Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аталган компанияга таянуу менен кабарлашты. “Орусиянын энергосистемасы өлкө тарыхында биринчи жолу Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын жеткирип жатат. 2023-жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин жалпы көлөмү 900 миллион кВт. саат электр энергиясы экспорттолот”, – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө. Мурдараак... Читать дальше...
Лейлектин мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылы Баткендин эң четки, облус борборунан алыс жайгашкан айылдарынын бири. Айылда элдин көбү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Ал эми кыз-келиндер колго соккон айтылуу Лейлек килемдери айылдагылардын негизги киреше булагы.
Кыргызстанда айрым жүк ташуучулар бажыда “Милан” фирмасына артыкчылык берилип, ал монополистке айланганын айтып даттанышууда. Буга чейин бул компаниянын маселеси парламентте дагы көтөрүлгөн. Ири жүк ташуучу “Милан” фирмасы дооматтарды четке какты. Монополист фирманын артында ким турат? Кытайдан жүк ташып иштеген жеке компаниянын жетекчиси Аскарбек Эркебаев үч-төрт айдан бери бизнеси жүрбөй калганын айтууда. Жеке ишкер өлкөгө сырттан жүк ташууда “Милан” фирмасы монополистке айланганын, анын артында таасирдүү адам турарын айтууда. Читать дальше...
Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мекеме башчысы Акмал Бурханов алган белектердин тизмесин жарыялады. Өзбекстанда 13-мартта мамлекеттик кызматкерлер кызматтык сапарларда, эл аралык жана жергиликтүү расмий иш-чараларда ала турган белектердин баасы тууралуу жобо бекитилген. Анда бардык мамлекеттик органдар мындай белектердин реестрин түзүүгө милдеттендирилген. Ошол эле маалда аларды ачык жарыялоо талабы жазылган эмес. Бирок Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өз демилгеси менен мекемени... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган саясатчы-активисттер Атай Бейшенбек, Жениш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Тимур Махмудовдун бөгөт чарасын карап, аларды тергөө абагында калтырды. Бүл күнү Кемпир-Абад ишинин алкагында жалпы 16 кишинин бөгөт чарасы каралмак. Райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган. Калган тогуз киши ... Читать дальше...
Владимир Андросик, "Айти Капитал" ЖЧКсы жана "Евразиялык сактык банкы"
Владимир Андросик, "Айти Капитал" ЖЧКсы жана Евразия сактык банкы
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жанысак Сатыбалдиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. Жанысак Сатыбалдиев президенттин 2021-жылдын 22-майындагы жарлыгынын негизинде Базар-Коргон районуна аким болуп дайындалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) быйыл 14-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана “Альфа Телеком” ишканасынын... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган экс-депутаттар Равшан Жээнбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, аларды тергөө абагында калтырды. Сот мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бусурманкуловдун жана саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөрткөн эмес. Алар 20-июнга чейин тергөө абагында болот. Читать дальше...
Саясий популизм деген эмне? Кыргызстанда популист саясатчылар көппү? Популизмдин коомго, ар бир жаранга таасири кандай? Бул суроолорду “Эркиндик үнү” подкастынын бул чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен талкууладык.
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан шайлоого катышууга ушул күнгө чейин жалпы 18 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында кабарланды. Акыркы болуп депутаттыкка Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Айбек Субанов өзүн-өзү көрсөткөн. Анын алдында “ЭрК” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаты Турсунбай Бакир уулу арыз берген. Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште курулушу былтыр аяктаган Ички иштер министрлигине таандык көп кабаттуу үйгө байланыштуу маселе талкууланды. Анда батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ушул тапта иштеп жаткан кызматкерлерге гана берилери белгилүү болду. Буга бир топ жыл кезек күтүп турган милициянын ардагерлери, иш учурунда каза болуп же жаракат алган кызматкерлердин жакындары нааразылык билдирүүдө.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов мусулмандардын ыйык Орозо айындагы Кадыр түндүн урматына 463 жаранга ырайым берди. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, мунапыс тууралуу тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду. Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоону тапшырды. Түркмөн президенти жыл сайын Кадыр түнгө карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.
