Мы в Telegram
Добавить новость

Синоптик Ильин предупредил москвичей о падении атмосферного давления 1 мая

В РФ утвердили правила получения статуса для художников-ювелиров

ТАСС: активисты устроили пикет у здания суда, заседающего по делу Евгении Гуцул

Кулинарный блогер Эрбис объяснила, какие блюда можно улучшить с помощью сахара



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2023

Новости за 04.04.2023

Azattyk.org 

Кумтөр: Өкмөттүн карамагындагы бир жыл. Көбөйгөн салык, ашыкча чыгым

Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр кенин толук өзүнө өткөргөнүнө 4-апрелде бир жыл болду. “Кумтөр Голд Компани” ишканасын башкарууну эки жыл мурда колуна алган бийлик аны иштеткен “Центерра Голд” компаниясы менен былтыр гана келишимге жетишкен. Бул алтындын көлөмү, экспорту жана башка маселелердеги отчёт тууралуу көп талкуу чыкты. Компаниянын ашыкча чыгымына байланыштуу да кылмыш иши козголуп, негизги башкаруучу камалды. Бир-эки жылдагы көрсөткүчтөр “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Сорос-Казакстан" фонду жарандык демилгелерди каржылоону токтотууда

"Сорос-Казакстан"  фонду дээрлик 30 жылдык ишмердиктен кийин жарандык демилгелерди каржылоону токтотууда. Уюм CAPS Unlock (Central Asian Policy Studies) деген жаңы аталыш менен катталып жатканын “Азаттыктын” казак редакциясы маалымдады. Бул борбор региондун маселелерин чечүү жолдорун иштеп чыга турган Борбор Азиядагы изилдөөчүлөрдүн башын бириктирет. Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос негиздеген "Ачык коомдун" фонддору бир нече убакыттан бери өзгөрүүлөргө туш болууда. Былтыр күздө "Сорос-Тажикстан” жабылары жарыяланган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Футболдо ички чемпионат күчтөнбөсө, курама команда өспөйт"

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Улуттук курама командага кандай машыктыруучу керек? Ким келет, сырттанбы же өлкө ичинен тандалабы?, - деген суроолор футбол ышкыбоздору арасында кызуу талкууланууда.  Алдыда Кыргызстанды Азия чемпионаты күтүп турат. Кыргыз футболундагы абал кандай? Жаңы машыктыруучу эмнеге көңүл бурушу зарыл? Бул суроону "Алга" футбол клубунун директору Мирлан Айталы менен талкууладык. - Футбол... Читать дальше...

Azattyk.org 

Интернеттеги маңзат соодасы: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ички иштер министрлиги 3-апрелде мыйзамсыз маңзат соодасына аралашкан курьерлердин сабалышына байланыштуу үч жаран кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, алар өздөрүн "милиция кызматкери" деп тааныштырган. Буга чейин социалдык тармактарда наркотикалык каражаттарды жеткирип иштегени айтылган жарандар сабалды делген видеолор тараган. Активисттер эл аралык кылмыштуу маңзат түйүнү жайылып жатканын белгилеп, милиция анын тамырын кырка алабы деп коңгуроо кагууда. "Алты балам бар, аман койгула"... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алишер Саиповдун өлүмү боюнча журналисттик иликтөө чыкты

Жарандык активист, акыркы учурларда журналисттик ишмердик менен алектенип жүргөн Адил Турдукулов 2007-жылы Ошто киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иликтөө чыгарды. “Алишер Саиповдун өлүмү. Ачыкка чыкпаган фактылар” деген иликтөөдө журналисттин өлүмү тууралуу тергөөнүн айрым маалыматтары, Алишер Саиповду жок кылууга кимдер кызыкдар болгону тууралуу кесиптештеринин пикирлери камтылган. Алишер Саиповго Ошто көчөдө ок атылганда жанында болгон Стратегиялык иликтөөлөр институтунун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ирандын элчиси Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Тегеран азербайжандык медиа Иранга каршы маалымат таратууда деген нааразылык нотасын тапшыргандан кийин Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ислам жумуриятынын элчисин чакырды. Иран 2-апрелде тапшырган нотада бир жактуу маалыматтарга каршы чара көрүугө чакырган. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери казыматы кабарлады. Азербайжандын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаданын маалыматына караганда, элчи Саед Мусавиге нааразылык “объективдүү” эмес деп айтылып, Иранда Азербайжанга каршы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президенттин жарлыгы менен 1704 кишиге кыргыз жарандыгы берилди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Президенттин басма сөз кызматы кыргыз жарандыгын алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди. 31-мартта кол коюлган жарлыктарга ылайык,  1704 киши жарандык алып, 46 адам жарандыктан чыкты. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун 24 жарлыгы менен 6 316 адам кыргыз жарандыгын алып, 646сы чыгып кеткен. “Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Раматов: Жер мунапысын алуу үчүн 93 миң арыз түштү

