Мы в Telegram
Добавить новость

Ребенок упал с 12 этажа жилого дома на Новочеркасском бульваре в Москве

В УФПС по НАО рассказали, кто чаще всего шлет посылки сам себе

С 1 мая в России будет проиндексирована пенсия

Сергунина: С помощью сервиса «Библиотеки Москвы» забронировано почти 500 тыс. книг



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Апрель
2023

Новости за 28.04.2023

Azattyk.org 

Депутат өкмөт башчынын орун басарын алмаштырууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттар тобу бүгүн 28-апрелдеги биргелешкен отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу сунуш кабыл алышты. Депутат Надира Нарматованын мындай сунушу камтылган чечимди депутаттар бир добуштан колдошту. Аталган отурумда ВИЧ/СПИДге, кургак учукка жана безгек оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлгөн гранттык каражатынын пайдаланылышы боюнча маселе каралды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бизнес: тинтүү, конфискация, кайрымдуулук

Конфискация, тинтүү, ири бизнес ээлерин камоо, мамлекетке ыктыярлуу түрдө берилген ири өлчөмдөгү кайрымдуулук. Ушул жана башка жаңылыктар бизнес чөйрөсүнүн азыркы абалын талкуулоого түрткү болду. Мындай шартта кандай коркунучтар бар?

Azattyk.org 

Дүйнөгө таанымал 128 маданият ишмери Навальныйды бошотууга чакырды

Дүйнөгө таанымал 128 маданият ишмери Орусиянын президенти Владимир Путинден оппозициячы Алексей Навальныйды бошотууну жана ага тез арада медициналык жардам көрсөтүүнү суранышты. Кайрылуунун орус тилиндеги тексти "Медуза" басылмасында чыкты.  Кол койгондордун арасында бийчи Михаил Барышников, жазуучу Жоан Роулинг, Нобелдин адабият сыйлыгынын лауреаттары Орхан Памук, Герта Мюллер, Ольга Токарчук, Светлана Алексиевич, Марио Варгас Льоса жана Жон Коетзи, сүрөтчү Арт Шпигельман, драматург Том Стоппард... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абад: Эвакуация жарыяланган коллеж ишин улантты

Жалал-Абадда чогуу окуган балага калемпир газын чачыраткан студент кыздын айынан окуу айрым бир убакытка токтотулуп, студенттер жана окутуучулар эвакуация болушканын “Азаттыкка” окуянын күбөлөрү айтып беришти. Алардын айтымында, окуя бүгүн 28-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы коллежде болгон. 1-курстагы студент кыз тайпалашы менен уруша кеткенден кийин ага каршы калемпир газын чачыратуучу кол баллон колдонуп, бетине чачып жибергени, натыйжада кулагынан күйүк алган бала “Тез жардам” менен бейтапканага жеткирилгени... Читать дальше...

Azattyk.org 

Лондон кыргыз өкмөтүнө санкцияларды эскертти

Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкектеги сапары жана Батыштын Орусияга салган санкцияларын сактоонун талабы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Azattyk.org 

Казакстанда сот генерал Серик Күдебаевди 10 жылга кести

Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев 10 жылга камалды. Талдыкорган соту 28-апрелде ушундай өкүм чыгарды, бирок азырынча расмий күчүнө кире элек. Күдебаев өзүнө тагылган айыпты моюнга алган жок.  Башкы прокуратура Серик Күдебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 27-апрелде билдирген. Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталган Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк ал чек арадан расмий чыкпаганы маалымдалып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто эл аралык Go Viral фестивалы өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн 28-апрелде Борбор Азия жана АКШдан келген спикерлердин катышуусунда медиа, бизнес, маданият жана технология тармагын талкуулаган иш-чара өтүп жатат.   Go Viral деп аталган фестивалда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, NASA компаниясынын мурунку кызматкери Аиша Боу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана башка спикерлер, жаштар баарлашты. Иш-чаранын башкы темасы – туризм жана айыл чарба алкагындагы креативдүү экономика. Фестиваль АКШ Мамлекеттик департаментинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөр

Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөштү. Эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптады Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists - CPJ) “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда китеп окуу сынагы жыйынтыкталды

Жалал-Абадда Курманбек баатыр атындагы балдар лицейи шаардын мэриясы жана билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Китеп адамды, адам дүйнөнү өзгөртөт” аттуу китеп окуу сынагын өткөрдү. Сынак мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер арасында уюштурулуп, ага жалпы 290 адам катышты. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Аталган сынакты өткөрүүгө шаар бюджетинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. (TB)

