Оторчулукка кабылган бардык эле элдер эгемендик үчүн ар кыл күрөш түрлөрүн колдонушкан. Башкыр автономиясынын башаттык тарыхы тууралуу тарыхчынын блогу.
26-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Иван Поддубный күрөш лигасынын турниринде грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов менен орусиялык Роман Власов күч сынашты. Беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, акыркы баллды Акжол Махмудов алганы үчүн ал жеңишке жетти. 24 жаштагы Акжол Махмудов үч жолку Азия чемпиону. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону. 32 жаштагы Роман Власов Олимпиада оюндарынын эки, дүйнөнүн үч, Европанын төрт жолку чемпиону. Читать дальше...
Орусиянын транспондер сигналдары жок үч аскердик учагы Балтика деңизинин үстүндө, эл аралык аба мейкиндигинде кармалды. Бул тууралуу германиялык Luftwaffe авиакомпаниясы билдирди. Маалыматка караганда, эл аралык аба мейкиндигинде орусиялык эки Су-27, бир Ил-20 учагы учуп жүргөнү аныкталган. Кармоого НАТО миссиясындагы Германия менен Улуу Британия учактары катышты. Ушул айдын башында Германия НАТОнун Балтикадагы аба полициясы миссиясын Британияга өткөрүп берген. Литва, Латвия жана Эстониянын өздөрүнүн согуштук учактары жок... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров бүгүн 26-апрелде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу мамилелерди жана ортодогу кызматташтыктын келечегин талкуулаганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. "Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Тараптар Кыргызстан менен ЕБ ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө бирдей даярдыгын билдиришти"... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 26-апрелде эл аралык инвестициялык форумга катышуу үчүн Өзбекстандын борбору Ташкентке барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев уюштуруп жаткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат. 27-апрелде өтө турган форумга дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнөн 2,5 миңдей адам катышары маалымдалды. Иш сапары алкагында Акылбек Жапаров Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен да жолугуп... Читать дальше...
БУУнун Расалык дискриминацияны жоюу комитети Тажикстандагы этникалык топтордун абалына баа берет деп күтүлүүдө. Өткөн аптада комитеттин өкүлдөрү тажик өкмөтүнүн расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча аткарган иштерин угуп, бадахшандыктардын абалы, аймактагы чыр-чатак, жана лөлүлөр менен ооган качкындарына байланышкан суроолорду көтөрүшкөн. БУУнун өкүлдөрү тажик делегациясынан памир азчылыгы жашаган Бадахшанда адам өмүрү кыйылган окуялар эмне үчүн кайталанып жатканына жооп берүүнү өтүнгөн. Читать дальше...
Жалал-Абад шаарындагы спорттук машыгуу жайларынын жана спорт мектептеринин ишмердүүлүгү менен санитардык абалын текшерүү максатында атайын түзүлгөн комиссия рейд өткөрдү. Бул тууралуу 26-апрелде шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, рейд учурунда ондон ашуун спорт мектеби, машыгуу жайлары текшерилип, машыктыруучулардын адистигин тастыктаган дипломдоруна, санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулду. Жыйынтыгында диплому жок машыктыруучулар иштеп жаткан эки спорттук машыгуучу жайы жабылды. Читать дальше...
Орусияда жол кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын бирөө каза болгонун, экөө оор абалда ооруканада жатканын 26-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 25-апрелде Екатеринбург-Щадринск-Курган автожолунда болгон. Honda Fit автомашинасын айдап бараткан кыргызстандык каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу Hyundai машинасы менен сүзүшкөнү, жүргүнчүлөрдүн бири – 34 жаштагы эркек ошол жерден көз жумганы, ал эми 38 жаштагы айдоочу менен 24... Читать дальше...
“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис сотто көрсөтмө берди. 26-апрелдеги отурумда ал экспертизага коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирип, ага юристтер гана аныктама бериши керектигин айтты. “Азаттыктын” адвокаттары буга байланыштуу сотту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин арызын четке кагууга чакырды. Отурум 27-апрелде уланат. Анда чечим чыгышы мүмкүн. Лингвистикалык экспертизанын... Читать дальше...
Камактагы оппозиционер Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн бүгүн 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырганын билдирди: "Бардык документтерим жайында. Эч кандай суроо жаралган жок. Парламентте сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек. Оппозициясы жок мамлекет жакшы мамлекет боло албайт". Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар 26-апрелге карата 34кө жетти. Читать дальше...
Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешинде Кыргызстан «В» тайпасында Иран жана Ооганстан менен ойнойт. Оюндар июнь айында Бишкекте өтөт. 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчүкулак болуп, жети команда эки тайпага бөлүндү. «А» тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары бар. «В» тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми «А» тайпасынын оюндары Ташкентте өтөт. Кыргызстан 10-июнда Ооганстан менен... Читать дальше...
Орусия Кыргызстандын сүт азыктарын киргизүүдөн баш тартты. Буга чейин балыкты жана колбаса азыктарынын сапатынан күмөн санаган болчу. Студиябыздын коногу Айыл чарба министрлигинин ветеринардык жана фитосанитардык кызматынын өкүлү Манас Майканов жана "Кант Сүт" заводунун негиздөөчүсү Сүйүндүк Кадыров.
“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис бүгүн 26-апрелдеги соттук отурумда анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирди. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырды. “Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда... Читать дальше...
