Кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштан арылуунун аргасын табуу үчүн жол картасын иштеп чыгып, мекемелер аралык комиссия түзөрүн билдирди. Илимий кызматкерлер, бир катар адистердин тобу соңку жылдарда борбор калаа гана эмес Ош жана Жалал-Абад шаарларында абаны кантип тазалоонун айласын издемекчи. Ал арада экологдор өткөн кышта бишкектиктер кир аба менен дем алууга аргасыз болгонун белгилеп, элдин саламаттыгы үчүн көйгөйдү тез арада чечүүнү эскертишти. Жыл башында борбор калаа булганыч аба боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Читать дальше...
Филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин "Зоока" аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Ага жазуучунун ар кыл убакта жазылган аңгеме, повесттери кирген. Китептин бет ачары 26-апрелде, Улуттук тарых музейинде өттү. Ага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты. Китеп миң нуска менен "Улуу тоолор" басмаканасынан чыккан. Бейшенбай Усубалиев адабиятчылар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. "Түркүк", "Көз"... Читать дальше...
Филология илимдеринин доктору, профессор, жазуучу Бейшебай Усубалиевдин "Зоока" аттуу чыгармалар жыйнагы жарык көрдү. Ага жазуучунун ар кыл убакта жазылган чыгармалары кирген. Китептин бет ачары 26-апрелде, Улуттук тарых музейинде өттү. Ага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты. Китеп миң нуска менен "Улуу тоолор" басмаканасынан чыккан. Бейшебай Усубалиев окурмандар арасында психологиялык прозанын чебери катары таанымал. "Түркүк", "Көз", "Түтүн"... Читать дальше...
Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган соттук териштирүүдө дайындалган лингвистикалык экспертиза жыйынтыкталды. Бул тууралуу 25-апрелде “Азаттыктын” адвокаттары маалымдашты. Экспертизанын корутундусунун мазмуну соттук отурумда белгилүү болот. Кезектеги отурум 26-апрелде саат 15:00дө Бишкектин Ленин райондук сотунда башталат. 24-мартта судья Чолпон Каримбаева Маданият министрлигинин “Настоящее время” телеканалынын... Читать дальше...
Баткенде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын иш топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу 25-апрелде кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу 19-25-апрель күндөрү Баткен шаарында өттү. Анда эки тараптын өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын айрым жерлеринде буга чейин макулдашылган графикке ылайык биргелешкен талаа иштерин жүргүзүштү. "Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында өттү. Читать дальше...
Швеция беш орус дипломатын өлкөдөн чыгарылганын жарыялады. "Биздин аймактагы иш-аракеттери алардын дипломаттык статусуна туура келбейт",- деди тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем SVT телеканалына берген маегинде. Орусиянын Стокгольмдогу элчиси Виктор Татаринцев Швециянын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, дипломаттар өлкөдөн чыгарылып жатканы тууралуу маалымат берилген. Телеканалдын маалыматына ылайык, министр мындай билдирүүнү орус чалгындоосунун Дания, Норвегия, Швеция жана Финляндиядагы... Читать дальше...
Баткенде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жергиликтүү кызматкери аралашкан деген окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын 25-апрелде облустук милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 24-апрелдин түнүндө Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Чек айылында болгон. Бир нерсе күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөндүктөн ал жерге райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү барган. Ал айылдагы каналдын жээгинде УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын эсепчиси... Читать дальше...
Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Алматы шаардык департаментинин мурдагы башчысы алты жылга соттолду. Алмалы райондук соту "Н.М. аттуу жаран "Кызмат абалын кыянат пайдалануу" беренеси менен соттолгонун, анын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө 10 жылга тыюу салынып, генерал-майор наамы жокко чыгарылганын" кабарлады. Жергиликтүү басылмалар кеп УККнын Алматы шаардык департаментин 2022-жылдын январына чейин башкарган Нурлан Мажилов жөнүндө болуп жатканын жазышты. Казакстандын Башкы... Читать дальше...
Бүгүн 25-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Свердлов районунун акиминин мурдагы биринчи орун басары Руслан Бекназаровго өкүм чыкты. Судья Чыңгызбек Бердимуратов Бекназаров бир берене боюнча акталып, экинчи берененин негизинде айыптуу деп табылганын жарыялады: «Анын жосундарында Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин (“Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар”) биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу акталсын. 332-берененин (“Экстремисттик материалдарды даярдоо... Читать дальше...
Пакистандын Сват аймагындагы Кабал шаарында 24-апрелдеги жарылууда курман болгондор 17 кишиге жетти. Алардын 13ү полиция кызматкери, калганы жайкын тургундар. Полиция башчысы Шафиулла Гандапурдун айтымында, дүйшөмбүнүн кечинде Антитеррордук борбордун имаратынын чок ортосунда жайгашкан жардыргыч заттар сакталган кампада бир канча жарылуу болгон. Күч органдары окуяны теракт деп атоодон карманууда. Саламаттыкты сактоо департаменти 60тай адам жаракат алганын билдирген. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Читать дальше...
25-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” деп аталган кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болду. Иш-чарага Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев баштаган бир катар акын-жазуучулар, адабиятчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты. “Бата жана каргыш” аттуу ыр менен жазылган романында акын адамзаттын алмустактан бери келе жаткан көйгөйлөрүн... Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышарын расмий билдирди. Анын үч мүнөттүк видеокайрылуусу 25-апрелде жарыяланды. Демократ Байден 2024-жылы кайра шайлоого катышып жатканын жарыялап, шайлоочулардан ага “жумушту бүтүрүү” үчүн көбүрөөк убакыт берүүнү сурады. АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт. Демократтар партиясы келерки президенттик шайлоого башка талапкер көрсөтө элек. Демократтардын атаандашы - Республикачылар партиясынан мурдагы президент Дональд Трамп талапкерлигин коюшу ыктымал. Читать дальше...
