Израилде сот реформасына каршы нааразылык акциялардын жаңы толкуну башталды. 11-сентябрда юстиция министри Ярив Левиндин үйүнүн жанына 200дөй киши топтолду. Алар жол кыймылын тороп салгандыктан, полиция менен кагылышуу катталды. Нааразылык акциясына чыккандар «Курал боюнча ага-инилер» кыймылына байланышы барлар экени аныкталды. Бул кыймыл сот реформасына каршы жүрүштөрү менен белгилүү. The Jerusalem Post басылмасы жазгандай, юстиция министри жан сакчыларынын коштоосунда үйүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Читать дальше...
2023-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,2 млрд кВт/саат көлөмдү түзөт деп эсептелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда Бишкекте өткөн атайын басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл суу тартыштыгынан улам Кыргызстандагы гидроэлектр станциялар 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп саналууда. Өлкөдө жалпы керектөө бул жылы 17,2 млрд кВт/саатты түзүшү мүмкүн. Таалайбек Ибраев тартыштык Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана... Читать дальше...
Быйыл Кыргызстанда энергетикалык абал калкты өзгөчө кооптондуруп турат. Суунун тартыштыгы тармактагы каатчылыкты курчутуп, өкмөт бул кырдаалдан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. Бирок кыргыз бийлигинин энергетикадагы абал боюнча маалыматтары бири-бирине каршы келип, чечимдерин улам өзгөртүүдө. Буга чейин энергетика министри кышында электр энергияны берүүдө маселеси болбойт деп келсе, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыш оор болорун эскертти. Ал энергетикадагы абалды жөнгө салуу үчүн жарандарды дагы үч жыл чыдоого чакырды. Читать дальше...
Төрт эл аралык укук коргоочу уюм Тажикстандын бийлигинен саясий активист Низомиддин Насриддиновго тагылган айыптарды алып, аны түрмөдөн бошотууну талап кылышты. 11-сентябрда таратылган билдирүүгө Норвегиядагы Хельсинки комитети, Human Rights Watch, Freedom For Eurasia жана Freedom Now уюмдары кол коюшкан. Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мурдагы активисти Низомиддин Насриддинов 2015-жылдын октябрь айынан бери Германияда жашап келген. Ал автоунаа алып-сатуу максатында быйыл 8-январда... Читать дальше...
Күз-кыш мезгилинде экономика тармактарын жана калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси бүгүн 11-сентябрда өкмөттө талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. “Төрөбаев көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүр рыногунда... Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бүгүн 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын кабарлады. ... Читать дальше...
Атлас тоо кыркаларында жайгашкан шаар-кыштактарда куткаруу иштери уланууда. Амизмиз шаарында урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жатышат. Британиянын жана Испаниянын куткаруучулар тобу кырсык болгон аймактарга жетти. 9-сентябрда болгон зилзаладан өлгөндөрдүн саны 2200гө чамалады
Грузия 11-сентябрдан баштап кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили билдирди. Ал Бээжин менен Тбилисинин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана бул өлкөдөн туристтерди тартуу маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы Кытайдан түз авиакаттамдар көбөйөрүнө ниеттенип жатканын кошумчалады. Быйыл июлдун соңунда Кытай менен Бээжин алакаларын стратегиялык өнөктөштүккө чейин жогорулатуу чечимин кабыл алышкан. АКШнын Грузиядагы... Читать дальше...
Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, "Eagle Partner-2023" деп аталган аскердик машыгуулар 11-сентярда башталды. Маалыматка караганда, анын башкы максаты армян күчтөрүн эл аралык тынчтык орнотуу миссияларына катышууга даярдоо. Аскердик машыгуулар Еревандан алыс эмес Зар жана Армавир полигондорунда 20-сентябрга чейин өтөт. АКШ билдиргендей, ага 85 америкалык жана 175 армян аскери катышат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмун жетектеген Орусия машыгуулар боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул уюмга Армения дагы мүчө. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) активист Зарина Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып камалганын ырастады. Ага социалдык тармактардагы "чагымчыл" билдирүүлөрүнө байланыштуу айып коюлганын маалымдады. "Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“массалык башаламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды такай Фейсбукка жарыялаган “Зарина Төрөкулова” деген аккаунтунун ээси – Т.З. аныкталды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Читать дальше...
Кыргызстандагы майнинг ишмердүүлүктүн электр тармагына таасири боюнча маселе бүгүн 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Султанбай Айжигитов жыйынга катышып жаткан энергетика министри Таалайбек Ибраевге чакан ГЭСтердин майнинг компаниялар менен байланышы тууралуу суроо узатып, алар өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтты. “Линияны ээлеп жатышпайбы булар. Баары бир зыяны тийип жатпайбы. Майнинг компаниялардын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети 11-сентябрдагы жыйынында "Бишкек штамптоочу заводуна" 476 миллиондон ашык сом насыя берүүнү колдоду. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өкмөттүн буга байланыштуу тескемесинин долбоору менен тааныштырып жатып, насыяны он жылга берүү каралып жатканын билдирди. "Бул завод стратегиялык объект болуп саналат. Анын иши аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү жана сатуу болуп эсептелет. Бюджеттик насыя төмөнкү шарттарда берилет... Читать дальше...