17-апрелде Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулыга козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу башталды. Бул иш боюнча Астанадагы Улуттук музейдин директорунун мурунку орун басары, "Экспонат" мекемесинин директору жана башкы эсепчиси да сот жообуна тартылууда. Арыстанбек Мухамедиулы 2022-жылы май айында Улуттук музейди жетектеп турганда камалган. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бусурманкуловдун жана саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык, алар 20-июнга чейин тергөө абагында болот. Мунун алдында журналист сот Айданбек Акматовдун, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун жана блогер Али Шабдандын бөгөт чарасын каралып, алардын дагы абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат берилгенин ырастады. Мунун алдында “Исмаил Матраимов” коомдук фонду“ Райым миллион” деген каймана аты бар Райымбек Матраимовго муфтий Замир Ракиев ыраазычылык кат тапшырып жатканы тартылган видеону жарыялаган. Ал Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” мечитинде 16-апрелде берилгени белгилүү болгон. Бул мечитти бир тууган Матраимовдор атасынын урматына салдырган. Читать дальше...
Жаз өнөрүнүн эң таасирдүү музыканттарынын бири катары сыпатталган пианист Ахмад Жамал 93 жашында дүйнөдөн кайтты. Кызы Сумая ал простата безинин рагынан каза болгонун The Washington Post гезитине билдирди. Профессионал музыка дүйнөсүнө 1944-жылы аралашкан Ахмад Жамал жазды өнүктүрүп, электроника жана хип-хоп артисттери менен эксперимент жүргүзүп, жаз өнөрпоздорунун бир канча муунуна жол көрсөткөн. Жамал Питтсбургда төрөлүп, үч жашында пианино черте баштаган. Ынды каралардын алгачкы опера труппасынын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде Нарын шаарынын ички жолдорун курууга анын демөөрчүлүк фондунан акча берилерин айтты. Ошондой эле ага караштуу эки фонд бар экенин тактады. "Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанга товарларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берип келген коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Атайын кызмат 17-апрелде тараткан маалыматта Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. бул схеманы уюштурганы айтылат. “Ал аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу суроого жооп берди. Бул багытта Бишкек шаарынан сырткары бир катар аймактарда долбоорлор ишке ашарыларын айтты. "Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди салып жатабыз, дагы салабыз. Региондордо дагы башталды. Мисалы, Нарында долбоору даярдалып жатат. “Кумтөр” берген акчаларына салып, МИК (Мамлекеттик ипотекалык компания) аркылуу берели деп жатабыз. Таласта да долбоор өз нугунда кетип жатат. Читать дальше...
Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отургандардын айрымдарынын ишин карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды. Мунун алдында райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган. Биринчи Май райондук соту 17-апрелде активисттер Али Шабдан менен Эрлан Бекчоро уулунун, журналист Айданбек Акматовдун бөгөт чарасын карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды. Али Шабдан "Азаттыкка" комментарий берип жатып... Читать дальше...
17-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстанда бизнести 2026-чейин өнүктүрүү программасы талкууланды. Программа Министрлер кабинетинин 22-февралдагы токтому менен бекитилген. Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жыйында бул программа ишкер чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестициялык климатты түзүүгө багытталганын билдирди. Анда экономикага сырттан таасир этчү факторлорго каршы антикризистик чаралар, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылган системалык чаралар камтылган. Программанын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга токтолду. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айтканы менен, иш жай жүрүп жатканын белгиледи. “Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, "бул жерди... Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт 21-апрелде болорун билдирди. Ошондой эле бул айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болушу ыктымалдыгын эскертти. "Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Муфтият 2023-жылдын 21-апрелин, жума күндү Орозо айт майрамы деп белгиледи",-деп жазылган маалыматта. Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган журналист Айданбек Акматов менен жарандык активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды. Акматов сот залына кирип баратып "тергөө иштери жай жүрүп жатканын, болгону эки жолу сурак бергенин" айтып, "кылмыш иши негизсиз козголгонун" билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүлөр болбогонун, буга чейин үй камагына чыккандарга саламаттыгынан улам ошондой чечим чыкканын белгиледи. Читать дальше...