Azattyk.org 

АКШ Орусия менен Ирандын атайын кызматтарына санкция салды

АКШ Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) жана Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматына каршы санкцияларды киргизди. Бул чара АКШ жарандарын мыйзамсыз кармоого байланыштуу кабыл алынды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин чечими менен салынган санкциянын тизмеси АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды. Быйыл мартта The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершковичти Орусиянын ФСБсы Екатеринбург шаарында кармаган. Москвадагы тергөө абагында жаткан журналист тыңчылыкка айыпталууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Кумтөр Оперейтинг Компаниге” жаңы милдеттер жүктөлөт

Министрлер кабинетинин 25-апрелдеги жыйынында “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун акцияларын толугу менен мамлекеттин менчигине өткөрүү чечими жарыяланды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги компанияга жер казынасын пайдалануу багытындагы жаңы долбоорлорду башкаруу милдеттери жүктөлөрүн билдирүүдө. Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы 2022-жылдын апрелиндеги чечүүчү келишиминде “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканаларынын... Читать дальше...




Azattyk.org 

Кене чагып алып, доктурга кайрылгандар көбөйүүдө

Кыргызстанда кене чагып, ооруканага кайрылгандар соңку күндөрү көбөйө баштаганын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Мекеменин 27-апрелдеги маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 170ке жакын адам катталды, алардын көбү Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө. Адистер адатта жаз-жай айларында кене чагып алгандар көп катталарын, талаа-тоого чыкканда абайлоо керектигин эскертип келишет. Кене энцефалити адамдын борбордук нерв системасын жабыркатуучу вирустук илдет. Читать дальше...

Azattyk.org 

БШК: ЖКга Ленин округунан талапкерликке 49 адам арыз берди

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшыргандар 49 адам болду, соңку маалымат боюнча, алардын бешөө түрдүү себептерден улам арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн 28-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 49 адамдын 9у аялдар, 40ы эркектер. Талапкер болууну каалагандар 30-апрелге чейин БШКга бардык документтерин тапшырууга тийиш. Арыз тапшыргандар арасында саясатчылар жана коомдук ишмерлер Эркин Булекбаев... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде мечиттерде чек ара жаңжалында курман болгондор эскерилди

Баткен облусунун мечиттеринде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго багышталып куран окулду. Курман болгондор облуста расмий эскерилген жок. Мындан эки жыл мурда 28-апрелде болгон куралдуу кагылышта Кыргызстандын 36 жараны курман болгон. Көбү жай тургундарды түзгөн маркумдар арасында балдар да бар.  Бул күнгө байланыштуу өлкө президенти Садыр Жапаров кайрылуу жасады.  Анда өлкө 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечиргени айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун жумушчу топ иликтейт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө иш сапар менен жүргөндө билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына жумушчу топко бир апталык мөөнөт берилгенин жазды. "Мекемелер аралык жумушчу топко бир жуманын ичинде курулуш иштеринин жүрүшүн, жолдун Балыкчы-Барскоон тилкесин (0дон 141,7 чакырымга чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Хорогдо УКМКнын бөлүм башчысы өлтүрүлгөнү кабарланды

Тажикстандын Ооганстан менен чек арасындагы операцияда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Хорогдогу бөлүмүнүн башчысы Комрон Ражабзода өлтүрүлгөнү кабарланууда.   Окуя 28-апрелге караган түнү болгонун "Озоди" радиосуна эки булак билдирди. "Комрон Ражабзоданы операция учурунда белгисиз бирөөлөр өлтүрдү", - деди алардын бири. Ооганстандын Бадахшан провинциясынын куралданган сегиз тургуну маңзат ташуу максаты менен түн оогондо чек араны кесип өткөнүн, алар "Тишор" чек ара бекетинин кызматкерлеринин... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү "Азаттыкка" жана акыйкатчыга байланыштуу билдирүү таратты

Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимине тынчсыздануу билдиришти. Демократия, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитетинин төрагасы, вице-төрагасы жана баяндамачысы Николоз Самхарадзе (Грузия), Фарах Карими (Нидерланд) жана Йохан Бюсер (Швеция) 27-апрелде билдирүү жасашты. Алар "Азаттыкты" жабуу - Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигине чоң залакасын тийгизе турганын белгилешти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акылбек Жапаров Кыргызстан айрым эл аралык конвенциялардан чыга турганын билдирди

Кыргыз өкмөтү Үй-бүлөлүк кодекстин долбоорун даярдап жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди. Ал ошол кодекстин негизинде Кыргызстан айрым эл аралык конвенциялардан чыга турганын айтты. “Буга чейин адам баласынын укугу, ал каалаганын кылат деп баарын кабыл ала берген экенбиз. Эми мындан ары болбойт. Кирген айрым конвенциялардан чыгалы деп жатабыз”. Акылбек Жапаров... Читать дальше...