Түркмөнстанда бюжеттик кызматкерлерди, анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштегендерди бийлик күчтөп пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Пахта жыйноо кампаниясына мектеп окуучулары да тартылганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. Жергиликтүү дарыгердин айтымында, ар бир кишиге күнүнө 60 килограмм пахта жыйноо талабы коюлган. «Бирок талаада пахта аз болгондуктан, күнүгө 13 кг эле чогултууга мүмкүн», - дейт ал. Пахта жыйноо боюнча өнөктүк бир катар облустарда 9-сентябрда расмий... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети "Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндөгү" мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түздү. Бул долбоорду "Элдик" депутаттар тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев даярдаган жана июнь айында парламент дароо үч окууда карап, кабыл алган. Бирок президент Садыр Жапаров долбоорго каршы пикирин билдирип кайра парламентке кайтарган. Комитеттин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун... Читать дальше...
Ошто 30 августа балдардын ур-токмогунан каза болгон 15 жаштагы Аскаттын өлүмүнө шек саналып беш бала кармалды. Маркумдун жакындары күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун талап кылууда.
Бишкектин таштанды тазалоочу “Тазалык” ишканасына калктын жана мекеме-ишканалардын карызы миллиондоп саналып жатканын, ошонун айынан жумушчулардын айлык маянасы кечигип, атайын техниканы оңдоп-түзөөдө да кыйынчылык жаралып жатканын мэрия билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын 9-сентябрдагы маалыматына караганда, аталган муниципалдык ишканага болгон дебитордук карыз бүгүнкү күндө 185 миллион сомду түзүүдө. Шаар башкармалыгы маселени чечүү жолдорунун бири катары “Тазалыктын” кызмат акысын бир... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда жыл башынан бери, 11-сентябрга карата өлкөдө 98 адам сууга чөгүп каза болгонун билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 13 адамга көп. Эң көп кырсык Ош облусунда (22 адам), Чүй облусунда (21 адам) жана Ысык-Көлдө (16 адам) катталган. Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. 2021-жылы 128, ал эми 2020-жылы 82 өлүм катталган. Адистер мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын... Читать дальше...
Быйыл майда күч органдары Ысык-Атанын Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөн. Жыйынтыгында террорчу жок кылынганы кабарланган. Бирок дал ушул операция маалында Дмитриевканын тургуну Айнагүл Мусаеванын үйү толугу менен күйүп кеткен.
12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17... Читать дальше...
Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечиминин мыйзамдуулугу боюнча маселе 11-сентябрда Жогорку Сотто каралды. Адвокат Бакытбек Автандилдин айтымында, соттук отурум эртең, 12-сентябрда уланат: “Биз Жогорку Соттон Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарууну суранганбыз. Бирок прокуратура ал чечимдер мыйзамсыз экенине карабастан мыйзамдуу жана негиздүү деп жатат. Соттук коллегия эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады”. Адвокат Жогорку... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын казууга байланышкан маселелерди карады. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Букадагы Иштамберди кенин казган кытайлык компания үчүнчү ирет алмашканын жана лицензиялык келишимдердин бир катар жобосун бузганын айтып, улутташтыруу маселесин көтөрдү. "Булар ишин азыр ашар жолу менен алып барып жатат. Биз кенди улутташтыргыла деп тапшырма бергенбиз. Читать дальше...
Бишкектеги бир мандатту Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жараянына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28 кайрылуу түшкөнүн бүгүн 11-сентябрда Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, 28 кайрылуунун 22син ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн милицияга жөнөткөн. Арыздар Ленин райондук милициясында каралып, 21и боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган. “Кайрылуулардын 8и шайлоочулардын добушун сатып алуу... Читать дальше...
Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. (Олжобай Шакир абактан жазган катын адвокаты аркылуу берип жиберген). Абак күндөлүгү Акын-жазуучунун көбү мамлекеттик сыйлык-наамдарга эки көзү төрт. Алар ошон үчүн бири-бирине... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тууралуу атайын билдирүү жасады. Анда өкмөт өкүлүн социалдык тармактагы бир катар маселелерге байланыштуу айыптап, кызматтан алынышы керектигин айтты. "Сентябрда "чу" дегенде эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмаштырылды. Эмне себептен Кыргызстандагы китептердин жоктугуна Каныбек Иманалиев жооп берип... Читать дальше...