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов Кыргызстанда жер мунапысын алуу үчүн элден 93 миң 663 арыз түшүп, жарандарга 12 миң 795 техникалык паспорт берилгенин билдирди. Бул тууралуу ал 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, трансформация болгон жерлердин так аянты арыздар каралып, чечим кабыл алынгандан кийин белгилүү болот. Ал эми 286 мыйзамсыз курулуштар аныкталып,... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Гарвардга өттүм, эми каражат керек”. Билим үчүн акча топтогон жаштар

Кыргызстандык Мээрим Камчыбекова белгилүү Гарвард университетинин магистрдик программасына өттү. Эми ал 95 миң долларлык окуу акысын төлөө үчүн краудфандинг жарыялады. Ушул тапта анын эсебине кыргызстандыктардан ар кандай суммадагы акча каражаты топтолуп жатат. “Кыялымдын арты менен Гарвардга келдим” Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин синхрондук котормо бөлүмүн аяктаган Мээрим Камчыбекова бир канча окуу жайга магистратурага тапшырып, өзүн сынап көргөндөн кийин дүйнөнүн алдыңкы окуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Талибан" менен Тегеран ооган абактарындагы ирандыктарды бошотууну талкуулашты

“Талибан” жетектеген өкмөт Ооганстанда камакта отурган жана кое берүүгө болот деген ирандыктардын тизмесин түзүп жатат. Талибдердин Башкы прокурору Шамсуддин Пахлаван Кабулда Ирандын элчисинин орун басары Хасан Мортазави менен жолугушууда маселени талкуулаганын “Азаттыктын” ооган редакциясы жазды. Буга чейин талибдердин делегациясы Тегеранга барып кеткен. Mehr кабар агенттигинин маалыматына караганда, ал сапардан кийин Иранда кармалып жаткан 867 оогандык бошотулган. Кабулдагы жолугушууда Пахлаван “Талибан” бийлиги кое берип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кылмышка айыпталып жаткан Трамп шейшембиде Нью-Йорк сотуна барат

АКШнын экс-президенти, кылмыш иш боюнча айыпталып жаткан Дональд Трамп шейшембиде Нью-Йорк шаарынын сотуна барганы жатат. Өлкө тарыхында биринчи жолу мурдагы мамлекет башчы кылмыш жасаганы үчүн расмий айыпталууда. Кызматтан кеткенден кийин Флоридада жашап жаткан Трамп 3-апрелде Нью-Йоркко учуп барды. Экс-президент порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда. Иштин материалдарына ылайык,... Читать дальше...




Azattyk.org 

НАСА Айга уча турган экспедиция мүчөлөрүнүн аты-жөнүн жарыялады

Кошмо штаттардын Космос агенттиги – НАСА Айга жөнөй турган экспедициянын мүчөлөрүн тааныштырды. Жердин жандоочусуна пилоттолгон миссия 50 жыл тыныгуудан кийин аткарылганы жатат. Ошентип, Кристина Кох учууга катыша турган алгачкы аял-астронавт, Виктор Гловер – биринчи афроамерикалык болуп калмакчы. Алардан тышкары экспедицияга Рид Уайзман жана Жереми Хансен барат деп күтүлүүдө. "Артемида 2" миссиясы 2024-жылдын аягына же 2025-жылдын башына пландалып жатат. Бирок анын жүрүшүндө астронавттар Айга конбойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-кытай чек арасы: кезек күткөн автоунаалар 600гө чукулдады

