Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын ичинен жалгыз гана укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасы анын адвокаты ооруп калганына байланыштуу карала элек. Биринчи Май райондук соту ушул күндөргө чейин Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырды. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган. Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган. 17-апрелде бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жеткирилген учурда саясатчы... Читать дальше...
Орусиянын мамлекеттик Думасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда орус жарандыгын алгандарды улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинде аскердик фейк жана дискредитация үчүн андан ажыратуу каралган. Мындан тышкары орус бийлиги массалык баш аламандыкка катышуу, митинг боюнча мыйзамдарды бир нече жол бузуу, аскердик кызматтан баш тартуу, дезертирлик жана “чет элдик агент” боюнча мыйзамдар аткарылбаган... Читать дальше...
Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кармалган тергөөчү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотууну убада кылып шектүүдөн 5 миң доллар өлчөмүндөгү пара талап кылган. Укук коргоо кызматкери бул сумманын бир бөлүгүн, тагыраагы 100 миң сомун алып жаткан учурда кармалган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ... Читать дальше...
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 2022-жылы 1650 адам турак жай үчүн 4,4 млрд. сомдук ипотека алды. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Мындан сырткары KfW – Германиянын өнүктүрүү банкынын “Кыргызстандагы турак жайды каржылоо программасынын” алкагында коммерциялык банктардан былтыр жалпы 154 киши 235,9 млн. сомго ипотекалык насыя алган. Мекеме кабарлагандай, биринчи линия менен 2021-жылы 452 адам 1,2 млрд. сомго мамлекеттен ипотекалык насыя алган. Читать дальше...
Казакстан ооган өкмөтүн башкарып жаткан талибдердин элчилиги үчүн имарат берет. Ошол эле кезде "Талибандын" кыз-келиндердин билим алышына, мекеме-уюмдарда иштешине тыюу салган чечимдери эл аралык коомчулуктун сынына кабылып турат. Бир катар уюмдар Ооганстандан кетип, өлкөдөгү гуманитардык кризис тереңдеп баратат. "Кырдаал татаал, бирок уникалдуу эмес" Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Астана "Ооганстандын жаңы администрациясынын" алардын "дипломаттарын" аккредитациядан... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулунун ишин карап, аны эктремисттик материалдарды жайылтууга күнөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты. Судья Кылмыш-жазык кодексинин 83-беренесине ылайык, аны жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастады. Журналист өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанабы, жокпу адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Читать дальше...
Баткендин Кыштут айылынын жаштары бир миллион сомдой каражат жыйнап, айыл үчүн маанилүү болгон көпүрөнүн курулушун баштады. Жаңы көпүрө курулса, облус борборуна жол 10 чакырымдай кыскарат. Демилгечилер мамлекеттик казынадан каражат сурабай эле башталган жумуш күзгө калбай бүтөт деп ишенип турушат.
Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шек саналып кармалды. Атайын кызмат Самаевдин тиешеси бар "Токмок жылуулук" ишканасындагы жемкорлук ишинде мамлекетке 130 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген деп кабарлады. "Токмок жылуулук" ишканасындагы коррупция Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев 17-апрель күнү кечинде кармалганы кабарланган. 18-апрелде Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирүү таратып, Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын кабарлады. Читать дальше...
Кыргызстанда саламаттык сактоо системасында биринчи жолу электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен медициналык документ берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме бул санариптик өнүгүүдөгү маанилүү кадам экенин, ал медициналык маалымат алмашуу жараянын кыйла жөнөкөйлөтөрүн жана тездетерин маалымдады. Санариптик кол тамга коюлган биринчи электрондук медициналык документ Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө түзүлгөн. Бул кагаз балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн колдонулат. Читать дальше...
Бишкектин четиндеги Новопокровка айылынын тургуну Виктор Сильчик "Азаттыкка" короосунан байыркы карапа таап алганын айтып кайрылды. Тарыхчы, археолог Кубат Табалдыев бийиктиги эки метрге чукул чоподон жасалган карапа VIII-XI кылымга таандык экенин айтууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргызстандагы Forester компаниясынын директору Александр Череповду кармашты. Бул тууралуу маалыматты комитеттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. Мекеме күн мурун Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган. Атайын кызматтын 17-апрелде тараткан маалыматына караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайлап азайтканы аныкталган. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-апрелде билим берүү тармагындагы айрым маселелерге байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Бишкектеги №1 интернат-гимназиядагы талаш-талкуу жараткан окуяларды сынга алды. "Акылбек Жапаров мектеп окуучуларын чыр-чатактарга тартууга жана колдонууга жол берилбесин белгиледи. Жыйындын соңунда бир катар тапшырмаларды берди",-деп айтылат кабарда. Бишкек шаардык мэриясы 17-апрелде аталган гимназия-интернатынын мурдагы... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 19-апрелден 20-апрелге чейин жааган жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарынын Чоң-Ашуу ашуусуна, Барскоон – Ак – Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн, жолдор тайгак болуп муз тоңот. "Урматтуу айдоочулар тоолуу жолдорго чыкканда машинанын дөңгөлөк чынжырчасын... Читать дальше...
18-апрелде “Кытай – Борбор Азия” форматындагы экономика жана соода министрлеринин биринчи онлайн видео конференциясы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жыйынга Кытай Эл Республикасынын коммерция министри Ван Вэньтао, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Серик Жумангарин, Тажикстандын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Завки Завкизода... Читать дальше...
