19-сентябрда Нью-Йоркто АКШнын президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен катышкан биринчи саммитти "тарыхый учур" деп мүнөздөдү. “Борбор Азия жана Кошмо Штаттардын бир топ жылдык тыгыз кызматташтыгы биздин жалпы баалуулуктарга – эгемендикти, көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү туу тутууга негизделген. Азыр бул принциптер баштагыдан да баалуу. Бүгүн кызматташтыгыбызды жаңы бийиктикке чыгарып жатабыз”, - деди америкалык лидер. Байден "биз чогуу болгонубузда күчтүүбүз жана дүйнө коопсуз” - деп... Читать дальше...
Нью-Йоркто активисттер Кыргызстанда "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын штабынын астында 19-сентябрдагы митинг Ассамблеянын 78-сессиясы болуп жаткан кезде уюштурулду. Бул тууралуу акцияга чыккандардын бири Тилекмат Кудайбергенов маалымдап, сүрөт жана видеону Фейсбукка жарыялады. Бул күнү сессияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөйт. Кудайбергенов билдиргендей, дүйнөнүн түрдүү... Читать дальше...
Азербайжандын Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциясында" беш киши набыт болуп, 80 адам жараат алганын эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. "Азаттыктын" армян кызматы каза тапкандардын 15и жайкын тургун экенин жазды. 19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган. Расмий билдирүүдө анын максаты "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" экени белгиленген. Мунун алдында Хожавенд районунда... Читать дальше...
19-сентябрда Азербайжандын өкмөтү жикчил Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын билдирди. Армениянын премьери Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында "кайсы бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнү согушка тарткысы келип жатканын" айтты. Эки коңшу ондогон жылдан бери аймакты талашып келатат.
19-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомону алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы биринчи жолдомо. Медет кызы 76 килограмм салмакта финалга чыкканга чейин төрт атаандашын утту. Алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы 10:0, чейрек финалда канадалык Жастина Динай Де Стасиону 11:0 жана жарым... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Аалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылып, коюлган бардык айыптар боюнча акталды. Жогорку Соттун маалымат кызматы 19-сентябрда билдиргендей, Аалиевди былтыр 23-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо”, “Опузалап пара алуу” жана “Пара алуу” деген беренелери боюнча актаган. Ал эми Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген берене боюнча күнөлүү деп табылып, ага 300 миң сом айып салынган. Читать дальше...
19-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде талаштуу“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору кворум чогулбай каралбай калды. Жарандык коом документ Конституцияга каршы келерин, ал кабыл алынса адам укуктары бузулуп, чет жерден келген жардам азая турганын кайталап келет.
Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын жетекчилиги Азербайжан бийлигине кагылышууну токтотуу үчүн сүйлөшүү баштоону сунуштаганын аймактын бирдиктүү маалымат борбору кабарлады. Ушундай эле маалыматты "Интерфакс" агенттиги да жазды. Ал арада Тоолуу Карабакта эки адамдын өмүрү кыйылганын, 23ү жараат алганын аймактын омбудсмени Гегам Степанянга шилтеме жасап BBC жазды. 19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабак аймагында "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган.... Читать дальше...
Азербайжан өкмөтү жикчил Тоолуу Карабакта “антитеррордук операция” баштаганын билдирди. Армения “Баку ок атышпоо келишимин бузганын” кабарлады. “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралбай калды. Казакстандан келген ун азайгандыктан Кыргызстанда нан кымбаттады.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев менен Эмилбек Токтошев 19-сентябрда оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын абакта отурган лидери, депутат Адахан Мадумаровдон кабар алып чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Акаев билдирди. “Жолугушууга бир саат убакыт беришти. Мадумаров кармалып жаткан камерага чейин кирип чыктык. Мыйзамсыз кармалганын айтып, сотто актыгын далилдейм деп жатат. Жогорку Кеңеш аны “кызмат абалынан аша чабуу” беренеси менен суракка алууга уруксат берген. Кийин Мадумаровду “чыккынчылыкка” айыптап, кармашты. Читать дальше...
Азербайжандын Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциясында" адам өмүрү кыйылганы кабарланууда. Би-Би-Си радиосу эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын омбудсмени Гегам Степанянга шилтеме жасап, эки адам каза болгонун, анын бири бала экенин маалымдады. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түз эфирге чыгып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин билдирди. "Канчалык оор болсо да, биз кандайдыр бир тышкы жана ички күчтөрдүн армян мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келтиришине мүмкүнчүлүк бербешибиз керек", - деди ал. Читать дальше...
Интернет колдонуучулары “Азия MIX” КВН командасынын лидери Элдияр Кененсаровдун казак журналисти Айгүл Мукей менен болгон маеги талкууга кабылды. Айрыкча юмористтин “Кыргыз менен казак эли кылымдар бою демократиясы жок эле жашап келген” деген сөзү сынга алынууда. Юмористтин бул кадамы чыгармачыл адамдардын эл алдындагы жоопкерчилиги тууралуу маселени кайрадан көтөрдү. "Демократиясыз эле жашап келгенбиз" Белгилүү кыргызстандык юморист Элдияр Кененсаров казакстандык журналист Айгүл Мукейге Кыргызстанда... Читать дальше...
