Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте ондон ашык курулуш компаниясын "кара тизмеге" киргизип, элди батир сатып алууда этият болууга чакырды. Айрым курулуш компаниялары Бекешевдин айткандарын төгүндөп, сотко кайрыла турганын билдирип жатат. Баш калаада ондогон үй-бүлө тапкан акчасын салып алган үйлөрүнө документ берилбей, тийиштүү коммуналдык тармактарга кошула албай убара тартууда. Парламент депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына 10дон ашуун курулуш компаниянын атын тизмектеп жазып... Читать дальше...
Ооганстанда "Талибан" өкмөтү куруп жаткан Кош- Дөбө каналы Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө олуттуу суу таңкыстыгын жаратышы мүмкүн. 2022-жылдын 31-мартында талибдер өлкөнүн түндүгүндө чоң канал куруу долбоорун сунуштаган. Канал чөлкөмдөгү төрт өлкөгө суу берген Амударыядан башталат.
Сүрөтчү Нургуяна Иннокентьева Кыргызстандагы 2005-2010-жылкы ыңкылаптардын урунтуу учурларын чагылдырган “Революция портреттери” деген сериядагы сүрөттөрдү тарткан. Якут кызы 30 жылдан бери Кыргызстанда жашайт. Сүрөтчү чыгармачыл адамдар коомдогу көйгөйлөрдү, элдин кайгысы менен кубанычын өз эмгеги аркылуу чагылдырып, тарыхка салым кошорун белгилейт.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугу жок ишке ашып жатканын сынга алышты. Президенттик администрация пилоттук долбоор катары былтыр Түп районунун айыл аймактарын ирилештире баштаган. Эки күн мурда Нарын облусундагы түзүмдөрдү өзгөртүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Бул аракеттер жер-жерлерде нааразылыктар менен коштолууда. "Өтө чекилик жана чийки" Административдик-аймактык реформага байланыштуу маселени парламенттин 6-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо көтөрдү. Читать дальше...
Бир нече активист 6-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында акция өткөрүштү. Алар ЕККУну өз мандатын пайдаланып, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндигинин абалына байланыштуу маселелерге көңүл бурууга чакырышты. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пикирлерин ачык айтып чыккандан кийин камалган саясатчы, активист, блогерлердин ишине көңүл бурууга үндөштү. Активисттер ушул маселелер камтылган кайрылууну уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчилигине тапшырышты. Читать дальше...
Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 килограмм кыргыз алтыны сакталууда. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев 6-апрелдеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө алтындын жалпы кору болжол менен 47 тоннаны түзөт. Малиев бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын маалыматына таянып билдирди. Комиссия төрагасы иликтөө ишинин жыйынтыгында уурдоо фактылары, сакталган жана сатылган алтындын саны, сапаты жана... Читать дальше...
Тажикстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёровго дагы бир кылмыш иши козголуп, Вахдаттагы колониядан Дүйшөмбүдөгү СИЗОго которулду. “Озоди” радиосу жазганына караганда, тиешелүү органдар бул маалыматка комментарий бере элек. 4-апрелде Польшада жайгашкан "Бузургмехр" фонду аны "көз боемочулук үчүн айыптап жатышканын", бул иш ойдон чыгарылганын билдирди. Андай айыптоо үчүн Тажикстанда айып пулга жыгуу же 8-12 жылга абакка кесүү каралган. Маалыматка караганда, кылмыш иши Вахдаттагы... Читать дальше...
Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен Израил полициясы кагылышып, 350 киши кармалды. Кырдаалга бир катар мусулман өлкөлөр тынчыздануусун билдирүүдө. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 13 жаштагы кызды зордуктагандарга чегерилген жазанын Жогорку сотто кыскарып кетишин сындап, бул зомбулуктун көбөйүшүнө жол ачат деген кооптонуусун билдирди. Депутат Дастан Бекешов 11 курулуш компаниясын "кара тизмеге" киргизип, элге батир сатып алууда этият болууну эскертти. Депутаттын тизмесине... Читать дальше...
Литва мыйзамсыз иммиграцияны уюштургандыгы үчүн Беларустан 120 миллион евро талап кылып жатат. Бул тууралуу Ассошейтед Пресс агенттиги маалымдады. 2021-жылы Еврошаркет Минскиге жана авторитардык жетекчи Александр Лукашенкого каршы санкция салгандан кийин Литва аркылуу биримдиктин аймагына кирүүнү көздөгөн мыйзамсыз мигранттардын, көбүнчө Африка менен Жакынкы Чыгыштын жарандарынын саны кескин көбөйгөн. Литванын Тышкы иштер министрлиги 6-апрелде Беларуска кенемте талап кылган дипломатиялык нота тапшырылганын билдирди. Читать дальше...