Ирандын таасирдүү диниятчыларынын бири аятолла Аббас Али Сулеймани куралдуу кол салууда каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары 26-апрелде кабарлашты. Анын өмүрүн кыйган адам кармалганы тууралуу IRNA агенттиги билдирди. Кол салуу Мазандаран провинциясындагы Баболсар шаарында болгон. Чоо-жайы айтыла элек. 75 жаштагы Сулеймани буга чейин өлкөнүн жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи тандаган Эксперттер ассамблеясынын мүчөсү болгон. Исфахан провинциясынын борбордук бөлүгүндөгү... Читать дальше...
Чехиянын премьер-министри Петр Фиала баштаган өкмөттүк делегация Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында Өзбекстанга барды. Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, делегациянын курамында 30дан ашык чех ишкерлери бар. Фиала 25-апрелде Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Ал Өзбекстанга келген Чехиянын экинчи премьер-министри болуп калды. Буга чейин 1999-жылы Милош Земан Ташкентке келип кеткен. Мурдараак... Читать дальше...
“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүгө негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис, Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын лингвист эксперти Жийде Семенова экспертиза кандайча жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат берди. Семенова экспертизанын түрлөрү болорун, “Азаттык” боюнча жөнөкөй лингвистикалык экспертиза дайындалгандыктан аны өзү жалгыз жүргүзгөнүн, сөз болуп жаткан көрсөтүүнү башынан аягына чейин көрүп чыкканын, эфир орусча болгондуктан корутунду орус тилинде даярдалганын билдирди... Читать дальше...
Казакстанда жай айларында калк үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди. Анын айтымында, бааны болжол менен июнь-июль айларында энерго өндүрүүчү уюмдардын эсебинен жогорулатуу пландалууда. Ошол эле маалда министр тарифтер канча пайызга көтөрүлөрүн тактап айткан жок. Министр эскилиги жеткен түйүндөрдү модернизациялап, бул тармакта иштеген жумушчулардын айлыктарын көтөрүү үчүн баа көтөрүлүп жатканын кошумчалады. Казакстан... Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Судандын борбору Хартумда кызылча, холера жана башка материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораториянын басып алынышынан улам коркунуч жогору экенин эскертти. Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу бир канча күндөн бери уланууда. "Би-Би-Си" улуттук медициналык лабораторияны кимдин тарапташтары... Читать дальше...
Тажикстандын бийлиги Ооганстандын чек арасында “эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү” жок кылынганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул тууралуу 26-апрелде кабарлады. Бирок алар кайсы террордук уюмдун мүчөлөрү экени айтылган жок. Атайын кызматтын расмий маалыматында алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү, Тажикстандын аймагында теракт жасоону көздөгөнү белгиленген. Антитеррордук операция шаршембиде эртең менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ванч районунда ишке ашырылган. Читать дальше...
26-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму өтүп жатат. Соттук жараянда “Азаттык Медианын” адвокаты Тимур Султанов “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрында чыккан түз эфириндеги видеоматериал боюнча чыккан лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн убакыт берүүнү сурап, процессти башка күнгө жылдырууну өтүндү. Читать дальше...
Америкалык оюнчук өндүрүүчү Mattel компаниясы "Даун синдрому бар" Барби куурчагын сунуштады. Ал АКШнын Даун синдрому боюнча улуттук коомунун өкүлдөрүнүн жана дарыгерлердин кеңеши менен чыгарылган. Компания бул куурчак өзгөчө балдар Барбиде өзүн көрө алгыдай болуп жасалганын билдирди. Жаңы Барбинин дене-бою чымыр, тулку бою узунураак жана бети кичирээк. Көйнөгүндө Даун синдрому менен байланышкан символдордун - көпөлөктөрдүн, сары жана көк гүлдөрдүн сүрөтү бар. Моюуна Даун синдромун аныктаган хромосомдун... Читать дальше...
Өзбекстандык белгилүү журналист Бобомурод Абдуллаев 24-апрелде Түркиянын Эскишехир калаасында камакка алынды. Аны түрк полициясы кармаганын журналисттин Түркияда окуган кызы Камола Кадыри “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди. Эл аралык укук коргоо уюмдарына жардам сурап кайрылган Камола атасы өзбек бийлигинин өтүнүчү менен камакка алынып, Ташкентке өткөрүлүп берилсе, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин айтты. 50 жаштагы Бобомурод Абдуллаевдин кандай негизде кармалганы тууралуу азырынча маалымат жок. Читать дальше...
Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Улуу Британияда Кыргызстандын товарларын британ базарына жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушканын айтты. “Улуу Британия сунуштаган жаңы DCTS соода преференциясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкууладык. Ал Кыргызстандын товарлары үчүн британ рыногуна алымсыз негизде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат”... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн 26-апрелде “Азаттык Медианын” адвокаты Нурбек Сыдыковдун арызын жарым-жартылай канааттандырды. Соттун бул чечимине ылайык, эми Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсебин бөгөттөгөн кылмыш ишинин материалдарындагы "жашыруун" делген маалыматтарды "жашыруун эмес" маалыматтардан өзүнчө бөлүп, аныктап чыгууга милдеттүү болот. Ишке “жашыруун” деген макамды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коюп, андан... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 27-апрелде күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6... Читать дальше...