооганстандын жакынкы коңшуларынын төртүнчү конференциясы өтүп жатат. Анда Кытайдын, Пакистандын, Ирандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери бул өлкөдөгү кырдаалды талкуулашат. 12-апрелде мурун Пакистан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Захра Балоч Самарканддагы жолугушуу ооган маселеси боюнча консенсусту бекемдөөгө түрткү болорун билдирген. Жолугушуунун алдында Кытай ооган маселеси боюнча өз позициясын жарыялаган. Читать дальше...
Татарстандын Жогорку Соту Казанда гимназияда окуучуларды аткылаган Илназ Галявиевди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты. 2021-жылдагы бул каргашада тогуз адам каза болгон. 2021-жылдын 11-майында 19 жаштагы Галявиев аңчылык кылган мылтык менен куралданып, өзү мурда окуган гимназияга кирип барып, туш келди ок аткан. Каза тапкандардын жетөө окуучулар, калгандары мугалимдер болгон. 30дан ашуун киши жараат алган. Галявиев полициянын колуна өзү түшүп берген. Эки жолку психологиялык-психиатриялык экспертиза анын акыл-эси жайында деп тапкан. Читать дальше...
Кыргызстандан Орусияга балык экспортун жакынкы күндөрү кайрадан калыбына келтирүү аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. "Акыркы жылдары биз балык экспортун көбөйтүп жатабыз. Былтыр эки эсе көбөйгөн. Беш кол тең эмес экен, айрымдар жогорку деңгээлдеги антибиотиги бар балыктарды Орусияга киргизип жиберип, кесепетин тартып жатабыз. Жакында Орусиядан комиссия келди, баарын кыдырып, өзгөчө биздин тогуз чарбаны карады. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген 281 автотранспортту аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, автоунаалар жасалма документтер менен катталып, жыйынтыгында мамлекеттик казынага 285 млн. сом түшпөй калган. Учурда материалдар прокуратура органына өткөрүлүп берилди. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) сырткары мамлекеттерден сатып келген машинелердин бажы төлөмдөрү кымбат алынат. Читать дальше...
Казакстанда бир канча киши тынч акцияларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузган деген айып менен 15 суткага камалды. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, парламенттин депутаттыгына мурдагы талапкерлер Мухтар Тайжан, Лукпан Ахмедяров, Нуржан Алтаев, активист Алнур Иляшев 12-апрелде камакка алынган. Алар "Элдик парламент" тобунун 9-апрелдеги митингине жана жаңыөзөндүк мунайчыларды колдогон акцияларга байланыштуу кармалганы маалымат каражаттары жазышты. 9-апрелде Алматыдагы "Республика" аянтында... Читать дальше...
Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштердин жоголуу фактысына байланыштуу Жазык кодексинин 348-беренесине ылайык (Шалаакылык) тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 13-апрелде кабарлады. Маалыматка караганда, бул иш боюнча райондук соттун жооптуу кызматкерлеринин аракеттери текшерилип жатат. "Тергөөнүн маалыматы боюнча, айрым резонанстуу кылмыш иштерин жана мүлк иштерине байланыштуу мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна (ЭФВ) барып, алардан алган карызды экологиялык долбоорлорго алмаштырууну сунуштады. Мурдараак президент Садыр Жапаров да ушундай кайрылуу жасаган. Кыргызстандын аталган эки мекемеге бересеси 1 млрд. доллардан ашат. Өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 5 жарым миллиард долларга жетип калды. Экинчи жолку сунуш Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарындагы жолугушууларын Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык... Читать дальше...
Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу ал өзү 13-апрелде "Азаттыкка" маалымдады. Муну менен 13-апрелге карата мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга жалпы 17 киши арыз тапшырды. Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Боршайком шайлоонун жалпы сметасын 18 млн. 636 миң 500 сом деп эсептеген. Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты... Читать дальше...
Кыргызстанда мыйзамдуу иш алып барган курулуш компанияларынын бирдиктүү реестри түзүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. "Биринчи кезекте биз курулуш компанияларынын реестрин түзөбүз. Ошондо үлүшчүлөр (дольщиктер) так маалымат ала алат. Кайсы курулуш компаниясы реестрге кирген болсо, демек ал тартиптүү, эч кимди алдаган эмес, соттук процесстери жок деген маалыматтар камтылат", - деди Төрөбаев. Читать дальше...
Иранда 2022-жылы өлүм жазасына тартылгандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу адам укугун коргоочу уюмдар 13-апрелде кабарлашты. Тегеран былтыр кеминде 582 кишини өлүм жазасына тартканы, бул 2015-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экени Норвегияда жайгашкан "Ирандагы адам укуктары уюмунун" (IHR) баяндамасында айтылат. Ушундай эле маалыматты баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Өлүм жазасына каршы бирге күрөшүү" уюму да тартты. Баяндамаларда 2021-жылы 333 өлүм жазасы ишке ашырылганы да жазылган. "Ирандагы... Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичти камоого жеке өзү макулдук бергенин Bloomberg жазды. Бул "кансыз согуштан" бери журналисттин тыңчылыкка айыпталып камалган биринчи учуру. Жагдайды жакшы билген Bloomberg булактарынын айтымында, "Москвага ыңгайсыз" журналисттин камалышына президенттин жеке кийлигишүүсү - Кремлде Вашингтонго каршы маанайдагылардын таасири күчөгөнүн көрсөтөт. Европалык саясий талдоо борборунун жетекчиси Алина Полякова... Читать дальше...
Жыл башынан бери Орусияда кеминде 20 кылмыш иши "мамлекетке чыккынчылык" боюнча козголду. Бул былтыркы ушул мезгилдеги көрсөткүчтөн беш эсе көп. Бир жыл ичинде бул берене менен 22 кылмыш иши козголгон болсо, быйылкы үч айда мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн кеминде 20 адамдын үстүнөн кылмыш иши козголгонун "Вёрстка" жана "Агентство" басылмалары жазды. Маалыматка ылайык, март айында бул берене менен Ыраакы Чыгыштын тогуз жаранына кылмыш иши козголгон. "Биринчи бөлүм" деп аталган укук коргоо... Читать дальше...
Кыргызстанда жашы жете элек балдар зордукталган учурлар акыркы мезгилде күн алыс катталып, бирок бул иштерди тергөөдө кайдыгерлик, кылмышка шектүүлөрдүн пайдасына чыккан сот өкүмдөрү ондогон ата-эненин, кордук көргөн балдардын көз жашына айланды. Айрымдары териштирүүгө чыдабай өз жанын кыйган учурлар да катталууда. “Азаттык” сексуалдык кордук көргөн бир нече өспүрүмдүн тагдыры аркылуу өлкөдөгү тергөө, укук коргоо органдарына карата нааразылыктарды талдады.