Тегерандын четиндеги Шахр-и Зиба конушунда шаршембинин кечинде нааразылык акциясы өттү. Катышуучулар өкмөткө каршы митинг учурунда полициянын огунан каза тапкан Хамидреза Рухинин туулган күнүндө аны эскерүү үчүн чогулушкан. 19 жаштагы студент былтыр 18-ноябрда үйүнүн жанында каза болгону кабарланган. 5-апрелдеги акциянын катышуучулары "Диктаторго өлүм!", "Хамидреза тирүү, Хаменеи өлдү", "Эркиндик!" деген ураандарды чакырып жатышты. Аялдар жылаңбаш чыгып, "Аял, жашоо, эркиндик!" деп кыйкырып турушту. Читать дальше...
“Коррупцияга каршы элдик кызмат” деп аталган коомдук бирикменин төрагасы (Э.У.Т.) Бишкек шаарынын тургунунан опузалап 100 миң сом алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 6-апрелде билдирди. Башкы көзөмөл органы жабырлануучуга шектүү Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жаткан кылмыш ишин “оң жагына чечип берем” деп убада бергени аныкталганын кабарлады. Тергөөдө шектүү буга чейин 200 миң сом акча алганы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк... Читать дальше...
6-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Сербия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, тышкы иштер министри Ивица Дачичти кабыл алды. Алар эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров эки өлкөнүн ортосунда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин, Кыргызстан серб өнөктөштөрү менен биргелешип иштөөгө даярдыгын айтты. Ивица Дачич өзүнүн сапарын тарыхый деп сыпаттап... Читать дальше...
Бишкекте жайгашкан Ала-Арча көрүстөнүндө 10 чакты гана орун калды. Бул тууралуу вице-мэр Нурдан Орунтаев шаардык кеңештин Турак жай - коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс боюнча туруктуу комиссиясынын 6-апрелдеги жыйынында айтты. Ал бул орундар толгондон кийин Ала-Арча көрүстөнүн жабуу маселеси караларын билдирди. Бишкек шаардык Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков борбордо жети көрүстөн бар экенин, анын үчөө жабылганын, шаарда жыл сайын эки миңдей сөөк жерге берилерин маалымдады. Читать дальше...
Мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мурдагы министрдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-апрелде карала турганы айтылды. Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров окуу программаларын толугу менен кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал тармакты реформалоо боюнча 6-апрелде Бишкекте өткөн форумда билдирди. Жапаров билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш багытты атады. Алардын бири окуу программаларын эмгек рыногунун талабына ылайыкташтыруу экенин белгиледи. “Жарым-жартылай чечим чыгарууга убакыт эбак артта калды. Адаптация жараянын эчак эле башташыбыз керек болчу. Биз ар кандай программаларды пилоттук кылып... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште секелек кыздарга, балдарга жана аялдарга жасалган зордук-зомбулук көбөйгөнү тууралуу маселе көтөрүлдү. Анда укук коргоо органдары зомбулук менен күрөшүү ордуна кордук көргөн кыздарга басым кылып жатат деген сын айтылды. Соңку учурда жарандык коом кордолгон кыз-келиндерге карата сот чечимдерине жана күч органдарынын мамилесине нааразылык билдирүүдө. Жогорку Сот зордукталган секелектин ишине чекит койду Жогорку Сот ушул жумада 13 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого айыпталып, 15 жылга... Читать дальше...
Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында 2022-жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 77 үй кайра курулуп ээлерине толук тапшырыла элек. Айылдыктар жазгы талаа иштери башталарда курулуш тезирээк аяктаса экен деп тилеп отурушат.
Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмесин жарыялады. Сап башына Louis Vuitton компаниясынын жетекчиси Бернар Арно чыгып, рейтингди алгачкы жолу Франциянын жараны баштап калды. Ал эми бир жыл мурун дүйнөнүн эң бай адамы аталган Илон Маск экинчи орунга түшкөн. Дүйнөдөгү байлардын катарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн казакстандыктар гана бар. Алардын көбү мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакындары. Байлардын акчасы 500 миллиардга азайды Быйыл акциялар төмөндөп, үстөк пайыздардын... Читать дальше...