“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылганын билдирди. Порталдын сайтындагы кабарга ылайык, 7-сентябрдын кечинде басылманын почтасына министрликтен материалда "жалган маалымат бар” деген кат келген. Бирок кайсы маалымат жалган экени так көрсөтүлгөн эмес. “Клооптун” белгилешинче, министрликке сөз болуп жаткан маалымат жалган экени тууралуу... Читать дальше...
Казакстандын Түркстан облусунда "беш жашар кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн" деп айыпталып, күнөөлүү деп табылган Сайдолим Гаибназаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Өкүмдү облустун Кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту чыгарганын 7-сентябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Каргашалуу окуя 13-июлда Жибек Жолу айылында болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристенин сөөгү коңшусунун үйүнөн табылган. Кылмышка шектелип 48 жаштагы Сайдолим Гаибназаров кармалган. Кыздын өлүмүнөн кийин айыл эли дүрбөлөң түшүп... Читать дальше...
Мексиканын Жогорку Соту бойдон алдыргандарга колдонулуучу бардык федералдык тыюу салууну жокко чыгарды жана Улуттук саламаттыкты сактоо мекемесине каалоочуларга аборт кызматын көрсөтө берүүнү сунуштады. Сот мындай чечимди бойдон алдыргандарды жоопкерчиликке тартуу Конституцияга каршы келет деп негиздеди. Мексиканын Улуттук Аялдар институту бул чечимди гендердик теңчиликке карай "чоң кадам" деп атады. Ал эми бойдон алдырууга каршылар түйүлдүктүн жашоо укугу үчүн күрөштү улантууга убада беришти. Читать дальше...
Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев кыргыз-казак чек арасында утур-утур пайда болгон жүк ташуучу автоунаалардын кезеги үчүн Казакстанды сындады. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында айтты. “Бул жыл сайын кайталанат. Ушундан улам биздин бизнес жабыр тартууда. Жөн эле ар кандай шылтоолорду таап, чек араны жаап коёсуңар. Ишкерлерге аткарылбай турган шарттар коюлат. Бизнесмендер өтө көп чыгым тартып, товарлары күйүп кетүүдө. Чек арадан өткөндөн кийин өлкөнүн ичинен да тососуңар. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов август айынын соңундагы кыргыз-казак чек арасындагы жагдайга токтолуп, эки өлкө мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жоболору бузулуп жатканын айтты. Ал бул маселени 7-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Министрлер кабинетин бул боюнча чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды. "Эмне үчүн ушул күнгө чейин биздин Министрлер кабинетинин төрагасы реакция кылбайт? ЕАЭБ жоболору эмне болуп жатат? Эгерде каалаган маалда чек араны жаап, биздин жүктөрдү өткөрбөй койсо... Читать дальше...
Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон тарта эркиндик, адилеттик, теңдик жөнүндө ырдап таанылган Сагынбек Момбеков 69 жашка чыкты. Ырчы “Сат, сат”, “Кайдыгерлик”, "Корком", "Дүйнө жалган", "Күрөштүн күнү" деген сыяктуу ырлары менен өлкөдөгү орошон окуялардын алдында жүргөн.
Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы “Катибат аль-Имам аль-Бухари” эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү Улугбек Бобомуродов Сириядагы согуштук аракеттердин биринде каза болгонун билдирди. Расмий маалыматка караганда, 51 жаштагы Бобомуродов 2009-2010-жылдары Термез шаарында жихадчылар жамаатын уюштуруп, аны жетектеген. 2011-жылы бул топтун мүчөлөрүнүн көбү камалган. Ал кезде Орусияда жашаган Бобомуродов жана топтун бир нече мүчөсү Түркияга качып кетип, андан ары Сирияга өтүшкөн. ... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Данияр Акматов кармалганын билдирди. Ал президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылууга шек саналууда. Атайын кызматтын маалыматына караганда, "ал колундагы чагымчыл материалдарды маалымат каражаттарына берүү менен коркутуп, акча талап кылган". Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 6-сентбярда сураган акчасынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшкөн. Читать дальше...
Бектур Зулпиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 58 жаштагы Бектур Зулпиев Ош шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, 3-курстан соң Москва мамлекеттик университетине которулган. Жогорку окуу жайды аяктаган соң улуттук университетте бир нече жыл укук таануу боюнча сабак берген. Мамлекеттик кызматка Бектур Зулпиев 1997-жылы келип, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) укуктук бөлүмүн башкарган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга жана Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынганынан улам маселе көтөрүлдү. Анда жагдайга байланыштуу тиешелүү тармактын жетекчилерин парламентке чакырып, маалымат алуу сунушталды. Энергетика министрлигинин бул эки чечими апта башында белгилүү болуп, талаш-талкуу жараткан. Парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында Кара-Кече көмүрүнө, үйлөрдү жылытууга байланыштуу маселени бир катар депутаттар көтөрдү. Алардын бири Сүйүн Өмүрзаков... Читать дальше...
Бишкекте кыш маалында көйгөйгө айланган ышты азайтуу үчүн шаардыктарга Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Энергетика министрлиги Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатканын билдирди. Алдыдагы кышта болчу мындай чектөөлөргө карапайым тургундардын пикири кандай?