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "Талибандын дипломаттарына" элчилик үчүн имарат берүү пландалып жатканы тууралуу маалыматты бышыктады. 17-апрелдеги брифингде мекеменин расмий өкүлү Айбек Смадияров Астана "Ооганстандын жаңы администрациясынын" алардын "дипломаттарын" аккредитациядан өткөрүү өтүнүчүн канааттандырганын билдирди. Министрлик муну менен катар бул кадам талибдер бийлигин "таанууга жатпасын", аны БУУ гана чечерин баса белгиледи. Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын вице-премьери... Читать дальше...
Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Репрессия менен саясий диктатура киндиктеш деген аныктама бергеним бар. Репрессиялар - саясий, диний, идеологиялык топтун үстөмдүгүн орнотуунун, бийликти ээлеп алуу жана бекемдөөнүн, тез баюунун кандуу жолу, каргашалуу ыкмасы катары эзелки тарыхы, түрдүү формасы. Ошентсе да маалыматтын аздыгынанбы же кызыгуу зарылчылыгы жетишсизби, айтор көпчүлүк репрессия десе, 1933-1937-жылдарда туу чокусуна жеткен саясий кыргын-сүргүндү түшүнөт. Читать дальше...
АКШнын Юстиция министрлиги Кытай полициясынын 40 кызматкерин чет жактарда, анын ичинде Америкада жашаган кытайлык активисттерди мыйзамсыз аңдыганы, куугунтуктаганы үчүн айыптады. Мекеме билдиргендей, Кытайдын бийлиги коммунисттик партиянын саясатына макул эместерди репрессиялоо үчүн атайын жашыруун түйүн түзгөн. Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, полиция социалдык тармактарда жалган аккаунттарды түзүп, чет өлкөлөрдө жашаган диссиденттердин аброюна шек келтирген маалыматтарды таратып турчу. Айрымдары... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карап баштады. Эки маалымат каражаты бири-бирин жалган маалымат таратууга айыптап, талаш сотко жетти. Акыркы кезде мамлекеттик каналдар эркин жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарган иликтөөлөргө жооп катары анти материалдарды жасаган учурлар болууда. Тараптардын жүйөсү 18-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча алдын ала угуу өттү. Читать дальше...
Ошто окуучулар атырга ууланганына байланыштуу экспертизалар дайындалып, иликтөө башталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 18-апрелде парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, атырлар кайдан, качан алынганы, курамы изилденмекчи. 14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Мектеп директору Зулфия Кадырова окуучулар өздөрү колдонуп жүргөн атырды сээп, ойноп жатканда ууланышы мүмкүндүгүн айткан. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитети 18-апрелдеги жыйынында өспүрүмдөр жана жаштар арасында маңзат колдонуу көрүнүшүнүн алдын алуу, маңзат соодасына каршы күрөш тууралуу Ички иштер министрлигинин маалыматын угуп жатат. Анда депутат Русланбек Жакышев айрым дарыканаларда курамында психотроптук зат бар дары-дармектер ачык эле сатылып жатканын, окуучулар аларды колдонгон учурлар көп экенин айтты. Ички иштер министринини орун басары Нурбек Абдиев мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн рейддер өтүп жатканын... Читать дальше...
18-апрелде Кыргызстандын туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарыны айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетет. 18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт. Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Читать дальше...
Былтыр Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылган, 32% гана сотко жеткен. Калган 37% дагы эле создуктурулуп, өндүрүштө калган. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова 18-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде жасаган баяндамасында айтты. Ал Акыйкатчы институту аялдардын жана балдардын укугунун бузулушу боюнча 337 окуя боюнча иш жүргүзгөнүн билдирди. Читать дальше...
Кыргызстанда 2022-жылы аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук жана алардын укугунун бузулушу боюнча 14 миң 786 иш катталган болсо, анын 27% кыскарып кеткен. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында жылдык баяндама жасап жатып билдирди. Ал иштердин 29% гана сотко жиберилгенин, калган 44% өндүрүштө экенин Башкы прокуратуранын маалыматына таянып айтты. “Аялдарга байланыштуу... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактарды текшерип-иликтеп жатат. Мекеменин билдиришинче, 17-апрелде Кара-Кулжа районундагы мындай жерлерге көзөмөл жүргүзүлдү. Учурда Ноокат району изилденип жатат. Өткөн айдын аягында Өзгөн районунда жер көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланып, Карл Маркс айылынын 195 тургуну Куршаб айылына убактылуу көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Күңгөй тилкесинде 22-мартта таңга маал болжол менен 1 млн. метр куб жер көчкү түшүп... Читать дальше...
Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Дүйнөлүк маданият менен искусстводо жүздөгөн жылдар өтсө да эскирбей турган, унутулбай турган, өз барк-баасын, нарк-насилин жоготпой турган маданий-рухий эстеликтер болот. Андай көркөм дөөлөттөргө катаал мезгилдин өктөм талабы, мээримсиз мамилеси таасир эте албайт. Балким, Жараткандын Сөзү сыяктуу адамзат жашап турганда алар да өз жашоосун түбөлүк уланта бетет. Биз бүгүн төрт жүз жылдан бери адам баласын таң калтырып... Читать дальше...