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-апрелде кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болгонун, алардын саны 250дөн 600гө чейин экенин билдирди. Маалыматка караганда, мамлекеттик чек ара бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.  Мекеме “Эркечтам” (Ош) жана "Торугарт" (Нарын) бекеттеринде кезек күткөндөрдүн көбөйүшүн Кытай тарап кыргызстандык айдоочуларга виза берүүнү көбөйткөнү жана аба ырайы жылый баштаганы менен байланыштырды. Маалыматта жүк ташуучулардын көбөйүшү менен “Эркечтам”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүйдө 20 жылда жерге байланыштуу 2000ден ашык иш козголду

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 2005-жылдан 2022-жылга чейин жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча 2300дөн ашык кылмыш ишин козгогон. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 4-апрелде парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. “Бул иштер алдамчылык, жерди өзүм билемдик менен басып алууга байланыштуу. Азыр 322ден ашык кишинин иши боюнча соттун чечими чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бешинчи канал" жана "Пирамида" каналдарын жоюу боюнча иш башталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "Бешинчи канал" жана "Пирамида" каналдарын жоюу боюнча иштер башталганын билдирди. Бул маалыматты аталган мекеменин өкүлдөрү "Азаттыкка" ырастап, 4-апрелде эки каналга кат жөнөтүлгөнүн билдиришти. Телеканалдарды жоюунун себеби жана анын мүлктөрү боюнча маалымат айтылган жок. 3-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жаты, ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз футболун өзгөрткөн Крестинин

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын дээрлик тогуз жылдай машыктыргандан кийин 3-апрелде кызматтан кетти. 44 жаштагы орусиялык адис улуттук курама команда менен 50 расмий эл аралык, 26 жолдоштук беттештерди өткөрдү. Жалпысынан Крестининдин кол астында "Ак шумкар" командасы 34 оюнда уткан. Башкы машыктыруучунун кызматтан кетиши 2024-жылы январда Катарда өтө турган Азия Кубогуна аз калган учурга туура келди. Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйноону алдын алуу борбору Токтогулда шектүү кыйноого кабылганын билдирди

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2-апрелде 20 жаштагы адам Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүндө кыйноого кабылганын билдирди. Аталган борборго мындай маалымат шектүү 3-апрелде Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилгенден кийин түшкөн. Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү сабап, муунтканын, тергөө жайында бир нече жолу эсин жоготконун айткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Турдубекова милиция Фейсбуктагы баракчасын бөгөттөө аракетин көргөнүн айтып чыкты

"Балдардын укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясынан кийин Фейсбук баракчасын бөгөттөө аракети болгонун билдирүүдө. Буга байланыштуу Турдубекова президент Садыр Жапаров баштаган бийлик жетекчилерине кайрылды. "Сиздердин көңүлүңүздөрдү шаарда зомбулук күчөгөнүнө бургум келет. Бул Бишкек ИИБ башчысынын кесиптик деңгээлине жана жеке сапаттарына жараша болот. Кечээги кызды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Документти 16-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты  чакан жана орто ишкерликти колдоо тууралуу жарлыктарды ишке ашыруу, көмүскө экономиканы азайтуу экенин билдирди. Мыйзамга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткен менен Ошто жабыр тарткан ишкерлердин салыктык карыздары жоюлат. Жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашпаган көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон жеке ишкерлер салыктан бошотулат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мукаш Ырсалиев Сербиядагы бокс мелдешинде мыкты калыс деп табылды

Кыргызстандык бокс калысы Мукаш Ырсалиев Сербиянын Белград шаарында өткөн 60th Belgrade Winner деп аталган эл аралык мелдеште мыкты калыс аталды. Бул тууралуу Азиянын Бокс конфедерациясы маалымдады. Маалыматка караганда, мелдеш 29-марттан 2-апрелге чейин өтүп, ага дүйнөнүн беш бокс конфедерациясынан 200гө жакын мушкерлер катышып, таймаштарды 20дан ашык калыс тейлеген. 48 килограмм салмакта кыргызстандык Анваржон Хожиев күмүш, 86 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу коло байгеге ээ болду. Азия чөлкөмүнөн жалпы 25 мушкер байге алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Айзаданын өлүмү: адвокат кылмыш иштин мөөнөтү ушул айда бүтөрүн айтты

Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши аягына чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка”  жабыркаган тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Ал окуядан эки жыл өтсө да жыйынтык чыкпаганын, милиция кызматкерлерине чара көрүлбөй жатканын айтты. “Бир ай мурун “иш тергелип атат, күнөөлүү адамдар жоопко тартылат” деп жооп беришкен. Апрелде кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетет. Эми “мыйзам боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мурдагы министр Бейшеналиевдин кеңешчиси Тилекова сотто акталды

