Акыркы 30-35 жылдык тарыхта Кыргызстанда күчтүү оппозиция куралып, анын лидерлери элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген учурлар болгон. Бирок акыркы мезгилде оппозиция алсырап, салмагын жоготкону айтылууда. Оппозициянын азыркы абалы кандай жана ал заманбап доордун шартында жаңыланууга тийишпи? Мындан туура бир жыл мурда – 2022-жылдын 31-мартында Бишкекте "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөн. Өзүн оппозиция деп атаган уюмдун мүчөлөрү алгачкы жыйынын Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялаган. Читать дальше...
Бишкекте машине сүзүп кетип каза болгон 50 жаштагы Миргүл Айткулованын өлүмү боюнча ишти Биринчи Май райондук соту 31-мартта өкүм чыгарды. Маркумдун баласы Азизкан Айткуловдун билдиришинче, судья айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды. Миргүл Айткулованы 30-январда эртең мененки саат 8.40тар чамасы башкалаанын Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Окуя тартылган видеодон ал жолдон өтүп баратканда Honda Fit үлгүсүндөгү... Читать дальше...
1-апрелде Бишкектеги “Ынтымак” сейил багында ачылган “Сөз эркиндиги” аллеясына "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулду. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурган иш-чарага 100дөн ашуун маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышты. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков иш-чаранын максаты "жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, мамлекеттик жана жеке медианын ортосунда байланыш түзүп, аны чыңдоо" экенин айтты. Читать дальше...
Ушул тапта Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө Конвенциясын ратификациялоо боюнза мыйзам долбоору талкууланып жатат. Иш учурундагы ыдык деген эмне? Ага кабылган кызматкерлердин укугун ким коргойт?
Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек шаардык мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз текшерүү менен барды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Департаменттин аймагында көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен жакын арада шаарга миң автобус алынганы жатат. Бишкекте транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаар четине чыгарылат. Читать дальше...
Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп 4-апрелде сотко келгенде коюлган айыптардын кеминде бири кылмыш ишине байланыштуу болот. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Учурда Трампка коюлган айыптардын корутундусу расмий жарыялана элек, бирок CNN телеканалы өз булактарына таянып экс-президентке бизнестеги алдамчылыкка байланыштуу 30дан ашык айып тагыларын жазды. Бейшембиде, 30-мартта Манхэттен аймактык прокурору чакырган арачылар соту Трампты порноактрисага "үн катпаганы үчүн"... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын билдирген. "Тилекке каршы, жашы жете электер арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар болууда. Биз жергиликтүү бийлик, социалдык кызматкерлер... Читать дальше...
Кыргызстан медиаларынын аракеттеги платформасы уюму президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү уюштурган "Сөз эркиндиги" аллеясына көчөт отургузуу акциясын сындаган билдирүү таратты. Анда мындай иш-чара сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге, медиага жана блогерлерге куугунтук жүрүп жаткан маалга туш келгени белгиленген. "Бийлик президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аракеттери менен Конституциянын сөз эркиндиги жана ой-пикирлердин плюрализми боюнча беренелерин ким колдоно аларын аныктады. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 1-3-апрель күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -3 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет. Ишемби күнү, 1-апрелде абанын табынын көтөрүлүшүнө жана жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Каракол-Эңилчек... Читать дальше...
Интернетте маңзат жеткирип иштегени айтылган жарандарды белгисиз бирөөлөр сабап жаткан видео жарыяланды. Анда кармалган жаран маңзатты онлайн саткан баракчанын атын айтып кечирим сурагандан кийин канжалаганча токмок жегенин көрүүгө болот. Бул топтун Телеграм-каналында сабалгандар маңзатты жеткирбей койгону үчүн жазаланганы айтылган. Ички иштер министрлиги бул боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирди. Социалдык тармактарда наркотикалык каражаттарды жеткирип иштегени айтылган жарандардын сабалганы тартылган деген видеолор тарады. Читать дальше...
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Октябрь айылынын айрым тургундары кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселесин көтөрүштү. Алар бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев менен жолугушууда билдиришти. "Жолугушууда чек араны бойлой аккан Чүй дарыясынын суусу жээктерди жууп, агымдын нугу өзгөрүп жатканы айтылды. Натыйжада жерлер коңшу өлкөгө өтүп кетүү коркунучу жаралганы белгиленди. Тургундар жээктерди бекемдөө иштерин тездетүү талабын коюшту",-деп... Читать дальше...
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева 31-мартта муниципалдык бала бакчалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда балдардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууну тыюу, бакчаларда берилген тамак-аштын сапаты өңдүү маселелер талкууланды. "Мэриянын тийиштүү башкармалыгы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу үчүн мындай жайлардын жетекчилерине түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жыйындын соңунда директорлорго бул көрүнүштү токтотуу боюнча тапшырмалар берилди”,-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби америкалыктарды коопсуздук үчүн Орусиядан кетүүгө чакырды. Анын сөзүн CNN телеканалы таратты. "Азыр америкалыктар Орусияда жүрчү маал эмес. Эгер сиз иш менен же эс алып жүргөн болсоңуз, сапарыңыздын кандай гана максаты болсо дагы Орусиядан азыр кетишиңиз керек. Орусия сиз үчүн жакшы жай эмес. Орусия азыр америкалык жарандар үчүн душман чөйрө. Эгер сиз ал жакта жүрсөңүз чукул кетишиңиз керек”,-деген Кирби. Ал ошондой эле президенттин... Читать дальше...