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өкмөттүн курамында чукул өзгөрүүлөр болуп, бир катар министрлер алмашты. Алты ай иштеген Иманалиев Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан. Жаңы окуу... Читать дальше...
АКШдагы журтташтар Кыргызстандын эгемендигин быйыл Пенсильвания штатынын Питтсбург шаарында белгилешти. Эки күндүк майрамда «Ынтымак» спартакиадасы, бизнес форуму, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин жарманкеси өттү. (АКШдагы журтташтар жиберген видео)
2023-жылдын жай айлары тарыхтагы эң ысык мезгил болду. Экологдор жакынкы беш жылда абанын табы 1,5 градуска чейин жогорулайт деп болжолдошууда. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму менен Европадагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө боюнча Copernicus кызматынын биргелешкен баяндамасында айтылат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Антарктидадагы муз катмары август айында орточо жылдык көрсөткүчтөн 12% азайган. Бул 1970-жылы спутник аркылуу аба ырайын байкоо башталгандан берки эң начар көрсөткүч. Читать дальше...
Болгариянын бийлиги Царево калаасындагы селде төрт киши набыт болгону аныкталганын билдирди. Кара деңизге жакын, туристтер көп барган Царево шаарына кеткен жалгыз жол жабык турганын "Азаттыктын" болгар кызматы өкмөт өкүлдөрүнө шилтеме жасап 7-сентябрда кабарлады. Аймакта беш күндүк өзгөчө абал жарыяланып, тургундар менен туристтер коопсуз жерлерге чыгарылууда. Нөшөрдөн улам дарыяларда суу ташкындап, көпүрөлөрдү агызып кеткени, эки дамба бузулганы, жер көчкү болгону тууралуу полиция маалымат берген. Читать дальше...
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкө аймагында атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча быйыл референдум өткөрүүгө даяр экенин КазТАГ маалымат агенттиги жазды. Басылма БШКнын мүчөсү Шавкат Утемисовго таянып билдиргендей, шайлоочулардын тизмеси тактоо, жана башка уюштуруу иштери уланууда. Чечим кабыл алынса, референдум быйыл өткөрүлөт. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда атомдук электр станциясын куруу же андан баш тартуу маселесин жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчы бир күн мурун – 6-сентябрда эле Айбек Мамыралиевди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси кылып дайындаган. Ал буга чейинки кызматына кайра кайтып, орун басар болуп бекиди. Гүлшат Асылбаева... Читать дальше...
Кыргызстанда Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилигине барды. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан. Президенттин дагы башка жарлыктары менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук... Читать дальше...
Элдик курултай быйыл 15-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 7-сентябрда жарыяланды. Анда мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов комитеттин биринчи жыйынын өткөргөнү, ага президенттин администрациясынын кызматкерлери жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышканы айтылат. Жыйында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, жергиликтүү жамааттардын... Читать дальше...
Кыргызстанда Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. “Азаттыктын” бийликтеги эки булагы ырастагандай, Алымкадыр Бейшеналиев кайра саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Азыркы министр Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине дайындалат. Буга чейин бул кызматты Кудайберген Базарбаев ээлеп келген эле. Ал эми президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Читать дальше...
Пакистан аскерлери менен "Талибан" күчтөрүнүн ортосундагы ок атышуудан кийин Торхам жолунда каттам токтотулду. Эки тараптын расмий өкүлдөрү жана күбөлөр билдиргендей, 6-сентябрда талиптердин Торхамда пост куруу аракетине Пакистандын коопсуздук күчтөрү каршылык көрсөтүшкөн. Ортодо кагылышуу жаралып, атышуу болгон. Хайбер полициясы эки саатка созулган чатакта пакистандык бир жоокер жараат алганын, автоунаалар менен имараттар талкаланганын билдирди. Ошол эле учурда ооган консулдугунун кызматкери... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы 7-сентябрда билдирди. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан. Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда... Читать дальше...
“Эмаком” курулуш компаниясына акчасын төлөп, бирок батирлерин ала албай жаткан үлүшчүлөрдүн маселеси 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Парламенттин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин Чыгыш-5 районунда курулат делген үй салынбай калганын, акчасын ишканага берип койгон адамдар үйүн да, акчасын да ала албай жатканын айтты. "Эмаком” компаниясы биздин бир кесиптешибизге тиешелүү болуп атат. Бирок ага карабай убаданы, келишимди да аткарыш керек. Компания элден качпай каражатын кайтарып же үйдү аягына чейин куруп бериши зарыл. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Талас жергесинде түнкүсүн 8…13... Читать дальше...
Стамбулда 2-сентябрда кылмыштуу топтордун ортосундагы атышуусунда бир өзбек жараны каза болгону аныкталды. Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу 7-сентябрда билдиргендей, набыт болгон 46 жаштагы мигрант Самарканд шаарынан иштегени келген. Сөөгү мекенине учакта жеткирилди. Жергиликтүү полиция ок атышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Каза тапкан өзбекстандыктын ал топторго тиешеси бар же жогу маалым эмес.