Бүгүн, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекованы актаган өкүм чыгарды.  Адвокат Кайсын Абакиров "Азаттыкка" сот кылмыштын курамы жоктугун эске алып, Тилекованы толук актаганын билдирди. Жактоочу шектүү мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн тергөөчүнүн үстүнөн арыздана турганын билдирди. "Мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартуу тажрыйбасын токтотушубуз керек жана Мээрим Тилекова тергөөчүнүн үстүнөн арызданат", - деди жактоочу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажик мигранты 100 жылга чейин Орусияга кире албайт

Тажикистандын жараны Алижон Рахмонов Орусиядан 100 жылга депортацияланды. Соттун тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн укук коргоочу Каримжон Ёров жарыялаганын "Озоди" радиосу жазды. Документке ылайык, 26 жаштагы мигрантка дүйшөмбү күндөн 2123-жылдын 3-апрелине чейин Орусияга кирүүгө болбойт. Журналисттер соттон комментарий алууга мүмкүн болбогонун кабарлашты. Ёровдун айтымында, Рахмонов Орусиядагы миграциялык эрежелерди бузган деп айыпталган. Укук коргоочу мындай окуя Орусиянын тажрыйбасында мурда болуп көрбөгөнүн белгиледи. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Колун кескилептир". Баланы өз жанын кыюуга түрткөн буллинг

Буллинг жана кибербуллинг деген эмне? Чыр-чатак менен буллингдин кандай айырмасы бар? Балаңыз буллингге кабылганын кантип байкаса болот жана ага кандай жардам бере алабыз? "Ачык тайм" подкастында окуучулар, психолог, адистер ушул тема тууралуу сүйлөштүк. Атын атагысы келбеген эне өспүрүм кызы буллинге кабылып, анын кесепетинен колун кескилегенин берди. Ал кызынын колундагы тырыкты бир топ убактан кийин гана көргөнүн айтып, убакыт байкабай жүргөнү үчүн өзүн күнөөлөдү. "Кызым 8-классты аяктап жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Нидерландда темир жол кырсыгында бир киши каза таап, 30 чактысы жаракат алды

Нидерландда 4-апрелдин таңында жүргүнчү поезд курулуш кранын сүзүп рельстен чыгып кеткенде кеминде бир киши набыт болду, 30 чактысы жараат адды. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги билдирди. Кырсык Гааганын жанындагы айылда саат 3.25те болгон. Рейтер агенттиги жазгандай, куткаруучулар 19 кишини ооруканага жеткиришти, калгандарына ошол жерден жардам берилди. Лейден шаарынан Гаагага бараткан поездде 50 киши бар болчу. Окуяны Темир жол компаниясы, полиция жана Нидерланддын Коопсуздук кеңеши иликтей баштады. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Первый в России электромобиль Tesla Cybertruck заметили на Москве

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Трамп: Байден не сможет добиться освобождения арестованного в России Гершковича

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

Музыкальные новости

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о Всероссийском конкурсе спортивных проектов «Ты в игре»

МЧС РФ: в общежитии РУДН в Москве произошло короткое замыкание

Антон Чехов – писатель, врач, путешественник. В Белгороде прошла творческая встреча, посвящённая писателю

Уголовное дело против известного российского политолога Михаила Александрова является фальсификацией бакинского режима

Новости России

Тарифы ЖКХ вырастут в России

Польская армия предупредила о колоннах военной техники у границы с Россией

Трамп: Байден не сможет добиться освобождения арестованного в России Гершковича

Из аэропортов Москвы депортировали 643 граждан Таджикистана

Экология в России и мире

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Медведев обыграл Бублика и вышел в четвертьфинал "Мастерса" в Мадриде

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

На трассе М-4 Дон в этом году отремонтируют 200 км и нанесут экспериментальную разметку

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

В Балакове "десятка" сбила двух женщин и девушку

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT











Топ новостей на этот час

Rss.plus






У путіна погрожують Заходу через заморожені активи

Движение транспорта ограничат в центре Томска в День Победы

Первый в России электромобиль Tesla Cybertruck заметили на Москве

Книжный шкаф Виктора Астафьева появился в Москве на выставке «Россия»