Azattyk.org 

Россельхознадзордун өкүлдөрү лабораторияларды текшерүү үчүн Кыргызстанга келет

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл федералдык кызматынын (Россельхознадзор) өкүлдөрү 3-майда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттар тобунун жыйынында билдирди. Жапаров өзү алар менен чогуу Орусияга киргизүүдө маселе болуп жаткан азыктар текшерилген лабораториялардын баарын текшерип чыга турганын айтты. “Буга чейин 20дан ашык лабораторияга атомдук спектрометрлерди орнотуп, кызматкерлерин окутканбыз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапаров темир жол куруу долбоорунун негиздемеси даяр экенин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-апрелде Жогорку Кеңеште Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун билдирди. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында өлкө башчылары каржылоонун жол-жобосун тактагандан кийин иш башталарын айтты. "Техникалык-экономикалык негиздемеси даяр. Каржылоонун жалпы көлөмү такталып жатат, ал 3-5 миллиард доллардын тегерегинде болот. Биздин аймак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сербия президенти ооруканага жатканы тууралуу маалыматты четке какты

Сербиянын президенти Александр Вучич саламаттыгы жайында экенин, иш сапарга даярданып жатканын 28-апрелде журналисттерге билдирди. Анын алдында жергиликтүү маалымат каражаттары мамлекет башчысы ооруп, Белграддагы ооруканага чукул жаткырылганын кабарлашкан. B92 телеканалы президентти уулу Данило социалдык түйүнгө "ата, сенин жашашыңды жана ден соолугуң чың болушун каалайм" деп жазганын маалымдаган. Бирок ал кандай диагноз менен кайсы ооруканага жаткырылганы айтылган эмес. Вучич 2019-жылы жүрөк оорусу менен ооруканага жаткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарыхый эс тутум: эл унутпаган трагедиялар

Тарыхый эс тутум деген эмне? Анын мааниси кандай? Кыргызстанда буга канчалык көңүл бурулат? "Куугунтук курмандыктары" подкастында белгилүү жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев, тарыхчы окумуштуу Гүлзат Алагөз кызы менен ушул тууралуу талкуулайбыз. - Тарыхый эс тутум - Кыргызстанда кеңири изилденип, талданган түшүнүк эмес. Эс тутум дегенде дароо эле Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Найман эне, маңкурт окуясы эске келет. Кара башыл адам эс тутумунан ажыраса, энесине ок атат экен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан: мурдагы активист Собир Валиевге жаңы кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы мурдагы саясий активист Собир Валиевге каршы жаңы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу активисттин өзүнө шилтеме кылып кабарлады. "Прокуратура кызматкерлери иш бөлмөмө кирип келип, бардык каржылык жана башка документтерди алып кетишти. Көп өтпөй мага жана кол алдымда иштеген кызматкерлерге "Документ жасалмалоо", "Алдамчылык" жана "Экстремизм" беренелери боюнча кылмыш ишин козгошту", – деди Валиев. Активист бул айыптоолорду четке кагууда. Тажикстанда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Прокуратура "Ысык-Ата" санаториясында 13 млн. сом мыйзамсыз чыгарылганын билдирди

Башкы прокуратура Чүй облусундагы “Ысык-Ата” санаториясында 12 млн. 996 миң 615 сомдук каражатты эсептен мыйзамсыз чыгарганы аныкталганын 28-апрелде билдирди. Анда Ысык-Ата райондук прокуратурасынын кызматкерлери санаторияны текшерген учурда мекеменин мурдагы директору жана айрык кызматкер жеке ишкерлер менен бирге ушундай кылмышка барганы аныкталганы айтылат. Андан тышкары, эмеректерди кымбат баада сатып алуу боюнча келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 млн. 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

29-апрелдин аба ырайы

29-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Источник 360.ru: трое подростков пострадали при аварии в Москве

Стало известно, кто стали главными поставщиками мяса в Россию

Анастасия Ивлеева удалила из Instagram все фотографии и видеоролики

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

Музыкальные новости

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ

Минское «Динамо» победило «Днепр» в чемпионате Беларуси

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Собянин: В Щербинке будут запущены автобусные маршруты к МЦД и соцобъектам

Новости России

Уже завтра вы не узнаете цены: «Магнит» и «Пятерочка» приняли решение для россиян

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

Прогулки по Германии: Мюнхен, Германия

Горячая степь: что посмотреть и чем заняться в Калмыкии весной

Экология в России и мире

Чтобы кости были крепкими: 10 продуктов, богатых кальцием, которые нужно добавить в рацион

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Театр, искуство, Россия и дети: кукольная фотосессия в Бурятии

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Спорт в России и мире

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Музеи Твери. Лисичкины сказки

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Лидер ЛДПР почтил память жертв теракта в "Крокусе" у народного мемориала в Москве

53-летняя Айсылу, вышедшая замуж за 23-летнего приемного сына, подала на развод

Радионова и Кучаев объявили, что скоро станут родителями

Задержка грузов в Россию может произойти из-за непогоды в Китае