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 4-5-майда Кыргызстанда болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги 25-апрелде билдирди. Бул - ФИФА президентинин Кыргызстанга биринчи сапары. Анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары пландалып жатат. Жолугушууларда Кыргыз футбол бирлигинин демилгелери, өлкөдөгү футболду жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланат. Жанни... Читать дальше...
Кыргызстанда азыркы учурда 30га жакын чакан гидроэлектростанция курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн 25-апрелде Бишкекте «Ышка каршы күрөш: экология маселесин чечүүнүн практикалык жолдору» деген талкууда сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, мунун баары өнөр жай тармагында таза энергияны пайдаланууга шарт түзөт: ““Куланак” (100 мегаватт), “Бала-Саруу” ГЭСтери салынууда. “Орто-Токой” ГЭСибизди баштадык. Бюджеттин эсебинен. “Камбар-Ата-2нин” экинчи агрегатына тендер өттү 12-апрелде... Читать дальше...
Өкмөт Бишкектин ыш маселесин чечүү үчүн Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаратылыш газына өткөрүүнү көздөп жатканын 25-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. «Ышка каршы күрөш: экология маселесин чечүүнүн практикалык жолдору» деген талкууда сүйлөгөн сөзүндө өкмөт башчы түтүнгө каршы күрөш боюнча иш-аракеттердин “жол картасы” жана жалпы экологиялык абал тууралуу маалымат берди: "ЖЭБди 100% газга өткөрүү же ЖЭБден баш тартуу, электр энергиясын өндүрүү жагынан, энергетиканын... Читать дальше...
24-апрелде Москвада Кыргызстандын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов менен Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) башчысы Сергей Данкверт жолукту. Бул тууралуу маалымат Россельхознадзордун сайтына 25-апрелде жарыяланды. Мекеме жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү ЕАЭБ өлкөлөрүнө жүк ташыгандардын реестрине киргизүүдө жана Орусияга азык-түлүк экспорттоону көзөмөлдөөдө кыргызстандык адистер “формалдуу мамиле жасай турганы ырасталганын” билдирген. Читать дальше...
Пакистандын Кабал шаарындагы жарылууда бери дегенде 16 адамдын өмүрү кыйылды. "Машаал" радиосу кабарлагандай, 24-апрелде полициянын Терроризмге каршы күрөш борборунун ок-дары сакталган жайында бир катар жарылуу болгон. Күч органдары окуяны теракт деп атоодон карманууда. Полиция башчысы Шафиулла Гандапур 13 тартип сакчысы менен үч жай тургун каза тапканын айтты. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо департаменти 57 адам жаракат алганын билдирди. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Тажикстанда армияга жаңы чакырылган жоокерлерди сабады деген шек менен беш аскер кызматкери кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, окуя былтыр декабрда Чек ара кызматынын Согд облусунда жайгашкан аскердик бөлүгүндө болгон. Армияга жаңы чакырылган жоокерлерди кенже командирлер же мурда келген аскерлер сабаган видео социалдык түйүндөргө 24-апрелде жарыяланган. Бул тажикстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратып, алар бийликти күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышкан.
Суданда кырдаал курчугандыктан Батыш, Араб жана Азия өлкөлөрү миңдеген жарандарын эвакуациялоону тездетти. Хартумдан эвакуация болгондор 65 автоунаада Кызыл деңиздин жээгиндеги Порт-Суданга 800 чакырымдык жолго чыкты. Колоннада ондогон балдар, элчиликтердин жана гуманитардык уюмдардын жүздөгөн кызматкерлери бар. БУУнун маалыматына караганда согушуп жаткан аскердик-саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүү күчөйт деп болжолдонууда. Reuters агенттиги жана башка эл аралык басылмалар Хартумдан БУУнун баш катчысына таянып кабарлашкандай... Читать дальше...
Иерусалимдин борборунда 24-апрелде айдоочу автоунаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, сегиз адам жабыркады. Бир кишинин абалы оор. Өкмөт бул окуяны террордук акт деп баалаганын израилдик басылмалар жазды. Айдоочу ошол жерде кармоо учурунда каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал адегенде көчөдөн өтүп бараткан кишини сүзгөн. Кийин жол четинде турган бир топ адамды тебелеп кеткен. Полиция анын тек-жайы такталганын, Иерусалимдин чыгышындагы арабдар жашаган Бейт-Цафаф конушунда жашаганын билдирди. Читать дальше...
27-28- апрель күндөрү "Кыргыз ажары – Баткен килеминде" деп аталган республикалык кароо-сынак өтөт. Баткендеги иш-чарага кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын чыгарган жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана чеберлер катышат. Кароо-сынактын максаты - кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келеген кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоого багытталган. Аны жергиликтүү бийлик, Кол өнөрчүлөр кеңеши... Читать дальше...
29-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 26-апрелге караган түнү Ош... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими 25-апрелде күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов 25-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, инфляциянын көрсөткүчү өткөн жылдын декабрында 14,7%, 14-апрелде 10,5% болгон. Керектөө баасы жыл башынан бери 3,2% өскөн. Ошондой эле ал "инфляция басаңдап жатканын" кошумчалады. Улуттук банк кийинки... Читать дальше...
Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо 20-апрелде жол кырсыгына кабылып ооруканага түшкөн балдардын 16сы үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов 25-апрелде “Азаттыкка” билдирди. “Алар кечээ үйлөрүнө чыгарылды. Азыр ооруканада сегиз бала калды. Реанимациядагы бала эсине келе элек”, - деди Маманов. 20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-апрелде расмий иш сапары менен Орусияга барганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал сапардын алкагында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушат. “Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...