Өзбекстан Орусия аркылуу Сирияга өтүп, согушкерлердин катарына кошулган бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнө эл аралык издөө жарыялады. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 2014-жылы "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү" жана "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренелери менен соттолуп чыккан 54 жаштагы жаран аялы, үч уулу жана келини менен Орусияга кеткен. Ал жактан "эл аралык террордук... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады. Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты. “Мамлекеттик... Читать дальше...
Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги 20-сентябрда орус бейпилдик күчтөрүнүн ок атууну токтотуу сунушун кабыл алганын билдирди. "Түзүлгөн кырдаалда эл аралык коомчулуктун согушту токтотууга жана абалды жайгарууга багытталган аракеттери жетишсиз. Мунун баарын эске алуу менен Арцах Республикасынын (аймактын армянча аталышы) бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгынын ок атууну токтотуу боюнча сунушун кабыл алат", - деп жазылган алар тараткан билдирүүдө. Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Тоолуу... Читать дальше...
Азербайжандын өкмөтү жикчил Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 19-сентябрда тараткан билдирүүдө "Азербайжан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта жергиликтүү антитеррордук иш-чаралар башталганы" айтылат. 19-сентябрдын таңында расмий Баку Ахмедбейли-Физули-Шуши автожолунда электромонтаж иштерин жүргүзүп жүргөн эки карапайым тургун "Тоолуу Карабактын коргонуу армиясы орноткон миналардан" мүрт кеткенин кабарлаган. Читать дальше...
Кыргызстанда кызылча (корь) менен ооругандар соңку бир айда дээрлик 400гө көбөйдү. Республикалык иммунопрофилактика борборунун 19-сентябрдагы маалыматына караганда, жыл башынан бери бул ооруга чалдыккандардын саны 2151ге жетти. Бир ай мурда катталгандардын жалпы саны 1700 болчу. Ооругандардын эң көбү (936) 1-4 жаштагы наристелер. Бир жашка чейинки ымыркайлар 641, 5-9 жаштагылар 331. Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер. Өткөн айда бул оорудан эки бала чарчап калган, алар да эмдөөдөн өтпөгөндөр экени аныкталган. Читать дальше...
Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. (Олжобай Шакир абактан жазган экинчи катын адвокаты аркылуу берип жиберген). Үйдө жүргөнүмдө эске келген учурда сүкүт (медитация) чалып, эске келбесе жүрө берер элем. Көп учурда тоо-ташка үй ... Читать дальше...
Азербайжан өкмөтү Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" башталганын жарыялады. Коргоо министрлиги 19-сентябрда тараткан билдирүүдө "Конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта антитеррордук иш-чаралар башталганы" айтылат. Расмий кабарда Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдары, аскердик объектилер жок кылынганы белгиленген. Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын мурдагы башчысы Рубен Варданян аймак артиллериялык аткылоого кабылганын, Степанакертте (азербайжанча аталышы... Читать дальше...
Жаңыдан асфальт төшөлгөн Ош-Ноокат жолу кайрадан коомдун талкуусуна түштү. Асфальттын биринчи катмары басылып бүткөндөн бир жума өтпөй жолдун айрым жерлери чөгө баштаган. Ноокат районунун тургундары жолдун сапатынан шек санап турат.
Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун расмий жыйынтыгы 1-2 күндүн ичинде чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 19-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. “Бүгүн, эртең чыгарышыбыз керек. Жумушчу топтор акыркы келип түшкөн арыздарды карап, жыйынтыктады. Эми жалпы жыйынга чыгарылат. 1-2 күндүн ичинде расмий жарыялайбыз”, - деди Бекматов. Аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,14% добуш менен алдыга чыккан. Читать дальше...
Оттава Канаданын аймагында сикх лидеринин өлтүрүлүшүнө Индиянын тиешеси бар деп шек санап жатат. Нью-Дели муну четке кагууда. Премьер-министр Жастин Трюдо кол салууну уюштурууга Индиянын атайын кызматынын жана күч органдарынын тиешеси болушу мүмкүндүгүн 18-сентябрда парламент жыйынында билдирди. Ал муну чалгын кызматынын ишенимдүү маалыматы экенин айтып, чет өлкөнүн канадалык жаранды өлтүрүүгө катышуусу суверендүүлүктү бузуу болорун белгиледи. Бул маселени жакында өткөн "Чоң жыйырма" тобунун саммитинде... Читать дальше...
Кыргызстанда “Манас" аэропортуна караштуу "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы ачылат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Авиакомпаниянын 100% акциясы аэропортко таандык болот. "Бул авиакомпания үчүн биз канадалык Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алдык. Учактар 80 орундуу болот. Алар 2013-жылы чыгарылган, авиация тармагында булардын абалы жакшы деп бааланат. Ар биринин баасы 6 миллион доллар турат", - деди Самидинов. Ал жаңы учактар... Читать дальше...
Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргызстан-Иран жолугушуусу өткөнүн 19-сентябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен сүйлөшүү жургүздү. Эки жетекчи ортодогу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин, товар жүгүртүүнүн азыркы көлөмү төмөн болуп жатканын, өкмөт аралык комиссиянын ишин, инвестициялык алаканы активдештирүү керек экенин белгилешти. ... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес. “Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Читать дальше...